М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

25.01.2017

Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаар кеңешинин, Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жана Ноокат шаардык мэриясынын билим берүү тармагынын борбордук бухгалтериясынын штаттык бирдиктеги белгиленген  бир айлык эмгек  акынын эки айлык  өлчөмүндө материалдык жардам катары берүү жөнүндө

2.

2

25.01.2017

Ноокат шаардык мэриясынын  2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө

3.

3

25.01.2017

Ноокат шаардык мэриясынын   2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө

4.

4

25.01.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак кварталынын Кара-Турпак көчөсүнө суу түтүктөрүн тартуу жана алмаштыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

5.

5

25.01.2017

Ноокат шаар  аймагынын    көчөлөрүндөгү көп жылдык   бак-дарактарды  кыркууга  уруксат берүү жөнүндө

6.

6

25.01.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы   кара малдарды  идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал үчүн кызмат акы алууга макулдук берүү жөнүндө

7.

7

25.01.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы  муниципалдык жылуулук менен камсыздоо мекемесине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

8.

8

25.01.2017

Ноокат шаар мэриясынын балдар бакчаларынан   2017-жылдын 1-январына карата атайын каражаттан калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кенешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXXII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

                      Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү №75 мыйзамдын 31-беренесинин 10-бөлүгүнө негиз Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаар кеңешинин, Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жана Ноокат шаардык мэриясынын билим берүү тармагынын борбордук бухгалтериясынын штаттык бирдиктеги белгиленген  бир айлык эмгек  акынан эки айлык  өлчөмүндө  материалдык жардам берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү  Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясынын берген сунушун карап,   Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын 2017-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен штаттык бирдиктеги белгиленген бир айлык эмгек  акысынан эки айлык акы өлчөмүндө материалдык жардам ажыратылып  берилсин:

-Ноокат шаар мэриясына жана Ноокат шаар кеңешине:

-701-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 456,6 миң сом;

                            -2121 соц. фонду 78,8 миң сом;

-Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине: 

-706-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 121,8 миң сом;

                            -2121 соц. фонду 21,0 миң сом;

-Ноокат шаардык мэриясынын билим берүү тармагынын борбордук бухгалтериясына:

-709-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 21,8 миң сом;

                             -2121 соц. фонду 3,8 миң сом;

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын. 

Ноокат шаардык кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кенешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXXII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

2

25.01.2017

Ноокат шаардык мэриясынын  2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыктан карыздарды бөлүштүрүү  жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                         31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты эсебинен төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлүп  берилсин:

-Кызматтык сапарга кеткен чыгашалар үчүн 701-бөлүмдүн 2211-беренесине 24 500 сом;

-Ноокат суу ишканасына701-бөлүмдүн 2231-беренесине 3 600 сом;

-Крупская атындагы орто мектебинин ашканасына инвентар сатып алуу үчүн 709-бөлүмдүн 3112-беренесине 281 400 сом;

-Ноокат шаарынын аймагындагы  А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин ашканасына инвентар сатып алуу үчүн 706-бөлүмдүн  3111-беренесине 214 700 сом;

-Н.К.Крупская жана Х.Самиев атындагы орто мектебинин окуучуларына спорт формаларын алуу үчүн 709-бөлүмдүн 2222-беренесине 28 000 сом;

-Ноокат шаарынын А.Абуваитов   атындагы орто мектебине эшик терезелер кою үчүн 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 213 400 сом;

-Х.Самиев атындагы орто мектебине колифер пушка үчүн 709-бөлүмдүн 3112-беренесине 34 500 сом;

-Х. Самиев атындагы орто мектебине веранда куруу жана ашканадан кеткен саркынды сууларга септик куруу үчүн 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 68 600 сом;

-№1 Уркия Салиева атындагы мектепке  чейинки билим берүү мекемесин ремонттоого 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 57 500 сом;

-М.Абдуллаев мектебинин ремонттоого709-бөлүмдүн 2221-беренесине    56 200 сом;

-Социалдык коргоо тармагына 710-бөлүмдүн 2711-беренесине 45 000 сом;

-Ууна менен тейлөө кызматарына 701-бөлүмдүн 2214-беренесине 30 000 сом;

-Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметерди жана материалдардын чыгымдары үчүн 701-бөлүмдүн 2222-беренесине 50 000 сом;

-2016-жылда көмүрдөн калаган карызга706-бөлүмдүн 2224-беренесине   31 800 сом;

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кенешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXXII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

3

25.01.2017

Ноокат шаардык мэриясынын   2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты эсебинен төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлүп  берилсин:

-Ноокат шаарынын аймагындагы Жами атындагы көчөсүнө жарыктандырууга 706-бөлүмдүн  3111-беренесине 29 000 сом;

-Ноокат шаарынын аймагындагы Ленин атындагы көчөсүнүн тротуарын калыбына келтирүү үчүн 706-бөлүмдүн  3111-беренесине 137 000 сом;

-Ноокат шаарынын аймагындагы К.Жакыпов атындагы көчөсүнүн бир бөлүгүнө тротуар ачуу үчүн 706-бөлүмдүн  3111-беренесине -252 100 сом;

-Соттун аткаруу барактарын аткарууга алуу үчүн 706-бөлүмдүн  2823-беренесине 18 400 сом;

-Мырза Гапаров жана Камбаралы Бобуловтун айкелин Ноокат шаарындагы Н.Исанов атындагы эс алуу багына  орнотуу үчүн 706-бөлүмдүн  3111-беренесине 50 000  сом;

-Кара-Турпак участкасынын көчөлөрүнө шагыл тошоо үчүн 706-бөлүмдүн  2221-беренесине 302 000 сом;

-М.Эргешов жана С.Алимбаев атындагы көчөлөрүнө латок орнотуу үчүн 706-бөлүмдүн  3111-беренесине 652 000 сом;

-Кара-Турпак көчөсүнө электр мамыларын орнотуп линия тартуу үчүн 706-бөлүмдүн  3111-беренесине 259 100 сом;

           2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кенешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXXII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

4

25.01.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак кварталынын Кара-Турпак көчөсүнө суу түтүктөрүн тартуу жана алмаштыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак кварталынын Кара-Турпак көчөсүнө суу түтүктөрүн тартуу жана алмаштыруу үчүн "Ноокат суу канал" чарбалык иштерди жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканага акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак кварталынын Кара-Турпак көчөсүнө суу түтүктөрүн тартуу жана алмаштыруу үчүн "Ноокат суу канал" чарбалык иштерди жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканага 200 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин. 

             2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кенешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXXII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

5

25.01.2017

Ноокат шаар  аймагынын    көчөлөрүндөгү көп жылдык   бак-дарактарды  кыркууга  уруксат берүү жөнүндө

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын        11-мартындагы  Ноокат районун калктуу конуштардагы электр чубалгыларын бак-дарактардан тазалоо иштерин жүргүзүү жөнүндөгү №62-б буйругунун негизинде Ноокат шаар аймагынын көчөлөрүндөгү  көп жылдык бак-дарактардын бүгүнкү күндө эскилиги  жетип, адам өмүрүнө  жана атайын уюшулган автотоктомдорго токтотулган автоунааларга коркунуч жаратуу менен бирге шаар аймагындагы көчөлөргө орнотулган лотоктордун  дүмүрлөрүн бузуп, жамгыр жааган убакта   суу көбөйүп, натыйжада жолго суу ашкандыгы жана катуу шамал, жаан чачындарда адамдардын коопсуздугуна да  коркунуч жараткандыгын  эске алып,  Ноокат шаар мэриясынын  алдындагы муниципиалдык  менчик департаментинин  2017-жылдын                24-январындагы  №07-4ү13  катын  талкуулап,  Ноокат шаардык кеңешинин     муниципиалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер  боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин  5-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат райондук экология бөлүмүнүн    уруксаты   менен  Ноокат шаар   аймагынын  көчөлөрүндөгү   көп жылдык эскилиги жеткен  бак-дарактарды   кыркууга   макулдук  берилсин. 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин     муниципиалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кенешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXXII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

