Ноокат шаардык кенешинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы кезексиз  V чакырылыш XV сессиясынын №3 токтомуна №1 тиркеме:

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана шаардык мэриянын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө Жобо

1. Жалпы жоболор

1.1 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана шаардык мэриянын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) Ноокат шаардын аймагындагы Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана шаардык мэриянын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссиянын (мындан ары – Комиссия) ишинин максаттарын, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, аны түзүү тартибин, ошондой эле Комиссиянын ишин уюштуруу жана камсыздоо тартибин аныктайт.

1.2 Комиссия Ноокат шаардык мэрияга караштуу туруктуу иштеген коомдук координациялык кеңешүүчү орган болуп эсептелет.

1.3 Өз ишинде Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жергиликтүү жамааттын Уставын, ошондой эле ушул Жобону колдонмо кылып алат.

2. Комиссиянын максаты

2.1 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу процессин камсыздоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү жана Ноокат шаар мэриясынын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу Комиссиянын максаты болуп эсептелет.

3. Комиссиянын функциялары

3.1. Комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын долбоорун (мындан ары Стратегия) жана ар бир артыкчылыктуу кызмат көрсөтүү жана башкаруучулук маселе боюнча Аракеттер планын иштеп чыгуу, зарыл болгон учурда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.

2) Стратегияны жана Аракеттер планын ишке ашыруунун ар бир этабында мониторинг жана баалоо жүргүзүү.

3) Зарыл болгон учурда Стратегияны жана Аракеттер планын ишке ашыруу процессинде көйгөйлүү маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн Комиссиянын отурумун ыкчам тартипте өткөрүү.

4) Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестринин долбоорун, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана административдик регламенттерин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык иштеп чыгууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына (шаардык мэриясына) көмөктөшүү.

5) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүнө тиешелүү жергиликтүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча коомдук талкууларды өткөрүүгө көмөктөшүү.

6)  Стратегияны жана Аракеттер планын иштеп чыгуу процессине бардык кызыкдар тараптарды тартуу.

7) Өз ишинин жыйынтыктары тууралуу жергиликтүү жамаатка жылына бери дегенде эки жолу коомдук угууларда отчет тапшыруу.

8) Маалымат такталарына жана башка коомдук жайларга жайгаштыруу менен коомдук баалоо жана мониторинг үчүн милдеттүү болгон Комиссиянын иши тууралуу маалымат берет.

4. Комиссиянын ыйгарым укуктары

1.     Комиссия:

1) өз отурумдарында кызмат көрсөтүүлөргө жана башкаруучулук маселелеринин натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан демилгелер боюнча Комиссиянын мүчөлөрүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ишкерлерди жана жергиликтүү жамааттын активисттерин угат;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, ишкерлерден жана жергиликтүү жамааттын активисттеринен Стратегияны жана Аракеттер планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон керектүү маалыматтарды суратып алат;

3) зарыл болгон учурда тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, тышкы эксперттерди жана башка кызыкдар жактарды Комиссиянын ишине тартат;

4) кызмат көрсөтүүлөр жана башкаруучулук маселелеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштамаларды берет.

5) муниципалдык түзүлүштөрдүн кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү оң тажрыйбасын үйрөнүүнү уюштурат.

5. Комиссиянын курамы

2.     Комиссиянын курамы шаар мэринин буйругу менен бекитилет. Комиссиянын курамына Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары, Комиссиянын катчысы жана Комиссиянын мүчөлөрү кирет. Комиссиянын курамы 7 кишиден кем болбошу керек.

3.     Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

1)    Шаар мэри/вице-мэр/шаардык кенештин төрөгасы (төрөгалыка сунушталат);

2)    Иш кагаздары боюнча башкы адис;

2) шаардык кеңештин депутаттары;

3) шаардык мэриянын аппаратынын тийиштүү адистери;

4)  бейөкмөт уюмдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү;

5) бизнес жамааттын өкүлдөрү;

6) жергиликтүү жамааттын активисттери.

4.     Комиссиянын курамы төм. камтышы керек:

1) бир жыныстын өкүлдөрүн – 30% кем эмес;

2) айылдык аймактын чегинде жашаган улуттук азычылыктын өкүлдөрүн, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды.

5.     Комиссиянын төрагасы:

1) Комиссиянын ишин уюштурат;

2) Комиссиянын отурумун чакырат жана өткөрөт;

3) Комиссиянын отуруму өтчү күндү, убактысын жана ордун аныктайт;

4) Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитет;

5) Комиссиянын тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, коомдук бирикмелердин, бизнес жамааттын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;

6) Комиссиянын ишин коомго чагылдырууну уюштурат жана координациялайт;

7) Комиссиянын отурумунун протоколдоруна кол коет;

6.     Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын төрагасы болбогон учурда анын тапшырмасы менен ордун ээлейт жана анын милдеттерин аткарат.

7.     Комиссиянын катчысы:

1) Комиссиянын мүчөлөрүнө отурумга чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен кезектеги отурум өтчү күн, убактысы, орду жана күн тартиби тууралуу маалымат берет;

2) отурумга чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен күн тартибин, ошондой эле зарыл материалдарды жана күн тартибине кирген маселелерди чечүү долбоорлорун таратып берүүнү камсыздайт;

3) Комиссиянын кезектеги отурумунун катышуучулары менен жумушка байланыштуу өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат жана Комиссиянын жетекчиси менен отурумга чакырылган адамдардын тизмесин макулдашат;

4) маалымат такталарына жана башка коомдук жайларга жайгаштыруу үчүн Комиссиянын иши жөнүндө ыкчам маалыматты даярдайт;

5) отурумдардын протоколдорун, Комиссияны жүргүзүү маселелери боюнча башка документтерди жана материалдарды тариздеп, Комиссиянын мүчөлөрүнө жиберет;

6) комиссиянын отурумунда жазылган протоколдорду жана башка документтерди үч жыл бою сактайт. Мөөнөтү аяктагандан кийин айыл өкмөтүнүн архивине өткөрүп берет.

8.     Жумушчу топтун мүчөлөрү:

1) Комиссиянын отурумунун күн тартибин түзүү боюнча сунуштарды беришет;

2) күн тартибинде каралчу маселелер боюнча материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоого катышат;

3) Комиссиянын отурумдарына катышуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын адистеринин жана тышкы эксперттердин талапкерлигин сунушташат;

4) Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын, коомдук бирикмелердин, бизнес жамааттардын өкүлдөрүнүн кайрылууларын карашат;

5) маселелерди талкуулоодо жана добуш берүүдө тең укуктарга ээ;

6) Комиссиянын отурумдарына катышууга милдеттүү жана өз ыйгарым укуктарын башка адамдарга берүүгө укугу жок;

7) Комиссиянын мүчөсү кезектеги отурумга катышпаган учурда каралып жаткан маселелер боюнча өз пикирин жазуу түрүндө берүүгө укуктуу.

6. Комиссиянын курамын өзгөртүү

9.     Комиссиянын курамын өзгөртүү тууралуу чечим Комиссиянын отурумунда Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынан бери дегенде жарымы катышкан учурда кабыл алынат.

10.                        Мүчөлүктөн чыгарылууга тийиш болгон Комиссиянын ыктымал мүчөлөрүнүн тизмесин аныктайт, бул тизмени талкуулайт жана ар бир талапкер боюнча өз-өзүнчө добуш берет.

11.                        Комиссиянын курамына кошулушу керек болгон Комиссиянын ыктымал мүчөлөрүнүн тизмесин аныктайт, бул тизмени талкуулайт жана ар бир талапкер боюнча өз-өзүнчө добуш берет.

12.                        Комиссиянын курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу чечим Комиссиянын отурумунун протоколу менен таризделет, ага Комиссиянын Төрагасы жана Катчысы кол коюшат.

13.                        Комиссиянын курамын өзгөртүү тууралуу Комиссиянын отурумунун протоколу айыл өкмөтүнө берилет, анын негизинде айыл өкмөт башчы Комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө чечим чыгарат.

 

7. Комиссиянын отурумдарын өткөрүү жана чечим кабыл алуу тартиби

 

14.                        Комиссиянын отуруму зарылчылыкка жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

15. Комиссиянын отурумдары ачык жана айкын өтөт.

16.                        Комиссиянын отурумуна анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет.

17.                        Комиссиянын чечимдери отурумга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

18.                        Эгерде Комиссиянын мүчөсү чечимге макул болбосо, анда ал өзгөчө пикирин жазуу түрүндө баяндап берет жана аны отурум өткөн күндөн кийинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен Комиссиянын катчысына жиберет. Комиссия мүчөсүнүн өзгөчө пикири отурумдун протоколуна тиркелет.

19.                        Добуштар теңме-тең болгон учурда Комиссиянын отурумда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.

20.                        Комиссиянын отурумдарында кабыл алынган чечимдер протоколдор менен таризделет, аларга Комиссиянын отурумунда төрагалык кылуучу жана Комиссиянын катчысы кол коюшат.

21.                        Комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыздоону айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.

8. Корутунду бөлүм

22.                        Ушул Жобо аны бекиткен учурдан баштап күчүнө кирет жана аны жокко чыгарганга чейин, өзгөртүп же алмаштырганга чейин күчүндө болот.

 

Ноокат шаардык  кеёешинин жооптуу катчысы:                                 М.Ярматов