Дата публикации 06.05.2015

 

М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

25-1

16.04.2015

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-апрелиндеги “Көк-Жар айыл аймагынын Улуу-Тоо участкасындагы жайыт жеринен 26(жыйырма алты) га жер участкасын трансформациялоо жөнүндөгү” №115 катын кароо жөнүндө

2.

25-2

16.04.2015

 

Көк-Жар жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин 2015-жылга карата түзгөн  бюджетин бекитүү тууралуу.(тиркеме)

3.

25-3

16.04.2015

 

АРИСтин айылдарды инвестициялоо  долбооруна катышу үчүн Көк-Жар айыл  өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын  токтомундагы сунуштарын кароо жөнүндө

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы токтом 3, тиркемелери 1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

25-1

16.04.2015

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-апрелиндеги “Көк-Жар айыл аймагынын Улуу-Тоо участкасындагы жайыт жеринен 26(жыйырма алты)га жер участкасын трансформациялоо жөнүндөгү” №115 катын кароо жөнүндө

“Кыргыз цемент” ЖЧКсынын Көк-Жар айыл аймагынын Улуу-Тоо участкасынан цемент иштеп чыгаруучу завод куруу үчүн 30 (отуз) га жер участкасын өндүрүштүк тармакка ажыратып берүү жөнүндөгү катын, “Кыргызмамжердолбоор” ишканасынын 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 293 катындагы маалыматтарды, Түштүк аймактык топурак агрохимиялык лабараториясы тарабынан берилген 2015-жылдын 10-апрелиндеги №193 корутундуну жана ушул маселе боюнча Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-апрелиндеги катын карап чыгып, Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айыл аймагынын Улуу-Тоо участкасынын жайыт жерлеринин “Кыргызмамжердолбоор” ишканасынын 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 293 катында көрсөтүлгөн контурларынан 26 (жыйырма алты) га жер участкасын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын,транспорттун,байланыштын,коргоонун жана башкалардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Жогорудагы асылдуулугу төмөн деп табылган жайыт жерлеринин максаттуу багытын которууга (трансформациялоого) байланышкан тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын “Жер участкаларын трансформациялоо жөнүндөгү” Мыйзамдарына ылайык Көк-Жар айыл аймагына караштуу Улуу-Тоо участкасынан 26(жыйырма алты) га асылдуулугу төмөн деп табылган жайыт жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын,транспорттун,байланыштын,коргоонун жана башкалардын жерлери” категориясына которуп (трансформациялоо) берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

4. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл округунун Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга түзүлгөн

Бюджетинин долбоору.

Чыгымдардын статьялары

Саны

Айына(сом)

Суммасы(сом)

Суммасы

(сом)

1

Ж.П.Бнин төрагасынын эмгек акысы

1

4000

44000

 

2

Ж.П.Бнин эсепчисинин эмгек акысы

1

3500

38500

 

3

Инспекторлордун эмгек акысы

2

3500

56000

 

4

Жайыттарды жакшыртууга

 

 

122030

 

5

Жер салыгы

5460

13,21

72116

 

6

Соц фондко эмгек акыдан

 

 

23900

 

7

Налог с прадаж

 

 

12200

 

8

Сапардама чыгымдары

 

 

10000

 

9

Транспорттук чыгымдарга

 

 

20000

 

10

жана башка чыгымдар

 

 

10000

 

 

Бардыгы

 

 

408446

 

 

Малдын түрү

Саны

Которуу коэфценти

Ш.М.Б.

Ар бир башка (сом)

Сумма (сом)

1

Кара мал

1684

1

1684

119

200396

2

Жылкыга

150

1

150

119

17850

3

Кой

3800

0,2

760

30

114000

4

Эчкиге

595

0,2

119

90

53550

5

Кошумча каражаттар

 

 

 

 

22650

 

Бардыгы

6229

 

2713

 

408446

 

 

Эсепти түзгөн: М. Осмонов

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

25-2

16.04.2015

 

Көк-Жар жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин 2015-жылга карата түзгөн  бюджетин бекитүү тууралуу

Көк-Жар айылдык кеңешинин сессиясында айтылган ой -пикир сунуштарды угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 408 446 (төрт жүз сегиз миң төрт жүз кырк алты)сом болуп бекитилсин.

2. 2015-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышында максаттуу пайдалануу жагы, Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Карабаевге жана башкы эсепчи М.Осмоновдорго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

25-3

16.04.2015

 

АРИСтин айылдарды инвестициялоо  долбооруна катышу үчүн Көк-Жар айыл  өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын  токтомундагы сунуштарын кароо жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын протоколундагы сунуштарды угуп жана талкуулап, депуттатардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. АРИСтин айылдарды инвестициялоо долбооруна катышуу үчүн Көк-Жар айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын сунуштары бекитилсин.

 

  1.  Көк-Жар айыл өкмөтү боюнча айылдардагы проблемалуу маселелер боюнча иш кагаздарын даярдап АРИСге тапшыруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

  1.  Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад