М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

16-1

17.12.2018

Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетин  бекитип берүү жөнүндө

2.

16-2

17.12.2018

"Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2019-жылга айылдык бюджети жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү  жөнүндө"

3.

16-3

17.12.2018

Айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин жана жеңилдик алуучулардын салыгынын өлчөмүн бекитүү тууралуу

4.

16-4

17.12.2018

    Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын  бекитүү тууралуу.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

16-1

17.12.2018

 

Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетин  бекитип берүү жөнүндө

Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүктөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын 4-беренесине таянып Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 268,0 сомго, чыгаша бөлүгү 268,0 сомго бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

 

2.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы  Карыбеков Нурланга жүктөлсүн.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

16-2

17.12.2018

 

"Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2019-жылга айылдык бюджети жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү  жөнүндө"

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2019-жылга каралган айылдык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "КыргызРеспубликасынын  2019-жылга республикалык  бюджети жана 2020-2021 -жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. КыргызРеспубликасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" № 101-Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктунун 2-пункчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин  78-беренесине  ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2019-жылга Кеңеш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  16481,9  мин сом өлчөмүндө  бекитилип:

               2019-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана                                                      

               чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

2.         Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.         Жыл ичинде киреше булагына өзгөртүүлөр киргизилиши сунушталсын. (№2 тиркеме) 

4.         Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун           

негизги көрсөткүчтөрү № 3,4 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

      Кирешенин болжолу 2020-жылга  17119,4 мин сомго (республикалык бюджеттен                            алынуучу гранттар 8167,8 мин сом менен) жана 2021-жылга 17431,8  мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 7656,2  мин  сом менен) белгиленсин.

5. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.

6.    Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

7.  Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

8. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.       

9.  2019-жылдын 1-январына айылдык бюджетти боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.

10.  Айыл өкмөтүнүн башчысы  төмөнкүгө укуктуу:

-  Ушул токтомдун   1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;  

 - ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

-  киреше бөлүгүнөн  белгиленген пландан ашыкча түшкөн  каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

11. 2019-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан  ашыкча аткарылышынан  түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү  жана  өзгөртүү  киргизүү  айылдык  Кенешке  ыйгарылсын.

13. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык  негиздерин  чындоо, алардын финансалык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

14.   Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү  14269,5 мин сомго, чыгаша  бөлүгү  12951,3 мин сомго же кирешенин чыгашадан 1318,2  мин сомго артыкчылыгы менен  аткарылгандыгы  № 5,6 тиркемеге ылайык белгиленсин.

15.   Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровко тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

16-3

17.12.2018

 

Айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин жана жеңилдик алуучулардын салыгынын өлчөмүн бекитүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Кадырбердиевдин Айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин жана жеңилдик алуучулардын салыгынын суммасын бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнө жана КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын  4-главасынын 31-беренесинин  2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагында зоналдык коэфициент К-З -1,0   өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.         Кеңеш айыл өкмөтү боюнча 2019-жылга карата физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы 927 кожолуктун 148,20 га жер аянтынан 148,200  сом өлчөмүндө жеңилдик берилсин.

 

3.         Таштанды ташып чыгаруу жыйымынын ставкасы 100 сом өлчөмүндө  бекитилсин.

 

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

 

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

16-4

17.12.2018

 

    Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын  бекитүү тууралуу.

Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын  бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын  4-главасынын 31-беренесинин  13-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата калктын саны 15 миңден ашкандыгына байланыштуу  штаттык түзүмүнүн саны төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:: башчы-1, орун басар-1, жооптуу катчы-1, ФЭБнүн башчысы-1, башкы адис-5, жетектөөчү адис-5, адис-2, айыл башчы-4, ВУС-4, кенже тейлөөчү кызматкер-1 жана техникалык тейлөөчү кызматкер -2  болуп бардыгы 27  штаттык саны бекитилсин.

 

2.         Бекитилген штаттын түзүмүн жана санын сактоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад