М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

XVIII-1

26.12.2018

Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдагы   жергиликтүү бюджетинин      аткарылышы  жана 2019-жылга  шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджети жана  2020-2021-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө.

2.

XVIII-2

26.12.2018

Ноокат шаардык мэриясынын               2017-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга  шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

3.

XVIII-3

26.12.2018

Ноокат шаар мэриясына караган түзүмдөргө техника сатып алуу жөнүндө

4.

XVIII-4

26.12.2018

Ноокат шаарына караштуу Ж.Абдулакимов, Ош  жана Барын, А.Бадалов атындагы   көчөлөрүнүн  кесилишине жаңы светофор орнотуу үчүн  акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

5.

XVIII-5

26.12.2018

Ноокат шаарына караштуу Бостон кварталына жаны башталгыч  мектеп куруу  үчүн  акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.

6.

XVIII-6

26.12.2018

Ноокат шаарына караштуу Кара-Турпак кварталындагы эски ФАП ты бала-бакча кылып ремонттоо үчүн  акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

7.

XVIII-7

26.12.2018

Ноокат шаар  аймагындагы  мектеп жана балдар  бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге  коммуналдык  жардам көрсөтүү  жөнүндө

8.

XVIII-8

26.12.2018

Ноокат шаарынын  аймагындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде" тарбияланып жаткан балдардын санын,  ар бир  бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы  төлөмдөрүн  бекитүү жана балдарга төлөнүүчү төлөм жөнүндө

9.

XVIII-9

26.12.2018

Ноокат шаарынын  аймагындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде" штат бирдигин бекитип берүү жөнүндө.

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

         Ноокат шаардык мэриясынын 2017 -жылга  шаардык   бюджетинин аткарылышы, 2019-жылга каралган жергиликтүү  бюджетинин  жана 2020-2021-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени   "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана  2020-2021-жылдарга  болжолу жөнүндөгү"  Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациялар  жөнүндөгү" Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна ылайык  Ноокат шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2019-жылга Ноокат шаардык мэриясынын  жергиликтүү бюджетинин  кирешелери  64186,6миң сомго жана чыгашалары  64186,6миң сомго бекитилсин.

2.2019-жылга  шаардык  бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары  жана чыгашалары  боюнча багыттар    №1  тиркемеге ылайык аныкталсын.                                                                                                                                                                      Шаардык бюджеттин  чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын  чегинде,ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.Ноокат шаардык мэриясынын  2020-2021-жылдарга шаардык  бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү  № 2, 3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

Кирешенин болжолу 2020-жылга 66889,6миң сомго жана 2021-жылга 68761,6миң сомго белгиленсин.

Ноокат шаардык  мэриясынын 2020-2021-жылдарга шаардык  бюджетинин   негизги  көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү  мезгилде  кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

4.Атайын каражаттардын  кирешесинин сметада  бекитилген өлчөмүнөн   ашыкча акча  бөлүгү  толугу менен   шаардык  бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

5.Шаардык  бюджеттик мекмелери казыналыктын  регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын  чыгымдоого тыюу салынсын.

Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин

кассасы аркылуу)  чыгымдалган  учурда  Кыргыз Республикасынын        "Кыргыз Республикасынын  2019-жылга  республикалык бюджети 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы  республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.

6.Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдагы шаардык  бюджеттин                                                                                                                                                                 бекитилген киреше  бөлүгү  48544,8 миң сомго, такталган планы  53289,4                                                                                                                                          миң сомго, аткарылышы   5354211,9 миң сомго  же кирешенин 922,5 миң сомго көп  аткарылгандыгы  № 4,5 тиркемеге  ылайык белгиленсин.

7.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк  кылуу жагы   Ноокат шаардык  кеңешинин Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XVIII-2

26.12.2018

Ноокат шаардык мэриясынын               2017-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга  шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылдын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджети жөнүндөгү  маселени Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Республиканын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджети жөнүндөгү мыйзамдын негизинде  Ноокат шаардык мэриясынын  2019-жыл үчүн иштеп чыгылган атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттин долбоорун Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн  негизинде Ноокат шаардык кеңеши отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2019-жылга Ноокат шаардык мэриясынын  атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча 5 500,0 миң сом эсебинде бекитилсин.

2.Ноокат шаардык мэриясынын  жергиликтүү бюджетин чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдагы  жергиликтүү бюджетинин  кирешелер бөлүгү 5 300,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 4910,4 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

ТИРКЕМЕ №2

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XVIII-3

26.12.2018

Ноокат шаар мэриясына караган түзүмдөргө техника сатып алуу жөнүндө

"Ноокат Коммунальщик" ишканасына суюктук таштанды ташуучу унаа техника (говновоз) сатып алуу жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде  Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун карап чыгып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык,  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясына караган "Ноокат Коммунальщик" ишканасына суюктук таштанды ташуучу унаа техника (говновоз) сатып алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3112-беренесинин эсебинен 3 500 000 (үч жарым миллион) сом  ажыратылып берилсин.                                                                                                             

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XVIII-4

26.12.2018

Ноокат шаарына караштуу Ж.Абдулакимов, Ош  жана Барын, А.Бадалов атындагы   көчөлөрүнүн  кесилишине жаңы светофор орнотуу үчүн  акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарына караштуу Ж.Абдулакимов, Ош  жана Барын, А.Бадалов атындагы   көчөлөрүнүн  кесилишине жаңы светофор орнотуу үчүн  акча каражатын ажыратып  берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарына караштуу Ж.Абдулакимов, Ош  жана Барын, А.Бадалов атындагы   көчөлөрүнүн  кесилишине эки даана жаңы светофор орнотуу үчүн  Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3112-беренесинин эсебинен 800 000 (сегиз жүз миң) сом  ажыратылып  берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XVIII-5

26.12.2018

Ноокат шаарына караштуу Бостон кварталына жаны башталгыч  мектеп куруу  үчүн  акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.

Ноокат шаарына караштуу Бостон кварталына жаны башталгыч  мектеп куруу үчүн  акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарына караштуу Бостон кварталына жаны башталгыч  мектеп куруу  үчүн  Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 3 000 000 (үч миллион) сом  ажыратылып  берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XVIII-6

26.12.2018

Ноокат шаарына караштуу Кара-Турпак кварталындагы эски ФАП ты бала-бакча кылып ремонттоо үчүн  акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарына караштуу Кара-Турпак кварталындагы эски ФАП ты бала-бакча кылып ремонттоо үчүн  акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарына караштуу Кара-Турпак кварталындагы эски ФАП ты бала-бакча кылып ремонттоо үчүн    Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 2 000 000 (эки миллион) сом  ажыратылып  берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                     

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XVIII-7

26.12.2018

Ноокат шаар  аймагындагы  мектеп жана балдар  бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге  коммуналдык  жардам көрсөтүү  жөнүндө

              Ноокат шаар аймагындагы  мектеп жана балдар  бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык  жардам көрсөтүү   максатындагы маселени угуп жана талкуулап, Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамыны 31-беренесинин  2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар аймагындагы мектептердин жана балдар  бакчаларында эмгектенип жаткан ар бир педагогикалык кызматкерге 2019-жылдын                 1-январынан баштап,  2019-жылдын 31-декабрына  чейин  иштеген айына карап ар ай сайын  500 сомдон  жалпысы болуп  1 135,0 миң сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин 709-бөлүмдүн 2721-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.

           2.Токтомдун аткарылышын  көзмөлдөө жагы Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XVIII-8

26.12.2018

Ноокат шаарынын  аймагындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде" тарбияланып жаткан балдардын санын,  ар бир  бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы  төлөмдөрүн  бекитүү жана балдарга төлөнүүчү төлөм жөнүндө

Ноокат шаарынын  аймагындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде"  тарбияланып жаткан балдардын санын,  ар бир  бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы  төлөмдөрүн  бекитүү жана балдарга төлөнүүчү төлөм жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын  аймагындагы "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде"  тарбияланып жаткан балдардын саны төмөндөгүчө:

- "Балапан" атындагы "Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде"  - 180  бала; 

- "У.Салиева" атындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде"  - 250 бала;

-"Растищка" "атындагы "Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде"  - 60 бала;

- "Курманжан-Датка"  атындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде"  - 280 бала;

- "Раяна-Нуру " атындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде" - 120 бала  бекитилсин.

            2.Ноокат шаарынын  аймагындагы   мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде  тарбияланып жаткан ар бир бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы  төлөмдөрү  ар бир айга 500 (беш жүз) сомдон  төлөнөөрү бекитилсин.

3.Ноокат шаарынын  аймагындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде"  тарбияланып жаткан балдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы №37 токтомунун негизинде Ноокат шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ар бир балага 18 (он сегиз) сомдон тамак ашына төлөнүп берилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

Назад

9

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XVIII-9

26.12.2018

Ноокат шаарынын  аймагындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде" штат бирдигин бекитип берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы №315 токтомунун  4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы №482 токтомдоруна ылайык 136 класс комлектке 1 штат бирдиги жана 22 группага 1 штат бирдиги жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо көрсөтүлгөн.  Ноокат шаарынын  аймагындагы  "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде" штат бирдигин бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  31-беренесинин  2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын   аймагындагы   балдар бакчаларына 2 (эки) штат бирдиги бекитилип берилсин.

 -Ноокат  шаар  мэриясынын  2019-жылдын бюджетинин 2111 беренеси эсебинен эмгек акысы үчүн  267 000 сом;

 -2121 беренеси эсебинен соц.фонд үчүн 46 800 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.