_________________________________________________________________________________

 

 

   Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  5  чи чакырылышынын

                                     кезексиз 24 чү  сессиясынын

 

                                       Т О К Т О М У     № 24--1

« 18 » июль 2015-жыл.                                                                                 Кызыл-Булак айылы

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айлыгынын аткарылышы боюнча маалыматы жөнүндө

 

 

 

 

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2015-жылдын 6 айлыгынын аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

 

 

                                  Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

 

1.      Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун 2015-жылдын 6 айында аткарган иш аракеттери канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

 

 

 

 

 

 

                      Т.Кулатов атындагы айылдык

                     Кенештин төрагасы:                                                   А.Ажибаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чара планынын аткарылышы жөнүндө

Маалыматы:

Биздин Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 20-мартындагы «Жергиликтүү мамлекеттин администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын жооп керчилигин жогорулатуу жөнүндөгү чаралары» жөнүндөгү указынын негизинде жана Кыргыз Өкмөтүнүн 1996-жыл 24-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарына айыл өкмөтүн түзүү» жөнүндөгү №187 токтомун ишке ашыруу максатында 1996-жылы июнь айында Төрөбай Кулатов атындагы айылдык кеңешинин базасында биздин Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтү түзүлгөн.

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтү чыгыш тарабынан Көк-Жар, түндүктөн Төөлөс, батыштан Ынтымак айыл өкмөттөрү менен ал эми Түндүк-батыш тараптан Баткен облусунун Кызыл-Кия шаары менен чектешет. Климаты кескин континенталдуу жайы ысык, кышы өзгөчө суук, жеринин рельфиаралаш, Айыл өкмөтүнүн маданиятынын, социалдыка балынын жана экономикасынын өнүгүшүнө жер шартынын географиялык абалына ыңгайлашкан.

Т. Кулатов атындагы  айыл өкмөтү Ноокат районунун борборунан 45км, ал эми Ош облусунун борборунан 90км аралыкта түндүк батыш тарабында жайгашкан.

Айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 28323 чарчы км түзөт Т. Кулатов атындагы айылдык аймагында курамында каттоодон өткөн беш айыл: «Кожо-Арык», «Кош-Дөбө», «Ак-Чал», «Кызыл-Булак», «Баглан» айылдары кирип, жалпы калкынын саны-19036 адам  жашайт, кожолук саны 3454. Айыл өкмөтүнүн калкынын эркектери-9447 аялдары-9589 түзөт ал эми улуттук курамы боюнча негизинен кыргыздар жашайт.

       Бүгүнкү күндө биздин айылдын аймагында-билим берүүчү орто мектеп,-1 толук эмес орто мектеп, 2 балдар бакчасы, 1- борборлоштурулган оорукана, -1./й-бүлөөлүк даарыгерлер тобу,-5 ФАП, 1-Маданият үйү.-1 клуб, 1-Спорт комплекси,-2-Китепкана, 1 музей жана башка кайра иштетүү боюнча чакан цехтер элге кызмат кылууда.

 

      Т. Кулатов айылдык аймагы жаратылыш кен байлыктарына өтө бай айылдык аймак болуп саналат атап айтсак көмүр, Извесиняк, Гипс, Уран, Алтын, Кумуш, Сымап ж.б.

Жогорудагы  кен байлыктардан азыркы учурда биздин айыл өкмөтүнө эң чоң пайда берип жатканы курулуш материалы болуп саналган  цементин  негизин  түзгөн извесняк болуп саналат.

Ошонун негизинде биздин айылдык аймакта жабык типгеги акционердик коому «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ишканасы курулуп анын натыйжасы менен биздин айыл өкмөтүнүн бюджети көбөйүп 2015-жылы айыл өкмөтүнүн бюджети план боюнча  32 млн.897 300 сом болсо 6 айлык план 8млн. 790600 сомго ашыгы менен аткарылды.

2015-жылдын 6 айындагы салыктар жана жыйымдардын топтолушу тууралуу маалымат:

1.Ижара КБФ- план 262,4 аткарылганы -252,8

2. Жер салыгы план-298,3 аткарылганы 389,7

3. Айыл чарба эсем багыт.жар салыгы план 670,0 аткарылганы-645,8

4.Тамарка салыгы план-228,0 аткарылганы- 197,3

5. Кыймылсыз мүлккө салык план-152,0 аткарылганы-148,2

6. Кыймылдуу мүлккө салык план-353,8 аткарылганы 342,2

7.Ыктыярдуу патент план-289,1 аткарылганы-325,8

8. Милдеттүү патент план-16,6 аткарылганы-8,5

9. Таштанды салыгы план- 156,0 аткарылганы – 346,3

Жалпы салык түрлөрү боюнча 6 ай ичинде 109,5 % аткарылды.

    Бюджет боюнча маалымат

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү негизинен агрардык айыл өкмөтү болуп эсептелет, айыл-чарбасы биздин экономикабыздын негизин түзөт.

Жалпы айыл-чарба багытындагы жерлер – 18 403 га,

Анын ичинен жалпы айдоо – 2741 га.

Анын ичинен:

- сугат – 1023,

- кайрак 1718,

-көп жылдык бак– 141 га.

Жалпы жайыт – 120 158 га.

Анын ичинен:

 -жакынкы – 7 348 га,

алыскысы – 4 687 га.

Калктуу конуштар – 0,45 га,

Жана башка жерлер – 2 561 га,

Саздак жерлер – 11 га,

кустарниктер–248 га.

Кайра бөлүштүрүү фондунун жана үлүштүк жерлердин бөлүнүшү жөнүндө айта турган болсок.

Т,Кулатоватындагы айылдык аймагында жалпы КБФ жерлери– 684 га

Анын ичинен:

- айдоосу – 647 га

- суулуу – 278 га

- кайрак – 369 га

- бак – 37 га

Элдин үлүштүк жерлери:

Бардыгы: 2194 га

Айдоосу: 2094 га

Аныничинен:

Суулуусу: - 745 га

Кайрак–1349 га

Бак – 98 га

 

ü  2015-жылга эпизоотиялык ветеринардык иштерди аткаруу боюнча маалымат:

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында 1.01.2015-жылга карата:

4179 баш кара мал

7019 баш кой

5315 баш эчки

798 баш жылкы

                    7426 баш үй канаттуулары

177 баш эшек

700 баш ит-мышык

катталган. Бул малдарды эпизотиялык ооруларга каршы ветеринардык кызмат көрсөтүүдө эки ветсервис «Абшыр-Ата» жана «Кызыл-Булак» жана бир уйларды жасалма жол менен куудуруу  пункту иштөөдө. Аларды төрт ветеринардык адис тейлөөдө- эки жогорку жана эки атайын орто билимдүү адистер.

            Айыл өкмөтүнүн аймагында эпизоотиялык иш-планга негиз жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында: Сибирь жарасы ооруусуна каршы 173 баш жылкы, 5978 баш кой эчки, шарп (яшур) оорусуна  4108 баш кара мал, карасанга 2864 баш кара мал,  оспага (чечек) оорусуна каршы 2981 баш кой эчки, чумага оорусуна 7953 баш тоок, кутурма оорусуна 217 баш ит мышык Фациллез (боор курт), диктекауллез,дикроцеллез жана башка паразитардык ооруларга каршы ар квартал сайын 500 баш кара мал, 4720 баш кой эчки дегелминтизациядан өткөрүлдү.

 

 

 

ü  Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жөнүндө:

            Биздин айылдык аймакта жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жаатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылып келүүдө:

            Алты ай ичинде биздин айылдык аймагыбызда 400 дана алма,1600 түп терек, 400 түп роза гүл көчөтү отургузулду. .Андан тышкары айыл өкмөтүндөгү бардык мектептерге жалпы суммасы 240 000 сомдук ар түрдүү көчөттөр алынып берилди. 

             

             

ü  Социалдык тармактар боюнча:

2015-жылга  карата айылдык аймактын калкынын саны 19036 адамга жетип, былтыркы жылга салыштырмалуу 414 адамга көбөйгөн. Жарандык абалдын актылары боюнча 6 ай ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүк 270 ге жетип, былтыркы жылга салыштырмалуу  6 наристеге көп төрөлгөн.Атайын мамлекеттик каттоодон өткөн никеге турган жаш үй-бүлөлөрдүн саны 91,ал эми өлгөндөрдүн 48 адамды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 8 адамга аз катталган. Бул болсо калкыбыздын санынын жылдан жылга өсүп, экономикабыз жакшырып бара жаткандыгынын белгиси.

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө жогорку органдардан келген буйруктар жана токтомдор мыйзамдар укуктук ченемдик актылар өз убагында аткарылууда.2015-жылы айыл өкмөтүнө жогорку органдардан 54 буйрук, 19  токтом жана 275 каттар келип катталып жалпысынан бары аткаруруга алынган.

2015-жылдын 6 айында айыл өкмөтүнөн 137 буйрук,74 токтом чыкты,ал эми башка жактарга 492 кат жиберилди.

Ал эми айылдык Кенештин 4 сессиясын өткөрүп, айылдык кенештин депутаттары кабыл алган 27 токтомду Ош облустук юстиция башкармалыгынан өткөрүлдү.

2015-жылы айыл өкмөтүнө жалпысынан 384 арыз катталган, анын ичинен 161 арыз материалдык жардам сураган, 121 арыз жер маселеси боюнча, ал эми 102 си мекеме ишканалардан келип түшкөн.Ушул күнгө чейин элдерге үй-бүлөсү тууралуу 7154 аныктама берилди.

 

Ø  Билим берүү тармагында аткарылып жаткан иштер:

            Биздин айылдык аймагыбызда 10 мектеп, анын ичинен 8 орто мектеп, 1 толук эмес мектеп, 1 лицей бар.

            Алардын ичинен 9 мектеп биздин жергиликтүү бюджеттен каржыланса, 1 лицей республикалык бюджеттен каржыланат.

Мындан сырткары айылдык аймакта эки балдар бакчасы да бар. Айылдык аймактагы мектептерге жана балдар бакчаларына айыл өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүлүп келүүдө.

 Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен  мектептердин ремонтуна жана башка иштерине  төмөндөкүдөй акча каражатын сарптады.

Ø  2015-жыл үчүн Т.Бекиев атындагы орто мектепке бастырма куруу үчүн 486 000 сом ;

Ø  2015-жыл Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин айланасынын тосмосуна 443 000 сом;

Ø  2015-жыл үчүн К.Колдошов атындагы орто мектебинин ашканасын курууга 463 000 сом;

Ø  2015-жыл Т.Айбашов  атындагы орто мектебине суу түтүкчөлөрүн киргизүү үчүн 175 000 сом;

Ø  2015-жыл Кулуштан орто мектебинин спорт аянтчасына 400 000 сом;

Ø  2015-жыл Баглан орто мектебинин тосмосун курууга 292320 сом;

Ø  Арык-Тейит-нуру балдар бакчасына долбоордун негизинде 152 000 сом;

Ø  Кудайбердиев атындагы лицейдин туалетин куруу үчүн 250 000 сом;.

 

 

ü  Социалдык жактан коргоо жана камсыздоо багытында:

1. Жөлөк пул чегерүү жөнүндө социалдык маселелер боюнча комиссиясы 10 жолу отурум өткөзүп 276 үй-бүлөнүн арызы каралды. 209 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жөлөк пул чегерүү боюнча  токтом кабыл алынып, алардын тийиштүү документтерин толтурулду жана Ноокат райондук мамлекеттик өнүгүү башкармалыгына сунуш кылынды.

2. Арыз менен кайрылган жардамга муктаж адамдардын арыздарын кароо боюнча социалдык маселелер боюнча комиссиясы 11  жолу отурум өткөзүп, жардам көрсөтүү боюнча 11 токтом кабыл алынды.

3. Социалдык коргоо статьясынан 151 000 сом бөлүнүп анын ичинен:

А). Балдар күнүнө  30.000 (отуз миң) сом, демөөрчүлөрдөн 20800 (жыйырма миң сегиз жүз сом) жалпы 50800 акча каражаты жумшалып, ата-энесинен ажыраган жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына 300 сомдон акча таркатылып берилди.

Б) 20 000 сом Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине, ЧАЭС тин катышуучуларына 10 000 сом.

В) 44 000 сом арыз менен кайрылган жарандарга, калганы кургак учук менен ооругандарга жана Жети Өгүз пансионатына дарыланууга жол кире.

4. Энелер күнүнө 10.000 (он миң) сом жумшалды.

5. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 25 окуучу Чыңгараев атындагы лагерде эс алып келишти.

6. Тылда эмгектендерге 114 ардагерге 400сомдон 45 600 сом таркатылып берилди.

7. Мавлянова Махабаттын мектеп окуучуларына берген 100.000 сом стипендиясы мектептерге бөлүнүп берилди.

8. 173 400 сом резервдик фонддон арыз менен кайрылган жарандардын маселелерин чечүүгө  бөлүнүп берилди   

 

ü  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Экономиканы бекемдөө жылына» карата аткарылган иштер.

Кожо-Арык, Апшыр-Сай айылдарындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Шайбеков Орозмат көчөсүнө,Кызыл бөлүмүндөгү ички көчөсү менен Т.Имаров көчөсүнө,Абшыр-Сай бөлүмүнүн ички көчөлөрүнө шагал төшөлүп берлиди.Абшыр-Сай аялдамасы курулуп берилди.Шаран-Сай бөлүмүнө 50 м d 220,Бөкөмбаев атындагы орто мектебине 8 м d220 труба орнотулду.Шаран-Сай селканасына 150 даана габион сетка тизилип бүттү.Абшыр-Сай айылынын жашоочуларына суу алып өтүү үчүн 400 м d 110 шлангасы коюулуп берилди.Ал эми Кайрагач бөлүмүнө кетүүчү канады 700 метр талап бердик.

             Ак-Терек, Кош-Дөбө айылындарында 35 метр аралыкка труба койулду.Кош-Дөбө айылынын жамаатына 22 000 (жыйырма эки мин) сомдук стол жасатып берилди.Ал эми меморандумдун негизинде селкана тазаланды.

 

 Ак-Чал айылынын Кайрыма жаны конушунун жолун суу жеп кеткендигине байланыштуу арматуура төшөп бетондолду жергиликтүү бюджеттен 35 000 сом акча каржаты жумшалды..Кышкы мезгилде Ак-Чал айылынын үстү жагынан өтүүчү Ходжа каналы каттуу сууктан ташкындап кеткендигине бюайланыштуу 300 метр аралык тазаланды.Арык-Тейит балдар бакчасына 2 КАМАЗ таза шагал жана 16 метр 200 мм.труба жана 2 тонна цемент берилди.Арык-Тейит мечитине жана Т.Айбашов орто мектебине өтүүчү ички арыкка 12 мерт 300 мм труба алынып келинип коюлду.

Ак-Чал, Сарыбай айылдарына 43 метр 220 мм труба алынып келип койдуруп бердик. Март айында Кызыл-Булак айылынын Тилла-Сай селканасы 2 жолу «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомунун жардамы менен 470 метр аралык тазаланды.Ак-Чал айлынын жаштарынын демилгеси менен курулуп жаткан, волейбол аянтчасынын тосмосуна 2 тонна цемент берилди.Ак-Чал, Тилла-Сай айылдарына 2 аялдама курулду.

Кызыл-Булак,Баглан, Таш-Булак айылдарына Алтын Чайкаган айылына 1 трансформатор орнотулду.Таканай айылына бир темир труба орнотулду. Куумайдан жаны конушуна каналдан суу алуу үчүн 12 метр темир труба орнотулуп берилди. Алтын Чайкаган жаны конушуна 1000 метр электр чубалгысы берилди. Куумайдан айылына 90 орундуу балдар бакчасы тендерден өтүп курулуш иштери башталган.  Куумайдан айылына 1 темир труба орнотулуп берилди.Таканай айылына 1 аялдама курулду. Куумайдан айылына 1 аялдама курулду. Баглан айылында дрендерге 2 жерге темир-бетон трубалар орнотулду.Баглан айылындагы ФАПтын айланасы 44 метр темир тосмо  менен тосулду.Таш-Булак айылынын ФАП ка туалет курулду.Таш-Булак айылынын чөгүп бараткан ички жолуна шагал төшөлүп, арыктар бетондолду.Таш-Булак айылынын ички 1000 метр жолуна шагал төшөлдү.Баглан мектебинин тышын кайрадан шыбап, ремонттолду.Таш-Булак айылына 1 аялдама курулууда.Таш-Булак айылынын жолуна грейдер салынып тегизделди.Таш-Булак айылында Кулуштан орто мектебинин спорттук аянтчасын куруу иштери башталды.Таш-Булак айылынын ички жолдорунун 3 жерине 5 метрлик темир труба орнотулду.Баглан мектебинин айланасы темир тосмо менен тосулду.

ü  Маданият тармагы боюнча:

            Айыл өкмөтүндө мааданият тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чара иштелип чыгып, ал иш-чара планды аткаруу боюнча 2015-жылда төмөнкүдөй иштер аткарылды:

            8-март аялдардын Эл аралык майрамын уюштуруп өткөрүүдө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 60 миң сом акча каражаты ажыратылып, айыл өкмөтүндөгү баатыр энелерге, айыл өкмөтүндө мурда иштеп, айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө салым кошкон жана айыл өкмөтүнүн коомдук иштерине активдүү катышкан аялдарга «Адахан» кофесинде сыйлуу тамак берилип, алардын маанайын көтөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери концерт уюштуруп өткөрүштү.

            21-март Нооруз майрамына карата айыл-айылдарда ар тараптуу кароо сынактар, ыр кеселер уюштурулуп, элдик көркөм өнөр ээлерин тартуу менен өткөрүлдү. Андан тышкры кароо сынактарда улуттук кийимдерге жана улуттук тамак-аштарга көңүл бөлүндү.Бул ишти ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 120 000 (бир жүз жыйырма ) миң сом бөлүндү.

Улуу жеништин 70-жылдыгына карата 4 согуштун ардагерлерине жергиликтүү бюджеттен 10 000 (он мин) сомдон, ал эми 114 ооруктагыларга 400 (төрт жүз ) сомдон берилди.Ошондой эле согушта курман болгондорго арналган меморалдык комплекстин ачылышы болуп, келген конокторго ысык тамак уюштурулду.

20-май Энелердин күнүн салтанаттуу белгилеп өткөрүү максатында айыл өкмөтүндөгү «Ардактуу энелерди» «Сахаба» эс алуу жайына алып бардык. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен 10 миң сом акча каражаты сарпталды.

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө коомдук уюмдар менен иштөө жакшы жолго коюлган. Айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борбору түзүлүп, борбор кылмыштын алдын алуу багытында жана кылмышты болтурбоо максатында иш-чара түзүп, ал иш-чараны аткарууга алууда коомдук уюмдар менен бмргеликте иш жүргүзүп келүүдө, бул иште жаштар коммитети, аялдар кеңеши,АДКлар, аксакалдар кеңеши, айрыкча аксакалдар соту Камчыев Кушбак төрагалыгында мактоого арзырлык иштерди жасашты. 2015-жылда31 18 жазуу жүзүндөгү айыл өкмөтүнүн жарандарынын арыздары аксакалдар сотунда каралып, адилеттүү чечилип берилди.

ü  Инвестиция тартууда да айылдык аймагыбызда сезилерлик алдыга жылууулар болду.

 

1.      Арык-Тейит-нуру балдар бакчасына долбоордун негизинде 150 000 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 152 000 сом бөлүнүп берилди.

2.      Ал эми ПРООН долбоору менен биргеликте маалымат технологиялык борборуна орг.техника алуу үчүн 120 000 сом ПРООН долбоорунан каржыланды.

3.      Социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен учурдагы оор турмуштук кырдаалда калган балдарды жана үй-бүлөлөрдү убактылуу психикалык жактан колдоо максатында долбоордун негизинде 1 млн. сом бөлүнүп берилди.

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл

өкмөтүнүн башчысы:                                                              Н.Мадимаров.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


                                                    

 

 

_________________________________________________________________________________

 

 

   Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  5  чи чакырылышынын

                                     кезексиз 24 чү  сессиясынын

 

                                       Т О К Т О М У     № 24--2

« 18 » июль 2015-жыл.                                                                             Кызыл-Булак айылы

 

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча 6 айда аткарган иштеринин маалыматы жөнүндө 

 

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча 6 айлыгынын аткарылышы жөнүндөгү маселе айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

                                  Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

 

2.      Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин 2015-жылдын 6 айлыгынын киреше жана чыгаша бөлүктөрү  боюнча аткарган иш аракеттери канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

 

3.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

                      Т.Кулатов атындагы айылдык

                     Кенештин төрагасы:                                                   А.Ажибаев.

 

 

 

 

Т . Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  бюджеттик комиссиясынын 2015-жылдын 6 айында киреше жана  чыгаша бөлүгү жөнүндө

 

 

ПРОТОКОЛУ

 

Кызыл-Булак айылы                                                                            «_15__»__07__ 2015 ж.

 

1.Катышкандардын саны  5

2.Кун  тартибинде  каралуучу  маселелер:

 

 Т.Кулатов айылдык округунун экономика, бюджет жана ишкердүүлүк боюнча  комиссиянын  төрагасы Ж.Нарматов  ачты.

 

    Урматуу  отурумдун катышуучулары, Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше  жана чыгаша бөлүгүнү  аткарылышын талкулоо  жана айыл өкмөтүнө  караштуу  айылдардан келген арыз даттанууларбоюнча .

     Бугунку отурумга Н.Мадимаров айыл өкмөтүнүн башчысы,  айыл  кенештин экономика, бюджет жана ишкердуулук боюнча комиссиясынын мүчөлөрү жана айыл  округунун аппараттын кызматкерлери катышууда:

Т.Кулатов айыл  округунун  туруктуу бюджеттик  комиссиясы 2015-жылдынг 6 айында   акча каражатын  экономика, бюджет жана ишкердуулук боюнча  комиссиянын  көрсөтүлгөн  токтому менен бекитилсин.((Тиркеме тиркелет)

 

Бүгүнкү отурумда  кун тартибиндеги экинчи маселедеги каралуучу жергиликтүү бюджеттен 4 кварталдан  каралган суммадан 3 кварталга жылдыруу жагы  Ноокат райондук  финансы бөлүмүнөн суралсын жана жергиликтүү бюджеттен эконом болгон  статьялардан төмөнкүлөргө акча каражаты каржылансын.

 

  1. Муратов Жумандын кайрылган  арызын эске алып  жергиликтүү бюджеттен 50,0 мин сом акча каражаты  бөлүнүп берилсин

 

  1. Бурханов Мамазаирге кайрылган  арызын эске алып айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттен 50,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Рысов Эркинге  кайрылган  арызын эске алып айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттен 10,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Каримова Айнура    кайрылган  арызын эске алып айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттен 10,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Жунусали уулу Баяманга кайрылган  арызын эске алып айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттен 10,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
  2.  Калган  сураныч каттар менен  кайрылган  арыз даттануулар 2015-жылдын  9 айында  кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен каржылансын.  

 

 

                                                                           

 

Урматтуу отурумдун  катышуучулары:

     Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн экономика, бюджет жана ишкердүүлүк боюнча  комиссиянын  күн тартибинде коюлган маселелер каралып тиешелүү чечимдер кабыл алынып бүтүп  жана отурумдун   өтүшү боюнча кимде кандай ой пикир, сунуштар бар.

Жогоруда айтылган ой-пикир, сунуштарды угуп жана талкуулап  отурумдун жыйыны кезектүү жергиликтүү кеңешинин сессиясына

  

                                  

 

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

 

1.                              Т.Кулатов айыл  округунун  туруктуу бюджеттик  комиссиясы 2015-жылдынг 6 айында түшкөн акча каражатын  экономика, бюджет жана ишкердуулук боюнча  комиссиянын  көрсөткөн токтому менен бекитилсин.

 

2.                              Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов  айыл  өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов  айыл  өкмөтүнүн  финансы жана экономика  бөлүмүнө  тапшырылсын.

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл кеңешинин

Экономика,  бюджет жана ишкердүүлүк 

комиссиянын торагасы :                                                                         Ж.Нарматов

 

 

 

мүчөлөрү;                                                                          

                                                                                              М.Мурзаев

 

                                                                                              Б.Топчубаев

 

                                                                                              З.Рахманкулов

                                                                                             

А.Каратаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


__________________________________________________________________________________

 

 

   Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  5  чи чакырылышынын

                                     кезексиз 24 чү  сессиясынын

 

                                       Т О К Т О М У     № 24--3

« 18 » июль 2015-жыл.                                                                                 Кызыл-Булак айылы

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы клубдун атыны көп жыл эмгек кылып, элге эмгеги синген Имарова Тургундун ысмын коюу жана ошол жерге бюстун орнотуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө.

 

 

 

            Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин депутаттарынын сессиясында элдик жамаатын жыйынын  жана жер комиссиясынын протоколдорунда айтылган ой-пикир сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы

 

                                               Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы клубка көп жыл элге эмгеги синген, айылдык Кенештин эки жолку төрайымы болгон Имарова Турдунун ысмы берилсин.

 

  1. Кожо-Арык айылындагы клубдун кире беришиндеги түндүк тарабынан Имарова Турдунун бюстун коюу үчүн 4 ч.м жер аянтын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин  жер аянтарна менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

                Т.Кулатов атындагы айылдык

                Кенешинин төрагасы:                                          А.Ажибаев.

 

 

    Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылындагы

                     өткөрүлгөн жамааттык чогулуштун

 

                                      Токтому

 

 

 

16.07.2015-жыл                                                        Кожо-Арык айылы

 

Чогулушка катышкандар:                    Айылдык Кенештин депутаты 

                                                                   Рустамов К

                                                                   Жамаат башчысы Жороев М

 

                                                                   Жамаат тургундары; 61 адам

 

 

Кун тартибиндеги каралуучу маселе:

 

1.Айылдын тургуну коомдук ишмер Имарова Тургундун айкелин

   тургузуу жөнүндө.

 

        Угулду:  Имарова Тургундун небереси Акматалиев Нургазы жамаатка кенири баяндама берди.

        Урматтуу чогулуштун катышуучулары менин чон энем Имарова Тургун жөнүндө жакшы билесиздер. Бул киши айылда эмгек жолун мугалимдик кесип менен баштаган. Андан кийин коомдук иштерге активдуу катышып, ферме балдар бакчасынын мудуру болгон. Акыркы жылдары селсовет болуп бир канча жыл иштеген . Айылдын жакшы өнүгүшүнө элдердин бирдиктуу ынтымактуу жашоосуна салымын кошкон.Мен сиздерден суранат элем энем Имарова Тургундун айкелин өзү жашаган жерине тургузуу үчүн колдоп берүүнүздөрдү суранам.

Жарыш созго чыккандар: Кожо-Арык айылынын аксакалы Мурзакулов Камбар атанын созу: ушул жерде олтурган жамааттын тургундары биз баарыбыз Тургун эне жөнүндө жакшы билебиз. Тургун эне экинчи Уркуя Салиевадай деп эсептеймин. Бул кишинин  эмгектери өз айылынын жакшы түптөлүшүнө адамдардын бирдиктуу ынтымактуу болуп жашоосуна түрткү болгон, оозго аларлык иштерди жараткан. Тургун эненин эмгектерин биздин балдарыбыз жаш муундар толук билип тарбия алыш керек. Тургун эненин балдары, неберелери эн жакшы идеяны баштаптыр. Мен толук кошулуп колдоймун айылдын аксакалы Жороев Зулпукаардын сөзү: Камбар аксакал тура сөздү айтты . Бүгүнкү жасаган иштер эртен өнүп өсүп келе жаткан жаш муундарга тарых . Алардын эл үчүн келечек үчүн жасаган эмгектери биздин келечек муундарга сабак тарбия болуш керек. Менин сунушум Имарова Тургундун айкелин өзүбүздүн Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн көрүнүктүү жерине орнотуу керек. Жарыш созго чыккан айылдык Кенештин депутаты Рустамов Кенеш төмөнкүлөргө токтолуп кетти.

     Урматтуу жыйындын катышуучулары мен Имарова Тургун эненини ушунчалык көптөгөн эмгектерин бүгун билип кенири маалымат алдым. Мен сиздердин сунушуздарды айылдык Кенештин сессиясына киргизип карап берүүгө анын үстүнөн чыгууга аракет кыламын.

 Жарыш сөзгө чыккандар: ардагер мугалим Мурзакматов Аваз, Абдираимов Мамыт, Турдубаева Раимберди аксакалдар сүйлөшүп айтылган сунушту толугу менен колдошуп чогулушка катышкан жамаат дагы бир добуштан толук колдошту.

 

Жогоркулардын негизинде жамааттык чогулуш угуп жана талкуулап

 

                               Токтом  кылат:

 

1.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы

Н. Мадимаровко, айылдык Кенештин депутаттарына

Т. Имарованын айкелин тургузуу үчүн клубдун алдынан жер көрсөтүп берүү жагы суралсын.

 

2.      Ушул ишти аткаруу жана көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин депутаты Рустамов Кенешке милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Чогулуштун төрагасы:                                 Райкулов Т

 

Чогулуштун катчысы:                                 Акматалиева  Г.

 

 

 

 

 


 

 

 

 

 

 

 

                         Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин 5 чи чакырылышынын

                                                                 кезексиз 24 чү сессиясынын

 

                                                                   Т О К Т О М У

 

     18-июль 2015-жыл.                                     № 24-4                                           Кызыл-Булак айылы

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына балдар бакчасын куруу үчүн каралган жердеги тыттарды алуу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын арызын канааттандыруу максатында айылдык кенешинин жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү комиссиясынын протоколун угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы

                                            Т О К Т О М       К Ы Л А Т:

 

  1.  Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылындагытыт бактан балдар бакчасын куруу үчүн 0,60 га жер аянты мыйзам чегинде ажыратылып берилсин.

 

  1. Балдар бакчасын куруу үчүн жер аянтын тактап,тыт бактагы кургап калган бак-дарактарды кыйдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын Ноокат, Араван райондору боюнча башкармалыгынан суроо жагын айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба , суу , жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

Кенештин төрагасы:                                            А.Ажибаев.

 

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясынын отурумунун

 

                                                   ПРОТОКОЛУ  4.6

Кызыл-Булак айылы                                                                 30-февраль 2014-жыл.

 

Отурумга катышкан комиссиянын мүчөлөрү:

Комиссиянын төрагасы: М.Разаков-айылдык кенештин депутаты.

Катчысы: А.Жээнбаева-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.

мүчөлөрү:

Н.Мадимаров- айыл өкмөт башчы

Г.Абдуллаев- айыл өкмөтүнүн жер адиси

Р.Жунусов-айылдык кенештин депутаты

К.Рустамов- айылдык кенештин депутаты

Ш.Ахмедов-айылдык кенештин депутаты

Боркош уулу Д- айылдык кенештин депутаты

К.Камчиев-аксакалдар сотунун төрагасы

Ж.Паязов-Кожо-Арык айылынын айыл башчысы

Ө.Чодонова- Ак-Терек, Кош-Дөбө айылдарынын айыл башчысы

К.Маткаримов-Баглан, Таш-Булак, Кызыл-Булак айылдарынын айыл башчысы

Г.Абдуллаев-Ноокат райондук архитектурасынын жетектөөчү адиси

А.Ысманалиев-Ноокат райондук кыймылсыз мүлктөргө каттоо башкармасынын жетектөөчү адиси

Ж.Дарбишев-Ак-Чал айылынын жамаат башчысы

 

Күн тартибинде каралуучу маселе:

  1. Ак-Чал айылына балдар бакчасын  жана спорт аянтчасын, социалдык обьектилерди курууга жер ажыратуу жөнүндө.

 

Биринчи сөздү: Т.Кулатов айылдык кенештин депутаты жер боюнча комиссиясынын төрагасы, Ак-Чал айылынын жашоочусу Разаков Матусман төмөнкүлөргө токтолду.

      Ак-Чал айылынын жашоочулары Ак-Чал айылына бала-бакча жана спорт аянттарын курууга айыл өкмөткө 180 адамдын колу коюлган арыз менен кайрылышкан. Бул арызды канааттандыруу үчүн жер комиссиясы Ак-Чал айылынын түндүк-батыш тарабындагы көп жылдык бак-дарактар жайгашкан жер аянты кайсы категорияда турарын тактоо үчүн Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасына Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-мартындагы № 135 каты менен кайрылганда алардын 2014-жылдын 31-мартындагы № 153-катында, № 3982 контурда 0,92 га калктуу конуш, № 3983 контурда 0,69 га калктуу конуш, № 3984 контурда 1,30 га калктуу конуштун жерлери болуп катталгандыгын көрсөтүшкөн. Анын ичинен 0,40 га жер аянтын балдар бакчасы үчүн 0,40 га жер аянтын спорт аянтчасын куруу үчүн калган 1,10 га жер аянтын социалдыкобьеттерди куруу үчүн калтырылсын.

      Андан кийин жарыш сөзгө Ак-Чал айылынын тургуну Камчыев Мамашарип чыгып, азыркы мезгилде союз бузулуп бала-бакчалар кыскарып, жерлер калбай жаны бала-бакча куруу үчүн ушул тыт бактагы калктуу конушка калтырылган жерге бала-бакча, спорт аянтчасын, социалдык обьектерин курсак болот.

      Андан кийин сөзгө айылдык кенештин депутаттары Базарбаев Нурали, Рахманкулов Заман Ак-Чал айылынын жашоочуларынын 180 адамдын колу менен кайрылган арызын колдойбуз жана Ак-Чал айылына бала- бакча курууга 0,40 га жер аянты жана спорт аянтчасын курууга 0,40 га жер аянты жана социалдык обьекттер куруу үчүн 1,10 га жер аянты калтырылсын деген ой пикирлерди айтышты.

      Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып

 

                                             Чечим кылат:

 

  1. Аныкталган Ак-Чал айылына караштуу № 3982 контурдагы 0,92 га калктуу конуш, № 3983 контурдагы 0,69 га калктуу конуш, № 3984 контурдагы 1,30 калктуу конуштардан Ак-Чал айылына балдар-бакча куруу үчүн 0,40 га спорт аянтчасын куруу үчүн 0,49  га жана социалдык обьектерди курууга 1,10 га жер аянтын ажыратып берилсин.

 

 

 

  1. Ушул чечимди бекитип берүү жагы маселесин айылдык кенештин кезектеги сессиясына сунушталсын.
  2. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу,жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына калтырылсын.

 

 

Комиссиясынын төрагасы: М.Разаков

Катчысы:                               А.Жээнбаева.

мүчөлөрү:                               Н.Мадимаров

                                                Г.Абдуллаев

                                                Р.Жунусов

                                               К.Рустамов

                                               Ш.Ахмедов

                                               Боркош уулу Д

                                               Камчиев К

                                              Ж.Паязов

                                              Ө.Чодонова

                                              К.Маткаримов

                                              А.Закиров

                                              А.Ысманалиев

                                             Ж.Дарбишев