М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№XXVI-7

22.12.2020

Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы "Найман" балдар бакчасынын  имаратынын эшик,терезелерин  жана полун үлүштүк дем берүүчү гранттардын  жардамында капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым ажыратуу  жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

№XXVI-7

22.12.2020

 

Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы "Найман" балдар бакчасынын  имаратынын эшик,терезелерин  жана полун үлүштүк дем берүүчү гранттардын  жардамында капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым ажыратуу  жөнүндө.

Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын жана "Найман" балдар бакчасынын жетекчисинин билдирүүсүн угуп,талкуулап, Найман айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы "Найман" балдар бакчасынын имаратынын эшик,терезелерин жана полун  капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү  гранттан бөлүнгөн  акча каражатына ремонт жасоо иштери алып барылсын.

2.         Бала бакчанын имаратынын эшик,терезелерин жана полун капиталдык ремонттон  өткөрүү боюнча мамлекеттик  үлүштүк гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк  салым катары  айыл өкмөтүнүн бюджетинен  600 000 ( алты жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.         Акча каражатын бөлүп берүү жагы  Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн  башчысы  А.Балтабаевге  милдеттендирилсин.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы  Ш.Сапаровага тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Ш.Эрматов                    

 

 

Назад