Ноокат шаардык кенешинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы кезексиз  V чакырылыш XV сессиясынын №1 токтомуна №1 тиркеме

 

Ноокат шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө  ЖОБО

I. Жалпы түшүндүрмө

 

      1.1 Бул, Жобо Ноокат шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу  тартибин аныктайт.

1.2  Ардактуу атуул” наамы (жергиликтүү жамааттын) ЖЖнын эң жогорку сыйлыктарынын бири. Шаардык кенештин токтому менен бекитилген. Ушул ЖОБОго ылайык шаардык кенештин төрөгасы тарабынан 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамына карата же башка чоң майрамдык иш чараларга карата салтанатуу түрдө коомчулуктун алдында  ыйгарылат.

1.3 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органдары - шаардык мэрия, шаардык кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук , райондук мамлекеттик администрациялар,  көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары, ТОС башчылары ээ болот.

1.3  “Ноокат шаарынын ардактуу атуулу” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал шаардык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн Ноокат шаардык кеңешинин чечими менен берилет. Шаардык кеңеш “Ноокат шаарынын ардактуу атуулу”  наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилей алат.

1.4  “Ноокат шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды шаардык мэрия кабыл алып, арыздарды  Жобонун талаптарына  ылайык карап чыгат. Тиешелүү документтерин такталгандан кийин, өзүнүн официалдуу сайтында же социалдык түйүндөрдөгү баракчаларынын биринде коомдук талкууга койот. Талкуунун жыйынтыгы протоколдоштурулуп, талапкерлерди өзүнүн сунушу менен шаардык кеңешке жөнөтөт.

1.5   Ноокат шаарынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп,  жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон  тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;

1.6   Ноокат шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 2 адамга гана ыйгарылат.

II.    Ноокат   шаарынын  “Ардактуу атуул” наамын  ыйгаруу үчүн негизги талаптар:

2.1   Ноокат шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң      салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон,  шаардын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;

2.2  Ноокат шаарынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына; 

   СССР дин, Эмгектин, КР нын Баатырларына;

   Улуу Ата-Мекендик согуштун, Афган, Чернобыль, Баткен коогалаңынын катышуучуларына;

   Билим берүү, саламаттыкты сактоодо, маданият, спорт, айыл чарба ж.б. тармактарда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге, КР эмгек сиңирген кызматкер деген наам алгандарга;

   Илимий жогорку даражага ээ болгон атуулдарга;

   Ишкана ачып, элди туруктуу жумуш орду менен камсыз кылган ишкерлерге,

Инвестициялык долбоорлорду тартып, Ноокат шаарынын инфруструктурасын жакшыртууга өзгөчө салым кошкон инсандарга ж.б берилет.

III.   Шаардын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби

3.1  Ноокат шаарынын “Ардактуу атуулу”  наамын алган атуулга «Ноокат шаарынын Ардактуу атуулу» деген Ардак Грамота, күбөлүк, лента жана төш белгиси ыйгарылат.

3.2  Ноокат шаарынын  “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен  жүргүзүлөт.

3.3 “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө жылына бир жолу Ноокат шаардык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.

3.   ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу   маселесин  кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:

Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер  жеке жарандар, коомдук уюмдар  тарабынан сунушталган болсо:

• Талапкер  боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык   протоколу же токтому;

• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн  макулдук берүүсү;

•    коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу       кеңири маалыматты камтуу менен;

   паспортунун көчүрмөсү;               

өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун    көчүрмөсү;

•   мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү  (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).

 Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер  мекеме, ишканалар  тарабынан сунушталган болсо:

    • эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;

    өмүр баяны,  мүнөздөмө, сунуш;

   • “Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын шаарга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;

    өздүк баракчасы сүрөтү менен;

    • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;        

    • паспортунун көчүрмөсү.              

VI Ноокат шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын жокко чыгаруу

4.1 Ноокат шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгүдөй учурларда шаардык кенештин токтому менен жокко чыгарылат:

Соттун чечими менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганда;

Тиешелүү документтердин туура эместиги ачыкталганда;

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылганда.

Жобо 4- пункттан турат жана  зарыл учурларда Ноокат шаардык мэриясынын, шаардык кеңештин депутаттарынын сунушу менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

Ноокат шаардык  кеёешинин 

жооптуу катчысы:                                                                                        М.Ярматов