М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
№ XV-7 |
25.01.2019 |
Найман айыл өкмөтүнүн
аймагында жайгашкан Найман суу
сактагычынын айланасындагы эски пансионаттын ордуна туристтик эс алуучу жай
куруу үчүн жер ажыратып
берүү жөнүндө. |
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын
кезектеги XV сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Найман
айылы |
25.01.2019 |
|||
|
Найман айыл өкмөтүнүн
аймагында жайгашкан Найман суу
сактагычынын айланасындагы эски пансионаттын ордуна туристтик эс алуучу жай
куруу үчүн жер ажыратып
берүү жөнүндө. |
|||
Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин
232-2, 233-4 беренелерин жана Кыргыз
Республикасынын Жер Кодексинин 13 беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз
Республикасынын "Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамын,
орто жана чакан бизнести колдооо боюнча мамлекеттик программаларды
жетекчиликке алып, Найман айыл аймагында жайгашкан Найман суу сактагычынын
айланасында жайгашкан жер аянтына жаныдан эс алуучу жай куруу үчүн
жер аянтын ажыратуу боюнча карап чыгып жана талкуулап, Найман айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Найман
айыл аймагында жайгашкан Найман суу сактагычынын айланасындагы эски
пансионаттын ордуна эс алуучу жай куруу үчүн Абдраимов Акылбек Түркбаевичке 490,0 м,кв. жер аянты ажыратылып берилсин. 2. Ушул токтомду
аткарууга алып, токтом чыгарып берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн
башчысына сунушталсын. 3. Бул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
депутаттардын Найман айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына
тапшырылсын. |
||||
Найман айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Ш.Эрматов |
||
|
|
|||
|
||||