1 |
||||
|
||||
|
||||
Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын
кезектеги ХXIX сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Ынтымак
айылы |
09.03.2020 |
|||
|
Ынтымак айыл өкмөтүнүн
аймагындагы "Сары-Талаа" бөлүмүндөгү
айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги "Өнөр
жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башкалардын жерлери"
категориясындагы 60га жер аянтынан "Стандарт Цемент" ЖЧКсы цемент
завод куруу үчүн берген
арызынын негизинде 20га жер аянтын убактылуу пайдаланууга ижарага берүү
жөнүндө. |
|||
Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы)
кезектеги 29-сессиясынын күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн
аймагындагы "Сары-Талаа" бөлүмүндөгү
айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги "Өнөр
жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башкалардын жерлери"
категориясындагы 60га жер аянтынан "Стандарт Цемент" ЖЧКсына
арызынын негизинде 20га жер аянтына цемент завод куруу үчүн
06.03.2020-жылдагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер
коммиссиясынын №6 протоколун, 06.03.2020-жылдагы Ынтымак айыл аймагынын элдик
жыйындын жана 07.03.2020-жылдагы
Беш-Буркан айылынын элдик жыйынынын протоколдорун кароо жөнүндөгү
маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 -
чакырылышы) кезектеги ХXIX сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн
аймагындагы "Сары-Талаа" бөлүмүндөгү
айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги "Өнөр
жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башкалардын жерлери"
категориясындагы 60га жер аянтынан "Стандарт Цемент" ЖЧКсына
арыздын негизинде 20га жер аянтын
ижарага берүү жагы канааттандырылсын. 2. Ынтымак айыл
аймагындагы Сары талаа бөлүмүнөн "Стандарт
Цемент" ЖЧКсына муниципалдык менчиктеги 60га жер аянтынан 20 га жер
аянтын цемент завод куруу үчүн убактылуу пайдаланууга 49 жылга
ижарага ажыратылып берилсин. 3. "Стандарт
Цемент" ЖЧКсына ажыратылып берилген жер аянтына цемент завод куруу үчүн
электр тармактарын, темир жолун ж.б.у.с. обөектилерди цемент заводуна
каттоочу жолдорун 2020-жылдын 10-мартынан тартып 2023-жылдын 10-мартына
чейинки убактар ичинде курууну жана ажыратылып берилген жер аянттарын
максатка ылайык пайдаланууну, элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен
экологияга зыян келтирбестен жер салыктарын айыл чарба жоготуулары боюнча
салыктарын жана ижараны өз убагында төлөп, социалдык пакетин жана социалдык обөектилерге
колдоо көрсөтүүнү "Стандарт Цемент"
ЖЧК сынын башкармалыгына милдеттендирилсин. 4. "Стандарт
Цемент" ЖЧКсы цемент завод куруу үчүн убактылуу пайдаланууга
49 жылдык мөөнөткө ижарага ажыратылып берилген Сары
талаа бөлүмүндөгү
20га жер аянтына 3 (үч) жылдык мөөнөт ичинде курулуш
иштери толук кандуу курулбаса аталган жер аянты Ынтымак айыл өкмөтүнүн
карамагына кайтарылып алынсын. 5. Ынтымак айыл өкмөтүнүн
социалдык-маданий обөектилерин өнүктүрүү
материалдык-техникалык базасын чындоо
жана инфракструктураны жакшыртуу боюнча "Стандарт Цемент" ЖЧКсы
менен ар бир жыл сайын келишим жана мемарандум түзүү жагы
Ынтымак айыл өкмөтүнө сунушталсын. 6. Ажыратылган 20га жер
аянтына тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү
жагы "Кадастр" мамлекеттик
мекемесинин Ноокат филиалынан суралсын. 7. Ажыратылган
20га жер аянтына тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү
жагы Ноокат райондук шаар курулуш жана архитектура ишканасынан суралсын. 8. Ушул токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө
жагы Ынтымак айылдык Кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча
туруктуу коммиссиясына милдеттендирилсин. |
||||
Ынтымак айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
А. Абдикулов |
||
|
|
|||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын
кезектеги ХXIX сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Ынтымак
айылы |
09.03.2020 |
|||
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2020-жылдын 20-февралындагы "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү
№105 токтомун жетекчиликке алуу менен Ынтымак айыл өкмөтү
жер аянтын убактылуу бөлуп берүү жөнүндө |
|||
Ынтымак айылдык Кенешинин сессиясынын күн
тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2020-жылдын 20-февралындагы "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү
№105 токтомун жетекчиликке алып Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 -
чакырылышы) кезектеги ХXIX сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы
"CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү
№105-токтому аткарууга алынсын. 2. Ынтымак айыл аймагында
жайгашкан "CASA-1000" долбоорунда "Датка" подстанциясында
500кв уячасы болгон "Датка-Сугд"
500кв электр берүүчү аба линиясынын 1 даана зым тирөөчүн
орнотуу үчүн 400 чарчы метр жайыт жери "Кыргызтандын улуттук
электр тармактары" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте акысыз
49-жылга мөөнөттүү пайдаланууга бекитилип
берилсин. 3. "Кыргызтандын
улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна берилген 1 даана зым
тирөөчүн орнотуу үчүн 400 чарчы метр жайыт жери
"Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр
жайдын, транспорттун, энергетиканын коргонуунун жана башка тармактардын жерлери" категориясына которууга
макулдук берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик
администрациясынан суралсын. 4. "Айыл чарба
багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын,
транспорттун, энергетиканын коргонуунун жана башка тармактардын жерлери"
категориясына которула турган жер
аянтына айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу
боюнча эсептөөлөр жүргүзүлсүн. 5. "Кыргызтандын
улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна берилген 1 даана зым
тирөөчүн орнотуу үчүн 400 чарчы метр жер аянтына тиешелүү иш
кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар курулушу жана
архитектура башкармалыгынан суралсын. 6. "Кыргызтандын
улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна берилген 1 даана зым
тирөөчүн орнотуу үчүн 400 чарчы метр жер аянтына болгон укугун каттап
берүү жагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат
филиалынан суралсын. 7. Ушул токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык
Кенешинин "Жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча" туруктуу
комиссиясына милдеттендирилсин. |
||||
Ынтымак айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
А. Абдикулов |
||
|
|
|||
|
||||