М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
XIV -1 |
19.12.2018 |
"Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы айылдык бюджетин аткарылышы, 2019 жылга айылдык бюджети жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин бекитүү жөнүндө |
2. |
XIV -4 |
19.12.2018 |
Найман айыл өкмөтүнүн
айылдык маданият үйүнүн
имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк
салым ажыратуу жөнүндө. |
3. |
XIV-5 |
19.12.2018 |
Найман айылдык Кеңешинин 2019-жылга
иш планын бекитүү жөнүндө |
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Найман
айылы |
19.12.2018 |
|||
|
"Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы айылдык бюджетин аткарылышы, 2019 жылга айылдык бюджети жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин бекитүү жөнүндө |
|||
Найман
айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2019-жылга каралган
айыл өкмөтүнүн
бюджети жана 2020-2021-жылдарга
болжолун бекитүү жөнундөгү маселени
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын, Найман айылдык кеңешинин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк
" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз
Республикасынын "жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү "
Мыйзамынын 27-статьясынын 5
пунктуна ылайык депутаттардын Найман айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. 2019-жылга Найман айыл өкмөтүнүн
айылдык бюджетинин кирешелери жана
чыгашалары 6803,6 миң сом өлчөмүндө
бекитилсин. 2.
2019-жылга айылдык бюджеттин
кирешелерин түзүүчү булактары
жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. -Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга
түшкөн кирешелердин
жана гранттардын чегинде, ошону
менен бирге биринчи кезекте корголгон
беренелер боюнча (эмгек
акы,соц.фондко чегерүү,
тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга
) каржылануусу белгиленсин. 3.
Найман айыл өкмөтүнүн
2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин
болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3
тиркемеге ылайык колдоого
алынсын. -Кирешенин болжолу
2020-жылга 7080,0 миң сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар
3741,9 миң сом менен
) жана 2021-жылга 7238,3
сомго (республикалык
бюджеттен алынуучу гранттар
3504,2 миң сом менен ) белгиленсин. -Найман айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин негизги
көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын,аларды ар бир
конкреттүү мезгилде
кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет. 4. Атайын
каражаттардын кирешесинин сметада
бекитилген өлчөмүнөн
ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын. 5. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары
(бюджеттик мекемелердин кассасы
аркылуу ) чыгымдалган учурда Кыргыз
Республикасынын "Кыргыз
Республикасынын 2014-жылга
республикалык бюджети 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын
14-беренесинин 2-пунктуна
ылайык бул каражаттын 100 пайыз
республикалык бюджетке алынып
коюлары эскертилсин. 6. Айыл
өкмөттүн башчысы төмөнкүлөргө
укуктуу: - Ушул
токтомдун 1-беренесинде бекитилген
суммалардын чегинде,эгер бул айылдык
бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү
киргизүүгө; - Ченемдик
укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде
жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;
- Киреше
бөлүгүнөн
белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого. 7. 2018-жылда
айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынын
ашыкча аткарылышынан түшкөн
каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын. 8. Айыл
өкмөттүн аймагындагы мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо ,алардын финансылык
мамлекеттик каражаттарды
максаттуу,сарамжалдуу пайдалануусун
камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн
башчысы тарабынан көзөмөлгө
алынсын. 9. Найман
айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы айылдык бюджеттин
киреше бөлүгү 5347,5
миң сом,чыгаша бөлүгү 6306,5 миң сомго
аткарылгандыгы 4,5 тиркемеге ылайык бекитилсин. 10. Бул токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы
депутаттардын Найман айылдык кеңешинин "Экономика,бюджет, соода жана ишкердүүлүк
боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Найман айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Ш.Эрматов |
||
|
||||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Найман
айылы |
19.12.2018 |
|||
|
Найман айыл өкмөтүнүн
айылдык маданият үйүнүн
имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк
салым ажыратуу жөнүндө. |
|||
Найман айыл өкмөтүнүн
башчысынын жана айылдык маданият үйүнүн жетекчисинин билдирүүсүн
угуп,талкуулап, Найман айылдык кенеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Найман
айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы айылдык маданият үйүнүн имаратын
капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн
мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттан бөлүнгөн акча каражатына ремонт жасоо иштери алып
барылсын. 2. Айылдык
маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча
мамлекеттик үлүштүк
гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн
бюджетнен 260 000
(эки жүз алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп
берилсин. 3. Акча
каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн
финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы
А.Балтабаевге
милдеттендирилсин. 4. Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин
бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага тапшырылсын. |
||||
Найман айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Ш.Эрматов |
||
|
|
|||
|
||||
3 |
||||
|
||||
|
||||
Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Найман
айылы |
19.12.2018 |
|||
|
Найман айылдык Кеңешинин 2019-жылга
иш планын бекитүү жөнүндө |
|||
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз
алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
" жөнүндөгү "жергиликтүү өз
алдынча башкаруунун
финансы-экономикалык негиздери "жөнүндөгү белгиленген айылдык Кеңештин компетенциясынын
негизинде айылдык Кеңештин иш планы түзүлүп,бекитилсин.
Күн
тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Найман айылдык Кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Найман
айылдык Кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн иш планы
бекитилсин. 2. Ушул
иш пландын негизинде иш алып баруу
айылдык Кеңештин туруктуу
комиссияларына тапшырылсын. 3. Ушул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Д.Таировага жүктөлсүн. |
||||
Найман айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Ш.Эрматов |
||
|
||||
|
||||