М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

17-1

31.01.2019

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндө.

2.

17-2

31.01.2019

Кеңеш айыл аймагынын айылдык  кеңешинин иш-планын бекитүү.

3.

17-3

31.01.2019

Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан  калдыгын 2019-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу

4.

17-3/1

31.01.2019

Социалдык  жардамга муктаждуулардынарыздарын  канааттандыруу тууралуу

5.

17-4

31.01.2019

АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган техниканын  андан ары туруктуу иштеп кетүүсүн камсыздоо боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиянын курамын  бекитүү тууралуу

6.

17-5

31.01.2019

Кеңеш айыл аймагынын  Куу-майдан айылындагы Медересе калктуу конушуна балдар бакчасын курууга уруксат берүү   тууралуу 

7.

17-6

31.01.2019

"АРИС" долбоору аркылуу Куу-майдан айылына курулуучу ветеринардык сервиске жер ажыратып берүү тууралуу.

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

17-1

31.01.2019

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндө.

             Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан Кеңеш айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин мазмуну менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жеригилктүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145-токтому менен бекитилген Типтүү келишимге ылайык   Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.(келишим тиркелет).

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

17-2

31.01.2019

Кеңеш айыл аймагынын айылдык  кеңешинин иш-планын бекитүү.

   Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн түзүлгөн иш-планын      талкуулап Айылдык кеңештин   Регламентинин 3-бөлүмүндөгү айылдык      кеңештин ишинин жалпы тартибине ылайык Кеңеш   айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)

2.         Иш-планда кабыл алынган маселелер  тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

ТИРКЕМЕ №2

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

17-3

31.01.2019

Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан  калдыгын 2019-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2019-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу  "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровдун  жана ФЭБнүн   А.Мадраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 16-главасынын  78-беренесинин 2,3-пункттарына ылайык   Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2019-жылга карата №1-тиркемеге ылайык  бөлүштүрүлүп бекитилсин.

2.         Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ЖПБне АРИСтин долбоору аркылуу айыл аймагына ветеринардык сервис куруу үчүн өздүк салым үчүн 500,0 миң сом, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине кошумча айлык акы үчүн 150,1 миң сом соц фондго 25,9 миң сом бөлүнүп берилсин.

3.         Бөлүнгөн акчаны каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М               

ТИРКЕМЕ №3

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

17-3/1

31.01.2019

Социалдык  жардамга муктаждуулардынарыздарын  канааттандыруу тууралуу

    Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын  бюджетине эски жылдан  калган калдыктан  социалдык  жардамга муктаждуулардын арыздарын канааттандыруу  максатында Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын  бюджетинин калдыгынан  калган 

     суммадан   социалдык жактан коргоого карата   169,0 миң сом акча 

     каражаты бөлүнүп, бекитилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражаты төмөндөгүдөй суммада  тизмедеги  атуулдарга 

     бөлүштүрүлүп   берилсин:

*   Бекенов   Абдилла            7000сом

*  Мамаева  Асел             5000 сом

*  Матмуратов  Айылчы             8000сом

*  Ырысбаева  Курманай      30 000сом

*  Абылов    Жумабек          10 000сом

*  Абдрахманова Азада      5000 сом

*  Абдуллаева  Калыя    1000сом

*  Арипова   Жанара      1000сом

*  Калыкова Күмүш         1000сом

*  Маткеримова Мыскал    1000сом

*  Абдылдаева Мастура     1000сом

*  Ысакова Сүтүян              1000сом

*  Жамгырчыева  Мастура     1000сом

*  Эшенкулова Бегай             1000сом

*  Айдаралиева  Мамагүл   1000сом

*  Арзыбаева   Малике    1000сом

*  Тешебаева Асал             1000сом

*  Кадырова Айымкан     1000сом

*  Атабекова  Нуркан        1000сом

*  Дүйшөбаева үрү    1000сом

*  Кудайбердиева Гүлай    1000сом

*  Оморалиева Максуда   1000сом

*  Асанова  Марпат          1000сом

*  Кудайбердиева Минавар   1000сом

*  Бердибекова Абыдахан    1000сом

*  Балдарды коргоо күнүнө карата  25 миң сом

* Улгайган  адамдарды колдоого 30миң сом

*  Майыптар  күнүнө   муктаждарга      30 000сом

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык , маданий, билим берүү, 

    миграция    жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  

    Матисаков    Абдыкалыкка   тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

17-4

31.01.2019

АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган техниканын  андан ары туруктуу иштеп кетүүсүн камсыздоо боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиянын курамын  бекитүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган техниканын  андан  ары туруктуу иштеп кетүүсүн камсыз кылуу үчүн жумушчу комиссия түзүү керектүүлүгү тууралуу маселени   угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын  4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун 5-пункутчасына    ылайык   Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган техниканын  андан ары туруктуу иштеп кетүүсүн камсыз кылуу үчүн төмөндөгүдөй курамда жумушчу комиссия түзүлүп бекитилсин.

      Кудайназаров Н-бюджеттик комиссиянын төрагасы

      Жороев Н-айылдык кеңештин депутаты

      Карыбеков Н-жайыт комитетинин төрагасы

      Мадраимов А-ФЭБнүн башчысы

      Мамашарип уулу Д-айылдык кеңештин депутаты.

2.         АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган техниканы иштетүүнүн жобосун иштеп чыгуу жана жобонун негизинде тарификациясын иштеп чыгуу жагы комиссиянын курамына милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

17-5

31.01.2019

Кеңеш айыл аймагынын  Куу-майдан айылындагы Медересе калктуу конушуна балдар бакчасын курууга уруксат берүү   тууралуу 

Куу-майдан айылындагы Медересе калктуу конушуна курулуучу балдар бакчасына уруксат  берүү тууралуу маселени угуп жана  талкуулап  Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын  4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун 5-пункутчасына  ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Куу-майдан айылындагы Медересе-2 көчөсүнүн сол тарабында жайгашкан мамлекеттик каттодо Н;5-05-07-1001-0680-коду менен катталган  0,25 га бош жаткан жерге  балдар бакчасын  салууга уруксат берилсин жана муниципалдык менчикке алынсын.

2.         Балдар бакчасын салууга керектүү  иш кагаздарын бүтүрүү  жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ж.Маматалиевке жана айыл башчысы  К.Асамидиновко милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

17-6

31.01.2019

"АРИС" долбоору аркылуу Куу-майдан айылына курулуучу ветеринардык сервиске жер ажыратып берүү тууралуу.

"АРИС" долбоору аркылуу Куу-майдан айылына курулуучу Ветеринардык сервиске кантора салуу учун жер ажыратып берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап   Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын   4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун 5-пункутчасына  ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Куу-майдан айылындагы Эки-тал калктуу конуштагы атайын социалдык обөектилер үчүн калтырылган  жерден  0,16 га  жерине ветеринардык сервис салууга уруксат берилсин жана муниципалдык менчикке алынсын.

2.         Ветеринардык сервиске канторасын  салууга керектүү  иш кагаздарын бүтүрүү  жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ж.Маматалиевке жана айыл башчысы  К.Асамидиновко милдеттендирилсин.