Дата публикации 11.02.2015

 

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз  IV чакырылышынын

XIX  сессиясынын отуруму

ТОКТОМУ  №XIX-1

Ноокат шаары                                                                                  29-январь  2015-жыл

Ноокат шаар кеңешинин төрагасы А.М.Гафаровдун аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө.

Ноокат шаар кеңешинин төрагасы А.М.Гафаровдун 2013-жылдын 11-июнунан ушул күнгө чейын аткарган иштери жөнүндөгү отчетун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши сессиясы 

                Токтом кылат:

 

1. Ноокат шаар кеңешинин төрагасы А.М.Гафаровдун 2013-жылдын 11-июнунан ушул күнгө чейын аткарган иштери жөнүндөгү отчету  эске алынсын.

2.Ноокат шаарынын  аймагында 2015-жылда аткарыла турган  иштерди,  сессияда айтылган сын-пикир,  сунуштарды  аткаруу  жагы Ноокат шаар кеңешинин депутаттарына жана шаардык кеңештин  аппарат кызматкерлерине  жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаар кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 Ноокат шаардык

 кенешинин төрагасы:-                                                     А.Гафаров

                                                

 

 

 

 

 

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз  IV чакырылышынын XIX     

сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМУ   №XIX-2

Ноокат шаары                                                                                         29-январь  2015-жыл

Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө

Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылга түзүлгөн иш-планын угуп  жана талкуулап,  Ноокат шаардык кеңеши сессиясы

                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.

            (План тиркелет)

2.Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылга түзүлгөн иш-планынын толук аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы А.Гафаровга тапшырылсын.

 

 

Ноокат  шаардык кеңешинин

төрагасы:-                                                    А.Гафаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ноокат шаардык   кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы кезектсиз IV чакырылыш XIX сессиясынын  №2 токтомуна №1 тиркеме

Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылга перспективалик

ИШ ПЛАНЫ

          Шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелер:

                             I чейректе каралуучу маселелер:

1.Ноокат шаар мэриясынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери боюнча Ноокат шаарынын мэринин отчету.

          Билдирүү  берет: Ноокат шаарынын мэри О.Тургунбаев

2. Ноокат шаардык мэриясынын 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин      аткарылышы жана 2015-жылга  шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетин бекитүү  жана  Ноокат  шаардык мэриясынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетин жана 2016-2017-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолун бекитүү  жөнүндө.

Билдирүү  берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы

3. Ноокат шаардык мэриясынын 2013-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга  шаардык кенешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.

Билдирүү  берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы

4.Ноокат  шаардык мэриясынын 2015-2017-жылга  социалдык-экономикалык  өнүгүү планын бекитүү жөнүндө.

Билдирүү   берет: Ноокат шаардык мэриясынын аппарат жетекчысы  Г.Жолдубаева

 

                                      II чейректе каралуучу маселелер:

          1.Ноокат шаардык мэриясынын  киреше бөлүмүнүн башчысы М.К.Салиевдын  аткарган иштери тууралуу отчету.

          Билдирүү берет: Киреше бөлүмүнүн башчысы  М.К.Салиев

         2.Ноокат шаар мэриясынын социал маселелер боюнча адисинин  отчету.

          Билдирүү берет:  Ноокат шаар мэриясынын социал маселелер боюнча адиси.

          3.Ноокат шаарынын муниципалдик менчик департаментинин 2014-жылда    жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.

Билдирүү берет: Ноокат шаарынын муниципалдик менчик департаментинин башчысы Ж.Нуридинов

4.Ноокат шаардык мэриясынын  алдындагы АООТ “Ноокат Комунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө.

Билдирүү берет: “Ноокат Комунальщик” ачык типтеги ишкананин жетекчиси А.Кадиров

 

                             III чейректе каралуучу маселелер:

 

          1.Ноокат  шаарынын 2015-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысынын билдирүүсү.

          Билдирүү  берет: Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы

   2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана  балдар бакчаларынын жаны окуу жылына даярдыгы жөнүндө.

    Билдирүү берет:   Туруктуу  комиссия

          3.Ноокат шаардык мэриясынын вице мэри Д.М.Тажибаевдын отчету.

Билдирүү берет:   Ноокат шаардык мэриясынын вице мэри Д.М.Тажибаев

                       

                                IV чейректе каралуучу маселелер:

 

          1.Ноокат  шаарынын 2015-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы     Билдирүү  берет:  Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы

          2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин кышка карата даярдыгы жөнүндө.

Билдирүү берет: Туруктүү комиссия

3. Ноокат шаардык мэриясынын  аппарат жетекчысы  Г.Жолдубаеванын    отчету

Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын  аппарат жетекчысы  Г.Жолдубаева

 

                                              

 

 

 

                                               II. Уюштуруу практикалик иш чаралар.

 

1

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз РеспубликасынынОш облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана токтомдорун, буйруктарын аткарылышын көзөмөлгө алуу жана атуулдардын арыз-даттанууларына өз убагында жооп берүүнү камсыз кылуу.

I-чейрек 2015-жыл

Шаардык  кеңештин аппараты

2

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин №269 токтомунун  негизинде шаардын аймагында  медицина  тармагында  аткарылып жаткан  иш- чаралар  боюнча  анализ маалымдоо

 

II-чейрек

Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары

3

Билим беруу тармагындагы Крупская, А.Абдуваитов, Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы орто мектептериндеги  инвентарлардын  жана компютердик  класстардын  учурдагы абалын талдоо

I-чейрек

Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары

4

Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы Крупская, А.Абдуваитов, Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы орто мектептериндеги  спортук  аянтчалар жана спорт залдардын  абалы боюнча туруктуу комиссияда кароо

I-чейрек

Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары

5

Шаардык кенештин туруктуу  комиссияларынын иш жургузуусуно  комок корсотуу

 

Дайыма

Шаар кеңештин аппараты

6

Кыргыз  Республикасынын Мыйзам  актыларын  жергиликтуу  оз алдынча башкаруу  иштери боюнча  улуттук  агенттигинин  чечимдерин  жана  тиешелуу  кенештин регламенти  тарабынан берилген  ыйгарым  укуктарды  жузоого ашырууда  аткарылып жаткан  иштердин  абалы тууралуу туруктуу  комиссиялардын отурумунда  маселе карап  сессиянын  кароосуна сунуштоо:

 

 

Апрель, май, июль, сентябрь

Шаар кеңештин аппараты

7

Шаар мэриясында иштеген муниципалдик кызматкерлердин функционалдык милдеттерин аткаруудагы жоопкерчилигин көзөмөлдөө

Жыл ичинде

Шаар кеңештин аппараты

8

Атуулдардан келген арыз даттануулар менен иштөө, аларга мыйзам чегинде өз убагында жооп берүү

Дайыма

Шаар кеңештин аппараты

9

Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар арасында отчетторун угууну уюштуруу

Атайын графиктин негизинде

Шаар кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар

10

Шаардык мэрияда КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдө

Дайыма

М.Ярматов,

Мыйзамдуулукту  сактоо,  мандат, депутаттык  этика, өз алдынча башкаруу,  коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

 

11

Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө

Дайыма

М.Ярматов,

Мыйзамдуулукту  сактоо,  мандат, депутаттык  этика, өз алдынча башкаруу,  коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

 

12

Шаардык мэрияда иштеген муниципалдык кызматкерлердын бош орундарына кадрларды конкрустук жол менен  кабыл алынуусун уюштуруу

Дайыма

М.Ярматов, шаар кеңештин аппараты

13

Кесиптик майрамдарга карата алдыңкы кызматкерлерди шаардык кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйлоо

Кесиптик майрамга карата

М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты

14

Жергиликтүү кеңештин чыгып калган депутаттарынын ордун толуктоо көрүү

Дайыма

М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты

15

Шаар кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө

Дайыма

М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты

 

Ноокат шаардык кеңешинин

 жооптуу катчысы:                                                                                      М.Ярматов

 

Ноокат шаардык кеңешинин  (IV – шайланган) кезексиз

XIX    сессиясынын отуруму

ТОКТОМУ   №XIX -3

Ноокат шаары                                                                                          29-январь  2015-жыл

Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын  кезектеги  X  сессиясынын заседаниесинин 2014-жыл  26-февралындагы  №X-11 токтомун Ноокат шаарынын аймагындагы  жер  аянттарын сатууга  2015-жылдын   31-декабрына  чейин мораторий жарыялоо жөнүндө кайрадан  жанылап берүү жөнүндө.

Ноокат шаарынын  аймагын кеңейтүү маселеси  каралып жаткандыгын эске алып,  ошондой эле борбордук көчөлөрдүн   кызыл сызыктары такталып, жолдордун кеңейтилишине  шарт түзүү максатында, муниципалдык менчик департаменти тарабынан  реестрин такталаганга чейин  Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат шаардык мэриясына тиешелүү болгон обьекттердин мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан  реестрин такталаганга чейин   шаардын аймагындагы  жер  аянттары,  конкрустук,  аукциондук  жана түз сатуу жолу менен сатууда  2015-жылдын  31-декабрь  күнүнө чейин  мораторий жарыялансын.

2.Ушул токтомдун бир нускасы маалымат катары  Ноокат шаардык мэриясына берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат  шаардык

кеңешинин төрагасы:-                                                                       А.Гафаров

 

 

Ноокат шаардык кеңешинин  (IV – шайланган) кезексиз

XIX    сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМУ  № XIX-4

 

Ноокат шаары                                                                                     29-январь  2015-жыл

Ноокат шаарында Кыргыз Республикасындагы  географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартибине ылайык  мораторий жарыялоо жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-июлундагы №159 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартиби жөнүндөгү”  Жобонун негизинде  Ноокат шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарында Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартибине ылайык 2015-жылдын 31-декабрына чейин мораторий жарыялансын.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту  сактоо,  депутаттык  этика, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

кеңештин төрагасы                                                                А.Гафаров

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз  IV чакырылышынын

XIX  сессиясынын отуруму

ТОКТОМУ    №XIX-5

Ноокат шаары                                                                                          29-январь  2015-жыл 

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон үйлөрдүн багытын  өзгөртүү жөнүндө.

              Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытын өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик  департаментинин катын жана муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап,  суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын ХХV партсьезд көчөсүнүн №47 үйүнүн тургуну Маматалиев Мухиддин Нурмаматовичга тиешелү болгон жеке менчик жер аянтынын 1400 чарчы метр ичинен 100 чарчы метринин багытын соода-сатык дүкөнү  деп өзгөртүлсүн.

2.Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн №31 үйүнүн тургуну Ташматов Махмуджанга тиешелү болгон жеке менчик 500,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 118,8  чарчы метринин багыты элге кызмат көрсөтүүчү коммерциялык дүкөн деп  өзгөртүлсүн.

3.Ноокат шаарынын М.Абдуллаев атындагы көчөсүнүн тургуну Махкамов Сардор Собировичке тиешелү болгон Ноокат шааарынын Ленин атындагы көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу 38,7 чарчы  метр аптека имаратынын багыты стоматолигиялык каана  деп  өзгөртүлсүн.

4.Ноокат шаарынын М.Эргашов көчөсүнүн тургуну  Мурзакулов Советбек Сыдыковичке тиешелү болгон 800,0 чарчы  метр жер тилкесинин ичинен 408,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын медициналык борбор   деп  өзгөртүлсүн.

5.Ноокат шаарынын Атаназар-Кары атындагы көчөсүнүн тургуну  Мирзаева Каримага тиешелү болгон 60 чарчы  метр жеринин ичинен 36 чарчы метр жер тилкесинин багыты УЗИ канасы деп  өзгөртүлсүн.

6.Ноокат шаарынын Бадалов көчөсүнүн тургуну  Валиханов Абдулвахобга тиешелү болгон жеке менчик 700 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 600 чарчы метринин багыты ашкана деп  өзгөртүлсүн.

7.Пайдалануу багытынын аталышына   өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо  Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.

8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.    

Ноокат шаардык кеңештин

төрагасы:                                                                 А.Гафаров

          

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз  IV чакырылышынын

XIX      сессиясынын отурумунун

ТОКТОМУ  №XIX-6

Ноокат шаары                                                                                          29-январь  2015-жыл 

Ноокат шаар мэриясынын аймагында аткарылбай калган жумуштарга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.

Ноокат шаар мэриясынын аймагында аткарылбай калган жумуштарга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясынын берген тактамасын карап,   Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын аймагында 2014-жылы аткарылбай калган жумуштарга   кошумча түшкөн киреше 3 457 801 сом жана атайын эсеб счетунан калган калдык 159 070 сом эсебинен төмөндөгү акча каражат ажыратылып берилсин:

-2512 -Ташлак участкасына труба орнотууга                                           -20 000 сом.

-2512-Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын оңдоо үчүн   -180 000 сом.

-2512-А.Абдуллаев атындагы орто мектептин спорт зал фундаментине                                   ОсОО “Аскарбек-Ата”                                                                                  -97 470 сом.

-2512-Ноокат шаарындагы  борбордук мечиттин  алдындагы сайга гобион сетка                                                                                                                 -72 900 сом.

-2512-Бостон, Кара-Турпак участкасына көпүрө үчүн (кошумча) -127 650 сом.                                                                                             

-3111-А.Абдуваитов  мектебине көмүр сактоо үчүн навес  курууга  -240 000 сом.

-3111-А.Абдуллаев  мектебине көмүр сактоо үчүн навес  курууга  -200 000 сом.

-3111-Бостон аймагында  Өзгөчө кырдалдар министрлиги                                       тарабынан  курула турулган көпүрөгө өз салымын  кошуу үчүн    -900 000 сом.                                                                                                    

-3111-“КОЕН” водозаборунун  айланасын тосуу үчүн                      -300 000 сом.                  

-3112-Абдуваитов атындагы орто мектебине трансформатор (КТП) орнотуу үчүн                              -310 000 сом.                                                                                                         3112-Муниципалдык менчик департаментин бөлмөлөрүнө мебель,                         инвентарь жана  занавеска  орнотуу                                                       -67 400 сом.

-3112-Ташлак  участкасына трансформатор (КТП) орнотуу  үчүн -310 000 сом.

-22154 (башка чыгымдарга): -Ноокат райондук архивине                     -20 000 сом.                                                            

-Ноокат шаар мэриясынын  алдындагы муниципалдык менчик  департаментинин Ош областынын райондор аралык сотунун аткаруу барагынын негизинде                                                                                    -2460 сом.

-Райондук архитектурага АПЗ даярдоо үчүн (КТП), У.Салиева атындагы  балдар   бакчасынын түндүк-батыш тарабына кошумча бөлмө  курулушуна (АПЗ)                                                                                                              -16 654 сом.

-Ноокат шаар мэриясынын  алдындагы муниципалдык менчик  департаментине канцеляриялык буюмдар үчүн                                                                    -7500  сом.

- Ноокат шаарынын аймагындагы жолбун иттерди атууга                -50 000 сом.

-2221-Н.Крупская  мектебинин от казандарын жана көмүр сактоочу кампасын  ремонттого                                                                         -300 000 сом.

-22151-Ноокат шаар мэриясынын  аймагындагы А.Абдуллаев  атындагы орто мектебинин  курулуп жаткан спорт  залынын курулушуна техникалык  көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн                                                                                    -10 000  сом.             

-Мэрия имаратынын курулушун көзөмөлдөөгө (надзор)                  -44 000 сом.

-2212-ОАО “Кыргызтелеком”                                                                   -23 152 сом.

 -22154-УГНС                                                                                                  -2 735 сом.

-3111-Шаар мэриясынын жаны имаратына пластик эшик-терезе                                                        жасоо үчүн ЧП “Раимбердиев Ж”                                                              -9 500 сом.

-2214-Ноокат шаарынын вице мэри Д.М.Тажибаевдин менчик                                автоунаасына бензин кую үчүн МПА ГСМ                                            -5 000 сом.

-22154 (башка чыгымдарга):

-Шаардын аялдар кеңешине плакат даярдоого ЧП “Алматов”             -600 сом.

-Шаардын аймагындагы мектептерге журнал алуу үчүн                                                            ЧП “Курбанова”                                                                                         - 40 780 сом.

-2111-Техперсоналдардын эмгек акысына                                              -85 288 сом.

-2121-Соцфондга                                                                                                    -14 712 сом.

-2218-Шаардын аймагындагы балдар бакчаларынын тамак-ашына-159 070 сом.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.  

           Ноокат шаардык кеңештин

 төрагасы:                                                                                А.Гафаров                                                                                                                                                                         

Ноокат шаардык кеңешинин  (IV – шайланган)  кезексиз

XIX    сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМУ № XIX-7

Ноокат шаары                                                                                         29-январь  2015-жыл

Ноокат шаардык кеңешинин (IУ – чакырылышы)  түзүмүн  персоналдык курамдарына өзгөртүү киргизуу жөнүндө.

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттык фракциялардын сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, маселени талкуулоодо депутаттык фракциялар, депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 32-беренесинин 2-пункутуна жана шаардык кеңештин (IУ – чакырылышы)    2013-жылдын 6-июлундагы                             кезексиз  IV чакырылыш IV сессиясынын №10 токтому  менен бекитилген Регламентине негиз, Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 11-июнундагы II-I токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаардык кеңешинин (IУ – чакырылышы)  алдындагы ар дайым иштөөчү туруктуу комиссияларынын персоналдык курамына  “Билим берүү ,  саламаттыкты сактоо,  маданият,  спорт, туризм,  жаштар   жана   социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясы”нын мүчөсү Моминов Махмуджон  Турдукулович  “Мыйзамдуулукту  сактоо,  мандат, депутаттык  этика, өз алдынча башкаруу,  коомдук уюмдар,  дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссия”сына өткөрүлсүн.

2. Ноокат шаардык кеңешинин (IУ – чакырылышы)  алдындагы ар дайым иштөөчү туруктуу комиссияларынын персоналдык курамына “Мыйзамдуулукту  сактоо,  мандат, депутаттык  этика, өз алдынча башкаруу,  коомдук уюмдар,  дин иштери маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын мүчөсү Маманова Асылкан Мамановна  “Билим берүү ,  саламаттыкты сактоо,  маданият,  спорт, туризм,  жаштар   жана   социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссия”сына өткөрүлсүн.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы А.М.Гафаровга тапшырылсын.

Ноокат   шаардык

кеңешинин төрагасы:-                                                   А.Гафаров                   

Ноокат шаардык кеңешинин  (IV – шайланган) кезексиз

XIX    сессиясынын отуруму

ТОКТОМУ №XIX-8

 

Ноокат шаары                                                                                         29-январь  2015-жыл

Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен салыктарды жана жыйымдарды көбөйтүү максатында (келишимдин негизинде)  штаттык бирдик ажыратып берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын транспорттук каражаттарды жана айдоочулук составды каттоо департаменти менен өз ара макулдашуунун негизинде шаардык мэриянын  жергиликтүү бюджетин жогорулатуу  максатында, маселени талкуулап Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын транспорттук каражаттарды жана айдоочулук составды каттоо департаменти менен макулдашуунун негизинде шаардык мэриянын  жергиликтүү бюджетин жогорулатуу  максатында, иш жүргүзү үчүн  штаттык бирдик ажыратылып берилсин.

2.Шардык мэриясынын 2015-жылдын бюджетине өзүнүн эсебинен түшүрүлгөн кирешенин эсебинен 85 000 (сексен беш) миң сом акча каражаты эмгек акысы үчүн төлөнүп берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Ноокат   шаардык  кеңешинин алдындагы     бюджет,   финансы,  экономика,   соода  маселелери  боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылысын.

 

Ноокат шаардык

кеңешинин төрагасы:                                         А.Гафаров