М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

20.06.2016

Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы №13 -токтомун бекитип берүү  жөнүндө

2.

2

20.06.2016

Найман айыл өкмөтүнүн ачык айкындуулук паспортун бекитүү жөнүндө

3.

3

20.06.2016

Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык  көчөсүндөгү С.Зулпукаарованын  менчигиндеги 2,5га жеринин  ичинен  0,5 га   жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык  Кенешинин кезектеги V чакырылышынын XXX сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

1

20.06.2016

 

Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы №13 -токтомун бекитип берүү  жөнүндө

 Найман айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2016-жылдын 16-июнундагы №3 протоколунун негизинде кабыл алынган Найман айыл өкмөтүнүн  2016-жылдын 17-июнундагы  №13 токтомун карап чыгып,талкуулап Найман айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы кабыл алынган №13  "Конкурстун жеңүүчүсү Абдрахманов Муктар Абжалиевичке Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 14,30,32-беренелеринин негизинде  айыл өкмөттүн муниципалдык менчиктеги 8,00 га айыл-чарбасына ыңгайсыз жер  аянтын кайрадан калыбына келтирүү үчүн ижарага берилген" токтому бекитилсин.

2.         Ажыратылган жер аянтын максаттуу пайдалануусу жана салык төлөмдөрүн өз убагында төлөп туруусу жер ээсине милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Найман айылдык   төрагасы 

 

Ш.Эрматов

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык  Кешинин кенешинин кезектеги V чакырылышынын XXX сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

2

20.06.2016

 

Найман айыл өкмөтүнүн ачык айкындуулук паспортун бекитүү жөнүндө

Найман айыл өкмөтүнүн бардык керектүү маалыматтарын камтыган,ачык айкындуулук паспортун заседаниеде карап чыгып, талкуулап бекитүү максатында:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Найман айыл өкмөтүнүн бардык маалыматтарын камтыган ачык айкындуулук паспорту бекитилсин.

2.         Ачык айкындуулук паспортунун кемчилдиктерин оңдоп,маалыматтарын толуктоо жагы Найман айыл өкмөтүнүн жооптуу                 катчысы Д.Таировага милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Найман айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына  тапшырылсын.

Найман айылдык   төрагасы 

 

Ш.Эрматов

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык  Кешинин кенешинин кезектеги V чакырылышынын XXX сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

3

20.06.2016

 

Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык  көчөсүндөгү С.Зулпукаарованын  менчигиндеги 2,5га жеринин  ичинен  0,5 га   жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө

Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык көчөсүндөгү С.Зулпукаарованын менчигиндеги 2,5 га жеринин  ичинен 0,5 га   жер аянтына  кароосуз калган жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген  балдар үйүн куруу үчүн Ноокат районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2016-жылдын 8-июнундагы №90/16 корутундусунун негизинде   Найман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык көчөсүндөгү С.Зулпукаарованын менчигиндеги 2,5 га жеринин  ичинен 0,5 га   жер аянтынын  багытын өзгөртүп  кароосуз калган жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген  балдар үйүн куруу үчүн берилсин.

2.         Карылар жана кароосуз калган балдар үйүн куруу үчүн багытын өзгөртүүгө  берилген жер аянтын максаттуу пайдалануу жана салыктын бардык түрлөрүн убагында айыл өкмөтүнө төлөп туруу жагы С.Зулпукааровага милдеттендирилсин.

3.         Багытын өзгөртүү үчүн берилген жер аянтына керектүү документтерин даярдап берүү жагы Ноокат районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана Ноокат районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Найман айылдык кеңешинин жер  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Найман айылдык   төрагасы 

 

Ш.Эрматов

 

 

Назад