Көк-Бел айылдык Кеңешинин этика комиссиясынын депутаттардын жүрүм турум этикасы боюнча түзгөн жобосу.

 

1.     Депутаттар, жергиликтүү Кеңештин сессиясына, туруктуу ,убактылуу комиссияларынын жыйналыштарына катышып жаткан адамдар  жүрүм турум этикасынын эрежелерин сактоого тийиш.

2.     Сүйлөп жаткан учурда одоно, шылдың иретинде айтылган сөздөрү колдонууга болбойт.

3.     Мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, кимдин гана  болбосун дарегине негизсиз жала жабууга жол берүүгө укугу  жок.

4.     Талкууланган маселенин темасынан чыгып кетип, башка темада сөз сүйлөөгө болбойт.

5.     Мындай жоболорду бузган  учурда, сессиянын төрагасы чыгып сүйлөөчү тарапка  эскертүү  берет.

6.     Регламенттин талабын кайталап бузган учурда төрага, регламенттин  талабын бузган депутаттын сөз сүйлөөсүн токтотуу жөнүндө маселени добушка коюуга укуктуу жана ал регламентти бузган депутат сөз сүйлөө укугунан ажыратылат.

7.     Сессия учурунда депутаттар кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарий берүү (пикир айтуу) жана башка ушул сыяктуу аракеттер аркылуу чыгып сүйлөгөндөрдүн   баяндоосуна  же угузуусуна жолтоо болгон аракеттерди жасабоого милдеттүү.

8.     Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар төрагалык кылуучунун уруксаты жок жергиликтүү Кеңештин ,анын органдарынын ишине  кийлигишүүгө,  сөз  сүйлөөгө, билдирүү жасоого, өз пикирин айтууга, комментарий берүүгө укугу жок.

9.     Сессия учурунда депутаттардын жана катышып отурган адамдардын уюлдук телефондору өчүрүлүүгө  же  үнсүз режимге которулууга милдеттүү.

10.  Эгерде депутат регламенттин тартиптерин бузса, ага  эскертүү берилет, тартипке чакырылат.

11.  Төрт жолу жергиликтуу Кенештин  сессияларына жүйөөлүү себептерсиз катышпаган, ошондой эле туруктуу (убактылуу)  комиссияларга,   жергиликтүү Кеңештин иш чараларына туруктуу түрдө катышпаган депутаттын маселесин кароо боюнча тийиштуу чечим кабыл алуу  үчүн этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга сунуш берилет.

12.  Шайлоочуларга отчет  бербеген депутаттар жөнүндө маалымат жергиликтүү Кеңештин сессиясында жарыяланат.

13.  8-1-статья. Депутаттык этика.

Депутаттын өз ишинде моралдын  жалпыга таанылган  ченемдерин  карманууга, өз беделин сактоого, башка  депутаттардын,  башка кызмат адамдарынын жана жарандардын  ар намысын жана беделин сыйлоого, тиешелүү жергиликтүү Кеңешти, шайлоочуларды жана  бүтүндөй мамлекетти жаманатты кылган аракеттерден,  билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш.

 

Депутаттык мандатты жеке максаттарда пайдаланууга жол берилбейт.

Депутат оз ишинде Депутаттык этика кодексинин талаптарын карманат.