Дата публикации 04.07.2015

 

М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

26-1

22.05.2015

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын  18-майындагы №142-катын кароо тууралуу

2.

26-2

22.05.2015

 

№413-Көк-Жар шайлоо участкасынан шайланган депутат Козуев Калык  Эгемкуловичтин депутаттык мандаты тууралуу

3.

26-3

22.05.2015

 

Көк-Жар айыл аймагындагы балдар бакчаларынын билдирүү каттары тууралуу

4.

26-4

22.05.2015

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылга проектиси жана 2017-2018- жылдарга карата болжолу жөнүндө

5.

27-1

01.06.2015

 

Шайлоого карата Көк-Жар айыл аймагына  жолугушууга келген саясий партиялардын өкүлдөрүнө шарт түзүү,алардын жарнама-лык көрнөктөрүн орнотууга уруксат берүү жана ижарага берүү жөнүндө

 

 

 

 

Жалпы токтом 5, тиркемелери 0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

26-1

22.05.2015

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын  18-майындагы №142-катын кароо тууралуу

Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын сессияда айткан ой-пикир,сунуштарын угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-майындагы жазган №142-каты колдоого алынсын

2. Көк-Жар айыл аймагындагы айылдарда, деградацияга учураган жер аянттары тактоого алынсын

3. Бириккен Улуттар Уюмунун (ООН) азык-түлүк программасынын негизинде ФАО долбоору аркылуу быйылкы жылдан баштап,Көк-Жар айыл аймагында, деградацияга учураган жерлерди, калыбына келтирүү максатында жаңы бактарды тигүү боюнча иш чаралар уюштурулсун жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын

4. Токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө аламын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

26-2

22.05.2015

 

№413-Көк-Жар шайлоо участкасынан шайланган депутат Козуев Калык  Эгемкуловичтин депутаттык мандаты тууралуу

Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын өткөргөн кеңешмесиндеги чечимин угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 24-апрелиндеги №9-токтому аткарууга алынсын

2.  Көк-Жар айыл аймагына караштуу №413-Көк-Жар шайлоо участкасынан шайланган депутат Козуев Калык Эгемкулович муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу,арызына негиз депутаттык мандатын тапшырууга макулдук берилсин жана кийинки добушту көп алган талапкерди тактап берүү жагы Ноокат АШКнан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Исаковго тапшырылсын.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

26-3

22.05.2015

 

Көк-Жар айыл аймагындагы балдар бакчаларынын билдирүү каттары тууралуу

Сессияда айтылган ой-пикир, сунуштарды угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Жар айыл аймагындагы «Алашан Келечеги», балдар бакчасына ремонттоо иштери үчүн,айыл өкмөтүнө түшкөн кошумча кирешелердин эсебинен,мыйзам чегинде акча каражаты каралып берилсин.

 

2.         Ремонттоо иштерине кеткен материалдык чыгымдарды эсептеп анын болжолдуу сметасын бухгалтерияга тапшыруу жагы,»Алашан Келечеги» балдар бакчасынын жетекчиси Ы.Шамаевага тапшырылсын.

 

3.          «Шүүдүрүм» балдар бакчасына жаңыдан эки тайпа ачуу үчүн аларга толук шарт түзүүгө (эл.энергиясы,көмүр,тамак-аш) айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча кирешелердин эсебинен каралсын.

 

4.         Каралган акча каражаттарын мыйзам чегинде бөлүштүрүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

26-4

22.05.2015

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылга проектиси жана 2017-2018- жылдарга карата болжолу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы №103-б буйругун,Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 23-мартындагы №29-01-1-2878 катын,Ноокат райондук финансы бөлүмүнүн 2015-жылдын 24-апрелиндеги №21-«2016-2018-жылдарга бюджеттин долбоорун сапаттуу даярдоо жөнүндөгү» катын аткаруу максатында депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айыл аймагындагы мекеме-ишканалардан келип түшкөн расчеттордун негизинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга проектиси жана 2017-2018-жылдарга иштелип чыккан болжолу жактырылсын.

2. Жактырылган бюджеттин долбоорунун негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү боюнча иштерди аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына,тиешелүү кызматкерлерине жана киреше бөлүгү боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

27-1

01.06.2015

 

Шайлоого карата Көк-Жар айыл аймагына  жолугушууга келген саясий партиялардын өкүлдөрүнө шарт түзүү,алардын жарнама-лык көрнөктөрүн орнотууга уруксат берүү жана ижарага берүү жөнүндө

Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын сессияда айткан ой-пикир сунуштарын угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Шайлоо боюнча келген өкүлдөрдүн эл менен болгон жолугушуусу үчүн стадион,маданият үйү,мектептер жана башка обьектилер айыл өкмөтүнүн келишимине негиз,3000-5000 сомго чейин ижара акы төлөө менен берилүүгө макулдук берилсин.

2. Көчө бойлоруна жарнамалык щиттерди стандарттык өлчөмгө ылайык,айыл өкмөтү менен келишимге негиз орнотууга уруксат берилсин.

3. Жайыттан пайдалануучу жерлерге ар кандай жарнамалык сөздөрдү жазууга тыюу салынсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад