М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

12-1

04.07.2018

Айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуштарын кароо тууралуу

2.

12-2

04.07.2018

 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө"

3.

12-3

04.07.2018

Куу-майдан айылындагы эски тери цехтин ордуна терини кайра  иштетүүчү кичи ишкана курууга уруксат берүү тууралуу

4.

12-4

04.07.2018

Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин тизмесин бекитүү тууралуу

5.

12-5

04.07.2018

Эски тоют көмүүчү чункурунун ордуна элдердин

мөмө-жемиштерин сактоочу муздаткыч курууга

уруксат берүү тууралуу

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

12-1

04.07.2018

Айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуштарын кароо тууралуу

Айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында сунуштаган почта менен кампанын ортосундагы 90,0 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчикке алуу менен аукцион аркылуу ижарага берүү тууралуу маселесин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын  4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун 5-пункутчасына  ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү бюджетти көтөрүү максатында сунуштаган  маселеси жактырылсын.

2.         Почта менен кампанын ортосундагы 90,0 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчикке алынып, убактылуу пайдалануу үчүн аукцион аркылуу ижарага берүүгө уруксат берилсин..

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

12-2

04.07.2018

 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө"

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга багытталган  муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мызамын, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрин түзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 03-июнундагы №302 Токтомун, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы 03-сентябрындагы №603 Токтомун аткаруу максатында, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттаын иштеп чыгуу боюнча нускаманын негизинде, ошондой эле "Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү коомчулугунун Уставын" жетекчиликке алуу менен Кеңеш айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Муниципалдык кызматкөрсөтуулөрдүн кошумча тизмеси бекитилсин (№1 тиркеме).

2.         Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесинин көргөзүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин (№  2,3,4,5,6,7,8,9,10,11 -тиркемелер)

.

3.         Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

4.         Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөөсүн өзүмө калтырам.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

ТИРКЕМЕ №1

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

12-3

04.07.2018

Куу-майдан айылындагы эски тери цехтин ордуна терини кайра  иштетүүчү кичи ишкана курууга уруксат берүү тууралуу

Куу-майдан айылынын 9-контурунда жайгашкан эски тери цехтин ордуна терини кайра иштетүүчү кичи ишкана куруу тууралуу айыл башчынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын  4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун 5-пункутчасына  ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Куу-майдан айылындагы эски тери цехтин ордуна терини кайра иштетүүчү кичи ишкана курууга уруксат берилсин.

2.         Кичи ишкананын ордун тактап,  жерин өлчөп ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

12-4

04.07.2018

Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин тизмесин бекитүү тууралуу

 Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн  талапкерлердин тизмесин  карап чыгып,  талкуулап   Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 6-бөлүмүнүн  47-беренесинин 10-пунктуна жана  4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 17-пунктуна  ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн  талапкерлердин тизмеси жактырылсын жана бекитилсин. (тизме тиркелет) .

2.         Сунушталган талапкерлердин документтерин тактап БШКнын аймактык өкүлүнө тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы адиси М.Осмоновко тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы  Ташполот уулу Б жүктөлсүн.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

ТИРКЕМЕ №2

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

12-5

04.07.2018

Эски тоют көмүүчү чункурунун ордуна элдердин

мөмө-жемиштерин сактоочу муздаткыч курууга

уруксат берүү тууралуу

Куу-майдан айылынын малкана участкасындагы эски тоют көмүүчү чункурдун ордуна элдердин мөмө-жемиштерин сактоочу муздаткыч курууга уруксат берүү тууралуу айыл башчынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын  4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун 5-пункутчасына  ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Куу-майдан айылындагы эски тоют көмүүчү чункурдун ордуна элдердин мөмө-жемиштерин сактоочу муздаткыч курууга уруксат берилсин.

2.         Муздаткыч курууга ажыратылган жерди  тактап,   өлчөп тартып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине жана куу-майдан айылынын айыл башчысына  милдеттендирилсин.