М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

19.06.2017

 Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын  2017-жылдын   6 ай ичинде аткарган иштерин бекитүү жөнүндө.

2.

2

19.06.2017

Найман айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде  социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик  текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө

3.

3

19.06.2017

Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын  бекилген жергиликтүү бюджетинен жылдыруу жөнүндө

4.

4

19.06.2017

Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинин  2018-2019-2020-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү болжолу  жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

V-1

19.06.2017

 

 Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын  2017-жылдын   6 ай ичинде аткарган иштерин бекитүү жөнүндө.

Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 6 ай  ичинде аткарган иштери боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап, Найман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 6 ай  ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматы  канааттандырарлык деп табылсын(тиркеме тиркелет).

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин тиешелүү  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Ш.Эрматов                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

V -2

19.06.2017

 

Найман айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде  социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик  текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча   аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттик текшерүү  Найман айыл өкмөтүндө жана анын карамагындагы бюджеттик мекемелерде болуп өттү.

             Айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин тууралыгын, мыйзамдуулугун жана нормативдик укуктук актыларга негизделгендигин аудиттик текшерүүдөн өткөргөндө, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун  негизги принциптери жөнүндөгү" мыйзамына таянып иш жүргүзүлгөндөгү белгиленген. Аудиттин жүрүшүндө жалпы айыл өкмөтү боюнча 59,8 мин сомдук финансалык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинде максатсыз чыгымдалган каражаттар 52,2 мин сом, жалданган жумушчулардан 1,5 миң сом киреше салыгы, 6,1 миң сом соцфонд төлөмдөрү кармалган эмес.

            Найман айыл өкмөтү боюнча бюджеттин аткарылышы жана чыгымдалышы (башчысы Р.Шамаева, ФЭБ башчысы А.Балтабаев) финансылык тартип бузуулардын суммасы 59,8 мин сомду түзгөн, максатсыз чыгымдалган каражаттар 52,2 мин сом, акы көрсөтүлгөн иштер үчүн соц.фондго 6,1 мин сом, подоход салыгына 1,5 мин сом кармалбаган. Текшерүү учурунда 59,8 мин сом  отчетко кириштелген жана башка  финасылык тартип бузуулар бүгүнкү күндө баары ордуна коюлган.

            Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы жетишпестиктерди карап чыгып, Найман айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу  мекеме ишканаларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджеттин киреше жана чыгаша  тарабын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына  негиздеп түзүп, бюджеттин эффективдүү жана үнөмдүү пайдаланышын камсыз кылуу үчүн бекитилген методикалык көрсөтмөлөр менен иш алып барууда  финансалык тартип бузууларга жол бергендиги эске алынсын.

2.         Эсеп-кысап  иштерин начарлатып жиберген Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы бюджеттик мекеме-ишканалардын башчыларына кемчиликтерди ушул жылдын 20-июнуна чейин четтетүү жагы жана мындан ары финансалык катачылыктарга жол бербөө боюнча иш-чара иштеп чыгып,анын үстүндө иш баруусу милдеттендирилсин.

3.         Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы киреше салыктын эсебине кошумча эсептелинген  1,5 мин сомду, соц.фондго кошумча чегерүү 6,1 мин сомду өндүрүүнү жана айыл өкмөттүндө түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдөн келишимдер менен жүргүзүлгөн жумуштардын эсеп кысабын көзөмөлгө алып жана мындан ары кошумча эсептөөлөргө жол бербөө боюнча иш-чараларды жүргүзсүн:

 

            -    бюджеттик каражаттарды максаттуу жана эффективдүү пайдалануу;

            -    эмгек акыларды эсептөөнү нормативдик актыларга жана тарификацияны  негиздеп эсептөө жана тарификацияны туура түзүү;

            -    кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысынан болгон дебитордук карыздарды өз убагында өндүрүү, ижарага берилбей калган жерлерди ижарага берүү боюнча иш-чара иштеп чыгуу;

           -    жогорудагы текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу менен бирге, мындан кийин финансалык катачылыктарга жол бербөөнүн үстүндө иш алып баруу жана аткарылган иштердин жыйынтыгын райондук финансы бөлүмүнө маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.

            4.  Айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө Найман айыл аймагында  бухгалтериялык эсептин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөп, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 192-П буйругуна негиз жаңы план счет менен баланс түзүүнү талап кылуу милдеттендирилсин. Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы көрсөтүлгөн дебитордук карыздардын бухгалтердик баланс отчетторуна кошулбаган суммаларды кошуп отчет түздүрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү, финансалык катачылыктарга мындан ары жол бербөө боюнча иш чара иштеп чыксын жана материалдык баалуулуктар боюнча жооптуу кызматкерлер менен өзгөчө иш алып баруу жагы жүктөлсүн.

            5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Ш.Эрматов                    

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

V-3

19.06.2017

 

Найман айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын  бекилген жергиликтүү бюджетинен жылдыруу жөнүндө

Найман айыл өкмөтүнүн  2017-жылдын бекилген жергиликтүү бюджетинин 70911-бөлүмдүн 3111 статьясына балдар бакчасынын долбоорунун өздүк салымына деп коюлуп калган  70,0 мин сом акча каражатын 70911-бөлүмүнүн 2215-статьясына бала бакчасын ремонт кылууга сметасын   даярдоо үчүн жылдыруу маселесин карап чыгып, Найман айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Найман айыл өкмөтүнүн  2017-жылдын бекилген жергиликтүү бюджетинин 70911-бөлүмдүн 3111-статьясынан 70,0 мин сом акча каражаты 70911-бөлүмүнүн 2215-статьясына жылдырылсын (тиркелет) .

 

2. Жогорудагы акча каражатын жылдыруу жумуштары Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Ш.Эрматов                    

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

V-4

19.06.2017

 

Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинин  2018-2019-2020-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү болжолу  жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин  2016-жылдын  29-декабрындагы № 213-П  буйругун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин  2017-жылдын  30-майындагы № 14-02-2/5930 катын, Ноокат райондук финансы бөлүмүнүн 2017-жылдын 5-июнундагы  №20 "2018-2020-жылдарга  бюджеттин болжолдуу долбоорун  даярдоо боюнча"  катын аткарууга алуу максатында Найман айылдык Кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардан келип түшкөн расчеттордун негизинде айыл өкмөттүн бюджетинин 2018-2020-жылдарга иштелип чыккан бюджетинин болжолу жактырылсын (тиркелет).

2. Жактырылган бюджеттин долбоорунун негизинде иш алып баруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү боюнча иштерди аткаруу Найман айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин бюджет  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Ш.Эрматов                    

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад