Саламатсыздарбы! Урматтуу депутаттар! Президиумга чакырылган коноктор! Ноокат шаарынын аймагында жашаган
атуулдардын социалдык абалы жана аларга көрсөтүлгөн
жардамдар жөнүндө сиздерге төмөндөгүлөрдү
билдиремин. Ноокат шаарынын аймагында 2304 үй-бүлө,
15463 калк жашайт, алар 4 айылга бөлүнгөн, аймакта 4 мектеп
иштеп, аларда 3933 окуучу окуйт, окубай калган бала жок, ошондой эле 4 бала бакчада 861 бала тарбияланат, 31 тарбиячы
эмгектенет. Аймакта 1571 пенсионер, пособие 475 54% жакыр үй-бүлөнү
түзөт. Ноокат шаар мэриясынын Социалдык
жактан коргоо бөлүмүнүн
2015-жылга бекитилген бюджетинин эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
№281 жана 2006-жылдын 23-августтагы №605 токтомунун 3-бөлүмүнүн
8-тиркемесине, 2010-жылдагы жана андан кийинки чыккан токтомдорго,
мыйзамдарга ылайык керектелүүчү акча каражаты сметага
ылайык 733951 сом акча каражаты каралып берилген. Акча каражатынын сарпталышы шаардык мэриянын токтомдору аркылуу статусу
бар атуулдарга түзүлгөн иш-чаралардын негизинде берилет,
атап айтканда бүгүнкү
күнгө чейин календардык майрамдарга каралган Улуу – Ата мекендик
согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ооган согушунун ардагерлерине,
ВИЧ-СПИД инфекциясына кабылгандарга , Баатыр
энелерге, тоголок жетим балдарга, жалпы оорулууларга, балалыгынан майып
болгондорго, кургак учук менен ооругандарга Кыргыз Республикасынын
2006-жылдагы №605 токтомуна ылайык акчалай жардамдар көрсөтүлүп келе жатат. Жогорудагы жумуштарды аткарып алып барууда бүгүнкү күнү ушул жерде олтурган
депутаттар, жетекчилер, ТОС башчылары, көчө комитеттери, коомдук
уюмдар ар дайым бизге жакындан жардам беришүүдө, аларга
ыраазычылык билдирүү менен ырахматымды айтамын. Сөзүмдүн акырында шаардык кеңештин
мындан аркы ишине ийгилик каалайм. Көңүл бурганыңыздар
үчүн рахмат. |
Ноокат шаар мэриясында каада-салттарды, үрп-адаттарды,ырым-жырымдарды
майрам-салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү
жобонун аткарылуусу боюнча
Ноокат шаар мэриясынын аялдар кенешинин төрайымынын билдирүүсү Ноокат шаары
26-май
2016-жыл Саламатсыздарбы Урматтуу президум жана бүгүнкү
сессиясынын катышуучулары. Аялдар кенешинин өздүк
курамы 12 кишиден түзүлүп, 2016-жылга иш-чара иштелип чыгып шаар
мэри тарабынан бекитилген. Аялдар кенешинин жалпы курамы, КААБ мүчөлөрү
, жаштар комитети, дин лидерлери,
активист тургундар, мектеп жана
бала-бакчалардын жетекчилери, /й-Бүлөлүк дарыгерлер
Тобу “Барын” жана “Медигос” борборлорунун тиешелүү дарыгер-врачтары, АДК мүчөлөрү
, ФАПтар, аймактык тескөөчү инспекторлору, ИДН инспектору менен
биргеликте каада-салттарды, үрп-адаттарды,
ырым-жырымдарды майрам-салтанаттарды тартипке келтирүү жана
уюштуруп өткөрүү тартиптери жөнүндөгү
жобонун аткарылуусу боюнча жергиликтүү
жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жер-жеринде жүргүзүп
иш чараларды өткөрүп келебиз. Аялдар кенеши, Ноокат шаарындагы “Барын”, ”Бостон”, ”Кара-Турпак”, “Таштак”
кварталдарынын ТОС башчылары
А.Маткосимов, М.Максимова, В.Ганиев, Тенизбай уулу Турусбек, дин
лидерлери Турсуналиева Тавакалхан,
Насридинова Майрамхон, Шералиева Насибахан ,Мирзаева Шахидалар жана квартал
комитетиндеги аялдар кенешинин төрайымдары, Шамшиева Розихан,
Абдразакова Акмарал, Мамадалиева Хамида,
көчө комитеттери
Эрматова Хавахон, Имамова
Бусара, Арапова Гулбаралар
менен биргеликте такай иш
алынып барылат. Каада-салттарды, үрп-адаттарды,
ырым-жырымдарды майрамдык -салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү
жобону аткарууда – Ноокат шаар мэриясынын аялдар кенеши өздүк
курамы менен биргеликте көп улуттуу калкыбыздын улуттар аралык биримдигин, ынтымагын бекемдөө менен коомубуздагы жат көрүнүштөргө каршы күрөш жүргүзүү ысырапкерчиликке жол бербөө, үй-бүлөлүк
бюджетти үнөмдөө, жаш өсүп келе жаткан
муундарыбызга сергек жашоого
багыт берүү менен өз
өлкөсүн сүйгөн, мекенчил патриот болууга тарбиялоого үндөп келет. Бул
милдеттерди турмушка ашырууда жалпы коомчулук биргеликте чогуу аркеттенип иш жүргүзүүбүз
бүгүнкү күндүн
зарылчылыгы. Ысырапкерчиликти ооздуктоо,
улуттук каада-салттарыбызды тартипке
келтирүү менен
биз ак эмгек менен тапкан
каражаттарыбызды үнөмдүү,
сарамжалдуулук менен пайдаланууга көнүшүбүз зарыл.
КР мыйзамдарынан жана мыйзам
актыларынан, КР дин тутуу эркиндиги
боюнча мыйзамынын жана 2010-жылдагы дин комиссиясынын типтүү
жобосунан, ыйык куранда жазылган
аяттардан жана Пайгамбарыбыз
Мухаммед САВ хадистеринде
жазылган сөздөрүнүн алынып, ал коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-с алттарды, үй-бүлөлүк
үрп адаттарды, этностук ырым
жырымдарды жана коомдо жаныдан пайда болуп
жаткан майрамдык
салтанаттарды тартипке келтирет
жана андагы зыяндуу ашыкча
убарагерчиликти,
ысырапкерчиликти, ыгым-чыгымды жоюу менен жарандардын үй-бүлөлөрүнүн экономикалык –социалдык жактан корголушун камсыздап, улуттук рухий
маданияттын чыныгы баалуулуктарын аруулап таанууга, сактап калууга, элдик
каада салттарды урматтоого негиз
болот.
Баланы үйлөндүрүү,
(келин алуу) , кыз узатуу, сүннөт
той, бешик той, бала төрөлгөндө акыйка кылуу,
маркумду узатуудагы ашыкча бидаяттар, элдик салтта орду жок кийинки кездерде келип чыккан абысындар отурушу,
бажалар отурушу, туугандар отурушу,
ажылар отурушу, кудалар отурушу, жаш келиндер отурушу,туулган күндү
белгилөө, алиппе майрамын белгилөө, ”Акыркы
конгуроо”, классташтар олутурушу, 50 жаш,60-жаш, күмүш той сыяктуу жөрөлгөлөрдү белгилеп өткөрүүдө
ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөөгө түшүндүрүү
иштери жергиликтүү ТОС
башчылары, активдердин кийилигишүүсү менен өткөрүлүүдө. /йлөнүү тою эки
жашка тен мыйзамда
уруксат берилген никелик куракка
жеткенде,өз ыктыярлары менен эки жаштын ата-энесинин өз
ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүүдө.
Бүгүнкү күндө
үйлөнүү тойлордо
ЗАГС ка 5 гана автомашина чыгуусу зарыл же болбосо
бир жетектөөчү автомашина
жана бир же эки даана “Спринтир”
микроавтобус машинасы чыгуусу белгиленген.
КР Кылмыш-Жаза
кодексине, КР Жазык-процесстик кодексине жана КР Административдик жоопкерчилилик жөнүндөгү кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр
киргизилип, КР Кылмыш-жаза кодексинин
281- статьясында каралган “транспорт
каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук
эрежелерин бузуу” кылмышы
жасалганда кошумча жаза катары колдонулат. Андан тышкары, КР Администрациялык
жоопкерчилик жөнүндө
кодекси “ Автобейбаштык” деген 249
жаны статья менен толукталат. Мында
автотранспорт каражатынын айдоочусунун же транспорт каражатында
болгон адамдардын коомдук тартипти
жана жарандардын тынчтыгын көз
көрүнө
бузган, коомго карата даана сыйлабастыкты билдирген, жол
кыймылынын жана транспорт
каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузуу менен коштолгон атайын аракети , ошондой эле бештен ашык
тарнспорт каражатынын үйлөнүү үлпөт коллоннасындагы тарнспорт каражатынын кыймылы
автобейбаштык катары каралган. Бул боюнча Ноокат шаар кварталдарынын ТОС башчылары, аялдар
кенешинин төрайымдары ар бири өз
аймактарында айылдын активистери менен
бирге ошол аймактагы үйлөнүү тоюн өткөрө турган
той ээлери менен жолугуп атайын
иштелип чыккан жобонун негизинде иш
алып баруусун эскертип, чыгарылган жобону аткаруу тууралуу маалымат беришип келет. Натыйжада
ашыкча автомашина, ашыкча чыгымдар кыскартылат. Бүгүнкү күндүн
талабына ылайык тойлорду кафе-ресторандарда өткөрүү
салттуу көрүнүшкө айланган . Ал эми колунда бар жарандарыбыз өздөрү
каалагандай эле той өткөрүп
жатканы жашыруун эмес, ашыкча
чыгымдарга жол берилип,
жогоруда чыгарылган жобо эске алынбастан кээ бир транспорт каражаттарынын ээлери ашыкча айыпка да кириптер болгондору жок эмес. Аялдар кенеши бекитилген иш-чаралардын
негизинде шаарыбызда каада-салттарды, үрп-адаттарды,
ырым-жырымдарды майрам-салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү
жобонун аткарылуусу боюнча
бир жолу райондук семинар уюштуруп өткөрдү, “/й-бүлө мамлекеттин
ячейкасы”, ”Миграциянын кыз балдарга
жана үй-бүлөгө тийгизен таасири “- деген темада театр
форумдарын, “Аялдардын үй-бүлөлүк бюджетке
кошкон салымы”, “Демилгелүү
ишкер айым”, ”Укугубузду коргойбуз”,
”Тынч жамаат”, мектеп окучуларынын арасында кыз балдардын эрте
турмушка чыгуусунун алдын алуу максатында “Нике “ –деген эмне деген
иш чараларды төгөрөк
столдордук өткөрүп моралдык жактан жашоочуларыбызга жардам көрсөттүк. Ошондой эле
“Эл аралык толеранттуулук үчүн”
Коомдук Фонду менен максаттуу иштөө багытында шаар аймагындагы кварталдарда жашоочу жаш үй-бүлөлөр арасында
“Мекеним менин Кыргызстан, Тил билсен –дил билесин” аттуу темада
атайын иш-чара түзүп, иш чаранын максатында
конкурс жарыяланып атайын критерия боюнча даярданган үй-бүлөлөрдүн
сынагын шаар тургундарынын көрүүсү алдында уюштуруп өткөрүп
женүүчүлөргө 1,2,3 орундар жана кызыктыруучу
белектер б.а. үй-тиричилигине
керектелүүчү
белектер тапшырылды. Ошондой
эле “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Коомдук
Фонду менен бирге иш алып баруунун
натыйжасында ушул фондун алдындагы “ Мутакаалим” Кыргызстанда этностор аралык тынчтыкты куруу максатындагы көп
сектордуу кызматташтык” долбоорунда дин тутуу жана диндин таасирлери
- деген темада Ош шаарында уюштурулуп өткөрүлгөн төгөрөк стол, тренинг –
семинарларга шаарыбыздагы дин лидерлери,
атинча аялдар, имам хатибдер , облустук жана Кыргызстан мусулмандар
казиятынын өкүлдөрү
менен бирге катышып атайын
сертификаттарды алынды. “Эл
аралык толеранттуулук үчүн”
көп секторлуу Коомдук
Фондунун долбоорунун алкагында мектеп жана медересе окуучулары менен
биргеликте “Келечек балдардын көз карашында” аттуу темада балдардын
ыр жана дил баян жазуу жана сүрөт
тартуу боюнча конкурсу жарыяланып жыйынтыгы Ош
шаарынын балдардын чыгармачылык
борборунда атайын жаштар кечеси
өткөрүлүп,
жогоруда аталган шаар аймагындагы жана районубуздагы бир топ мектептеринин жана Ноокат шарындагы “Көркөм
сүрөт жатак” мектеби,
Сулайман Тоо шаардык кенешинин,
Кара-Суу районунун, Араван районунун мектептеринин билимдүү жана таланттуу окуучулары катышып
алдынкы орундарга жетишип
Ноокат шаарынан жана
райондон барган алты мектептин жетекчилигине атайын баалуу фотоапараттар,
алдынкы орунга татыктуу болгон төрт окуучуга сапаттуу колдонулуучу чөнтөк телефондору тапшырылган.
Бириккен Улуттар
Уюмунун Тынчтыкты Куруу Фондунун колдоосу астында Бирикен
Улуттар Уюмунун Калк Фондунун (ЮНФПА) “Кыргызстанда этностор аралык тынчтыкты куруу максатындагы көп
сектордуу кызматташтык” долбоорунун алкагында
максаттуу 23 жамааттарынын аймагындагы мектеп, медересе окуучулары
менен биргеликте тынчтыкты курууга
багытталган жаштар форум-фестивалдары
жана ушул долбоордун финалдык жолугушуу кечеси Бишкек шаарында өткөрүлүп биринчи орунду Ноокат шаарынын Крупская
мектебинин окутуучусу, мектептин кыздар кенешинин төрайымы К.Калыкулова эжеке даярдаган
7-класстын окуучусу Талантбек кызы Нурзия утуп алып алдынкы сыйлыктар
менен сыйланып атайын сертификаттар алынды.
Бүгүнкү
күндө аялдар кенеши шаар
тургундары, мектеп директорлору, ТОС
башчылары, шаар мэриясынын кызматкерлери
менен биргеликте такай иш алып
келүүдө. Көнүл бургандарыныздарга чон рахмат. |
Ноокат
шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылыш XXXVI сессиясынын №4 токтомуна №1 тиркеме Ноокат
райондук ветеринардык жана
фитосанитардык коопсуздук
башкармалыгынын көзөмөлүндө
туруучу субьектердин жана жеке менчик ветеринардык сервистердин элге кызмат көрсөтүүнүн
баасы.
Акушерство и гинекология
Эскертуу: 1.Мамлекет камсыз кылынбаган дарылоо жана эмдоо учун
колдонулган даарынын акысын мал
ээсинин же буйрутма беруучу тарап
эсебинен толонот 2.Кызмат
корсотуу баасы келишимдин
негизинде вет.врачтын жана жергиликтүү
бийликтин макулдугу менен өзгөрүп кетүүсү
мумкун. Ноокат райондук ветеринардык фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы:
Э.Кааров |
Ноокат
шаардык кеңешинин 2016-жылдын
26-майындагы кезектеги IV чакырылыш XXXVI
сессиясынын №5 токтомуна №1 тиркеме №392
«Барын» участкалык шайлоо комиссиясынын курамына сунуш кылынган
талапкерлердин тизмеси
Ноокат
шаардык кеңешинин жоопту катчысы:-
М.Ярматов Ноокат
шаардык кеңешинин 2016-жылдын
26-майындеги кезектеги IV чакырылыш XXXVI
сессиясынын №5 токтомуна №2 тиркеме №398
«Бостон» учаскалык шайлоо комиссиясынын курамына сунуш кылынган
талапкерлердин тизмеси
Ноокат шаардык кеңешинин жоопту
катчысы:-
М.Ярматов Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 26-майындеги
кезектеги IV чакырылыш XXXVI
сессиясынын №5 токтомуна №3 тиркеме №399
«Крупская» участкалык шайлоо комиссиясынын курамына сунуш кылынган
талапкерлердин тизмеси
Ноокат шаардык кеңешинин жоопту
катчысы:-
М.Ярматов Ноокат
шаардык кеңешинин 2016-жылдын
26-майындеги кезектеги IV чакырылыш XXXVI
сессиясынын №5 токтомуна №4 тиркеме №452
«Кара-Турпак» участкалык шайлоо комиссиясынын курамына сунуш кылынган
талапкерлердин тизмеси
Ноокат шаардык кеңешинин жоопту катчысы:- М.Ярматов |