М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

XXXIX-1

11.10.2016

Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептерди,  балдар бакчаларынын күз-кышка  карата даярдыгы жөнүндө

2.

XXXIX-2

11.10.2016

Ноокат шаардык мэриясынын 2016-жылдагы  жергиликтүү бюджетине түзөтүү киригизүү жөнүндө

3.

XXXIX-3

11.10.2016

"Ноокат Коммунальщик"  ачык   типтеги акционердик коомунун   прейскуранттык бааларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

4.

XXXIX-4

11.10.2016

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңылоо үчүн шаар мэриясы тарабынан өздүк салым ажыратып беруу жөнүндө

5.

XXXIX-5

11.10.2016

Ноокат шаарынын аймагындагы  көчөлөрдөгү  бак-дарактарды кыйып, дүмүрлөрүн алып салуу үчүн акча  каражатын ажыратып берүү жөнүндө

6.

XXXIX-6

11.10.2016

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы АО "Ноокат Коммунальщик"  мекемесинин жумушчуларына кошумча акы (премия) төлөп берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин  кенешинин кезектеги V чакырылышынын XXXIX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXXIX-1

11.10.2016

 

Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептерди,  балдар бакчаларынын күз-кышка  карата даярдыгы жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын күз-кышка даярдыгы жөнүндө Ноокат   шаардык  кеңешинин  билим берүү,  саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык  коргоо маселелери боюнча   туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

             1.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептердин,  балдар-бакчаларынын   күз-кышка даярдыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

            2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы төмөнкү мектептер, балдар-бакчалары күз-кышка карата даярдык боюнча кемчиликтерин жоюу үчүн:

-А.Абдуллаев атындагы орто мектебине-25 000 сом;

-Н.Крупская атындагы орто мектебине-25 000 сом;

-Х.Самиев атындагы орто мектебине-25 000 сом;

-№4 "Кара-Турпак" балдар бакчасына-15 000 сом;

-У.Салиева атындагы балдар бакчасына-18 300 сом;

-"Балапан" балдар бакчасына-15 000 сом;

Жалпысы: 123 300 сом акча каражаты Ноокат  шаар  мэриясынын  2016-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

            3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат  шаардык кеңешинин  билим берүү,  саламаттыкты сактоо,  маданият,  спорт, туризм,  жаштар жана  өз алдынча  башкаруу,   социалдык коргоо маселелери боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин  кенешинин кезектеги V чакырылышынын XXXIX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXXIX-2

11.10.2016

 

Ноокат шаардык мэриясынын 2016-жылдагы  жергиликтүү бюджетине түзөтүү киригизүү жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын 2016-жылкы жергиликтүү бюджетинин 3112 (механизмдер жана өндүрүштүк жабдуулар) беренесине 504 473 сом акча каражаты Крупская атындагы орто мектебине бөлүштүрүлгөн. Азыркы күндө мектептин ашканасын оңдоп-түзөө муктаждыктары жаралгандыктан 3112 (механизмдер жана өндүрүштүк жабдуулар)  беренесиндеги 504 473 сом акча каражатын  2221 (утурумдук оңдоп түзөө) беренесине  жылдырып берүү жөнүндөгү  Крупская атындагы орто мектебинин директорунун, Ноокат шаардык мэриясынын каттарынын  жана Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.2016-жыл шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинде Н.К.Крупская атындагы орто мектепке бөлүштүрүлгөн 3112 (механизмдер жана  өндүрүштүк жабдуулар) беренесиндеги 504 473 сом акча каражатын 2221 (утурумдук оңдоп түзөө)  беренесине  жылдырып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин  кенешинин кезектеги V чакырылышынын XXXIX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXXIX-3

11.10.2016

 

"Ноокат Коммунальщик"  ачык   типтеги акционердик коомунун   прейскуранттык бааларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"Ноокат Коммунальщик"  ачык   типтеги акционердик коомунун колдонулуп келе жаткан прейскуранттык баалары бүгүнкү күндөгү инфляцияга байланыштуу  жаңы прейскуранттык бааларды кабыл алуу жана өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү "Ноокат Коммунальщик"  коомунун 2016-жылдын 6-октябрында  Ноокат шаардык кеңешине  жазган №48 катын угуп жана талкуулап,  Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу  комиссиясынын  сунушунун  негизинде   Ноокат шаардык  отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1."Ноокат Коммунальщик"  ачык   типтеги акционердик коомунун  жаны прейскуранттык баалары төмөндөгү таблица  боюнча бекитилсин.

 

Аталышы

Көлөмү

Суммасы

1

МТЗ-82.1 трактору менен катуу типтеги  акыр-чикирлерди ташуу

1 каттам үчүн

2560 сом

2

МТЗ-82.1-14 трактору менен катуу типтеги  акыр-чикирлерди ташуу

1 каттам үчүн

2545 сом

3

Автомашина  ГАЗ-3309 менен катуу типтеги  акыр-чикирлерди ташуу

1 каттам үчүн

2546 сом

4

Автомашина ГАЗ-3309 АС менен суюк  типтеги акыр-чикирлерди ташуу

1 каттам үчүн

2781 сом

5

МТЗ-82.1.15 трактору менен катуу типтеги  акыр-чикирлерди жуктөө жана сүрүү

1 сааты үчүн

614 сом

6

Т-40 трактору менен көчөнү тазалоо жана жуу

1 каттам үчүн

866 сом

7

Арыктарды тазалоо

1 м.куб үчүн

450 сом

8

Кошумча чыгашалар

Ар бир аткарылган иштин суммасынан

17,25%

 

 

2."Ноокат Коммунальщик"  ачык   типтеги акционердик коомуна  жаны прейскуранттык бааларды  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  монополияга  каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен  макулдашуу жагы  жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин  кенешинин кезектеги V чакырылышынын XXXIX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXXIX-4

11.10.2016

 

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңылоо үчүн шаар мэриясы тарабынан өздүк салым ажыратып беруу жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңылоо үчүн шаар мэриясы тарабынан өздүк салым ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңылоого 810 000 сом акча каражаты өздүк салым үчүн Ноокат  шаар  мэриясынын  2016-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

           2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин  кенешинин кезектеги V чакырылышынын XXXIX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXXIX-5

11.10.2016

 

Ноокат шаарынын аймагындагы  көчөлөрдөгү  бак-дарактарды кыйып, дүмүрлөрүн алып салуу үчүн акча  каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрдөгү  бак-дарактарды кыйып, дүмүрлөрүн алып салуу үчүн 260 000 сом акча  каражатын сметанын негизинде ажыратып берүү  жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрдөгү  бак-дарактарды кыйып, дүмүрлөрүн алып салуу үчүн 260 000 сом акча  каражаты ажыратылып  берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин  кенешинин кезектеги V чакырылышынын XXXIX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXXIX-6

11.10.2016

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы АО "Ноокат Коммунальщик"  мекемесинин жумушчуларына кошумча акы (премия) төлөп берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагынын тазалыгын камсыздоодо акыр-чикирди тазалоо жумуштарын аткарууда Ноокат шаар мэриясынын алдындагы АО "Ноокат Коммунальщик"  мекемесинин аткарган жумуштары үчүн түшкөн өздүк кирешесинин эсебинен ар квартал сайын  кошумча акы (премия) жумушчуларына төлөп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы АО "Ноокат Коммунальщик"  мекемесинин аткарган жумуштары үчүн түшкөн өздүк кирешесинин эсебинен ар квартал сайын  кошумча акы (премия) жумушчуларына төлөп берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад