Найман айылдык кеңешинин
|
кезектеги VII чакырылышынын VI сессиясынын
|
№ VI -6
токтомуна тиркеме
|
Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк
салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке
келтирүү боюнча жобо
СҮННӨТ ТОЙ
- Сүнөт тойдо бир тугандары
сарпай берүү, себет тартуу, коно берүү, балуу
белектерди алып келүү токтотулсун, себет берилбесин.
- Коно токтотулсун.
- Сүннөт тойдогу
союлган жандыктар саны бирден ашпасын, катымына катышкан аксакалдарга пакет таркатылбасын.
- Тойлордо аялдар дасторкон көтөрбөсүн,
нан албасын жөн гана дасторконго коюлган шириндиктерден даам татып
кетишсин.
- Той ээлерине жолук салып калпак
кийгизүү үрп адаттар токтотулсун.
- Сүннөт той болуп
жаткан баланын класташтары чакырылбасын.
- Тойдо спирттик ичимдиктери
коюлбасын.
ҮЙЛӨНҮҮ
ТОЙ
- Үйлөнүү
тойдо Закска бир женил автоунаа жана 20 орундуу спринтер менен чыгышсын,
кафеге чакырылгандардын саны 150-200 адамдан ашпасын.
- Кызга берилген калын 150 000
сом, пахта 100кг, союш 3төн ашпасын.
- Күйөө балдарды
авто унаадан түшүрүү салты болбосун.
- Кызга берилүүчү
сеп кыскартылсын(10 тошок,падушкасы менен жакөндөз 3 жуп).
- Той менен ЗАГСсы бир күндө
өткөрүлсүн.
- Бата той, кыз узатуу, күйөө
чакыруу, төшөк жыйуу токтотулсун.
- Өкүл ата, өкүл
эне шакек берүү токтотулсун,никеге өзүнүн
туугандары гана күбө катары катышат.
- Келин бала орустун көйнөгүн
кийбей эле кыргыздын арламентүү көйнөгү
менен менен ЗАГСка чыксын.
БЕШИК БЕРҮҮ
- Бешик берүүдө
жаны төрөлгөн биринчи гана баласына берилсин,
ата-энеси эле бир женил автоунаа менен барышсын, кошумча туган уруктары
барууга тыюу салынсын.
АЖЫ
ТОЙ
- Ажы той ар ким алына жараша өткөрсүн.
АШ БЕРҮҮ
- Аш берүү жок,
токтотулсун.
-
ЮБИЛЕЙЛЕР
- Ар кандай 10,20,30 ж.б юбилейлер
токтотулсун.
- Студенттер тарабынан өткөрүлүүчү
шеринелер токтотулсун.
- 25-май акыркы конгуроо майрамдык
салтанаты мектептен чектелсин.
- Ар кандай жакшылык жамандыктарда
аялдар материал көтөрүүнү токтотушсун,анын
ордуна акча беришсин.
МАРКУМ
УЗАТУУ
- Өлгөн адамга үч
күн аза тутулсун, тажыясы болгон күнү эч нерсе
союлбасын, узак жактан келген меймандарга конушулар карасын.
- Аялдар арысында материалдар
таркатылбасын жана бата кылып эле кайтышсын.
- Аялдар маркум чыккандан кийин
барышсын.
- Маркумдун биринчи бейшембилиги
гана өткөрүлөт, 40кы 52сын белгилөөгө
тыюу салынсын же ихсан кылып тар чөйрөдө өткөрүлсүн.
- Жылдык токтотулсун.
- Жыл ичиндеги айттыктарда айтык өткөрүүгө
тыюу салынсын.(тар чөйрөдө)
- Маркум өткөн үй-бүлөдө
3 күн, күйөөсү өтсө аялга 4ай
аза күтүлөт, көк кийүү ак кийүүгө
тыюу салынсын.
- Маркумга аталган эч кандай
кудайылар өткөрүлбөсүн.
ОТУРУШТАР
- Авысынын, бөлөсүнүн,
ж.б ушундай отуруштарга тыюу салынсын.
Найман айыл өкмөтүнүн башчысы: Р.Шамаева
|