М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

XXXIII-1

05.03.2016

Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан 2016-жылдын 1-мартындагы №1/139-16 менен  берилген каршылык билдирүүсүнө (протест) негиз токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз  IV чакырылышынын XXXIII    сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXXIII-1

05.03.2016

 

Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан 2016-жылдын 1-мартындагы №1/139-16 менен  берилген каршылык билдирүүсүнө (протест) негиз токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө

Ноокат райондук прокуратурасынын 2016-жылдын 1 мартындагы  №1/139-16 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 10 бөлүгүнө таянип,  Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы  мыйзамдуулукту сактоо,  мандат, депутаттык этика,  өз алдынча башкаруу, коомдук  уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу жана Ноокат шаардык кеңешинин  муниципиалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу  комиссияларынын берген сунуштарына ылайык  Ноокат шаардык кенешинин 2015-жылдын 16-июнундагы №XXIII-3 сандуу,  2015-жылдын 30-июлундагы №XXIV-4 сандуу,  2015-жылдын 30-июлундагы №XXIV-5 сандуу, 2015-жылдын 29-августундагы №XXV-5 сандуу, 2015-жылдын 17-октябрындагы  №XXVI-3 сандуу,  2015-жылдын  15-декабрындагы №XXVII-2  сандуу,  2015-жылдын 24-декабрындагы    №XXVIII-7 сандуу токтомдорун жокко чыгаруу максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылдын 16-июнундагы №XXIII-3 сандуу,  2015-жылдын 30-июлундагы №XXIV-4 сандуу, 2015-жылдын 30-июлундагы №XXIV-5 сандуу, 2015-жылдын 29-августундагы №XXV-5 сандуу, 2015-жылдын 17-октябрындагы №XXVI-3 сандуу, 2015-жылдын 15-декабрындагы №XXVII-2 сандуу, 2015-жылдын 24-декабрындагы №XXVIII-7 сандуу токтомдоруна карата Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан  2016-жылдын  1-мартындагы  №1/139-16 менен берилген каршылык билдирүүсүнө (протест) негиз Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  2011-жылдын 15-июлундагы №101  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонундогу  31 беренесинин 10 бөлүгүнө ылайык жогорудагы токтомдор жокко чыгарылсын.

2.Токтомдун көчүрмөсү маалымат катары Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине  жана тийиштуу мекеме уюмдарга берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө,  Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы  мыйзамдуулукту сактоо,  мандат, депутаттык этика,  өз алдынча башкаруу, коомдук  уюмдар, дин иштери боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад