М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

21.02.2020

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы

шайлоо участкаларында шайлоо комиссиясынын резервтик курамына сунушталган талапкерлердин курамын бекитүү жөнүндө

2.

№2

21.02.2020

Ынтымак айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө

3.

№3

21.02.2020

Ынтымак айылдык кенешинин (6-чакырылышы) 26-сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү  жөнүндө

4.

№4

21.02.2020

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн, 2019-жылдын 30-декабрындагы, Ынтымак айылдык Кенешинин төрагасына жолдогон № 01-12/685 сандуу каты жөнүндө

5.

№5

21.02.2020

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан Арык-Бою айылына 1км. 0,4 кВ аба чубалгысын, А. Абдумалик көчөсүнө 0,5 км 0,4 кВ аба чубалгысын жана Күнгөй бөлүмүндөгү  трансформатордун ордун  тиешелүү жери менен (трансформатордун орду 16м. кв.) ААК Ош электронун филиалы Кызыл-Кия РЭТине жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү  жөнүндө

6.

№6

21.02.2020

 Арык-Бою айылына жаныдан мечит куруу үчүн Маматкулов Абдисаламдин өздүк тамаркасынан жер ээсинин макулдугу менен 0,08 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу тууралуу

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№1

21.02.2020

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы

шайлоо участкаларында шайлоо комиссиясынын резервтик курамына сунушталган талапкерлердин курамын бекитүү жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы шайлоо участкаларында шайлоо комиссиясынын резервтик курамына сунушталган талапкерлердин курамын бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы №5431-Ынтымак, №5432-Беш-Буркан, №5489-Арык-Бою, №5490-Каримберди жана №5567 - Ничке-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын резервтик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин курамы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын. (тиркеме тиркелет)

2.         Ушул токтом тиркемелери менен Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кароосуна жиберилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына тапшырылсын.

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№2

21.02.2020

 

Ынтымак айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык "Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика" маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ноокат райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Ынтымак айыл өкмөтүнө өткөрүп беруу жөнүндө келишим бекитилсин.

2.         Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ноокат райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөттүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси М. Салиевага жүктөлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткарууга алуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековго милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

Ынтымак айылдык кенешинин

2020-жылдын 21-февралындагы

№2 токтому менен бекитилди

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым
мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим

1.Келишимдин тараптары

1.1.        Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин

(мындан ары - ЭCӨM) Ноокат райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы,

мындан ары “мамлекеттик орган", бир тарабынан начальник Р.Мурзаев атынан ЭСӨМдүн 2018-жылдын З-августундагы №43 буйругу менен бекитилген ЭСӨМдүн Аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жобосунун иегизинде иштеген жана айыл өкмөтү, мындан ары "жергиликтүү башкарууну аткаруучу органы” экинчи тараптан Жоробеков Нурбек Абдуназарович  Жобонун (же Жарлык) негизинде иштеген, башка жагынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү башкаруу жөнүндө", “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамын жетекчиликке алып, ушул келишимди түзүштү:

2.      Келишимдин предмети

2.1.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык ЭСӨМдун Ноокат райондук

эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү, Ынтымак айыл өкмөтү төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды сунуштайт:

2.1.1.    Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды аныктоо боюнча төмөндөгү алынган маалыматтарды карап жана иштеп чыгуу:

-жарандардын жана уюмдардын оозеки же кат түрүндөгү кайрылуулары;

-      массалык маалымат каражаттарынан;

-      аймактык мамлекеттик органдардан;

-     ведомстволор аралык рейддер, акция, калк менен кезигишүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча;

2.1.2.        Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын муктаждыгын баалоо менен:

-турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын базасын жана тизмесин түзүү;

-    турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын жашоо-шартын карап чыгуу;

-      турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун тузуу;

-    турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын социалдык кызматка муктаждыгын баалоо:

-турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын социалдык кызматка муктаждыгын бардык жактан кайталап баалоо;

2.1.3.    Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды социалдык жактан коштоо:

-жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыз жана каттарын карап чыгуу:

-турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү:

-үй бүлөлөр менен жекеч иштөө планын ишке ашыруу;

-баланы коргоо боюнча жекече иштөө планын ишке ашыруу:

-    турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдарды социалдык коштоо

2.2  Ынтымак айыл өкмөтү жогорудагы мамлекеттик ыйгарым ишти аткарат.

3.    Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ноокат райондук эмгек жана

социалдык өнүгүү баткармалыгынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө укуктары жана милдеттери

3.1.Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ноокат райондук эмгек жана

социалдык өнүгүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдары томондогудой укуктарга ээ:

-   берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды, ошондой эле ага керектелуучу материалдык, каржылык ж.б. каражаттарды козомөлдөөну ишке ашыруу;

-   жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын откөрулуп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча өз компентециясы жаатында аткаруу учун милдеттуу болгон актыларды кабыл алууга;

-   берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтуу оз алдынча башкарууну аткаруучу органдары тарабынан кетирилген бузууларды четтоо боюнча жазуу жузундо билдируу беруу;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга байланыштуу маалымат, материалдарды, документтерди жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынан талап кылуу;

-   жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруунун жыйынтыктары жана материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды колдонуу жонундо маалымат беруу учун жергиликтуу өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга отчет беруунун формасын бекитууго;

-   жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруудо материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды камсыз кылуусун көзөмөлдөө;

-   жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашыруу үчүн берилген каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы боюнча белгиленген тартипте жаза-чара колдонууга;

-   Кыргыз Реепубликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына жана ушул келишимдин бекитилген тартипке ылайык келишимди жокко чыгаруу демилгесин көтөрүүгө.

3.2.Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эмгек жана социалдык өнүгүү башкаруусу төмөндөгүдөй компетенцияларга милдеттүү:

-   мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоо үчүн материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды толук көлөмдө жана өз убагында берүүгө;

-   берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга усулдук, уюштуруучулук, консультациялык ж.б. жардам берүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарды керектүү укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыз кылууга ;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында жылына экиден кем эмес окууларды өткөрүү;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын жана өткөрүп берилген материалдык каржылык ж.б. каражаттарды максаттуу пайдаланышына көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;

4.    Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери

 

4.1.Ынтымак айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды

ишке ашырууда төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

-мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашыруу үчүн берилген материалдык, финансылык ж.б. ресурстарды толук кандуу жана өз убагында талап кылууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан усулдук, уюштуруучулук, кенеш беруу ж.б. керектуу укуктук, техникалык ж.б. документтер менен камсыз болууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда кетирилген кемчиликтер болсо, соттук негизде мамлекеттик органдар кат жүзүндө кайрылууга;

- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына жана ушул келишимдин бекитилген тартипке ылайык келишимди жокко чыгаруу демилгесин көтөрүүгө.

4.2.Ынтымак айыл өкмөтү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө

ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

-    мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына жана келишимге ылайык ишке ашырууга;

-    мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү камсыз кылуу үчүн берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттарды толук жана өз убагында берүүнү камсыз кылууга;

-    мамлекеттик орган мамлекеттик ыйгарым укук берүүн жүзөгө ашырууну жана берилген материалдык, каржылык жана башка ресурстарды пайдаланууну тосколдуксуз текшерүү жүргүзүү үчүн шарт түзүп берүүгө;

-    мамлекеттик орган тарабынан квалификациясын жогорулатуу үчүн өткөрүлгөн окууларга жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органдын адистердин катышуусун камсыз кылууга;

-    мамлекеттик орган мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашырууда кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча кат жүзүндө билдирүү берүүгө;

-    ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашыруунун натыйжалары тууралуу мамлекеттик органга ай сайын, квартал сайын, жарым жылда бир жана жылдын аягында отчет берүүгө;

-    мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашырууга бөлүнгөн каржылык каражаттардын пайдаланышы жөнүндө квартал сайын, жылдын аягында каржылык отчет берүүгө;

-мөөнөтүнөн мурда берилген мамлекеттик ыйгарым укук токтотулган учурда мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн берилген материалдык, каржылык жана башка пайдаланылбаган ресурстарды кайрадан артка кайтарууга;

5.    Жергиликтүү өз  алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси

5.1.   Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат.

5.2.   Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.3.   Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү аткарган жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органдын адисинин укугу жана милдеттери 1-тиркемеге ылайык ишке ашат.

5.4.ЭСӨМ Ноокат райондук эмгек жана содиалдык өнүгүү башкармалыгы

коррупциялык факты байкалганда ошондой эле айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун алкагында милдеттерин одоно бузган учурларда адис тарабынан зарыл чараларды кабыл алуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органга сунуш киргизет.

6.      Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо

6.1.   Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.

6.2.   Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жаны көлөмүн эсептөө Кыргыз Реепубликасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715токтому менен бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.

Ушул келишимдин 9.2. пунктунда мөөнөтү аныкталган, көрсөтүлгөн трансферттердин (субвенциялардын) көлөмү ушул келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.

6.3.   Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каржы каражаттары жергиликтуу бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмүндө берилет жана келерки жылдын каржылыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашаларынын түзүмүндө чагылуусу керек.

6.4.    Трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө томонкулорду камтыйт:

- жергиликтуу өз алдынча башкарууну аткаруучу органдын адисинин эмгек акысы;

-берилген ишти бутурүүгө кеткен чыгымдар: командировкалык чыгым, окууга кеткен

чыгым, капцелярдык товар жана байланыш кызматы;

6.5.   Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар мамлекеттик органы тарабынан жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кабыл алуу-откоруп беруу актынын негизинде откорулуп берилет.

6.6.   Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу учун чарбалык ишин (жабдуулар, объекттер, техника ж.б.) жүргүзүүгө болунгон материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин алар откорулуп берилүүгө тийиш.

Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тен укуктуулуктун негизинде түзүлөт.

6.7.   Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына откорулуп берилуучу материалдык каражаттардын тизмеси тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

6.8.   Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

6.9.   Айрым берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын штаттык санынын ченемдери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимде чагылдырылууга тийиш.

7.     Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчеттуулугунун формасы жана

мезгилдүүлүгү

7.1.   Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:

- ай сайын 5инен кечиктирбестен, квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчету;

- квартал сайын 5инен кечиктирбестен (ай сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчетту.

8.    Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөөнүн тартиби

8.1.   Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө (мындап ары - көзөмөлдөө) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.

8.2.   Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын көзөмөлдөөнү мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы жүргүзөт.

8.3.   Мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү:

-   аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөйт;

-   жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;

-   жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле методикалык көрөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйт;

-   келишим менен каралган учурларда жогору турган органга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.

8.4.   Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү тиешелүү мамлекеттик орган төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:

-   берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;

-   ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;

-      берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;

-      берилгеи мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү;

-      жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.

9.      Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби

9.1.       Келишим Ынтымак Айылдык кенеш менен бекитилүүгө тийиш

9.2.Бул келишимдин мөөнөтү 5 күн болуусу керек.

Эгерде бир да тарап келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин келишимди токтотуу жөнүндө өз оюн билдирбесе, анда автоматтык түрдө келишимдин мөөнөтү ошол эле мөөнөттө, ошол эле шартта узартылат.

9.2.       Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ эки пускада түзүлдү.

10.                     Келишимди өзгөртүү шарттары

10.1.    Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.

10.2.     Ноокат райондук Ынтымак айылдык Кенештин бекитилген

чечимин эске алуу менен келишимге өзгөртүү жана толуктоолор киргизилет.

11.      Берилгеи мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби

11.1.     Ынтымак айыл өкмөтүнүн мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө

ашыруусу төмөнкү учурларда токтотулушу мумкун:

-      келишимдин колдонулуу мөөнөтү бүткөндө;

-     мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруу жөнүндө мыйзамды күчүн жоготту деп таануу тууралуу мыйзам күчүнө киргенде;

-     Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилгеи мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын камсыздоодо кийинки жылга республикалык бюджеттин трансферттери жок болсо;

-     берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары жүзөгө ашырылышы үчүн укуктук ченемдик актылар кабыл алынса;

-     мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынса (келишимди мөөнөтүнө чейин күчүн бузуу); келишим жана/же "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым      укуктарды      берүүнүн              тартиби        жөнүндө"       Кыргыз

Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан учурда (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).

11.2.     Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана

социалдык өнүгүү башкармалыгы же Ынтымак айыл өкмөтүнүн демилгеси боюнча

мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

11.3.Ынтымак айыл өкмөтү тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым

укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары:

-    ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн материалдык, каржылык жана башка каражаттарды камсыздоо мүмкүн болбогондо;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбоо, Ынтымак айыл өкмөтүнүн

көз каранды эмес себептери;

-    мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.

         11.4. ЭСӨМдүн Ноокат райондук эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү

башкармалыгы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары :

-      ЭСОМдун Ноокат райондук эмгекти башкаруу жана социалдык онугуу башкармалыгы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары жүзөгө ашыруу максатсыз деп табылганда;

-     Ынтымак айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу

үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу, эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;

-мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын өзгөртүүдө укуктук ченемдик актыларды кабыл алынышы;

           11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар моонотуно чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.

    11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.

11.7.     30 жумушчу кундун аралыгында билдирууну кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.

11.8.    Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган

учурда аларды ишке ашыруу үчүн Ынтымак айыл өкмөтүнө болунгон, пайдаланылбаган

материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган кундон тартын 15 жумушчу кундун аралыгында ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайтарылууга тийиш.

11.9. Мыйзамда же келишимде каралган коломдо, тартипте жана мооноттордө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо токтотулган учурда, Ынтымак айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтото турууга укуктуу, ал жөнүндө беш жумушчу кундун ичинде жазуу жузундо ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык онугуу башкармалыгына кабарлайт.

           11.10. Ынтымак айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды ЭСӨМдун эмгекти башкаруу жана социалдык онугуу башкармалыгы тарабынан аткарылууга тийиш.

           11.11. Ынтымак айыл өкмөтүнүн берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими Ноокат районунун Айылдык кенешинин токтому менен бекитилет

12.      Тараптардын жоопкерчилиги

2.1.     Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

12.2.      Шаардын мэри (айыл өкмөтүнүн башчысы) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу, бөлүнгөн материалдык. финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

13.    

Талаштарды чечүү тартиби

13.1.Ушул келишимди аткаруунун журушундө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.

14. Тараптардын даректери жана кол тамгалары

НоокатРЭС ОБ.    Печать

А.Азимбаев.          Подпись

 

Ынтымак а/о

ИНН: 00909200410182

БИК: 440709

Р/сч: 4407092200001602

Акум.сч: 4407091001001675

Айыл окмот башчы: Н.Жоробеков

Печать

Подпись

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№3

21.02.2020

 

Ынтымак айылдык кенешинин (6-чакырылышы) 26-сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү  жөнүндө

Ынтымак айылдык кенешинин (6-чакырылышы) 26-сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү  жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан трансформаторлорду тиешелүү жерлери менен бирге (ар бир трансформатордун орду 12м. кв жалпы 252м. кв) ААК Ош электронун филиалы Кызыл-Кия РЭТине жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жагы жактырылсын.

2.         Ынтымак айыл аймактарына сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Арык-бою айылына 1км 0.4 квт аба-чубалгысын, А. Абдималик көчөсүнө 0.5км 0.4 квт аба чубалгысын (ар бир столбанын орду 4м.кв жалпы 0,60га) ААК Ош электронун филиалы Кызыл-Кия РЭТине жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жагы жактырылсын.

 

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№4

21.02.2020

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн, 2019-жылдын 30-декабрындагы, Ынтымак айылдык Кенешинин төрагасына жолдогон № 01-12/685 сандуу каты жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн, 2019-жылдын 30-декабрындагы, Ынтымак айылдык Кенешинин төрагасына жолдогон № 01-12/685 сандуу катындагы маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө Мыйзамынын 31- беренесинин 1-пунктуна ылайык Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXVIII сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы эске алынсын.

 

2.         Айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарын пайдаланууда, каржы экономикалык бөлүмүнүн адистери тарабынан максатсыз чыгымдарга жол берилгендиги белгиленсин жана кемчиликтерди жоюу боюнча айыл өкмөтүнүн башчылыгы тарабынан  иш-чаралар көрүлсүн.

 

3.         Сапарнамалык чыгымдарды төлөө, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Сапарнамалылык чыгымдардын өлчөмун белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүү айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы айылдык Кенештин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№5

21.02.2020

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан Арык-Бою айылына 1км. 0,4 кВ аба чубалгысын, А. Абдумалик көчөсүнө 0,5 км 0,4 кВ аба чубалгысын жана Күнгөй бөлүмүндөгү  трансформатордун ордун  тиешелүү жери менен (трансформатордун орду 16м. кв.) ААК Ош электронун филиалы Кызыл-Кия РЭТине жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү  жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан Арык-Бою айылына 1км. 0,4 кВ аба чубалгысын, А. Абдумалик көчөсүнө 0,5 км 0,4 кВ аба чубалгысын жана Күнгөй бөлүмүндөгү  трансформатордун ордун  тиешелүү жери менен (трансформатордун орду 16м. кв.) ААК Ош электронун филиалы Кызыл-Кия РЭТине жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү  жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан Арык-Бою айылына 1км. 0,4 кВ аба чубалгысын, А. Абдумалик көчөсүнө 0,5 км 0,4 кВ аба чубалгысын жана Күнгөй бөлүмүндөгү  трансформатордун ордун  тиешелүү жери менен (трансформатордун орду 16м. кв.) ААК Ош электронун филиалы Кызыл-Кия РЭТине жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жагы жактырылсын.

 

2.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

№6

21.02.2020

 

 Арык-Бою айылына жаныдан мечит куруу үчүн Маматкулов Абдисаламдин өздүк тамаркасынан жер ээсинин макулдугу менен 0,08 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу тууралуу

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Арык-Бою айылына жаныдан мечит куруу үчүн Маматкулов Абдисаламдин өздүк тамаркасынан жер ээсинин макулдугу менен 0,08 га жер аянтын муниципалдык менчикке ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXVIII сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Арык-Бою айылына жаныдан мечит куруу үчүн Маматкулов Абдисаламдин өздүк тамаркасынан жер ээсинин макулдугу менен 0,08 га  жер аянты муниципалдык менчикке ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Арык-Бою айылына жаныдан мечит куруу үчүн Маматкулов Абдисаламдин 0,08 га муниципалдык менчикке өткөрүп берген жер аянтынын багыты өзгөртүлүп берилсин.

 

3.         Аталган Маматкулов Абдисаламдын  муниципалдык менчикке өткөрүп берген жер аянтынын багытын өзгөртүү үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдоо жагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан суралсын.

 

4.         Аталган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

 

5.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык Кенешинин жер, суу электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад