Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчишайланган) кезектеги төртүнчү сессиясынын 2021-жылдын 17-июлундагы № 4-10 токтомуна тиркеме
Кызыр-Ата СПА сынын 2021-жылдын
1-жарым жылдыкта аткарган жумуштары жөнүндө маалымат.
Кызыр-Ата суу пайдалануучулар ассосациясы
2002-жылы уюшулган. Тейлеген аймагы 1566,5 га сугат жер аянты бар. Ар бир
гектар жерге 800 сомдон төлөшөт. “Белорусь-82-1”
трактор-эксковатор техникасын иштетебиз. Кызыр-Ата СПАсынын карамагында же
сугат сууну айдоо аянттарына жеткирүү үчүн 17,3 км
узундуктагы каналдарды тейлейбиз жана ушул каналдар аркылуу сугат суулар эгин
аянттарына жеткирилип берилет. Быйылкы сугат мезгилинде СПА райондук суу чарба
башкармалыгынан суунун литрин 3 тыйындан
сатып алабыз деп дыйкандарга беребиз. Райондук суу чарба башкармалыгы менен
Кызыр-Ата СПАсынын ортосунда 0,652м куб
сугат суу алып, ал 188,478 сом акча төлөшүбүз керек.
2021-жылдын июнь айы үчүн эле күнүнө 1000 литрден
суу чарба башкармалыгына буюртма бергенбиз. Июнь айына 71134 сом болду. Азыркы
күндө да 1000 литр суубуз бар. Элге сугат суу кеңири эле
жетип жаткандай. Суу киргенге чейин кыйналдык. Ремонт иштери жыйналган акча
каражаттары тартыш болгондуктан толук кандуу аткара албай калдык, мүмкүн
күздө аткарылып калаар. 17.3
км каналдын 10% га жакыны гана латок. Ал
да колдонуудан чыгып калган, суунун жоготуусу 20-30 % га чейин болуп жатат.
Трактордун кредити жылына 184 000
сом, ар бир кварталга 46 000 сомдон төлөшүбүз
керек. Бүткүл дүйнөлүк банктан 50*50% долбоору
менен келген.
Ар бир каналда бирден мураб бар.
“Данги” каналында Арынов Ташполот,
“Сөгөт” каналында Аманбаев Жеңиш, “Шамай” каналында
Сатыев Жаркынбай, “Борко”
каналында Мурзаев Сакымамат. Келишимдин негизинде апрель, май, июнь, июль,
август, сентябрь айларында жалданма жумушчу катары убактылуу иштешет.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы
К. Заирова