|
3 |
||||
|
||||
|
||||
Найман айылдык Ке?ешинин кенешинин кезектеги VI чакырылышынын IV сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Найман
айылы |
5 |
16.02.2017 |
||
|
Найман айыл өкмөтүнүн
Жаштык көчөсүндөгү
Шамаев Максатбек Шараповичтин менчигиндеги 1,47 га жер аянтынын багытын өзгөртүү
жөнүндө |
|||
Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык көчөсүндөгү
Шамаев Максатбек Шараповичтин
менчигиндеги 1,47 га жер аянтын
турак үй куруу үчүн Ноокат районунун шааркурулушу жана
архитектура боюнча башкармалыгынын 2017-жылдын 20-февралындагы №17/17
корутундусунун негизинде Найман
айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Найман айыл өкмөтүнүн
Жаштык көчөсүндөгү Шамаев Максатбек
Шараповичтин менчигиндеги 1,47 га жер
аянтынын багытын өзгөртүп
турак үй куруу үчүн
берилсин. 2. Турак
үйүн куруу үчүн багытын өзгөртүүгө берилген жер аянтын максаттуу пайдалануу
жана салыктын бардык түрлөрүн
убагында айыл өкмөтүнө төлөп туруу жагы
Шамаев Максатбек Шараповичке милдеттендирилсин. 3. Багытын
өзгөртүү үчүн берилген жер аянтына керектүү
документтерин даярдап берүү жагы Ноокат районунун шааркурулушу
жана архитектура боюнча башкармалыгы
жана Ноокат районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү
каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын. 4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Найман айылдык төрагасы |
|
Ш.Эрматов |
||
|
|
|||
|
||||
4 |
||||
|
||||
|
||||
Найман айылдык Ке?ешинин кенешинин кезектеги VI чакырылышынын IV сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Найман
айылы |
7 |
16.02.2017 |
||
|
Найман айыл өкмөтүнүн
2017-жылдын 1-январына калган калдык
акчадан социалдык жактан коргоо
иш-чараларын жүргүзүүгө
сарпталуучу акча каражаттары жөнүндө |
|||
Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн № 281 , 2006-жылдын
23-августундагы № 605 токтомунун 3-бөлүмүнүн 8-тиркемесине,
2010-жылдагы жана андан кийинки чыккан токтомдорго, мыйзамдарга ылайык Найман
айыл өкмөтүнүн
2017-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан
коргоо иш-чараларынын жүргүзүүгө
сарпталуучу акча каражаттарын ажыратуу максатында Найман айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Найман айыл өкмөтүнүн
2017-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо
иш-чараларын жүргүзүүгө 67000 (алтымыш жети
мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин. 2. Найман
айыл өкмөтүндөгү социалдык жактан коргоо боюнча түзүлгөн
иш-чаралар менен иш алып баруу жагы
Найман айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча
башкы адиси Н.Балтабаевага жана ажыратылган акча каражатын убагында которуп
берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ
башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин. 3. Бул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
депутаттардын Найман айылдык кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү
жана спорт, саламаттыкты сактоо боюнча
туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Найман айылдык төрагасы |
|
Ш.Эрматов |
||
|
|
|||
|
||||
|
5 |
||||
|
||||
|
||||
Найман айылдык Ке?ешинин кенешинин кезектеги VI чакырылышынын IV сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Найман
айылы |
1 |
16.02.2017 |
||
|
Найман айыл өкмөтүнүн
башчысынын 2016-жылдын ичинде аткарган
иштерин бекитүү жөнүндө |
|||
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын
2016-жылдын ичинде аткарган иштери
боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап
, Найман айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Найман айыл өкмөтүнүн
башчысынын 2016-жылдын ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын(тиркеме
тиркелет). 2. Бул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык
кеңешинин тиешелүү
туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Найман айылдык төрагасы |
|
Ш.Эрматов |
||
|
|
|||
|
||||
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жыл ичинде
аткарылган иштери жөнүндө М А А Л Ы М А Т Ы . Урматтуу, Найман айыл өкмөтүнүн
тургундары,коноктор!
2016-жыл былтыркы жылга салыштырмалуу жакшы жылдардан болду десек жаңылышпайбыз,
анткени айыл өкмөтүбүздө алдыга карай өнүгүү,элибизде
тынчтык, ынтымакчылык, токчулук жана
жакшы ийгиликтер коштогон жыл болду.
Кыргыз Республикасынын Президенти “2016-жыл Кыргыз
Республикасында Тарых жана маданият
деп жарыялоо жөнүндө” ПМЖ № 286 Жарлыгын ишке ашыруу
максатында, Найман айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 17-февралында № 8 буйрук иштелип чыгып, иш-чаралардын
планы түзүлүп, бул багытта жумуштар аткарылды. Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым
укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдын
4-февралындагы “Тарых, маданий мурастарды колдоо жана туризмди өнүктүрүү
жылы ” буйругун ишке ашыруу максатында Найман айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 15-мартында № 14
буйрук жана иш-чаралардын планы
иштелип чыгып, жумуштар аткарылды.Ошондой эле Ноокат районунда 2016- жылды « Тарыхый
мурастар аркылуу улуттук маданиятты өнүктүрүү
жана элдик педагогиканы жандандыруу
жылы» деп жарыялоо жөнүндө 2016-жылдын
10-мартындагы № 53-б буйругун ишке ашыруу максатында Найман айыл
өкмөтүндө 2016-жылдын 15-мартында № 13 буйругун жана иш-чаралардын планын
иштеп чыгып, бул багытта жыл бою
жумуштар аткарылды.
Найман айыл өкмөтүндө
жалпы 2016-жылда 386 кожолукта
2025 адам катталган.
2016 -жыл ичинде жалпы киреше бөлүгүбүз 2312,2
сом акча каражатын түздү, ал эми республикадан келген
трансферттер 4810,0 сом акча каражаты
берилип, жалпы 7122,2 сом акча
каражаты Найман айыл өкмөтүнүн бюджетин түздү. Найман айыл өкмөтүнүн
2016-жылда киреше бөлүгүнүн аткарылышы төмөндөгүчө: -киреше салыгы – план 612,0 мин сом
берилсе, аткарылганы 755,3 мин сом - патент салыгы – план 60,0 мин сом
берилсе, аткарылганы 75,3 мин сом - кыймылсыз мүлк салыгы – план
10,0 мин сом берилсе, аткарылганы 17,0 мин сом - транспорт салыгы – план 80,0 мин
сом берилсе, аткарылганы 110,1 мин сом - жер салыктары – план 81,5 мин сом берилсе, аткарылганы 135,0 мин
сом - сатуудан алынуучу салыгы – план
28,0 мин сом берилсе, аткарылганы 17,5 мин сом - роялти салыгы – план 25,0 мин сом
берилсе, аткарылбады -
Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн
акы төлөө салыгы– план 115,0 мин сом берилсе, аткарылганы
114,8 мин сом - КБФнын ижара акысы – план 67,0 мин сом берилсе, аткарылганы 68,2 мин
сом -таштанды салыгы – план 28,0 мин сом
берилсе, аткарылганы 29,5 мин сом -мамлекеттик алымдар салыгы – план
25,5 мин сом берилсе, аткарылганы 24,9 мин сом -атайын каражаттар салыгы – план
948,0 мин сом берилсе, аткарылганы 948,0
мин сом Жалпы салыктар боюнча – план 2080,0
мин сом берилсе, 2312,2мин сомго
аткарылып, 111,2 пайызды түздү.
Жыл башында бардык көчөлөр менен жыйындар өткөрүлүп,
көчөлөрдөгү эң приаритеттүү
деген көйгөйлөр такталып, аткарууга алуу боюнча иш чаралар
түзүлдү, айыл өкмөтүнүн
стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилди.
Жаз айларынын келиши менен Найман айыл өкмөтүнүн
2016-жылдын 14-мартында № 11 буйругу иштелип, айлана-чөйрөнү
көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун 3 айлыгы
жарыяланып, иш-чаралардын планы түзүлүп, анын негизинде
иштер алып барылды. Көчө
комитеттеринин жардамында ар апта сайын
ишембиликтер өткөрүлүп, айылдын айлана-чөйрөсү,
каналдардын ичи тазаланды.Көчөлөрдө актап, сырдоо
иштери жылдагыдай жүргүзүлдү.
Көчө комитеттеринин жардамында
жалпы 15650 сом акча каражатына көчөттөр алынып
келинип, эгилди.Жылда Найман айылынын негизги көчөсү болгон
Ленин көчөсүнө можевельник,кайрагачтар алып келип
эгилет, бирок элдер мал,койлорун коюп жиберип, тебелеп, өстүрө
койбой жок болот.Былтыркы эгилген можевельниктер жарты болуп сынып, азыркы
мезгилде турат.Быйылкы жылга кайрадан көчөттөрдү алып
келип эгүү маселеси кралууда,ошондуктан элдерден
мал,кой,жылкыларын карап,байлап, көчөттөрдү өстүрүүгө
жардам берүүсүн суранат элем.
2016-жылда “ООН Женщины” коомдук уюмунун колдоосу менен өткөрүлүп
жаткан “Менин кирешелүү чарбам” долбоорунун алкагында “Найман”
орто мектебинин директору Сатар у.Асилбектин уюштуруусу аркылуу мектептин
мугалимдери жана лкуучулары аябай активдүү катышышып,
республикада биринчи орунду ээлеп,техникалык долбоорлорду женип алууга
жетишишти.Буюрса быйылкы жылда 0,20 га жер аянтына карлик алма көчөтторүн
алып эгүүгө жардам берилет, ошондой бир теплица курууга
жардам берилүүсү күтүлүүдө.
Улуу Тоо айылындагы 50 га
кайрак жерлер толугу менен ижарага берилип,
быйылкы жылы жазгы буудай, арпа себилип, мурдагы жылдарга
салыштырмалуу түшүм бир кыйла жогору болду, ошондо 50 га жер
аянтынан 70 тонна түшүм алынды.
Найман айыл өкмөтүндө 2016-жылга жумуштар
пландалып, аткарууга алынды.Атап айтсак, Найман айылына АРИС Агенствосунун
жардамында жаштар үчүн кичи футбол аянтча курууга өздүк
салымга 177943 сом, үстүн сетка менен жабууга 50230 сом акча каражаты бөлүнүп
берилди.Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
Б.Айтиевдин резервтик фондунан
40 000 сом бөлүнүп берилип, кыш түшүп
калганына байланыштуу аягына чыкпай турат, буюрса март айында аягына чыгып,
ачылуу аземи болот деп күтүүдөбүз. Найман айылындагы кичи базардын
чатырын жабуу үчүн 116980 сом акча каражаты бөлүнүп,
жумуштар аткарылды.
Парктын дарбазасын жана
аркасын курууга 82000 сом бөлүнүп берилди, суук түшүп
калганына байланыштуу жумуш токтоп калды, буюрса март айынын аягына бүткөрүлөт.
Найман айыл өкмөтүнүн бардык социалдык
обьектилерине жана элине интернет байланышын жакшыртуу максатында Ноокат
райондук телеком ишканасынын жардамында долбоорго катышып, айыл өкмөтүнүн
жергиликтүү бюджетинен 100 ,0 мин сом акча каражатын бөлүп
берип, жогорку ылдамдыктагы интернет байланышы менен айыл толук камсыздалды.
Найман айыл өкмөтүндө бир маданият үйү жана бир китепкана
бар, анда 3 маданият кызматкерлери жана 2 техникалык кызматкерлер эмгектенет.
Маданият үйү 1975-жылы курулуп,азыркы убакта капиталдык ремонтту
талап кылып турат.Маданият үйүнүн алдын асфальттоо үчүн
жергиликтүү бюджеттен 275000 сом акча каражаты ажыратылып,
толугу менен асфальт төшөлдү.Ошондой
эле, маданият үйүнө 99500 сом акча каражатына музыкалык
аппаратура сатып алынды.Ошондой маданият уйунун кире беришине тарыхый
инсандар боюнча маалыматтарды илуу учун жергиликтуу бюджеттен мин сом акча каражаты ажыратылып,
жасатылып, илинди. Найман айылдык китепканасы 1975-жылы
түзүлүп, 15000 ден ашык китеп фондунда китептер бар жана көпчүлүгү
орус тилиндеги китептер болгондуктан, эми кыргызча китептер менен толукталып
келүүдө.Айылдык китепкананы колдоо максатында 19300 сомго
бир комплект компьютер сатып алынды жана
концелярдык жана чарба буюмдарына
000сом акча каражаттары бөлүнүп берилди, жумуштар
аткарылды.
Найман айыл өкмөтүндө иштеп жаткан «Найман»
балдар бакчасында 2016-жылда жалпы 7
тарбиячы,7 жардамчы тарбиячы, 2 повар,1 медайым жана 10 техникалык кызматкерлер эмгектенип,
120 бала тарбияланып, ар бир баланын
тамактанышына бюджеттин эсебинен 10 сомдон ажыратылып, 151200 сом акча
каражаты бир жылына ажыратылып берилди. Ал эми 2 этаждуу “Солнышко” балдар бакчасынын
чатырын кайрадан ондоо үчүн 768139 сом акча каражаты бөлүнүп
берилип, чатыры алмашылды, бирок подрядчылар тарабынан жумушту бүткөрүү
акты тапшырылган эмес, комиссиядан өтө элек. Ошол эле бала
бакчанын сол тарабындагы ашкана тарабын ондоо максатында 418650 сом акча
каражаты ажыратылып, жумуштар азыркы учурга чейин аткарылып жатат. Ошондой
эле, “Найман” балдар бакчасына инвентарь алуу үчүн бюджеттин
эсебинен 71900 сом акча каражат ажыратылып
пионино жана кир жуучу машина сатып алынды.Ноокат райондук мамлекеттик
администрациясынын башчысы-аким Б.Айтиевдин
резервтик фондунан 25000 сомдук
кир жуучу автомат машина сатып алып берилди.Ата-энелердин фондунан
чогулган акча каражатына инвентарь (4 стол,16 стул, 40 кровать ж.б) жасатылып берилди. Бала бакчанын электр
энергиясына 65600 сом акча каражаты жана кыш мезгилине көмүр
менен камсыз кылуу үчүн 60 000 сом акча каражаты ажыратылып берилип,жумуштар аткарылды. «Найман» орто мектебинде
2016-жылда 27 мугалим, 15 техникалык
кызматкерлер эмгектенет жана 346 окуучу билим алат. “Найман” орто мектебинин үстүртөн
ремонту үчүн 2016-жылда
139100 (бир жүз отуз тогуз миң бир жүз) сом акча
каражаты бөлүнүп берилип, ремонт иштери жүргүзүлдү.Мектептин
айлана-чөйрөсүн тазалоо иштери жаз алдында мугалимдердин
жана окуучулардын жардамында аткарылды.Бир класска толугу менен стол ,стул, парталарын алып берүүгө
54000 сом бөлүнүп берилди. Мектептин экинчи этажындагы
айнек-терезелерин ондоп туруу, ремонт иштерин жүргүзүү
үчүн 24000 сомго курулуш шатысы (строй.леса) сатып алып
берилди.Мектептин жылытуу системасын бир аз үстүртөн
калыбына келтирүүгө
13 000 сом акча каражаты ажыратылып берилди. Быйылкы жылы
мектептин айнек-терезелерин пластик айнектерге алмаштыруу боюнча АРИС
Агенствосуна долбоор жиберилген, буюрса 2017-жыл ичинде аткарылуусу күтүлүүдө.
“Кылмыштуулуктун жана балдар арасындагы суициддин алдын алуу” темасында
“Найман” орто мектебинин мугалимдер жамааты, окуучулар, алардын ата-энелери,
имам, аксакалдар сотунун мүчөлөрү, аялдар кеңеши,
участкалык милиция жана айыл өкмөт
кызматкерлери менен биргеликте чоң жалпы жыйын өткөрүлүп,окуучуларга
жогорку деңгээлде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Найман айыл аймагына караштуу Улуу Тоо айылында “Улуу Тоо» толук эмес орто мектеби бар.Анда
9 мугалим, 5 техникалык кызматкер эмгектенип, 54 окуучу билим алат. Мугалимдердин стол,стулун,окуучуларга
парта, стулун жаңылоо максатында
жергиликтүү бюджеттен 39100 сом акча каражаты ажыратылып берилди.Ошондой
эле 27800 сомго окуучуларга 4 комуз жана 1 аккардион алып берилди. Мектептин ремонтуна 30400 сом
акча каражаты бөлүнүп берилип, үстүртөн
ремонт иштери жүргүзүлдү.Мектеп 1969-жылы курулуп,
азыркы учурда капиталдык ремонтту
талап кылып турат. 2017-жылга буюрса дем берүүчү гранттан
мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча
долбоорлор даярдалып бүттү, мектеп жаны окуу жылына даяр болот
деген үмүттөбүз.
Найман айыл өкмөтүндөгү музыкалык
мектепте 2 мугалим жана 2 техникалык кызматкер эмгектенет.Музыкалык мектеп
пианино жана комуз курстарынан сабак берилет, жакынкы убактарда бий курсун
ачуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Музыкалык мектептин бир кабинетине мүмкүнчүлүгү
чектелген бир кызыбызды жумуш менен камсыз кылуу максатында ксерокопия жана
интернеттен керектүү материалдарды даярдоо боюнча кызмат көрсөтүү
ачып берилди.
2016-жылда 270 аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык
паспорттор түзүлгөн. Райондук калкты ишке жайгаштыруу борбору менен биргеликте 30 жумушсуздар коомдук жумуштарга тартылып
, убактылуу жумуш орду менен камсыз
болушту. Найман айыл өкмөтүндө 121 пенсионер,
52 пособия 28 соц.пособие алуучулар бар.Алар пенсия, пособиелерин өз
убагында алып жатышат, бул багытта элдин арасында эч кандай нараазычылык жок.
Найман айыл өкмөтүндөгү
эң көйгөйлүү маселелердин
бири суу маселеси. Айылга сугат суу кирбегендиктен, мурда 8 скважина элди ичилүүчү
таза суу менен камсыз кылып турган.Союз бузулгандан кийин бардык скважиналар
иштен чыгып, жабылып турган. Бул багытта 2014-жылдан бери ар кандай
долбоорлор жазылып, окуулар уюштурулуп, элге тушундуруу иштери
жургузулуудо. Борбордук Азия боюнча суу Альянсы
коомдук бирикмесинин жардамында эки жыл бою акчалай жана материалдык
жардамдарды алдык, Найман айылынын 60
пайыз эли таза суу менен камсыз болуш керек.Бирок, элдин сууну үнөмдүү
пайдаланбагандыгынан жылда жаз, жай айларында суу тартыштыгы күчөп,
уруш-талашка чейин алып келет.Найман айылына сугат сууга улануу мүмкүн
эмес болгондуктан, эл скважинадагы
сууну сугат катарында пайдаланууга туура келет.2016-жылда «ООН Женщины»
уюмунун жана ПРООНдун долбоорлоруна
катышып, 2 скважинаны ондоп курдуруу
боюнча долбоорлор колдоого алынды, буюрса 2017-жыл ичинде аткарылат.
2016-жыл ичинде майрамдар өткөрүлүп, элди
маданий эс алуусуна түрткү берди. 2017-жылда да аткара турган иштер көп. -Эн биринчи Жаны Конуш көчөсүндөгү
дагы бир скважинаны ишке киргизүү -тратуарларды калыбына келтирүү -жалпы туалетти тазалатуу -долбоорлор менен иштешүү -суу тутукторун ондоо ж.б жумуштарды колго алалы деп турабыз.
Ушуну менен менин докладым аяктады, көңүл бурганыңыздар үчүн
рахмат! Найман айыл өкмөтүнүн башчысы: Р.Шамаева |
6 |
||||
|
||||
|
||||
Найман айылдык Ке?ешинин кенешинин кезектеги VI чакырылышынын IV сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Найман
айылы |
2 |
16.02.2017 |
||
|
Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылга киреше төлөмдөрү
боюнча расчетторду, женилдик алуучулар
боюнча сунушу, таштандылар боюнча жыйналуучу жыйымдын суммасы жана жердин
зоналык коэффиценттерин бекитүү
жөнүндө |
|||
Найман айыл өкмөтүнүн салык жана жыйымдар
боюнча жетектөөчү
адисинин 2017-жылга киреше төлөмдөрү боюнча
расчетторун, женилдик алуучулар боюнча сунушун, таштандылар боюнча жыйналуучу
жыйымдын суммасын жана жердин зоналык коэффиценттерин бекитүү жөнүндөгү
сунушун карап жана талкуулап, Найман
айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Найман айыл аймагындагы кожолуктар таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу
салыгы 75 (жетимиш беш сом) болуп бекитилсин. 2. Айыл чарба эмес багытындагы жер
салыгы Кз х 1,2 коэфициенти менен алынуусу бекитилсин. 3. Найман
айыл өкмөтүндө
женилдик алуучу кожолуктары; - 4 сотигине чейинки тамарка
салыгынан бошотулган көп балалуу
үй-бүлөлөр 14 кожолук болуп, суммасы
560 сом ; - I-топтогу майыптар 6 кожолук болуп, суммасы 240 сом - пенсионерлер
45 кожолук болуп, суммасы 1800 сом,
жалпы 2017-жыл
үчүн салыктар жана жыйымдардан жеңилдик алуучу 66
кожолук болуп, тамаркасы 2,6 га
болуп, суммасы 2600 сом
салык төлөмүнөн бошотулсун.
4.
Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу
Найман айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү
адисине милдеттендирилсин. 5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Найман айылдык төрагасы |
|
Ш.Эрматов |
||
|
|
|||
|
||||
Депутаттардын Найман айылдык
кеңешинин
кезектеги IV
сессиясынын №
IV-2 токтомуна тиркеме Найман айыл
аймагы боюнча 2017-жылга атуулдардан эсептелген таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салык боюнча РАСЧҢТУ
Найман айыл өкмөтүнүн
төрайымы:
Р.Шамаева Жооптуу катчы:
Д.Таирова ФЭБ башчы:
А.Балтабаев Кирешелер боюнча жетектөөчү
адистин убактылуумилдетин
аткаруучу: Н.Балтабаева
Найман айыл
аймагы боюнча 2017-жылга атуулдардан эсептелген жана жеңилдик берилген тамарка салыгы боюнча РАСЧҢТУ
Найман
айыл өкмөтүнүн төрайымы: Р.Шамаева Жооптуу
катчы:
Д.Таирова ФЭБ
башчы:
А.Балтабаев
Кирешелер боюнча жетектөөчү адис: М.
Анарбаева Найман
айыл аймагындагы 2017-жылга карата
айыл чарба эмес багытындагы жерлердин РАСЧҢТУ
Найман
айыл өкмөтүнүн төрайымы: Р.Шамаева Жооптуу
катчы:
Д.Таирова ФЭБ
башчы:
А.Балтабаев Кирешелер
боюнча жетектөөчү адис: М.
Анарбаева Найман айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү
фондунун жеринин жер салыгы
боюнча 2017-жылга карата РАСЧҢТУ
Найман
айыл өкмөтүнүн төрайымы: Р.Шамаева Жооптуу
катчы:
Д.Таирова ФЭБ
башчы:
А.Балтабаев Кирешелер
боюнча жетектөөчү адистин
убактылуу милдетин аткаруучу:
Н.Балтабаева Найман айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү
фондунун жеринин 2017-жылга карата ижара
акы боюнча РАСЧҢТУ
Найман
айыл өкмөтүнүн төрайымы: Р.Шамаева Жооптуу
катчы:
Д.Таирова ФЭБ
башчы:
А.Балтабаев
Кирешелер боюнча жетектөөчү адистин
Убактылуу милдетин аткаруучу:
Н.Балтабаева Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата ыктыярдуу патент салыгынын РАСЧЕТУ
Жалпысы
: 18 000 сом Найман айыл өкмөтүнүн
башчысы: Р.Шамаева Жоопту катчы: Д.Таирова Найман айыл өкмөтүнүн ФЕП башчысы: А.Балтабаев Кирешелер боюнча жетектөөчү
адис:
М. Анарбаева Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата кыймылсыз мулк салыгына РАСЧЕТУ
Жалпысы : 10010
сом Найман айыл өкмөтүнүн
башчысы: Р.Шамаева Жоопту катчы: Д.Таирова Найман айыл өкмөтүнүн ФЕП башчысы: А.Балтабаев Кирешелер боюнча жетектөөчү
адис:
М. Анарбаева Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата айыл чарба багытындагы жер салыгы РАСЧЕТУ
Жалпысы : 3115
сом Найман айыл өкмөтүнүн
башчысы: Р.Шамаева Жоопту катчы: Д.Таирова Найман айыл өкмөтүнүн ФЕП башчысы: А.Балтабаев Кирешелер боюнча жетектөөчү
адис:
М. Анарбаева Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы РАСЧЕТУ
Жалпысы : 24480
сом Найман айыл өкмөтүнүн
башчысы: Р.Шамаева Жоопту катчы: Д.Таирова Найман айыл өкмөтүнүн ФЕП башчысы: А.Балтабаев Кирешелер боюнча жетектөөчү
адис: М. Анарбаева |
7 |
||||
|
||||
|
||||
Найман айылдык Кенешинин кенешинин кезектеги VI чакырылышынын IV сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Найман
айылы |
6 |
16.02.2017 |
||
|
Кен байлыктарды
аныктоо үчүн геологиялык
изилдөө
иштерин жүргүзүүгө жер
аянтын убактылуу иштетүүгө берүү жөнүндө |
|||
Кыргыз
Республикасынын Жер кодексинин
28-3- статьясынын жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
менен бекитилген кен
байлыктарды иштетүүгө жер
аянттарын берүү жөнүндөгү п. 8
жобосун жетекчиликке алуу
менен, "Тянь Шань
Голд" жоопкерчилиги
чектелген коомго, Найман
айыл өкмөтүнө
караштуу 242 га жер
аянтын, кен байлыктарды
аныктоо үчүн геологиялык изилдөө иштерин
жүргүзүүгө убактылуу
иштетүүгө берүү максатында
Найман айылдык кенеши
|
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. "Тянь Шань
Голд" жоопкерчилиги чектелген
коомго кен байлыктарды аныктоо
үчүн
геологиялык изилдөө иштерин
жүргүзүүгө Найман
айыл өкмөтүнө караштуу
242 га жер аянты
убактылуу иштетүүгө берилсин. 2. Берилген жер
аянтына керектүү документерин даярдап,
келишим түзүү жагы
Найман айыл өкмөтүнүн башчысы
Р.Шамаевага тапшырылсын. 3. Ушул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
жер боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн. |
||||
Найман айылдык төрагасы |
|
Ш.Эрматов |
||
|
|
|||
|
||||