М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

06.07.2020

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы кезектеги  26-сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2020-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө

2.

№2

06.07.2020

Ынтымак айылдык кеңешинин штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө

3.

№3

06.07.2020

Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдагы "Өзгөчө абал" карантин мезгилинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген гуманитардык жардамдар жөнүндө

4.

№4

06.07.2020

Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдын 1-2-кварталында күтүлгөн салык түшпөй калгандыгына байланыштуу, 6 айда төгүлгөн налог боюнча

5.

№5

06.07.2020

COVID-19  илдетинин таралышына байланыштуу Ынтымак айыл өкмөтүндө бала бакчалар ишин токтоткондугунун себебинен айыл өкмөтүнүн атайын каражаттын киреше бөлүгү 324 000 (үч жүз жыйырма төрт мин) сомго кемитүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXX сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган калдыкты иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Ынтымак айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 - чакырылышы) кезектеги ХXX - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 1336,0 мин сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 221,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2.         2020-жылга айылдык бюджетине 1-январына каралган калдыктын эсебинен чыгашалар боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2020-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ынтымак айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXX сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№2

06.07.2020

Ынтымак айылдык кеңешинин штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 "Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде калкы 6001ден жогору болгон Ынтымак айыл аймагынын Ынтымак айылдык кеңешинде 1 штаттык кызмат орду (Ынтымак айылдык кеңештин жооптуу катчысы) жана анын айлык акылары каралгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы №01-25/119-сандуу чыгуу катынын негизинде Ынтымак айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штаттык жадыбалын бекитип берүү боюнча Ынтымак айылдык  Кеңешинин (6 - чакырылышы) кезектеги ХXX - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 "Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2. Ынтымак айыл кеңешинин 1 (бир) жооптуу катчысы штаттык бирдиги бекитилсин. (№1 Тиркеме тиркелет)

3. Бекитилген штаттык бирдикке акча каражатын төлөп берүү жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Ынтымак айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №2

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXX сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№3

06.07.2020

Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдагы "Өзгөчө абал" карантин мезгилинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген гуманитардык жардамдар жөнүндө

            Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдагы "Өзгөчө абал" карантин мезгилинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген гуманитардык жардамдар жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 - чакырылышы) кезектеги ХXX - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдагы "Өзгөчө абал" карантин мезгилинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген гуманитардык жардамдар жөнүндөгү Ынтымак айыл өкмөтүнүн соц. кызматкери Салиева Махбурат Исамидиновнанын отчету жактырылсын.

2.Ынтымак айыл өкмөтүнүн соц. кызматкери Салиева Махбурат Исамидиновнанын "Өзгөчө абал" карантин мезгилинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүп, таркатууда кетирген кемчиликтер эске алынсын  жана канааттандырарлык деп табылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы социалдык саясат ( билим  берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

А. Абдикулов                 

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXX сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№4

06.07.2020

Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдын 1-2-кварталында күтүлгөн салык түшпөй калгандыгына байланыштуу, 6 айда төгүлгөн налог боюнча

Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдын 1-2-кварталында күтүлгөн салык түшпөй калгандыгына байланыштуу, 6 айда төгүлгөн налог боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып, Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 - чакырылышы) кезектеги ХXX - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Жуманов Кубанычбек Шараповичтин 6 айда аткарган иштери боюнча отчету жактырылсын жана канааттандырарлык деп табылсын.

2.         Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы  Н.Жоробековко милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

А. Абдикулов                 

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXX сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№5

06.07.2020

COVID-19  илдетинин таралышына байланыштуу Ынтымак айыл өкмөтүндө бала бакчалар ишин токтоткондугунун себебинен айыл өкмөтүнүн атайын каражаттын киреше бөлүгү 324 000 (үч жүз жыйырма төрт мин) сомго кемитүү жөнүндө

COVID-19  илдетинин таралышына байланыштуу Ынтымак айыл өкмөтүндө бала бакчалар ишин токтоткондугунун себебинен айыл өкмөтүнүн атайын каражаттын киреше бөлүгү 324 000 (үч жүз жыйырма төрт мин) сомго кемитүү жөнүндөгү маселени талкуулап чыгып, Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 - чакырылышы) кезектеги ХXX - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.COVID-19  илдетинин таралышына байланыштуу Ынтымак айыл өкмөтүндө бала бакчалар ишин токтоткондугунун себебинен айыл өкмөтүнүн атайын каражаттын киреше бөлүгү 324 000 (үч жүз жыйырма төрт мин) сомго кемитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Ынтымак айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

А. Абдикулов                 

Назад