М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

23.01.2019

Мамлекеттик салык кызматынын  айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү Келишим түзүүгө  макулдук берүү жөнүндө

2.

№2

23.01.2019

Ноокат шаарынын  аймагындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине "2018-жыл ичинде үнөмдөлгөн   атайын эсепте калган  акча каражатты  бөлүп берүү  жөнүндө

3.

№3

23.01.2019

"Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө"

4.

№4

23.01.2019

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы жөнүндө

5.

№5

23.01.2019

Ноокат райондук статистика бөлүмү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы экономист-статисттин Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишимди бекитип берүү жөнүндө                     

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XIX  сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№1

23.01.2019

Мамлекеттик салык кызматынын  айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү Келишим түзүүгө  макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү" Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна,  Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202  токтомуна,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145  токтому менен бекитилген "Салык мамилелери жаатындагы  айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү Типтүү келишимдин" 10-бөлүмүнүн 10.1-пунктуна ылайык  Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIX  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат  шаар мэриясы жана мамлекеттик салык кызматынын  Ноокат району боюнча башкармалыгынын мамлекеттик салык кызматынын  айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө  Келишим түзүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XIX  сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№2

23.01.2019

Ноокат шаарынын  аймагындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине "2018-жыл ичинде үнөмдөлгөн   атайын эсепте калган  акча каражатты  бөлүп берүү  жөнүндө

2019-жылдын 1-январына карата 603 824 (алты жүз үч миң сегиз жүз жыйырма төрт) сом атайын эсепте калган  акча каражатты  бөлүп берүү жөнүндөгү Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIX  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын  аймагындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин" 2018-жыл ичинде үнөмдөлгөн   атайын эсепте калган    603 824 (алты жүз үч миң сегиз жүз жыйырма төрт) сом акча каражаты  шаардын аймагындагы  балдар бакчаларына төмөнкүчө бөлүнүп берилсин:

-"Курманжан-Датка"  атындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемесине":

-2218 тамак-аш 31 009 ( отуз бир миң тогуз)  сом;                                                                                                       -3112 машиналар жана жабдуулар-120  098     (бир жүз жыйырма миң токсон сегиз) сом.

-"У.Салиева" атындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемесине":

-2218- тамак-аш 36 175 (отуз алты миң бир жүз жетимиш беш) сом;

 -2222  ар түрдүү  чыгымдарга -98 841  (токсон сегиз  миң сегиз жүз кырк бир)  сом.

 -3112  машиналар жана жабдуулар-45 500  (кырк беш миң) сом.

 "Балапан" атындагы "Мектепке чейинки билим берүү мекемесине":

-2218- тамак-аш 16 376 (он алты миң үч жүз жетимиш алты) сом;

-2222  ар түрдүү  чыгымдарга-18 800  (он  сегиз  миң сегиз жүз)  сом;

-3112 машиналар жана жабдуулар-71 850 (жетимиш бир миң сегиз жүз элүү) сом.

 "Раяна-Нуру " атындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемесине":

-2218  тамак-аш  11 806  (он бир миң сегиз жүз алты)  сом.

-2221 ремонтко-15 200 (он беш мин эки жүз)  сом;

-3112 машиналар жана жабдуулар-128 258 (бир жүз жыйырма сегиз мин эки жүз элүү  сегиз)  сом;

"Растишка" "Мектепке чейинки билим берүү мекемесине":

-2222  - ар түрдүү  чыгымдарга 10 411 (он  миң төрт жүз он бир ) сом.                                                                      

  2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XIX  сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№3

23.01.2019

"Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө"

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга багытталган  муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрин түзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 03-июнундагы №302 Токтомун, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы 03-сентябрындагы №603 Токтомун аткаруу максатында, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча нускаманын негизинде, ошондой эле "Ноокат мэриясынын жергиликтүү жамаатынын Уставын" жетекчиликке алуу менен Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери  боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып,  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

       1.Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси бекитилсин (№1 тиркеме).

       2.Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесинин көргөзүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин (№2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12,13,14,15,16,17,18-тиркемелер).

       3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери  боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

ТИРКЕМЕ №1

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XIX  сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№4

23.01.2019

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы жөнүндө

Стратегия муниципалитеттин Туруктуу өнүгүүсүнүн Стратегиясынын (ТӨС) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө ТӨС да чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы жөнүндөгү жобону бекитүү  жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери  боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып,  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы бекитилсин. 

(Тиркелет)

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери  боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

ТИРКЕМЕ №2

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XIX  сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№5

23.01.2019

Ноокат райондук статистика бөлүмү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы экономист-статисттин Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишимди бекитип берүү жөнүндө                     

Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн 2019-жылдын 16-январындагы         №01-04ү8 сандуу катынын негизинде  Ноокат райондук статистика бөлүмү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы экономист-статисттин " Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишимди бекитип берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери  боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып,  Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIX  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат райондук статистика бөлүмү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы экономист-статисттин Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.  (Келишим тиркелет)

ТИРКЕМЕ №3

Назад