М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

XXX-1

25.12.2019

Ноокат шаардык мэриясынын 2018-жылдагы   жергиликтүү бюджетинин      аткарылышы  жана 2020-жылга  шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджети жана  2021-2022-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө

2.

XXX-2

25.12.2019

Ноокат шаардык мэриясынын               2018-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга  шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

3.

XXX-3

25.12.2019

Ноокат шаар мэриясына караган түзүмдөргө техника сатып алуу жөнүндө

4.

XXX-4

25.12.2019

Ноокат шаар  аймагындагы  мектеп жана балдар  бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге  коммуналдык  жардам көрсөтүү  жөнүндө

5.

XXX-5

25.12.2019

Ноокат шаар мэриясынын  2020-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө

6.

XXX-6

25.12.2019

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы  "Ноокат Жылуулук камсыздоо" ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.

7.

XXX-7

25.12.2019

Ноокат шаарынын Бостон кварталына караштуу мектептин эшик терезеси үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

         Ноокат шаардык мэриясынын 2018 -жылга  шаардык   бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга каралган жергиликтүү  бюджетинин  жана 2021-2022-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени   "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана  2021-2022-жылдарга  болжолу жөнүндөгү"  Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациялар  жөнүндөгү" Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна ылайык  Ноокат шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2020-жылга Ноокат шаардык мэриясынын  жергиликтүү бюджетинин  кирешелери  64127,6 миң сомго жана чыгашалары  64127,6 миң сомго бекитилсин.

2.2020-жылга  шаардык  бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары  жана чыгашалары  боюнча багыттар    №1  тиркемеге ылайык аныкталсын.                                                                                                                                                                      Шаардык бюджеттин  чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын  чегинде,ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.Ноокат шаардык мэриясынын  2021-2022-жылдарга шаардык  бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү  № 2, 3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

Кирешенин болжолу 2021-жылга 59989,6 миң сомго жана 2022-жылга 61985,6 миң сомго белгиленсин.

Ноокат шаардык  мэриясынын 2021-2022-жылдарга шаардык  бюджетинин   негизги  көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү  мезгилде  кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

4.Атайын каражаттардын  кирешесинин сметада  бекитилген өлчөмүнөн   ашыкча акча  бөлүгү  толугу менен   шаардык  бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

5.Шаардык  бюджеттик мекмелери казыналыктын  регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын  чыгымдоого тыюу салынсын.

Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин

кассасы аркылуу)  чыгымдалган  учурда  Кыргыз Республикасынын        "Кыргыз Республикасынын  2020-жылга  республикалык бюджети 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы  республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.

6.Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдагы шаардык  бюджеттин                                                                                                                                                                 бекитилген киреше  бөлүгү  55092,6  миң сомго, такталган планы  57714.4                                                                                                                                         миң сомго, аткарылышы   57094,3 миң сомго  же кирешенин 620,1 миң сомго кем  аткарылгандыгы  № 4,5 тиркемеге  ылайык белгиленсин.

7.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк  кылуу жагы   Ноокат шаардык  кеңешинин Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXX-2

25.12.2019

Ноокат шаардык мэриясынын               2018-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга  шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын 2018-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджети жөнүндөгү  маселени Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Республиканын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджети жөнүндөгү мыйзамдын негизинде  Ноокат шаардык мэриясынын  2020-жыл үчүн иштеп чыгылган атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттин долбоорун Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн  негизинде Ноокат шаардык кеңеши отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2020-жылга Ноокат шаардык мэриясынын  атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча 5 200,0 миң сом эсебинде бекитилсин.

2.Ноокат шаардык мэриясынын  жергиликтүү бюджетин чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Ноокат шаардык мэриясынын 2018-жылдагы  жергиликтүү бюджетинин  кирешелер бөлүгү 5 500,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 5248,2 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы  

А.Гафаров                    

ТИРКЕМЕ №2

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXX-3

25.12.2019

Ноокат шаар мэриясына караган түзүмдөргө техника сатып алуу жөнүндө

"Ноокат Коммунальщик" ишканасына бир даана суу себе турган атайын техника сатып алуу жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде  Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык,  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясына караган "Ноокат Коммунальщик" ишканасына бир даана суу себе турган атайын техника сатып алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3112-беренесинин эсебинен 2 500 000 (эки жарым миллион) сом  акча каражаты ажыратылып берилсин.                                                                                                             

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXX-4

25.12.2019

Ноокат шаар  аймагындагы  мектеп жана балдар  бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге  коммуналдык  жардам көрсөтүү  жөнүндө

              Ноокат шаар аймагындагы  мектеп жана балдар  бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык  жардам көрсөтүү   максатындагы маселени угуп жана талкуулап, Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамыны 31-беренесинин  2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар аймагындагы мектептердин жана балдар  бакчаларында эмгектенип жаткан ар бир педагогикалык кызматкерге 2020-жылдын                 1-январынан баштап 2020-жылдын 31-декабрына чейын  иштеген айына карап ар ай сайын  500 сомдон  жалпысы болуп  1 348,0 миң сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 709-бөлүмдүн 2721-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.

           2.Токтомдун аткарылышын  көзмөлдөө жагы Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXX-5

25.12.2019

Ноокат шаар мэриясынын  2020-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө

          Шаардын экономикасын көтөрүү  жана калктын жашоо шартын жакшыртуу, көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында  шаардын аймактарына инвестицияларды тартуу багытында Ноокат шаар мэриясынын 2020-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүктүрүү планы жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы  мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери  боюнча туруктуу   комиссиясын берген тактамасын карап чыгып, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча ченемдик укуктук  актыларынын 4-главасындагы Жергиликтүү кенештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук  негиздери боюнча 31-беренесинин  3-пунктуна ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1.Ноокат шаар мэриясынын 2020-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүктүрүү планы бекитилсин.

(№1, №2 тиркемелер тиркелет)

         2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы  мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери  боюнча туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

ТИРКЕМЕ №3

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXX-6

25.12.2019

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы  "Ноокат Жылуулук камсыздоо" ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы  "Ноокат Жылуулук камсыздоо" ишканасына акча каражатын берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык,  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1.Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы  "Ноокат Жылуулук камсыздоо" ишканасына  Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин  эсебинен:

3112-ар кандай жабдууларды  сатып алуу үчүн  800 000 (сегиз жүз миң) сом;

3111-оңдоп-түзөө иштерине 200 000 (эки жүз миң)  сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXX-7

25.12.2019

Ноокат шаарынын Бостон кварталына караштуу мектептин эшик терезеси үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.

Ноокат шаарынын Бостон кварталына караштуу мектептин эшик терезесин орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып  берүү  жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын         31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1.Ноокат шаарынын Бостон кварталына караштуу мектептин эшик терезесин сатып алып, орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын  2020-жылдын бюджетинин эсебинен 350 000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты  ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

Назад