М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

03.04.2018

Ош шаарындагы таштандыларды таштоочу полигон куруу үчүн 29,8 га жер участогун бөлүп берүү тууралуу.

2.

2

03.04.2018

Кеңеш айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерин кеңсе менен камсыз кылуу үчүн имарат салууга жер ажыратып берүүгө уруксат берүү тууралуу.

3.

3

03.04.2018

Кеңеш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга карата алыскы жана жакынкы жайыттарды пайдалануу мөөнөттөрүнүн  графигин бекитип берүү тууралуу.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

10-1

03.04.2018

 

Ош шаарындагы таштандыларды таштоочу полигон куруу үчүн 29,8 га жер участогун бөлүп берүү тууралуу.

Кеңеш айыл аймагындагы Ак-терек участкасынан Ош шаарындагы таштандыларды таштоочу полигон куруу үчүн   29,8 га жер участогун бөлүп берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101-мыйзамынын 4-бөлүмүнүн  31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына таянып  Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кеңеш айыл аймагындагы Ак-терек участкасынан Ош шаарындагы таштандыларды таштоочу полигон куруу үчүн   29,8 га жер участогун бөлүп берүү тууралуу маселе айыл аймагына эч кандай пайда алып келбегендигин жана элдин үлүш жери болгондуктан элдин пикирин эске алуу менен  колдоого алынбасын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү  жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Матисаков Абдыкалыкка  тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

10-2

03.04.2018

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерин кеңсе менен камсыз кылуу үчүн имарат салууга жер ажыратып берүүгө уруксат берүү тууралуу.

Кеңеш айыл аймагындагы социалдык обөект болуп эсептелинген  айылдык маданият үйүнүн имараты  Кеңеш айыл өкмөтүнүн кеңсеси катары  пайдаланып келинген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 29-декабрындагы 01-90-19983 сандуу тапшырмасында социалдык обөектилердин имараттарында жайгашкан мамлекеттик мекеме-уюмдарды чыгаруу каралгандыгын эске алуу менен жана  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101-мыйзамынын 4-бөлүмүнүн  31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына таянып  Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айылдык маданият үйүнүн имаратын бошотуп, Кеңеш айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерин кеңсе менен камсыз кылуу үчүн имарат салууга маданият үйүнүн түндүк-чыгыш тарабындагы жер участогунан  2000,0 чарчы метр жер аянтын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.

2. Жерди тактап тиешелүү документтерин мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселери боюнча башкы адиси Ж.Маматалиевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

10-3

03.04.2018

 

Кеңеш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга карата алыскы жана жакынкы жайыттарды пайдалануу мөөнөттөрүнүн  графигин бекитип берүү тууралуу.

Кеңеш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга карата алыскы жана жакынкы жайыттарды пайдалануу мөөнөттөрүнүн графигин бекитип берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101-мыйзамынын 4-бөлүмүнүн  31-беренесинин 5-пунктунун 5-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын  4-беренесине   таянып  Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кеңеш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга карата алыскы жана жакынкы   жайыттарды пайдалануу мөөнөттөрүнүн графиги төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин.  01-марттан 25-апрелге чейин Ак-терек, Как жана Кара-таш жайыттарына;    26-апрелден  01-июнга чейин  Чегеден, Суу-Дөбө жана Көк-Дөбө жайыттарына;   02-июндан 30-сентябрга чейин Катта-Суу, Ничке-Суу жана Кууганды жайлоолоруна.

2. Бекитилген графикти сактабаган мал багуучуларга төмөндөгүдөй айып пул салынсын:  1 баш кара малга 500 сом, 1 баш жылкыга 1000 сом, 1 баш койго 100 сом, 1 баш эчкиге 200 сом.

3. Чет жактан келген малдардан бир айына  кара малга 200 сом, жылкыга 200 сом, койго 50 сом, эчкиге 50 сом  жайыт салыгы алынсын.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы  Карыбеков Нурланга жүктөлсүн.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад