М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

15.02.2018

Ноокат шаар мэриясынын 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө Ноокат шаарынын мэринин отчету.

2.

2

15.02.2018

Ноокат шаарынын аймагына                           видео көзөмөл орнотуу үчүн  акча каражатын  ажыратып берүү  жөнүндө.

3.

3

15.02.2018

2018-жылдын 1-январына   атайын эсепте калган  калдыкты  бөлүп берүү  жөнүндө.

4.

4

15.02.2018

Ноокат шаар мэриясынын  имаратынын жыйындар залын ижарага берүү жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

1

15.02.2018

 

Ноокат шаар мэриясынын 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө Ноокат шаарынын мэринин отчету.

Ноокат шаарынын мэри Ж. Нурдиновдин  Ноокат шаар мэриясынын 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү Ноокат шаар  мэринин отчетун угуп жана талкуулап,  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-болүгүнүн 1,2-бөлүкчөлөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кенешинин алдындагы  мыйзамдуулукту сактоо,  мандат, депутаттык этика,  өз алдынча башкаруу, коомдук  уюмдар, дин иштери боюнча  туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап,    Ноокат шаардык кенешинин  отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновдин Ноокат шаар мэриясынын          2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү  отчету депутаттардын айтылган сын-пикирлерин  эске алуу менен  канааттандыраарлык деп табылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин алдындагы  мыйзамдуулукту сактоо,  мандат, депутаттык этика,  өз алдынча башкаруу, коомдук  уюмдар, дин иштери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Гафаров А                    

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

2

15.02.2018

 

Ноокат шаарынын аймагына                           видео көзөмөл орнотуу үчүн  акча каражатын  ажыратып берүү  жөнүндө.

Ноокат шаарынын аймагына   видео көзөмөл орнотуу үчүн акча каражатын  ажыратып берүү  жөнүндөгү Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндогү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө  ылайык,  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын аймагына   видео көзөмөл орнотуу үчүн  81 600 (сексен бир миң алты жүз) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен  ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Гафаров А                    

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

3

15.02.2018

 

2018-жылдын 1-январына   атайын эсепте калган  калдыкты  бөлүп берүү  жөнүндө.

   2018-жылдын 1-январына карата 551 631 ( беш жүз элүү бир  мин алты жүз отуз бир ) сом атайын эсепте калган  калдыкты бөлүп берүү  жөнүндөгү Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын      31-беренесинин    2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму                                                                                                                                             

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын бюджетинде 2018-жылдын 1-январына карата       551 631 ( беш жүз элүү бир  мин алты жүз отуз бир ) сом  атайын  эсептеги     калган калдыкты     шаардын аймагындагы  балдар бакчаларына төмөнкүчө бөлүнүп  берилсин:

"Курманжан Датка" атындагы балдар бакчасына:                                                                           - 2221 ондоп-түзөө жумуштарына-250 448 ( эки жүз элүү мин төрт жүз кырк сегиз)  сом;                                                                                                       - 3112 эмеректерди сатып алууга-180 000     (бир жүз сексен мин) сом.

"Кара-Турпак" балдар бакчасына:

-3112 эмеректерди сатып алууга-29 994    (жыйырма  тогуз мин тогуз жүз токсон төрт)  сом;

 - 2215 чарба буюмдарын сатып алууга-38 400  (отуз сегиз мин төрт жүз)  сом.

 

"Растишка" балдар бакчасына:

-2224  көмур сатып алууга-8 789 (сегиз мин жети жүз сексен тогуз ) сом.                                                                     

- "У.Салиева" атындагы балдар бакчасына:

-3112  отканага насос  сатып алууга-40 000  (кырк мин) сом;

-2222  үтүк сатып алууга-4 000  (төрт  мин)  сом.

      2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Гафаров А                     

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

4

15.02.2018

 

Ноокат шаар мэриясынын  имаратынын жыйындар залын ижарага берүү жөнүндө.

Ноокат шаар мэриясынын  имаратынын жыйындар залын 1 (бир) саатка 1000 сомдон, өлчөмүндө бейөкмөт уюмдарга, тренингтерге, семинарларды өткөрүү үчүн  ижара иретинде берүү жөнүндөгү  Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын  укуктарын жана кызыкчылыктарын  коргоо коомдук уюмдар, дин иштери  маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын  имаратынын жыйындар залын бейөкмөт уюмдарга, тренингтерге, семинарларды өткөрүү үчүн  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  монополияга  каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмүнүн макулдашуусу менен 1 (бир) саатка 1000 сомго ижара акы алууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын  укуктарын жана кызыкчылыктарын  коргоо коомдук уюмдар, дин иштери  маселелери боюнча   туруктуу комиссиясына   тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Гафаров А                    

 

 

Назад