М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

XXVII-1

15.12.2015

Ноокат шаардык мэриясынын  аппарат жетекчиси  Г.Жолдубаеванын    отчету жөнүндө

2.

XXVII-2

15.12.2015

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон жер аянттардын багытын  өзгөртүү    жөнүндө

3.

XXVII-3

15.12.2015

Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы  мектеп жана балдар  бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге  коммуналдык  жардам көрсөтүү  жөнүндө

4.

XXVII-4

15.12.2015

”Ноокат Суу канал” ишканасынын ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтерин жана көрсөткөн кызматтардын  тарифтерин бекитүү жөнүндө

5.

XXVII-5

15.12.2015

Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасынын  №1, №2 жылытуучу  от казандарын шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагына (балансына) кайтарып алуу  жөнүндө

6.

XXVII-6

15.12.2015

Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен  үнөм  болгон  акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга бөлүштүрүү  жөнүндө

7.

XXVII-7

15.12.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин  спорт аянтчасы болгон авто токтоочу жайдан ижарага берүүдөн  түшкөн акча каражаттын эсебинен  мектептин тосмолорун оңдоп-түзөө  иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү  жөнүндө

8.

XXVII-8

15.12.2015

Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатын  зарыл болгон  чыгымдарга жылдыруу  жөнүндө

9.

XXVII-9

15.12.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңылоого шаар мэриясы тарабынан каржылануучу өздүк салым жөнүндө

10.

XXVII-10

15.12.2015

2016-жаңы жылдык арчаны даярдоо, оюнчуктарды, жасалгаларды сатып алып келүү, арчаны жасалгалоо жана арчаны орнотууга,  шаардын жаштары арасында жаны жылдык салтанатты өткөрүү жөнүндө

11.

XXVII-11

15.12.2015

Ноокат шаарынын тургуну Саипова Чолпондун жашап жаткан үйүнүн тамын оңдоо үчүн жана Ноокат шаарынын Барын кварталынын тургуну майып  Эрматова Хавахонга дарыланууга  колдоо көрсөтүү жөнүндө

12.

XXVII-12

15.12.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук айлампасына, борбордук көчөлөрүнө жана  мектептердин айланаларындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайларга 25 даана жол белгилерин жасатып орнотууга жана Ноокат шаарынын аймагындагы Ош, О.Солтобаев, Ленин,  А.Мирмахмудов атындагы борбордук  көчөлөрүндө байма-бай пайда болуп жаткан унаа тыгындарын азайтуу максатында блокторду орноткон автокрандардын кызмат акысына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

13.

XXVII-13

15.12.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы Жаштык, С.Алимбаев №1, №2, №3, Бостон көчөлөрүнө төшөлгөн шагылды  тегиздөө үчүн грейдер кызмат акысына, Т.Умиров атындагы көчөсүнүн төшөлбөй калган жерине шагыл төшөөгө жана  Жамий көчөсүндө жайгашкан эски мазарды (көрүстөндү) эшиктерин, навес жана отургучтарын оңдоп түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

14.

XXVII-14

15.12.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы ээси жок дейди жолбун иттерди атып, жок кылуу үчүн жана транспорт кызматына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

15.

XXVII-15

15.12.2015

Ноокат шаарынын мэриясынын имаратын жылуулук менен камсыздоо максатында от жагуучу (кочегар) кызматына 2015-жылдын  1-ноябрынан 2016-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу от казандарын жылытуу эмгек акысы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

16.

XXVII-16

15.12.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин  от жагуучуларына керектүү буюмдарын алууга, трансформаторунун ичиндеги автоматын жаңылоого жана компьютер жайгашкан 4 каанасындагы  эшик-терезелерине темир тосмо орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-1

15.12.2015

 

Ноокат шаардык мэриясынын  аппарат жетекчиси  Г.Жолдубаеванын    отчету жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын  аппарат жетекчиси  Г.Жолдубаеванын    отчетун угуп жана талкуулап,   Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаардык мэриясынын  аппарат жетекчиси  Г.Жолдубаеванын     отчету канааттандырарлык   деп табылсын.

2.Ноокат шаарынын элине кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатуу, сессияда айтылган сын-пикир,  сунуштарды  аткаруу Ноокат шаар мэриясынын аппарат кызматкерлерине  милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту  сактоо,  депутаттык  этика, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-2

15.12.2015

 

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон жер аянттардын багытын  өзгөртүү    жөнүндө

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон жер аянттардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытына өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик  департаментинин катын жана муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап,  суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат районунун Н.Исанов айыл өкмөтүнүн Жаны-Базар айылынын А.Осмонбаев атындагы көчөсүнүн №3 үйүнүн тургуну Сайназар Уулу Кумарбекке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын Ленин атындагы көчөсүндө жайгашкан өзүнүн 77 чарчы метр жеке менчигиндеги соода дүкөнүнүн багыты “Медициналык борбор” деп өзгөртүлсүн.

2.Ноокат шаарынын С.Алимбаев көчөсүнүн №11 үйүнүн тургуну Мукимов Козимжон Турдумаматовичке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын  С.Алимбаев атындагы көчөсүндө жайгашкан өзүнүн жеке менчигиндеги үйүнүн 466 чарчы метр жер тилкесинин багыты ашкана  деп  өзгөртүлсүн.

3.Ноокат шаарынын Ханкелдиев көчөсүнүн №18 үйүнүн тургуну Искандаров Тахиржан Хусановичке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын  А.Лутфуллаев атындагы көчөсүндө жайгашкан өзүнүн жеке менчик 264 чарчы метр жер аянтындагы курулушунун багыты заманбап коммерциялык соода дүкөнү  деп  өзгөртүлсүн.

4.Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Сыдыков атындагы көчөсүнүн №1 үйүнүн тургуну Мамаюсупов Болотбек Шерановичге тиешелүү болгон Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүндө жайгашкан 38,13 чарчы метр жер аянтындагы  коммерциялык дүкөнүнүн  багыты коммерциялык  банк  деп  өзгөртүлсүн.

5.Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Сыдыков атындагы көчөсүнүн №1 үйүнүн тургуну Мамаюсупов Болотбек Шерановичке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүндө жайгашкан 60 чарчы метр жер аянтындагы  коммерциялык дүкөнүнүн багыты коммерциялык  банк  деп  өзгөртүлсүн.

6.Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүн Барын айылынын Барын  көчөсүнүн №63 үйүнүн тургуну Пирматов Набижан Турсуналиевичке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын А.Лутфуллаев атындагы көчөсүндө жайгашкан 880 чарчы метр “Саксанбай ата” ашканасынын ичинен, 150 чарчы метр жер аянтына кошумча ашкана багытында курулуш курууга  макулдук берилсин.

7.Ноокат шаарынын К.Жакыпов көчөсүнүн №8-6 үйүнүн тургуну Алиева КатираканТурдумаматовнага тиешелүү болгон Ноокат шаарынын  К.Жакыпов атындагы көчөсүндө жайгашкан өзүнүн жеке менчик 420 чарчы метр жер аянтындагы чарбалык курулуштар аянтында куруп, жашап жаткан 180 чарчы метр жер аянтындагы имаратынын  багытын турак жайга өзгөртүүгө макулдук берилсин.

8.Пайдалануу багытынын аталышына   өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо  Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.

9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.    

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-3

15.12.2015

 

Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы  мектеп жана балдар  бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге  коммуналдык  жардам көрсөтүү  жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы  мектеп жана балдар  бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык  жардам көрсөтүү   максатында Ноокат шаардык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептердин жана балдар  бакчаларында эмгектенип жаткан  педагогикалык кызматкерлерге    2015-жылдын  1-январынан баштап,  2015-жылдын 31-декабрына  чейин  иштеген айына карап ар ай сайын  500 сомдон 2721 беренесинен  жалпысы болуп  1080,0 мин сом акча каражаты 2015-жылда каралган жергиликтүү  бюждеттин эсебинен  төлөнсүн.

2.Токтомдун аткарылышын  көзмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин     бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-4

15.12.2015

 

”Ноокат Суу канал” ишканасынын ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтерин жана көрсөткөн кызматтардын  тарифтерин бекитүү жөнүндө

”Ноокат Суу канал” ишканасынын ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтерин жана көрсөткөн кызматтардын  тарифтерин бекитүү жөнүндөгү   “Ноокат Суу канал”-ишканасынын директору З. Камаловтун Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын атына жазган катын жана  муниципиалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын   берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.”Ноокат Суу канал” ишканасынын бүгүнкү күндө колдонулуп келе жаткан ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтерин жана көрсөткөн кызматтардын тарифтери  авариялар көбөйүп, бардык керектүү жабдуулар кымбаттагандыгын, инфляцияны эске алганда өзүн-өзү актабай жаткандыгына байланыштуу  калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу үчүн сунушталган төмөндөгүчө  тарифтер бекитилсин:

-калк үчүн 1 метр куб-11 сом 50 тыйын;

-бюджеттик мекемелер үчүн 1метр куб-11 сом 50 тыйын;

-комерциялык ишканалар үчүн 1метр куб-25 сом 00 тыйын;

-Техникалык шарттарды даярдоодо:

 -калк үчүн 1842 сом 00 тыйын;

 -юридикалык жактарга-2072 сом 00 тыйын;

- борбордук суу түтүктөрүнө улануу-3500 сом.

Калктын ичинен суу эсептегичи бар абоненттерге бир жыл ичинде 25% жеңилдик берилсин. 

2.”Ноокат Суу канал” ишканасынын ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтерин жана көрсөткөн кызматтардын  тарифтерин пайдалануу нормалары 2016-жылдын 1-январынан баштап колдонулсун.

3.”Ноокат Суу канал” ишканасынын ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтерин жана көрсөткөн кызматтардын  тарифтерин пайдалануунун  жаны нормалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  монополияга  каршы жөнга салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен  макулдашуу жагы  жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципиалдык  менчик,  өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-5

15.12.2015

 

Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасынын  №1, №2 жылытуучу  от казандарын шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагына (балансына) кайтарып алуу  жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасынын  №1, №2 отканаларын муниципалдык менчикке    кабыл алуу жөнүндөгү  Ноокат шаарынын муниципалдык менчик  департаментинин катынын жана Ноокат шаардык кенешинин  муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралгандыгынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин заседаниеси

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1.Ноокат шаарынын аймагында  жайгашкан Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасынын №1, №2 отказандары Ноокат шаар мэриясынын алдындагы  муниципалдык менчик  департаментинин карамагына (балансына) өткөрүлүп алынсын.

2.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы  муниципалдык менчик  департаментинин карамагына (балансына) өткөрүлгөн от казандарын  күз- кыш мезгилине даярдык көрүү, керектүү көмүр менен камсыздоо, оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү, түзүлгөн бөлүмдүн атайын эсептик счетун, штаттык бирдигин, каржылоо булактарын туура  пайдалануу жагын уюштуруу жана козомолдоо шаар мэриясынын алдындагы  муниципалдык менчик  департаментине жүктөлсүн.

            3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-6

15.12.2015

 

Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен  үнөм  болгон  акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга бөлүштүрүү  жөнүндө

Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан   жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 182 000  сом, жалпысы 182 000 сом акча каражатын  зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:

2221 - Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан С.Алимбаев атындагы көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн айланасына 4 даана септик куруу үчүн-132 000 сом;

2215 - Айыл чарба багытында 2016-жыл ичинде айыл чарба каттоосун өткөрүүгө калктуу конуштардын карталарын түзүүгө-50 000 сом; 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын. 

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-7

15.12.2015

 

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин  спорт аянтчасы болгон авто токтоочу жайдан ижарага берүүдөн  түшкөн акча каражаттын эсебинен  мектептин тосмолорун оңдоп-түзөө  иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү  жөнүндө

Ноокат шаардык кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы XXVI-V Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармасынын 2012-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндөгү токтомунун №4 беренеси Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык менчик мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн, салык эмес кирешелерден түшкөн акча-каражаттарынын 35% муниципалдык менчик башкармасынын ишмердигин алып барууга жумшалсын, ал эми калган 65%  шаар мэриясынын негизги эсебине ай сайын которулсун деген беренесине негиз  Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясынын берген тактамасын карап,   Ноокат шаардык кеңешинин  сессиясынын  отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан   жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 48 750  сом, жалпысы 48 750 сом акча каражатын  зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:

1.Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин  спорт аянтчасына тиешелүү болгон автотоктоочу жайдан ижарага берүүдө 2015-жылдын июль айынан баштап декабрь айына чейинки 6 айда түшкөн 75 000 сом акча каражаттын эсебинен  65% же тактап айтканда  2221 беренесинен 48 750  сом мектептин тосмолорун оңдоп-түзөө  иштерине  жумшалсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-8

15.12.2015

 

Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатын  зарыл болгон  чыгымдарга жылдыруу  жөнүндө

Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатын  зарыл болгон  чыгымдарга жылдыруу  жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан   жыл жыйынтыгы менен үнөм 709 бөлүмдүн 2224 беренесинен 500 000 сом  2721 беренесинен 150 000 сом 3112 беренесинен 491 300 сом, жалпысы 1141 300 сом акча каражатын  зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга бөлүштүрүлсүн:

2224-Ноокат шаардык мэриясынын аппаратына көмүргө -131 500 сом;

2233-Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасына-814 000 сом;

3111-Мектептерди капиталдык ремонттоого-50 000 сом;

2221-Абдуллаев мектебин тосмосун ремонттоого-30 000 сом;

2215-Ноокат шаардык мэриясына жана шаардык кеңешке ар түрдүү чыгымдарга-80 000 сом;

2222-Ноокат шаардык мэриясына керектелүүчү эмеректерди сатып алууга-                    20 000 сом;

2224-Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебине көмүргө -15 800 сом;

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-9

15.12.2015

 

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңылоого шаар мэриясы тарабынан каржылануучу өздүк салым жөнүндө

Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга бөлүштүрүү    жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңылоого шаар мэриясы тарабынан каржылануучу өздүк салым үчүн 600 000 сом акча каражаты Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-10

15.12.2015

 

2016-жаңы жылдык арчаны даярдоо, оюнчуктарды, жасалгаларды сатып алып келүү, арчаны жасалгалоо жана арчаны орнотууга,  шаардын жаштары арасында жаны жылдык салтанатты өткөрүү жөнүндө

2016-жаңы жылдык арчаны даярдоо, оюнчуктарды, жасалгаларды сатып алып келүү, арчаны жасалгалоо жана арчаны орнотууга, шаардын жаштары арасында жаңы жылдык салтанатты өткөрүү  жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан   жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 2512 беренесинен 100 000  сом, 708 бөлүмдүн 2215 беренесинен 150 000  сом жалпысы 250 000 сом акча каражатын  зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:

-2512-беренесинен 2016-жаңы жылдык арчаны даярдоо, оюнчуктарды, жасалгаларды сатып алып келүү, арчаны жасалгалоо жана арчаны орнотуу үчүн 100 000 сом;

-2215-беренесинен Шаардын жаштары арасында жаны жылдык салтанатты өткөрүү үчүн 150 000 сом акча каражаты Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-11

15.12.2015

 

Ноокат шаарынын тургуну Саипова Чолпондун жашап жаткан үйүнүн тамын оңдоо үчүн жана Ноокат шаарынын Барын кварталынын тургуну майып  Эрматова Хавахонга дарыланууга  колдоо көрсөтүү жөнүндө

Ноокат шаарынын тургуну Саипова Чолпондун жашап жаткан үйүнүн тамынан тамчы өтүп жаткандыгына жана Ноокат шаарынын Барын кварталынын тургуну майып  Эрматова Хавахонга  дарылануу үчүн   колдоо көрсөтүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын тургуну Саипова Чолпондун жашап жаткан үйүнүн тамын оңдоо үчүн 10 000 сом  акча каражаты Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

2.Ноокат шаарынын Барын кварталынын тургуну майып Эрматова Хавахонга  дарылануу үчүн 5 000 сом  акча каражаты Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

12

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-12

15.12.2015

 

Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук айлампасына, борбордук көчөлөрүнө жана  мектептердин айланаларындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайларга 25 даана жол белгилерин жасатып орнотууга жана Ноокат шаарынын аймагындагы Ош, О.Солтобаев, Ленин,  А.Мирмахмудов атындагы борбордук  көчөлөрүндө байма-бай пайда болуп жаткан унаа тыгындарын азайтуу максатында блокторду орноткон автокрандардын кызмат акысына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук айлампасына, борбордук көчөлөрүнө жана  мектептердин айланаларындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайларга 25 даана жол белгилерин жасатып орнотууго жана Ноокат шаарынын аймагындагы Ош, О.Солтобаев, Ленин,  А.Мирмахмудов атындагы борбордук  көчөлөрүндө байма-бай пайда болуп жаткан унаа тыгындарын азайтуу максатында блокторду орноткон автокрандардын кызмат акысына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан   жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 125 400  сом, жалпысы 125 400 сом акча каражатын  зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:

2222 - Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук айлампасына, борбордук көчөлөрүнө жана  мектептердин айланаларындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайларга 25 даана жол белгилерин жасатып орнотуу үчүн 45 400 сом акча каражаты Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

2215 - Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук  көчөлөрүнөгү унаа тыгындарын азайтуу максатында Ош, О.Солтобаев, Ленин, А.Мирмахмудов атындагы көчөлөрүндөгү блокторду орноткон автокрандардын кызмат акысы үчүн-80 000 сом акча каражаты Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

13

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-13

15.12.2015

 

Ноокат шаарынын аймагындагы Жаштык, С.Алимбаев №1, №2, №3, Бостон көчөлөрүнө төшөлгөн шагылды  тегиздөө үчүн грейдер кызмат акысына, Т.Умиров атындагы көчөсүнүн төшөлбөй калган жерине шагыл төшөөгө жана  Жамий көчөсүндө жайгашкан эски мазарды (көрүстөндү) эшиктерин, навес жана отургучтарын оңдоп түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы Жаштык, С.Алимбаев №1, №2, №3, Бостон көчөлөрүнө төшөлгөн шагылды  тегиздөө үчүн грейдер кызмат акысына, Т.Умиров атындагы көчөсүнүн төшөлбөй калган жерине шагыл төшөөгө жана  Жамий көчөсүндө жайгашкан эски көрүстөндү ондоп түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген акча каражатынан жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 198 400  сом, жалпысы 198 400 сом акча каражатын  зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:

2215 - Ноокат шаарынын аймагындагы Жаштык, С.Алимбаев №1, №2, №3 жана Бостон көчөлөрүнө төшөлгөн шагылды  тегиздөө үчүн грейдер кызмат акысына 98 000 сом акча каражаты Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

2221 - Ноокат шаарына караштуу Т.Умиров атындагы көчөсүнүн төшөлбөй калган жерине шагыл төшөө үчүн 50 400 сом акча каражаты Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

2221 - Ноокат шаарынын аймагындагы “Кара-Турпак” кварталынын Жамий көчөсүндө жайгашкан эски мазардын (көрүстөндүн) эшиктерин, навес жана отургучтарын оңдоо үчүн 50 000 сом акча каражаты Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

14

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-14

15.12.2015

 

Ноокат шаарынын аймагындагы ээси жок дейди жолбун иттерди атып, жок кылуу үчүн жана транспорт кызматына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы ээси жок дейди жолбун иттерди атып, жок кылуу үчүн жана транспорт каражатына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан   жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 50 000  сом, жалпысы 50 000 сом акча каражатын  зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:

2215 - Ноокат шаарынын аймагындагы ээси жок дейди жолбун иттерди атып, жок кылуу үчүн 40 000 сом, транспорт кызматына 10 000 сом акча каражаты Ноокат  шаар  мэриясынын  2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон  акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

           2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

15

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-15

15.12.2015

 

Ноокат шаарынын мэриясынын имаратын жылуулук менен камсыздоо максатында от жагуучу (кочегар) кызматына 2015-жылдын  1-ноябрынан 2016-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу от казандарын жылытуу эмгек акысы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын мэриясынын имаратын жылуулук менен камсыздоо максатында от жагуучу (кочегар) кызматына 2015-жылдын  1-ноябрынан 2016-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу от казандарын жылытуу эмгек акысы үчүн акча каражатын ажыратып берүү  жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан   жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 10 623  сом, жалпысы 10 623 сом акча каражатын  зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин.

-Ноокат шаарынын мэриясынын имаратын жылуулук менен камсыздоо максатында от жагуучу (кочегар) кызматына 2015-жылдын  1-ноябрынан убактылуу от казандарын жылытууга:

2111 -  эмгек акысы үчүн 9060 сом;

2121 – соц фонду учун 1563 сом акча каражаты Ноокат  шаар  мэриясынын  акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

16

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXVII-16

15.12.2015

 

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин  от жагуучуларына керектүү буюмдарын алууга, трансформаторунун ичиндеги автоматын жаңылоого жана компьютер жайгашкан 4 каанасындагы  эшик-терезелерине темир тосмо орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин  от жагуучуларына керектүү буюмдарын алууга, трансформаторунун ичиндеги автоматын жаңылоого жана компьютер жайгашкан 4 каанасындагы  эшик-терезелерине темир тосмо орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан   жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 709 бөлүмдүн 2221 беренесинен 70750  сом, жалпысы 70750 сом акча каражатын  зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:

-3112-Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин от жагуучуларына керектүү буюмдарын алууга, трансформаторунун ичиндеги автоматын жаңылоо үчүн 31 300 сом;

 

-2221-Хамиев атындагы орто мектебинин компьютер жайгашкан 4 каанасындагы жаңы  эшик-терезелерине темир тосмо орнотуу үчүн 39 450 сом;

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад