М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
III-1 |
28.06.2017 |
Кыргыз Республикасынын Ош шаары, Ош,
Жалал-Абад жана Баткен облустук Эсептөө палатасынын
территориалдык башкармалыгынын аудит
жыйынтыгы жөнүндө |
2. |
III-2 |
28.06.2017 |
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү
кодексинин негизинде Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы
№5392-Барын, №5398-Бостон, №5399-Крупская, №5452-Кара Турпак,
№5565 Таштак шайлоо участкаларынын комиссияларынын
резервдик курамын бекитүү жөнүндө |
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын
кезексиз III сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Ноокат
шаары |
28.06.2017 |
|||
|
Кыргыз
Республикасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук Эсептөө палатасынын
территориалдык башкармалыгынын аудит
жыйынтыгы жөнүндө |
|||
Кыргыз Республикасынын Ош шаары, Ош,
Жалал-Абад жана Баткен облустук Эсептөө палатасы тарабынан
2015-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзүлүп,
анын жыйынтыгы чыгарылып, аудит жыйынтыгынын негизинде Ноокат шаар мэриясынын
жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча бир топ финансылык
кемчилдиктерге жол коюлгандыгы көрсөтүлгөн. Катта
жазылган кемчилдиктерди жоюу менен тиешелүү беренелерге акча
каражаттары максатсыз пайдаланылгандыгы, бухгалтердик дебитордук жана
кредитордук эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөндүгү,
бухгалтердик эсептерди так жана сапаттуу жүргүзүү максатында,
Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу
комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин отуруму |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.Кыргыз Республикасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук
Эсептөө палатасынын территориалдык башкармалыгы тарабынан
2015-жылдын 1-январынан тартып
2016-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзгөн
жыйынтыгы Ноокат шаардык мэриясы
тарабынан аткарууга алынсын. 2.Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин
аткарылышында финансылык кемчилдиктерге жол бербөө, аудит көрсөткөн
кемчилдиктерди жоюу менен тиешелүү беренелерге акча каражаттарды
максатсыз пайдаланбоо, бухгалтердик дебитордук жана кредитордук эсептөөлөр
туура жүргүзүлүшү, бухгалтердик эсептерди так
жана сапаттуу жүргүзүү Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ
башчысы М.Абдурасуловго милдеттендирилсин. 3.Токтомдун аткарылышын к?з?м?лд??
жагы бюджет, экономика,
финансы, соода, инвестициялар,
ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык
байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Ноокат шаардык Кенешинин
төрагасы |
|
А.Гафаров |
||
|
|
|||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын
кезексиз III сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Ноокат
шаары |
28.06.2017 |
|||
|
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү
кодексинин негизинде Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы
№5392-Барын, №5398-Бостон, №5399-Крупская, №5452-Кара Турпак,
№5565 Таштак шайлоо участкаларынын комиссияларынын
резервдик курамын бекитүү жөнүндө |
|||
Кыргыз
Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексине
ылайык, коомдук бирикмелерден,
эмгек коллективдеринен
жана шайлоочулардын жашаган жери
боюнча чогулуштардын протоколдорун карап чыгып Ноокат шаардык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин негизинде №5392-Барын, №5398-Бостон, №5399-Крупская, №5452-Кара-Турпак, №5565 Таштак
шайлоо участкаларынын
комиссияларынын резервдик курамы бекитилсин. (№5392-Барын,
№1, №5398-Бостон, №2,
№5399-Крупская, №3, №5452-Кара-Турпак
№4, №5565 Таштак №5 тизмелери тиркелет.) 2.№392-Барын, №398-Бостон,
№399-Крупская,
№452-Кара-Турпак, №5565
Таштак шайлоо участкаларынын
комиссияларынын резервдик курамдарын бекитип берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын. |
||||
Ноокат шаардык Кенешинин
төрагасы |
|
А.Гафаров |
||
|
|
|||
|
||||