М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 1

05.02.2021

 "CASA-1000" долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер

участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Ынтымак айылдык Кеңешинин (6-чакырылышынын) кезектеги 29-сессиясынын 2020-жылдын 9-мартындагы №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№ 1

05.02.2021

 

 "CASA-1000" долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер

участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Ынтымак айылдык Кеңешинин (6-чакырылышынын) кезектеги 29-сессиясынын 2020-жылдын 9-мартындагы №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 чакырылышынын) кезектеги 29-сессиясынын 2020-жылдын 9-мартындагы №2 токтому төмөнкү редакцияда кабыл алынсын:

 

1. Ынтымак айыл аймагынан өтүүчү "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу үчүн 1 даана тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №40 контурунда жайгашкан жалпы 400 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун  "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер адиси Таштемиров Бектур Султаналиевичке долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековго тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад