1 |
||||
|
||||
|
||||
Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы |
||||
Т О К Т О М |
||||
Найман айылы |
VI -1 |
|||
|
Найман айыл өкмөтүнүн
башчысынын 2017-жылдын 9 ай ичинде
аткарган иштерин бекитүү жөнүндө. |
|||
Найман айыл өкмөтүнүн
башчысынын 2017-жылдын 9 ай ичинде
аткарган иштери боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап , Найман айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын
9 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын(тиркеме тиркелет). 2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
Найман айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Найман айылдык Кенешинин төрагасы |
|
Ш.Эрматов |
||
|
||||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы |
||||
Т О К Т О М |
||||
Найман айылы |
VI -2 |
|||
|
Найман айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы кезектеги IV сессиясынын № IV-3 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө |
|||
Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун
негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамында көрсөтүлгөн
"Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын бюджеттик ыйгарым укуктары " деген 15-беренесине таянып
жана Найман айыл өкмөтүнүн бүгүнкү
абалын талкуулап,Найман айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Найман айылдык Кеңешинин
2017-жылдын 16-февралындагы кезектеги IV сессиясынын
№ IV-3 токтомуна
өзгөртүүлөр киргизилсин. 2.
2017-жылга Найман
айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары
69,0 миң
сомго өзгөртүү жагы
белгиленсин. 3.
2017-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1,2 тиркемеге ылайык аныкталсын. 4. Айыл өкмөттүн аймагындагы
мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо ,алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу,сарамжалдуу
пайдалануусун камсыз
кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын. 5. Ушул токтомдун аткарылышыни көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Найман айылдык Кенешинин төрагасы |
|
Ш.Эрматов |
||
|
||||
|
||||
3 |
||||
|
||||
|
||||
Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы |
||||
Т О К Т О М |
||||
Найман айылы |
VI-3 |
|||
|
Найман айыл өкмөтүндөгү салык жана жыйымдар боюнча Кыргыз Республикасынын Салык
Кодексинин киргизилген өзгөртүүлөрдүн
айрымдарын колдонууга киргизүү
жана айыл өкмөтүнөн
таштандыларды ташып чыгаруу үчүн
салыктын суммасын көтөрүү жөнүндө. |
|||
Найман айыл өкмөтүндөгү
таштандыларды ташып чыгаруу жылдан жылга оорлошуп, таштандынын көп
чыгып жаткандыгына байланыштуу,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 230
Мыйзамынын 12-1, 12-2 беренелеринин негизинде,ар бир кожолуктан таштандыларды
ташып чыгаруу үчүн салыктын суммасын карап жана талкуулап, Найман айылдык Кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Найман айыл аймагындагы кожолуктардан таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салыгы 100 (жүз сом) болуп бекитилсин. 2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Найман айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адисине жана финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө Найман айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Найман айылдык Кенешинин төрагасы |
|
Ш.Эрматов |
||
|
|
|||
|
||||