М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

30.08.2017

Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин,  балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата  даярдыгы жөнүндө

2.

2

30.08.2017

Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчаларынын кышка  даярдыгы жөнүндө

3.

3

30.08.2017

Шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысын берүү жөнүндө

4.

4

30.08.2017

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы курулуш жана жерге жайгаштыруу комиссиянын курамын бекитүү  жөнүндө

5.

5

30.08.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы  Б.Абдраимов жана Жамий атындагы көчөлөрүнө бир тараптуу автоуна жүрүүчү каттамды  өзгөртүү үчүн 2 даана жол белгисин жасатып орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

6.

6

30.08.2017

           Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 709-бөлүмүнүн 3111-беренесинин акча каражатын 709-бөлүмүнөн  3112-беренесине өткөрүп берүүга макулдук берүү жөнүндө

7.

7

30.08.2017

           Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин атайын каражатынын 709-бөлүмүнүн 2222-беренесинин акча каражатын  709-бөлүмдүн  3112- беренесине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

8.

8

30.08.2017

              "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасы убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу 2017-жылга бөлүнгөн сметанын негизинде каралган акча каражатын АТАК "Ноокат Коммунальщик" ишканасына которууга  макулдук берүү жөнүндө

9.

9

30.08.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөргө  жол белгиси, термопласт зебра чийүү үчүн  акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

10.

10

30.08.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов, Х.Самиев атындагы орто мектептеринин ремонттоого жана №4 Кара-Турпак балдар бакчасынын кызматкерлеринин 2016-жылдагы иш сапардык чыгымдары үчүн  акча каражатын   ажыратып берүү жөнүндө

11.

11

30.08.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрүндө арыктардан жолго суу ташып жаткандыктан темир жана темир бетон труба орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

12.

12

30.08.2017

Ноокат шаарынын  инфраструктурасын  жогорулатуу багытында шаардын көчөлөрүн асфальтоого смета даярдоо жана технадзорлук кызмат үчүн 3111 беренесинин эсебинен 2215 беренесине  акча каражатын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

1

30.08.2017

Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин,  балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата  даярдыгы жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө Ноокат   шаардык  кеңешинин  билим берүү,  саламаттыкты сактоо,  жаштар иштери, спорт, маданият,  туризм,    социалдык маселелери боюнча   туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                    31-беренесинин 2, 6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

         2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы  балдар бакчаларынын санитардык-гигиеналык талаптардын эрежелерин сактоосу  эскертилсин.

         3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат  шаардык кеңешинин  билим берүү,  саламаттыкты сактоо,  жаштар иштери, спорт, маданият,  туризм,    социалдык  маселелери боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Гафаров А                    

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

2

30.08.2017

Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчаларынын кышка  даярдыгы жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин  жана  балдар бакчаларынын кышка карата даярдыгы жөнүндө Ноокат   шаардык  кеңешинин  билим берүү,  саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык  коргоо маселелери боюнча   туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

              1.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептердин,  балдар-бакчаларынын  күз-кышка даярдыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат   шаардык  кеңешинин  билим берүү,  саламаттыкты сактоо,  жаштар иштери, спорт, маданият,  туризм, социалдык маселелери боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Гафаров А                    

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

3

30.08.2017

Шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысын берүү жөнүндө

2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын  Президентин шайлоого карата  Президентикке талапкерлердин ар кандай партиялардын жыйындары өткөрүлүүсүнө шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысын берүү  жөнүндөгү  маселе Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын  укуктарын жана кызыкчылыктарын  коргоо коомдук уюмдар, дин иштери  маселелери боюнча   туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын  Президентин шайлоого карата  Президентикке талапкерлердин  ар кандай партиялардын жыйындары өткөрүлүүсүнө шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысы, түзүлгөн келишимдин негизинде мыйзам чегинде берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын  укуктарын жана кызыкчылыктарын  коргоо коомдук уюмдар, дин иштери  маселелери боюнча   туруктуу комиссиясына   тапшырылсын

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Гафаров А                    

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

4

30.08.2017

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы курулуш жана жерге жайгаштыруу комиссиянын курамын бекитүү  жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы курулуш жана жерге жайгаштыруу комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин  мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кенешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы курулуш жана жерге жайгаштыруу комиссиянын курамы төмөндөгүчө  бекитилсин:

1.Алиев Максат Маматович-Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору, комиссиянын төрагасы.

2.Камчыбек уулу Нурсултан-Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жетектөөчү адиси, комиссиянын катчысы.

                                         Комиссиясынын мүчөлөрү:

3.Т.Сатиев-Ноокат райондук жер кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси, (шаардын куратору).

4.В.Ганиев-Кара-Турпак кварталынын ТОС  башчысы.

5.А.Жусубалиев-Ноокат шаар мэриясынын киреше бөлүмүнүн башчысы, башкы адис.

6.И.Мансуров-Ноокат райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери.

7.А.Бегматов-Ноокат райондук өрткө каршы кызмат бөлүмүнүн капитаны, инспектор.

8.И.Акматов-Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси, (шаардын куратору ).

9.Кадирбаев Турдумахамат Турсункулович-Ноокат шаардык кенешинин депутаты.

10.Кабылов Алижан Абдиламитович-Ноокат шаардык кенешинин депутаты.

11.Таирходжаев Сайбилла Пашаходжаевич-Ноокат шаардык кенешинин депутаты.

              2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин  мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Гафаров А                    

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

5

30.08.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы  Б.Абдраимов жана Жамий атындагы көчөлөрүнө бир тараптуу автоуна жүрүүчү каттамды  өзгөртүү үчүн 2 даана жол белгисин жасатып орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы Б.Абдраимов жана Жамий атындагы көчөлөрүнө бир тараптуу автоуна жүрүүчү каттамды өзгөртүү үчүн 2 даана жол белгисин жасатып орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                                  31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык,  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

   1.Ноокат шаарынын аймагындагы Б.Абдраимов жана Жамий  атындагы көчөлөрүнө бир тараптуу автоуна жүрүүчү каттамды өзгөртүү үчүн 2 даана жол белгисин жасатып орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын 29-августуна чейин үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 6 000 (алты миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

   2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Гафаров А                    

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

6

30.08.2017

           Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 709-бөлүмүнүн 3111-беренесинин акча каражатын 709-бөлүмүнөн  3112-беренесине өткөрүп берүүга макулдук берүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 709-бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен ажыратылып берилген 300 000  сом акча каражатын 709-бөлүмдүн 3112- беренесине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин  2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 709-бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен Крупская атындагы орто мектебине ажыратылып берилген 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты,  709-бөлүмдүн  3112- беренесине өткөрүлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Гафаров А                    

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

7

30.08.2017

           Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин атайын каражатынын 709-бөлүмүнүн 2222-беренесинин акча каражатын  709-бөлүмдүн  3112- беренесине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

         Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин атайын каражатынын 709-бөлүмүнүн 2222-беренесинин эсебинен У.Салиева атындагы балдар бакчасына ажыратылып берилген 192 100 (бир жүз токсон эки миң бир жүз) сом акча каражатын  709-бөлүмдүн  3112- беренесине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин  2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

          1.Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин атайын каражатынын 709-бөлүмүнүн 2222-беренесинин эсебинен У.Салиева атындагы балдар бакчасына ажыратылып берилген 192 100 (бир жүз токсон эки миң бир жүз) сом акча каражаты,  709-бөлүмдүн  3112- беренесине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Гафаров А                    

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

8

30.08.2017

              "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасы убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу 2017-жылга бөлүнгөн сметанын негизинде каралган акча каражатын АТАК "Ноокат Коммунальщик" ишканасына которууга  макулдук берүү жөнүндө

                      "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасы убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу 2017-жылга бөлүнгөн сметанын негизинде каралган акча каражатын АТАК "Ноокат Коммунальщик" ишканасына которууга макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин  2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

          1."Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасы убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу 2017-жылга бөлүнгөн сметанын негизинде каралган акча каражатын АТАК "Ноокат Коммунальщик" ишканасына которууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Гафаров А                    

Назад

9

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

9

30.08.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөргө  жол белгиси, термопласт зебра чийүү үчүн  акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөргө 1.14.1 жол белгиси, термопласт зебра чийүү үчүн  акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөргө 1.14.1 жол белгиси, термопласт зебра чийүү үчүн  Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын 29-августуна чейин үнөм болгон акча каражатынын эсебинен      90 919 ( токсон мин тогуз жүз он тогуз) сом  акча каражаты ажыратылып берилсин.                                                                                                                           

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Гафаров А                    

Назад

10

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

10

30.08.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов, Х.Самиев атындагы орто мектептеринин ремонттоого жана №4 Кара-Турпак балдар бакчасынын кызматкерлеринин 2016-жылдагы иш сапардык чыгымдары үчүн  акча каражатын   ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов, Х.Самиев атындагы орто мектептеринин ремонттоо жана №4 Кара-Турпак балдар бакчасынын кызматкерлеринин 2016-жылдагы иш сапардык чыгымдары үчүн  акча каражатын   ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын 29-августуна чейин үнөм болгон акча каражатынын эсебинен:

-А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин ремонттоо үчүн 300 000 (үч жүз миң) сом;

-Х.Самиев атындагы орто мектебинин ремонттоо үчүн 100 000 (бир жүз миң) сом;

-№4 Кара-Турпак балдар бакчасынын кызматкерлеринин 2016-жылдагы иш сапардык чыгымдары үчүн 9 400 (тогуз миң төрт жүз) сом  акча каражаты   ажыратылып  берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Гафаров А                    

Назад

11

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

11

30.08.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрүндө арыктардан жолго суу ташып жаткандыктан темир жана темир бетон труба орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы Ош жана С.Калбеков атындагы көчөлөрүндөгү арыктардан жолго суу ташып жаткандыктан темир жана темир бетон труба орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.Ноокат шаарынын аймагындагы Ош көчөсүндөгү арыктардан жолго суу ташып жаткандыктан темир жана темир бетон труба орнотуу үчүн 150 000 (бир жүз элүү миң) сом, С.Калбеков атындагы көчөсүнө 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын                29-августуна чейин үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

  2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Гафаров А                    

Назад

12

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

12

30.08.2017

Ноокат шаарынын  инфраструктурасын  жогорулатуу багытында шаардын көчөлөрүн асфальтоого смета даярдоо жана технадзорлук кызмат үчүн 3111 беренесинин эсебинен 2215 беренесине  акча каражатын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын  инфраструктурасын  жогорулатуу багытында шаардын көчөлөрүн асфальтоого смета даярдоо жана технадзорлук кызмат үчүн 3111 беренесинин эсебинен 2215 беренесине 42 850 (кырк эки миң сегиз жүз элүү) сом акча каражатын өткөрүп берүүгө макулдук берүү  жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу   комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын  инфраструктурасын  жогорулатуу багытында шаардын көчөлөрүн асфальтоого смета даярдоо жана технадзорлук кызмат үчүн 3111 беренесинин эсебинен 2215 беренесине 42 850 (кырк эки миң сегиз жүз элүү) сом акча каражатын өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.