Дата публикации 18.03.2015
Ноокат шаардык кеңешинин
кезектеги IV чакырылышынын XX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ №XX-1
Ноокат шаары
27-февраль 2015-жыл
Ноокат шаардык мэриясынын 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү
бюджети жана
2016-2017-жылдарга бюджеттин
болжолун бекитүү жөнүндө.
Ноокат шаардык
мэриясынын 2013-жылга шаардык бюджетинин аткарылышы, 2015-жылга каралган
жергиликтүү бюджетинин
жана 2016-2017-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү
маселени “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети
жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор
тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Ноокат шаардык кеңешинин “Бюджет, финансы,
экономика, соода” маселелер боюнча туруктуу
комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз
алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2015-жылга Ноокат шаардык мэриясынын
жергиликтүү бюджетинин кирешелери
39669,2 мин сомго жана
чыгашалары 39669,2 мин сомго бекитилсин.
2.2015-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү
булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1
тиркемеге ылайык аныкталсын.
Шаардык
бюджеттин чыгаша бөлүгү
2015-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде,ошону менен бирге биринчи кезекте
корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц.фондко чегерүү, тамак-аш
жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3.Ноокат шаардык мэриясынын
2016-2017-жылдарга шаардык
бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2, 3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
Кирешенин
болжолу 2016-жылга 43 246,2 мин сомго
жана 2017-жылга 47 534,2 мин сомго
белгиленсин.
Ноокат
шаардык мэриясынын 2016-2017-жылдарга
шаардык бюджетинин
негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде
кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
4.Атайын
каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча акча бөлүгү толугу менен
шаардык бюджеттик мекеменин
каржылоосуна калары аныкталсын.
5.Шаардык бюджеттик мекмелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы
аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого
тыюу салынсын.
Атайын
каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин
кассасы
аркылуу) чыгымдалган учурда
Кыргыз Республикасынын
«Кыргыз Республикасынын
2015-жылга республикалык бюджети
2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын
14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100
пайызы республикалык бюджетке алынып
коюлары эскертилсин.
6.Ноокат шаар
мэриясынын 2013-жылдагы шаардык
бюджеттин бекитилген киреше бөлүгү 80 780,3 мин сомго,
такталган планы 64 454,3 мин сомго, чыгаша бөлүгү 64 442,1 мин сомго
же кирешенин чыгашадан 12,2
мин сомго кем аткарылгандыгы № 4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.
7.Токтомдун
аткарылышына көзөмөлдүк
кылуу жагы Ноокат шаардык кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика,
соода маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык
кеңешинин төрагасы:- А.Гафаров
Ноокат шаардык кенешинин (IV-чакырылышы)
кезектеги XX-сессиясынын №XX-1 токтомуна
№1 тиркеме
Ноокат шаар мэриясынын
2015-жылга шаардык бюджети
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы |
12720 |
Бирдиктүү
салык декларациясы боюнча киреше салыгы |
|
Чакан
ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык |
70 |
Милдеттүү патентөө негизинде салык |
885 |
Ыктыярдуу
негизде патенттөө салыгы |
11250 |
Ишкердик
иш-аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы |
1002 |
Жеке
адамдардын транспорт каражатына салык |
825 |
Физикалык
тараптардан алынуучу жер салыгы |
140,2 |
Айыл
чарба багытындагы жер салыгы |
|
Айыл
чарба багытындагы эмес жер салыгы |
950 |
Сатуудан
түшкөн салык |
6605 |
Роялти |
|
Кен байлыктарды казуу үчүн
лицензия кармоо үчүн акы төлөө |
|
Калктуу
пункттардагы жерлерден алынуучу акы |
165 |
Жайыт
ижарасы үчүн акы |
|
Кайра
бөлүштүрүү
фондунун ижара акысы |
|
Таштанды төлөмү |
157 |
Мамлекеттик
алымдар |
300 |
Атайын каражаттар
|
4500 |
Административдик
штрафтар |
100 |
Активдер
жана милдеттенмелер |
|
Толуктоочу
грант |
|
Кирешелердин жыйынтыгы |
39669,2 |
Жалпы
максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр |
5359,5 |
Шаар
мэриясынын резервдик фонду |
396,0 |
Коргонуу |
200,0 |
Айыл
чарбасы |
|
Коммуналдык
чарба |
14668,3 |
Маданият |
401,0 |
Билим
берүү |
18301,5 |
Социалдык
коргоо |
738,9 |
Чыгашалар
жыйынтыгы: |
39669,2 |
Ноокат шаардык
мэриясынын
финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы:- М. Абдурасулов
Ноокат шаардык кеңешинин (IV-чакырылышы) кезектеги
XX-сессиясынын №XX-1 токтомуна №2 тиркеме
Ноокат шаар мэриясынын
2016-жылга шаардык бюджети (мин сом)
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы |
14552 |
Бирдиктүү
салык декларациясы боюнча киреше салыгы |
|
Чакан
ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык |
70 |
Милдеттүү патенттөө негизинде салык |
940 |
Ыктыярдуу
негизде патенттөө салыгы |
11783 |
Ишкердик
иш-аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы |
1002 |
Жеке
адамдардын транспорт каражатына салык |
825 |
Физикалык
тараптардан алынуучу жер салыгы |
140,2 |
Айыл
чарба багытындагы жер салыгы |
0 |
Айыл
чарба багытындагы эмес жер салыгы |
950 |
Сатуудан
түшкөн салык |
7762 |
Роялти |
0 |
Кен
байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө |
0 |
Калктуу
пункттардагы жерлерден алынуучу акы |
165 |
Жайыт
ижарасы үчүн акы |
0 |
Кайра
бөлүштүрүү
фондунун ижара акысы |
0 |
Таштанды төлөмү |
157 |
Мамлекеттик
алымдар |
300 |
Атайын
каражаттар |
4500 |
Административдик
штрафтар |
100 |
Активдер
жана милдеттенмелер |
0 |
Толуктоочу
грант |
|
Кирешелердин жыйынтыгы |
43246,2 |
Жалпы
максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр |
6262,8 |
Шаар
мэриясынын резервдик фонду |
432,4 |
Коргонуу |
500,0 |
Айыл
чарбасы |
|
Коммуналдык
чарба |
15842,0 |
Маданият |
700,0 |
Билим
берүү |
19118,7 |
Социалдык
коргоо |
822,7 |
Чыгашалар жыйынтыгы: |
43246,2 |
Ноокат шаардык
мэриясынын
финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы:- М. Абдурасулов
Ноокат шаардык кеңешинин (IV-чакырылышы кезектеги
XX-сессиясынын №XX-1 токтомуна №3
тиркеме
Ноокат шаар мэриясынын
2017-жылга шаардык бюджети
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы |
16677 |
Бирдиктүү
салык декларациясы боюнча киреше салыгы |
|
Чакан
ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык |
70 |
Милдеттүү патентөө негизинде салык |
1010 |
Ыктыярдуу
негизде патенттөө салыгы |
12383 |
Ишкердик
иш-аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы |
1002 |
Жеке
адамдардын транспорт каражатына салык |
825 |
Физикалык
тараптардан алынуучу жер салыгы |
140,2 |
Айыл
чарба багытындагы жер салыгы |
0 |
Айыл
чарба багытындагы эмес жер салыгы |
950 |
Сатуудан
түшкөн салык |
9255 |
Роялти |
0 |
Кен байлыктардуу казуу үчүн
лицензия кармоо үчүн акы төлөө |
0 |
Калктуу
пункттардагы жерлерден алынуучу акы |
165 |
Жайыт
ижарасы үчүн акы |
0 |
Кайра
бөлүштүрүү
фондунун ижара акысы |
0 |
Таштанды төлөмү |
157 |
Мамлекеттик
алымдар |
300 |
Атайын каражаттар
|
4500 |
Административдик
штрафтар |
100 |
Активдер
жана милдеттенмелер |
0 |
Толуктоочу
грант |
|
Кирешелердин жыйынтыгы |
47534,2 |
Жалпы
максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр |
4862,8 |
Шаар
мэриясынын резервдике фонду |
475,3 |
Коргонуу |
800 |
Айыл
чарбасы |
|
Коммуналдык
чарба |
21002 |
Маданият |
850 |
Билим
берүү |
19196,7 |
Социалдык
коргоо |
822,7 |
Чыгашалр
жыйынтыгы: |
47534,2 |
Ноокат шаардык
мэриясынын
финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы:- М. Абдурасулов
Ноокат шаардык кеңешинин (IV-чакырылышы) кезектеги
XX-сессиясынын №XX-1 токтомуна №4 тиркеме
Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү
бюджетинин киреше булагынын 2013-жылдын
аткарылышы
1 |
Кирешелердин түрлөрү |
2013-жыл |
||||
Бекитил- |
Такталган план |
Аткарылыш |
% |
|||
ген план |
||||||
|
||||||
1 |
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы |
20400 |
10400 |
10025,8 |
96,4 |
|
2 |
Бирдиктүү
салык декларациясы боюнча киреше
салыгы |
|
|
|
|
|
3 |
Чакан
ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык |
60 |
60 |
106,4 |
177,3 |
|
4 |
Милдеттүү
патенттөө негизинде салык |
570 |
705 |
704,9 |
100 |
|
5 |
Ыктыярдуу
негизде патенттөө салыгы |
9050 |
9397 |
9397,3 |
100 |
|
6 |
Ишкердик
иш-аракет жүргүзүү үчүн колдонулган
кыймылсыз мүлк салыгы |
802 |
802 |
1084,5 |
143,8 |
|
7 |
Жеке адамдардын
транспорт каражатына салык |
750 |
1004 |
1004,2 |
100 |
|
8 |
Физикалык
тараптардан алынуучу жер салыгы |
140,2 |
140,2 |
208,0 |
148,4 |
|
9 |
Айыл чарба
багытындагы жер салыгы |
|
|
28,3 |
|
|
10 |
Айыл чарба
багытындагы эмес жер салыгы |
850 |
850 |
1129,5 |
132,9 |
|
11 |
Сатуудан түшкөн
салык |
5700 |
5400 |
5572,1 |
103,2 |
|
12 |
Роялти |
|
|
|
|
|
13 |
Кен байлыктардуу
казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө |
|
|
|
|
|
14 |
Калктуу
пункттардагы жерлерден алынуучу акы |
165 |
165 |
176,2 |
106,8 |
|
15 |
Жайыт ижарасы үчүн
акы |
|
|
-3,2 |
|
|
16 |
Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы |
|
|
14,1 |
|
|
17 |
Таштанды төлөмү |
137 |
137 |
159,3 |
116,3 |
|
18 |
Башка кирешелер |
|
194 |
204,2 |
|
|
19 |
Мамлекеттик
алымдар |
2200 |
700 |
259,3 |
37 |
|
20 |
Атайын каражаттар
|
3439 |
3439 |
3689,3 |
107,3 |
|
21 |
Административдик
штрафтар |
1400 |
50 |
57,6 |
115,7 |
|
22 |
Активдер жана
милдеттенмелер |
|
477 |
476,3 |
99,9 |
|
|
Бардыгы: |
45663,2 |
33920 |
34294,1 |
1685 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Максаттуу грант |
35117,1 |
20302 |
20302 |
100 |
|
|
Толуктоочу грант
|
|
|
|
|
|
|
Респ.бюджеттен алынган каражат анын
ичинен |
|
1852 |
1852 |
100 |
|
|
-Эмгек акыны көбөй.алынган каражат |
|
|
|
|
|
|
-Мектептердин кезектеги ремонтуна |
|
296,8 |
296,8 |
100 |
|
|
- Коммуналдык кызматтар карыздарына |
|
|
|
|
|
|
1-4 класс окучуларын тамак ашына |
|
909,5 |
909,5 |
100 |
|
|
КР Өкмөтүнүн резервдик фондунан |
|
|
|
|
|
|
Жыл
башындагы калдык |
|
8380,4 |
8380,4 |
100 |
|
|
Жалпысы: |
80780,3 |
64454 |
64828 |
100,7 |
Ноокат шаардык
мэриясынын
финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы:- М. Абдурасулов
Ноокат шаардык кеңешинин (IV-чакырылышы) кезектеги
XX-сессиясынын №XX-1 токтомуна №5 тиркеме
Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү
бюджетинин киреше булагынын
2013-жылдын
аткарылышы
1 |
А т а л ы ш ы |
|
|
|
Айырмасы |
|
Бекитилген план |
Такталган план |
Аткарылыш (кассалык чыгаша) |
Бекитилген план |
Такталган план |
||
1 |
Башкаруу аппараты |
3722,3 |
3866,8 |
3866,8 |
144,5 |
0,0 |
2 |
Резервный фонд |
350,0 |
339,5 |
339,5 |
-10,5 |
0,0 |
3 |
Коргонуу |
|
|
|
|
|
4 |
Коомдук тартипти сактоо |
|
|
|
|
|
5 |
Айыл чарбасы |
|
|
|
|
|
6 |
Коммуналдык чарба |
16512,4 |
18580,8 |
18574,3 |
1067,5 |
-6,5 |
7 |
Маданият |
333,0 |
269,2 |
269,2 |
-63,8 |
0,0 |
8 |
Билим берүү |
59569,2 |
41189,5 |
41183,8 |
-18385,4 |
-5,7 |
9 |
Соц.коргоо |
643,4 |
548,0 |
548,0 |
-95,4 |
0,0 |
10 |
Активдер |
|
477 |
476,3 |
|
-0,7 |
11 |
Атайын каражаттар |
3439,0 |
3493,1 |
3492,1 |
53,1 |
-1,0 |
32 |
Жалпысы : |
80780,3 |
64454,3 |
64442,1 |
-12030,7 |
-12,2 |
Ноокат шаардык
мэриясынын
финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы:- М.
Абдурасулов
Ноокат шаардык кеңешинин
кезектеги IV чакырылышынын XX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ №XX-2
Ноокат шаары
27-февраль 2015-жыл
Ноокат шаардык мэриясынын 2013-жылдагы атайын эсебиндеги
жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги
жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.
Ноокат шаардык мэриясынын
2013-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү
бюджетинин аткарылышы жана
2015-жылдын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджети жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2015-жылга
Республиканын атайын эсебиндеги
жергиликтүү бюджети
жөнүндөгү мыйзамдын негизинде Ноокат шаардык мэриясынын
2015-жыл үчүн иштеп чыгылган атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттин долбоорун шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2015-жылга Ноокат шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча 4 500,0 мин сом
эсебинде бекитилсин.
2.Ноокат шаардык мэриясынын жергиликтүү
бюджетин чыгашалары боюнча
багыттар №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Ноокат шаардык мэриясынын
2013-жылдагы жергиликтүү
бюджетинин кирешелер бөлүгү 3493,1 мин сомго, чыгаша бөлүгү
3492,1 мин сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
4.Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат
шаардык кеңешинин
алдындагы бюджет, финансы,
экономика, соода маселелери
боюнча туруктуу комиссиясына
тапшырылсын.
Ноокат шаардык
кеңешинин төрагасы:-
А.Гафаров
Ноокат шаардык кеңешинин (IV-чакырылышы) кезектеги
XX-сессиясынын №XX-2 токтомуна №1 тиркеме
Ноокат шаардык кеңешинин
кезектеги IV чакырылышынын XX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ №XX-3
Ноокат шаары
27-февраль 2015-жыл
Ноокат шаар
мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2015-жылга шаардык мэриясынын
атайын эсебиндеги бюджетин бекитүү
жөнүндө.
Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет,
финансы, экономика, соода
маселелери боюнча туруктуу
комиссиясында талкуулап, карап чыгып
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин
2015-жылдагы бюджетин бекитүү боюнча Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдында түзүлгөн муниципалдык
менчик департаментинин мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн,
салык эмес кирешелерден түшкөн
акча-каражаттарынын көлөмү
2015-жылга 1 367,2 миң сомго, аткарыла турган жумуштарга 7 639,0 миң сом, жалпысы болуп 9 006,2
миң сомго бекитилсин.
2.Ноокат шаар мэриясынын
алдында түзүлгөн муниципиалдык менчик департаментинин 2015-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү
8906,4 миң сом эсебинде №1 тиркемеге
ылайык бекитилсин.
3.Муниципиалдык менчик департаментинин
жаныдан түзүлгөн штаттык тартиби жана 2015-жылдын
жылдыгына карата чыгашалар сметасы бекитилсин.
4.Ноокат шаар мэриясынын башкы эсепчисине ай сайын муниципиалдык менчик
департаментинин финансылык иштери боюнча отчет берип туруу муниципиалдык менчик
департаментинин эсепчиси Н.Абдурахмановке милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет,
финансы, экономика, соода
маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин
төрагасы:-
А.Гафаров
Ноокат шаардык кеңешинин
2015-жылдын 27-февралындагы кезектеги IV чакырылыш XX сессиясынын №XX-3 токтомуна №1 тиркеме
Ноокат шаар мэриясында
2015-жылга карата аткарыла турган
жумуштарга бөлүнгөн акча каражаттарынын тизмеси
К. № |
Аталыштары |
суммасы |
1 |
Мэриянын имаратынын айланасын
көрктөндүрүү
жана кичи ремонтуна |
150,0 |
2 |
Тапвалдыев, Жакыпов, Камарова, Чехов,Тайлаков,Таштак
Таштак кварталындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жолдорун өздүк салым менен асфальттоого |
3000,0 |
3 |
Какыр-Сайдагы
акыр-чикир төгүлүүчү
жайды тосуу |
109,0 |
4 |
Абдумаликов көчөсүнө көпүрө куруу |
170,0 |
5 |
Абдуллаев көчөсүнө
латок орнотуу |
120,0 |
6 |
Кара-Турпак участкасынын жолдоруна шагыл төшөө |
210,0 |
7 |
Маршрутка жүрүүчү
жолдорго атайын «Белгилерди» орнотуу |
60,0 |
8 |
Боз үй сатып алуу |
150,0 |
9 |
Кара-Турпак кварталынын ички арыктарын ондоо |
70,0 |
10 |
М.Эргешов,С.Алимбаев көчөлөрүндөгү
көп кабаттуу үйлөргө
4 ачкалуу 3 туалеттерди курууга |
420,0 |
11 |
Мэриянын отканасына |
2200 |
12 |
Барын участкасына
«КТП 400» орнотуу |
430,0 |
13 |
Мал базар участкасынын көчөлөрүнө шагыл төшөө |
250,0 |
14 |
МЧС
тарабынан курула турган Бостон-К.Турпак көпүрөсүнө
өздүк салым. |
100,0 |
15 |
Өлгөн
мал жана ит-жандыктарды көмүү үчүн «Яма-Беккер» жасоого |
100,0 |
16 |
Көп кабаттуу үйлөргө септик жасоого |
100, 0 |
17 |
ЖАЛПЫСЫ : |
7639,0 |
Ноокат
шаардык кеңешинин бюджет,
финансы,
экономика, соода маселелери
боюнча
туруктуу
комиссиянын төрагасы :-
А. Кадиралиев
Ноокат шаардык кеңешинин
кезектеги IV чакырылышынын XX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ №XX-4
Ноокат шаары 27-февраль 2015-жыл
Ноокат шаардык мэриясынын 2015-жылга
социалдык-экономикалык өнүгүү иш планын бекитүү жөнүндө.
Ноокат шаардык мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015- жылга иш планын бекитүү боюнча
маселе каралып, айтылган пикерлерди эске
алып, Ноокат шаардык кеңешиин
заседаниясы
Токтом кылат:
(План тиркелет)
2.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет,
финансы, экономика, соода
маселелеры боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Ноокат шаардык
кеңешинин төрагасы:- А.Гафаров
Ноокат
шаардык кеңешинин 2015-жылдын
27-февралындагы кезектеги IV чакырылыш XX
сессиясынын №XX-4 токтомуна №1 тиркеме
Ноокат шаар мэриясы
тарабынан 2013-жылдын
13-январындагы
“2013-2017-жылдардын
мезгилине Кыргыз Республикасынын туруктуу
өнүктүрүүнүн Улуттук
стратегиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын
программасынын алкагында 2015-жыл ичинде аткарыла
турган иштердин тизмеси.
№ |
Аткарылуучу иштер |
Аткаруу мөөнөтү |
Акча
каражатын иштетүү
булактары |
Жооптуу
адамдар |
1 |
Шаардын
аймагындагы мектептердын көмүр сактоочу навестерин куруу |
2015-жылдын 1-кварталы |
Жергиликтүүбюджет |
Мун. менчик департаменти |
2 |
“Ноокат Коммунальщик” АКна атайын техникаларды сатып алуу |
2015-ж. ичинде |
Жергиликтүү бюджет (Грант) эсебинен |
А.Кодиров |
3 |
Төлөнов жана К.Жакыпов көчөсүн
асфальттоо |
2015-ж.сентябрь |
Жергиликтүүбюджет |
Мун. менчик департаменти |
4 |
Көп кабаттуу үйлөргө
Таштак кварталында 3 жерге ажааткана куруу |
2015-ж. Апрель |
Жерг. Бюджет |
Мун. менчик департаменти |
5 |
Таштак кварталындагы көп
кабаттуу үйлөрдүн ички жолдорун асфальттоо |
2015-жыл |
Жергиликтүү бюджеттен |
Мун. менчик департаменти |
6 |
Бостон кварталына ФАП куруу |
2015-жыл |
Түрткү берүү грант |
Ж.Ураимов |
7 |
Бостон кварталында көпүрө
куруу |
2015-жыл май-июнь |
ӨКМ жана жерг. бюджет |
Мун. менчик департаменти |
8 |
А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин ашканасына эмеректерин сатып
алып берүү |
2015-жыл ичинде |
Донор МЕРСИКО жана жерг.бюджет |
М.Абдурасулов |
9 |
Борбордук көчөлөрдүн
арыктарын реконструкциялоо |
2015-жыл апрель-май |
Жерг.бюджет |
Мун. менчик департаменти |
10 |
Лутфуллаев жана К.Жакыпов жана көчөлөрүнө
түнкү жарыктандырууну орнотуу |
2015-жыл май-июнь |
Жерг.бюджет |
Мун. менчик департаменти |
11 |
Х.Абдумаликов, Т.Умиров, А.Алланазаров,
Толонов, Аэропорт көчөлөрүн асфальттоо |
2015-жыл ичинде |
Республикалык бюджет |
Мун. менчик департаменти |
12 |
Шаардын көп кабаттуу үйлөрдүн
ички жолдорун асфалтьтоо |
2015-жыл август |
Жерг.бюджет |
Мун. менчик департаменти |
13 |
Таштак кварталынын жашоочулары үчүн
А.Лутфуллаев көчөсүнө трансформатор орнотуу |
2015-жыл ичинде |
РЭТ ишканасы жерг.бюджет |
Мун. менчик департаменти |
14 |
А.Лутфуллаев көчөсүнө
тратуар жаткыруу |
2015-жыл май-июнь |
Жерг.бюджет |
Мун. менчик департаменти |
15 |
Абдуллаев орто мектебине спорт зал куруу |
2015-жыл июнь-август |
Республикалык
бюджет |
Мун. менчик департаменти |
16 |
Барын кварталдык комитетине имарат куруу |
2015-жыл май |
Ашар жолу жана жерг.бюджет |
Мун. менчик департаменти |
17 |
Крупская атындагы орто мектепке китепкана
куруу |
2015-жыл июнь-август |
Жерг.бюджет |
Мун. менчик департаменти |
18 |
Жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында жол
белгилерди орнотуу |
2015-жылдын 1-квартали |
Жерг.бюджет |
Мун. менчик департаменти |
Ноокат
шаарынын мэри: О.Тургунбаев
Ноокат шаардык кеңешинин
кезектеги IV чакырылышынын XX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ №XX-5
Ноокат шаары
27-февраль 2015-жыл
“Ноокат
Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун азыркы күндө колдонулуп келе
жаткан комуналдык тарифтери жана калькуляцияларына өзгөртүү киргизүү
жөнүндө.
“Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун азыркы күндө колдонулуп келе жаткан комуналдык тарифтери
жана калькуляциялары бүгүнкү күндө инфляциянын
негизинде өзүн-өзү актабай калгандыгына
байланыштуу “Ноокат Коммунальщик” ачык
типтеги коомунун аткарып жаткан иштеринин
сапаттуу аткарылышы үчүн
жаңыча тарифтерди жана калькуляцияларды кабыл алуу жана өзгөртүү
киргизүү жөнүндөгү “Ноокат
Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун аткарган иштери
боюнча 2015-жылдын 25-февралында Ноокат
шаардык кеңешине жазган №8 катын
угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин
алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун
негизинде Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ноокат
Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун азыркы
мезгилде колдонулуп келе жаткан
коммуналдык жаны тарифи төмөндөгү
таблица боюнча бекитилсин.
№ |
Аталышы |
Көлөмү |
Суммасы |
1 |
Катуу типтеги акыр-чикирге |
1 адамга ар ай сайын |
30 сом |
2 |
Суюк типтеги акыр-чикирге |
1 адамга ар ай сайын |
30 сом |
3 |
Жалпысы: |
1 адамга ар ай сайын |
60 сом |
2. “Ноокат
Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун азыркы
мезгилде колдонулуп келе жаткан жаны калькуляциясы төмөндөгү
таблица боюнча бекитилсин.
№ |
Аталышы |
Көлөмү |
Суммасы |
1 |
Автомашина ЗИЛ-130 менен көчөнү
тазалоо жана жуу |
1 каттам үчүн |
1754 сом |
2 |
Т-40 трактору менен көчөнү
тазалоо жана жуу |
1 каттам үчүн |
1540 сом |
3 |
МТЗ-82.1 трактору менен
катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу |
1 каттам үчүн |
2527 сом |
4 |
МТЗ-82.1-14 трактору менен
катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу |
1 каттам үчүн |
2464 сом |
5 |
Автомашина ГАЗ-3309 менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу |
1 каттам үчүн |
2485 сом |
6 |
Автомашина ГАЗ-3309 АС менен
суюк типтеги акыр-чикирлерди ташуу |
1 каттам үчүн |
2700 сом |
3. “Ноокат Коммунальщик” ачык
типтеги акционердик коомуна жаны
комуналдык колдонулуучу тарифтерди жана
калькуляцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу монополияга каршы жөнга салуу мамлекеттик
агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.
4.Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун колдонулуп келе
жаткан жаны комуналдык тарифтери жана калькуляциялары 2015-жылдан баштап колдоонуга киргизилсин.
5.Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат
шаардык кеңешинин
төрагасы:-
А.Гафаров
Ноокат шаардык кеңешинин
кезектеги IV чакырылышынын XX
сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ №XX-6
Ноокат шаары
27-февраль 2015-жыл
Ноокат
шаарынын тургундарына тиешелүү болгон үйлөрдүн
багытын өзгөртүү
жөнүндө.
Ноокат шаарынын
тургундарына тиешелүү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин
аянтынын ичинен багытын өзгөртүү киргизүүнү
сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик,
өнөр жай,
курулуш, экология жана
агрардык маселелер боюнча туруктуу
комиссиясынын берген тактамасын карап,
суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү
киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын Жами көчөсүнүн №9 үйүнүн
тургуну Адинаева Хатичахон Турдикуловнага тиешелү болгон жеке менчик 410
чарчы метр жер аянтынын багыты курулуш материалдарын сатуучу коммерциялык дүкөн,
элита пардаларды тигүүчү чеберкана, машиналарды жууп
тазалоочу жай деп өзгөртүлсүн.
2.Ноокат шаарынын Х.Абдумаликов атындагы көчөсүнүн
№46 үйүнүн тургуну Жороева Гулнара Абиевнага тиешелү
болгон, борбордук оорукананын түндүк- чыгыш тарабындагы Ленин көчөсү
менен Эргашев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жалпы
аянты 300,0 чарчы метр жер тилкесинин багыты заманбап соода дүкөнү
деп өзгөртүлсүн.
3.Ноокат районунун Фрунзе көчөсүнүн
тургуну Камилжанов Ахмадилла Абдурахмановичке тиешелү болгон Ноокат шаарынын аймагындагы А.Лутфуллаев көчөсүндөгү
жеке менчик жер аянтынын 906 чарчы метрнин ичинен 105 чарчы метринин багыты вулканизация, 123
чарчы метри техникалык тейлөө
жана автоунаа тетиктерин сатуучу дүкөн, 58 чарчы метри соода дүкөнү
деп өзгөртүлсүн.
4.Ноокат шаарынын Ош көчөсүнүн тургуну Мирзажанов Туйчивай Каримжановичке тиешелү
болгон жеке менчик 2000 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 152 чарчы метринин
багыты соода-сатык деп өзгөртүлсүн.
5.Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүнүн
Киргизбаев көчөсүнүн №7 үйүнүн
тургуну Ураимова Насибахон Октамжановнага тиешелү болгон Ноокат шаарына
караштуу Жами көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 136 чарчы
метр үч кабаттуу турак жайынын подвалынын багыты соода дүкөнү,
техникалык тейлөө жана
автоунаа тетиктерин сатуучу дүкөн, курулуш материалдарын сатуучу
коммерциялык дүкөн, сварка иштерин кылуу дүкөнү, универсал соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
6.Ноокат районуна караштуу Зулпуев айыл өкмөтүнүн
тургуну Абдужаббаров Хабибилла Шахабовичке тиешелүү болгон,
базардын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан жалпы аянты 135,2 чарчы
метрди түзгөн эки кабаттуу имаратын багыты заманбап соода дүкөнү
деп өзгөртүлсүн.
7.Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү
киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы
муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш,
экология жана агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат
шаардык кеңешинин
төрагасы:
А.Гафаров
Ноокат шаардык кеңешинин
кезектеги IV чакырылышынын XX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ №XX-7
Ноокат шаары 27-февраль 2015-жыл
Туркия мамлекетинин Шаңлыурфа шаар мериясы менен
Ноокат шаардык мэриясы ортосунда “Дос шаар” катары биригүү ниетиндеги достукту жемиштүү бекемдөө жөнүндө.
Туркия мамлекетинин Шаңлыурфа шаар мериясы менен
Ноокат шаардык мэриясы ортосунда экономика, билим берүү, маданият
жана туризм тармактары боюнча “Дос шаар” катары мамиле түзүү,
биригүү ниетиндеги достукту
бекемдөө, жемиштүү кызматташуу жөнүндөгү маселени
угуп, талкуулап Ноокат шаардык кенешинин
алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Туркия мамлекетинин Шаңлыурфа шаар мериясы менен
Ноокат шаардык мэриясы ортосунда экономика, билим берүү, маданият
жана туризм тармактары боюнча “Дос шаар” катары мамиле түзүү,
биригүү ниетиндеги достукту
бекемдөө, жемиштүү кызматташуусуна макулдук берилсин.
2. Туркия мамлекетинин Шаңлыурфа шаар мериясы менен
Ноокат шаардык мэриясы ортосунда экономика, билим берүү, маданият
жана туризм тармактары боюнча “Дос шаар” катары мамиле түзүү,
биригүү ниетиндеги достукту
бекемдөө, жемиштүү кызматташуусу жөнүндө тийиштүү
иш-чараларды көрүү жагы Ноокат шаарынын мэри Тургунбаев Өмүрбек
Жоробаевичке тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат
шаардык кенешинин алдындагы
мыйзамдуулукту сактоо, мандат,
депутаттык этика, өз алдынча
башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери
боюнча туруктуу комиссиясына
тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин
төрагасы:-
А.Гафаров
Ноокат шаардык кеңешинин
кезектеги IV чакырылышынын XX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ №XX-8
Ноокат шаары 27-февраль 2015-жыл
Ноокат шаарына караштуу Ленин көчөсүндө
жайгашкан Чечме-Сай автобекетинин жанынан баштап А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин спорт
аянтчасына чейин автотоктом уюштуруу жөнундө.
Ноокат шаарына караштуу Ленин көчөсүндө
жайгашкан Чечме-Сай автобекетинин жанынан баштап А.Абдуваитов атындагы орто
мектебинин спорт аянтчасына чейин автотоктом уюштуруу жөнундө
Ноокат шаардык кеңешинин
муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш,
транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу
жылуулук берүү жана агрардык
маселелер боюнча туруктуу
комиссиясынын берген тактамасын
карап, Ноокат шаардык кеңешинин
сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарына караштуу Ленин көчөсүндө
жайгашкан Чечме-Сай автобекетинин жанынан баштап А.Абдуваитов атындагы орто
мектебинин спорт аянтчасына чейин автотоктом уюштуруулусуна маакулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы
муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы Ноокат шаардык кеңешинин
муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш,
транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу
жылуулук берүү жана агрардык
маселелер боюнча туруктуу
комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат
шаардык кеңешинин
төрагасы:-
А.Гафаров