М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

28.12.2020

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга  бюджеттин аткарылышы жана 2021-жылга айылдык бюджети 2022-2023-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө

2.

№2

28.12.2020

Ынтымак айыл аймагындагы Арык-Бою айылынын Достук көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы биринчи көчөсүнө Мурзахматов Нурмамат Курбаналиевичтин ысымын ыйгаруу тууралуу.

3.

№3

28.12.2020

Беш-Буркан айылындагы эски мектептин 0,63 га жер аянтынан кичи футбол аянтча куруу үчүн 0,09 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

4.

№4

28.12.2020

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы

шайлоо участкаларында шайлоо комиссиясынын резервтик курамына сунушталган талапкерлердин курамын бекитүү жөнүндө

5.

№5

28.12.2020

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке огрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

6.

№6

28.12.2020

Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдын 9 айда төгүлгөн салыктар жана жыйымдардын топтолушу жөнүндө

7.

№7

28.12.2020

Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө

8.

№8

28.12.2020

Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Арык-Бою айылындагы эски мечиттин 748,0 ч.м жер аянты  Арык-Бою айылынын тургуну Маматкулов Абдисаламдын жеке менчигине өткөрүп берүү жана Ынтымак айылдык кенешинин (6-чакырылыш) кезектеги XXVIII сессиясынын №6 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө

9.

№9

28.12.2020

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы №1416 контурда жайгашкан эски лагерь комплексинин 0,60 га жер аянтын Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

10.

№10

28.12.2020

Ынтымак айыл өкмөтүнүн өзүнчө аймак болуп калуусу жөнүндө

11.

№11

28.12.2020

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин жер салыгы,социалдык фондко чегерилүүчү салык жана ижара акыны бекитүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№1

28.12.2020

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга  бюджеттин аткарылышы жана 2021-жылга айылдык бюджети 2022-2023-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө

    Ынтымак айылдык кенешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга  бюджеттин аткарылышы жана 2021-жылга айылдык бюджети 2022-2023-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндөгү "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу" Мыйзамдын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү айылдык мекеме ишканалардын жетекчилеринин жана депутаттардын катышуусунда Ынтымак айылдык кенешинин "Экономика, Бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" №101 Мыйзамынын 31-статьясынын 2-пунктунун 2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык Ынтымак айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2021-жылга Ынтымак айыл өкмөтүнүн айылдык   бюджетинин

кирешелери жана чыгашалары 12113,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.         2021-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары

жана чыгашалары боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.

Айылдык боюджеттин чыгаша бөлүгү 2021-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга айылдык

бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү 2-3-тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

Кирешенин болжолу 2022-жылга 12619,3 мин сомго ( республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 5408,1 мин сом менен) жана 2023-жылга 12748,5 мин сомго республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 5452,3 мин сом менен белгиленсин.

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга айылдык             бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жургүзүү жагы белгиленет.

4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин  каржылоосуна калары аныкталсын.

5. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын региналдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

6. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү"  Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин.

7. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:

-Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде,               эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөр киргизүүгө;

         - ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;

         - киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

           8.Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

          9. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү калдык менен кошулуп 16028,9 мин сомго, чыгаша бөлүгү 14479,3 мин сомго, же кирешенин чыгашадан 1549,6 мин сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы 4-5-тиркемеге ылайык бекитилсин.

          10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк  кылуу жагы Ынтымак айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№2

28.12.2020

 

Ынтымак айыл аймагындагы Арык-Бою айылынын Достук көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы биринчи көчөсүнө Мурзахматов Нурмамат Курбаналиевичтин ысымын ыйгаруу тууралуу.

Ынтымак айылдык кенешинин (6 - чакырылышы) кезектеги ХXXI сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл аймагындагы Арык-Бою айылынын Достук көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы биринчи көчөсүнө  Мурзахматов Нурмамат Курбаналиевичтин ысымын ыйгаруу тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ынтымак айыл аймагындагы Арык-Бою айылынын Достук көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы  биринчи көчөсүнө Мурзахматов Нурмамат Курбаналиевичтин ысымы ыйгарылсын.

2. Ынтымак айыл аймагындагы Арык-Бою айылынын Достук көчөсүнүн кү биринчи көчөсүнө Мурзахматов Нурмамат Курбаналиевичтин ысымы ыйгарылгандыгына байланыштуу иш кагаздарын жана документ иштерин бутүрүп берүү жагы Ынтымак, Арык-Бою айылдарынын айыл башчысы С.Ботобековко жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№3

28.12.2020

 

Беш-Буркан айылындагы эски мектептин 0,63 га жер аянтынан кичи футбол аянтча куруу үчүн 0,09 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

Ынтымак айылдык кенешинин (6 - чакырылышы) кезектеги ХXXI сессиясы күн тартибиндеги Беш-Буркан айылындагы эски мектептин 0,63 га жер аянтынан кичи футбол аянтча куруу үчүн 0,09 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Беш-Буркан айылынын тургундарынан келген, Беш-Буркан айылындагы эски мектептин 0,63 га жер аянтынан кичи футбол аянтча куруу үчүн 0,09 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө арызы каралсын.

2. Беш-Буркан айылындагы эски мектептин 0,63 га жер аянтынан кичи футбол аянтча куруу үчүн 0,09 га жер аянты ажыратылып берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№4

28.12.2020

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы

шайлоо участкаларында шайлоо комиссиясынын резервтик курамына сунушталган талапкерлердин курамын бекитүү жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы шайлоо участкаларында шайлоо комиссиясынын резервтик курамына сунушталган талапкерлердин курамын бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXХI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы №5431-Ынтымак, №5432-Беш-Буркан, №5489-Арык-Бою, №5490-Каримберди жана №5567 - Ничке-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын резервтик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин курамы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын. (тиркеме тиркелет)

 

2.         Ушул токтом тиркемелери менен Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кароосуна жиберилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№5

28.12.2020

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке огрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке огрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитүү боюнча жеке огроном И.Калмурзаевдин маалыматын угуп жана "Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын залында, райондун аймагындагы айыл өкмөттөрүндө түзүлгөн жеке агрономдордун катышуусунда 2021-жылдын 1-февралында өткөрүлгөн жыйындын" №1 протоколун карап чыгып, талкуулап жана айыл аймагындагы жеке агрономдорго жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" №101 мыйзамы жөнүндө маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXХI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жекегрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акы 1,0 га жер аянтындагы көп жылдык бак-дарактарды дарылоо 3000 сом, 1,0 га жер аянтындагы эгиндерди дарылоо 2000 сом, көп жылдык бак-дарактарды бутоо жумуштары көлөмүнө жараша 30-150 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.Жогорудагы бекитилген көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке огрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акы өлчөмүн айыл аймагындагы дыйкан, фермер жана багбанчылык менен алектенген ишкерлерге маалыматтарды жеткирүү айыл өкмөтүндөгү жеке агроном жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.

3.Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№6

28.12.2020

 

Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдын 9 айда төгүлгөн салыктар жана жыйымдардын топтолушу жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдын 9 айда төгүлгөн салыктар жана жыйымдардын топтолушу жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып, Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 - чакырылышы) кезектеги ХXXI  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Жуманов Кубаныч Шараповичтин 9 айда аткарган иштери боюнча отчету жактырылсын жана "жакшы" деп табылсын.

 

2.         Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы  Н.Жоробековко милдеттендирилсин.

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№7

28.12.2020

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча 2021-жылгы карата Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы сырткы чек араны аныктоо боюнча комиссия курамын түзүү, турак-жай куруу жана жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссия курамын жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамына өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө маселе каралсын.

2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы сырткы чек араны аныктоо боюнча комиссия курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак-жай куруу жана жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссия курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы  Н.Жоробековко милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№8

28.12.2020

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Арык-Бою айылындагы эски мечиттин 748,0 ч.м жер аянты  Арык-Бою айылынын тургуну Маматкулов Абдисаламдын жеке менчигине өткөрүп берүү жана Ынтымак айылдык кенешинин (6-чакырылыш) кезектеги XXVIII сессиясынын №6 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Арык-Бою айылындагы эски мечиттин 748,0 ч.м жер аянты  Арык-Бою айылынын тургуну Маматкулов Абдисаламдын жеке менчигине өткөрүп берүү жана өздүк тамаркасынан жер ээсинин макулдугу менен 0,08 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу тууралуу Ынтымак айылдык кенешинин (6-чакырылыш) кезектеги XXVIII сессиясынын №6 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Арык-Бою айылындагы эски мечиттин 748,0 ч.м жер аянты  Арык-Бою айылынын тургуну Маматкулов Абдисаламдын жеке менчигине өткөрүп берүү жана Ынтымак айылдык кенешинин (6-чакырылыш) кезектеги XXVIII сессиясынын №6 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Арык-Бою айылына жаныдан мечит куруу үчүн Маматкулов Абдисаламдин өздүк тамаркасынан жер ээсинин макулдугу менен берилген 0,08 га  жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.

 

3.         Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Арык-Бою айылындагы эски мечиттин 748,0 ч.м жер аянты  Арык-Бою айылынын тургуну Маматкулов Абдисаламдын жеке менчигине өткөрүлүп берилсин.

 

4.         Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттардын багыты өзгөртүлүп берилсин.

 

5.         Аталган жер аянттарынын багытын өзгөртүү үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдоо жагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан суралсын.

 

6.         Аталган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

 

7.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык Кенешинин жер, суу электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№9

28.12.2020

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы №1416 контурда жайгашкан эски лагерь комплексинин 0,60 га жер аянтын Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жаны-Бак бөлүмүндөгү №1416 контурда жайгашкан эски лагерь комплекси тууралуу Ош облустук "Кыргызмамжердолбоор" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2020-жылдын 22-июнь айындагы №01-8/5-05-16/72 корутундусу жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынын 2020-жылдын 20-февраль айындагы №01-7191 билдирүүсү менен  0,60 га жер аянтын Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы №1416 контурда жайгашкан эски лагерь комплексинин 0,60 га жер аянтын Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү маселени кароого макулдук берилсин.

2.Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы №1416 контурда жайгашкан эски лагерь комплексинин 0,60 га жер аянтын Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

3.Жогорудагы жер аянтына тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдоо жагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан суралсын.

4.Аталган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

5.Ушул токтомдун аткаруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Таштемировко тапшырылсын.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык Кенешинин жер, суу электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№10

28.12.2020

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн өзүнчө аймак болуп калуусу жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн өзүнчө аймак болуп калуусу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн жалпы элдеринин суроо талаптарына негиз өзүнчө аймак болуп калуусу жөнүндөгү маселени кароого макулдук берилсин.

2.         Ынтымак айыл өкмөтү өзүнчө айыл аймак болуп калуу боюнча маселе Кыргыз Республикасынын өкмөтүнөн суралсын.

3.         Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы  Н.Жоробековко милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№11

28.12.2020

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин жер салыгы,социалдык фондко чегерилүүчү салык жана ижара акыны бекитүү жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин планын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин жер салыгы, социалдык фондко чегирилүүчү салык жана ижара акыларынын болжолдуу планы төмөнкү көрсөтүлгөн таблица боюнча бекитилсин.

        Жердин аталышы     Жер аянты (га)          Соц фонд (сом)         Жер салыгы (сом)     Ижара акы (сом)            Жалпы суммасы (сом)

1          Суулу жер      113      50857  50857  152251            253965

2          Кайрак жер    51        3472    3472    31201  38145

3          Көп жылдык бак       10        2554    2554    8792    13900

            Баардыгы:      174      56882  56882  192246            306010

 

2.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин төрагасы А. Абдикуловко милдеттендирилсин.    

 

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад