Мирмахмудов айылдык округунун  кеңешинин V  шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясы

 

Т О К Т О М

Чапаев айылы

4-6

13.05.2013

 

Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө

Кыргыз Респбуликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигинин, «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык –аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүкүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет» деп көрсөтүлгөндүгүнө негиз жогорудагы маселени угуп жана  талкуулап Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.       Айылдык кеңештин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.

2.      Айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилде которбой Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

А.Мирмахмудов айылдык                                       кеңешинин төрагасы:

 

 

Ш.Гафаров

 

 

Назад