6

25.01.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы   кара малдарды  идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал үчүн кызмат акы алууга макулдук берүү жөнүндө

2013-жылдын 6-июнундагы кара малдарды  идентификациялоо жана "Ветеринария" жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, 2014-жылдын 5-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №694-токтому менен бекитилген Кыргызстанда жаныбарларды идентификациялоо эрежелеринин негизинде пилоттук район болуп тандалип, аталган долбоордун үстүндө иш алып барылуусуна байланыштуу  Ош облусунун Ноокат районунун аймагында малды идентификациялоо, малга идентификациялык номерди берүү тартибин жүргүзүү жана уюштуруу боюнча  2017-жылдын 17-январында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында өткөрүлгөн жыйындын №1-протоколун  аткарууга алуу максатында, ар бир малдын кулагына бирка тагуу үчүн кызмат акы алуу каралган. Ноокат шаарынын аймагында малдардын кулагына биркаларды тагууга тийиштүү кызматкерлерге ар бир мал үчүн 30 сомдон акы берүү көрсөтүүлгөндүгү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын 24-январындагы №01-15ү8 сураныч катын жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                         31-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык,  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагында идентификациялоо жүргүзү боюнча малдардын кулагына биркаларды тагууга тийиштүү кызмат көрсөткөдүгү үчүн малды ээси тарабынан ар бир мал үчүн 30 сомдон төлөп берүүсүна макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк  кылуу жагы   Ноокат шаардык  кеңешинин бюджет, финансы,  экономика,  соода маселелер  боюнча  туруктуу

Ноокат шаардык кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кенешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXXII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

7

25.01.2017

Ноокат шаарынын аймагындагы  муниципалдык жылуулук менен камсыздоо мекемесине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагындагы  муниципалдык жылуулук менен камсыздоо мекемесине А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жылылук берүү магистралдык трассасынын ондоо үчүн  253 500 сом Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты эсебинен ажыратылып берилсин.

 2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кенешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXXII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

8

25.01.2017

Ноокат шаар мэриясынын балдар бакчаларынан   2017-жылдын 1-январына карата атайын каражаттан калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын балдар бакчаларынан   2017-жылдын                1-январына карата атайын каражаттан калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын балдар бакчаларынан   2017-жылдын            1-январына карата атайын каражаттан калган калдыктын эсебинен төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлүп  берилсин:

-ОсОО Акбулутка тамак аштан калган карыз үчүн-7 500 сом;

-чп Шариповго тамак аштан калган карыз үчүн-163 000 сом;

-чп Ишматовго тамак аштан калган карыз үчүн-2 700 сом;

-чп Разыковго тамак аштан калган карыз үчүн-64 800 сом;

-Курманжан Датка балдар бакчасын ремонттоого-200 000 сом;

-Курманжан Датка балдар бакчасына ар түрдүү чыгымдарга-100 000 сом;

-Курманжан Датка балдар бакчасына эмеректерди алууга-152 500 сом;

-У.Салиева атындагы балдар бакчасына жаздык алууга-69 500 сом;

-Балапан балдар бакчасынын ажатканасын курууга-45 000 сом;

-Балапан балдар бакчасынаар түрдүү чыгымдарга-38 800 сом;

-Балапан балдар бакчасына көмүр алууга-10 000 сом;

-Балапан балдар бакчасына принтер алууга-15 000 сом;

-Кара-Турпак балдар бакчасына ремонттоого-28 000 сом;

-Кара-Турпак балдар бакчасына ар түрдүү чыгымдарга-40 000 сом;

           2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад