М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
1 |
27.01.2018 |
Кеңеш айыл аймагынын жайыт
комитетинин 2018-жылга карата бюджетин
бекитип берүү жөнүндө. |
2. |
2 |
27.01.2018 |
Айыл өкмөтүнүн
2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2018-жылга карата бөлүштүрүү
тууралуу. |
3. |
3 |
27.01.2018 |
|
4. |
4 |
27.01.2018 |
ЖЧК
"Сага-Мага" ишканасынын Кеңеш
айыл өкмөтүнүн
Ак-терек айылындагы
"Кызылчап"участкасындагы көмүр кенин чалгындоо боюнча жүргүзүп
жаткан иштери тууралуу. |
5. |
5 |
27.01.2018 |
Куу-майдан айылынын тургундары
К.Кудайбердиев менен Маткалыков
Медербектин арызы тууралуу. |
6. |
6 |
27.01.2018 |
|
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 9
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
27.01.2018 |
|||
|
Кеңеш айыл аймагынын
жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетин
бекитип берүү жөнүндө. |
|||
Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин
2018-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүктөрүн
угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө"
мыйзамынын 4-беренесине таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.
Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга карата түзүлгөн
бюджетинин киреше бөлүгү 350.000 сомго, чыгаша бөлүгү
350.000 сомго бекитилсин.(тиркеме тиркелет) 2. Токтомдун
аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Карыбеков Нурланга жүктөлсүн. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдибает уулу М |
||
|
||||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 9
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
27.01.2018 |
|||
|
Айыл өкмөтүнүн
2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2018-жылга карата бөлүштүрүү
тууралуу. |
|||
Айыл өкмөтүнүн
2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2018-жылга
карата бөлүштүрүү тууралуу "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк
боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы
Н.Кудайназаровдун жана ФЭБнүн А.Мадраимовдун билдирүүсүн
угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин
16-главасынын 78-беренесинин
2,3-пункттарына ылайык Кеңеш
айыл аймагынын айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Айыл
өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү
бюджетинин ашкан калдыгын 2018-жылга карата №1-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн. 2. Айыл
өкмөтүнүн аймагындагы ЖПБне АРИСтин долбоору аркылуу
берилген трактор үчүн айыл өкмөтүнүн
бюджетинен 340,0 сом бөлүнүп берилсин. 3. Бөлүнгөн
акчаны каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана
ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин. 4. Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана
ишкердүүлүктү өнүктүрүү
боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга
тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдибает уулу М |
||
|
||||
|
||||
3 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын
кезексиз 9 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
27.01.2018 |
|||
|
Шаңкол
айылындагы Ак-чабуу арыгына кичи ГЭС куруу
тууралуу. |
|||
Арбын айылынын тургуну жеке ишкер айылдык кеңештин
депутаты Осмоналиев Эрмамат Жумабековичтин
Ак-чабуу арыгына кичи ГЭС куруу менен ошол жерде жашаган атуулдардын
электр жарыгын жакшыртууга жана Ак-чабуу каналын ремонтоо менен анын баш жагына суу тосуучу
жапкыч жасоо тууралуу маселесин угуп
жана талкуулап, Ошондой эле мамлекетибиздин кичи ГЭСтерди колдоо
программасынын жана КРнын
Президентинин " 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү
жылы" деп жарыялангандыктан КРнын "Жергиликтүү өз
алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 1-пунктунун 1, 15-пунктчаларына жана
4-главасынын 31-беренесинин
2-пунктунун 3,16-пунктчаларына
ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Арбын айылынын тургуну
жеке ишкер айылдык кеңештин депутаты Осмоналиев Эрмамат
Жумабековичтин кичи ГЭС куруу тууралуу долбоору колдоого
алынсын. 2. Кичи ГЭС куруу үчүн
Шаңкол айылындагы Ак-чабуу арыгынан тиешелүү жерин тактап
тартып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер
адиси Ж.Маматалиевке тапшырылсын. 3. Ак-чабуу арыгына кичи
ГЭС куруу менен ошол жерде жашаган
атуулдардын электр жарыгын жакшыртууга , арыгын тазалап, анын баш жагына суу тосуучу жапкыч
жасоо менен элге сууну убагында камсыз
кылып туруу жагы Э.Осмоналиевке милдеттендирилсин 4. Кичи ГЭС куруу үчүн жер мыйзам чегинде убактылуу берилсин жана
коопсуздук эрежелерин сактоо жагы Осмоналиев Э.Ж. жүктөлсүн. 5. Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу,
экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
Нурматов Орозмаматка тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдибает уулу М |
||
|
|
|||
|
||||
4 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын
кезексиз 9 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
27.01.2018 |
|||
|
ЖЧК
"Сага-Мага" ишканасынын Кеңеш
айыл өкмөтүнүн
Ак-терек айылындагы
"Кызылчап"участкасындагы көмүр кенин чалгындоо боюнча жүргүзүп
жаткан иштери тууралуу. |
|||
Кеңеш айыл өкмтүнүн
башчысы Ташполот уулу Бексултандын ЖЧК
"Сага-Мага" ишканасынын Кеңеш
айыл өкмөтүнүн
Ак-терек айылындагы "Кызылчап" участкасындагы көмүр
кенин чалгындоо иштерин эч кандай уруксаты жок эле баштап
алгандыгын, бул иштин мыйзамдуулугун карап берүү тууралуу
кайрылуусун угуп жана талкуулап
КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"
мыйзамынын 4-главасынын
31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчаларына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык
кеңешинин сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. ЖЧК
"Сага-Мага" ишканасынын Кеңеш
айыл өкмөтүнүн
Ак-терек айылындагы "Кызылчап" участкасындагы көмүр
кенин чалгындоо боюнча иш-кагаздарын
талап кылуу жана анын мыйзамдуулугун карап чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн
башчысына милдеттендирилсин. 2. КРнын Жер казынасы
жөнүндөгү
мыйзамынын талаптарына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнөн
талап кылынсын. 3. Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу,
экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
Нурматов Орозмаматка тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдибает уулу М |
||
|
|
|||
|
||||
5 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын
кезексиз 9 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
27.01.2018 |
|||
|
Куу-майдан айылынын тургундары
К.Кудайбердиев менен Маткалыков
Медербектин арызы тууралуу. |
|||
Куу-майдан айылынын Байыш участкасынын
тургундары К.Кудайбердиев менен Маткалыков Медербектин Байыш көрүстөнүн
жээгиндеги бош жаткан таштак иштетүүгө жараксыз жер
участогун өздөштүрүү
үчүн сурап жазган
арыздарын карап жана
талкуулап, КРнын "Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрация жөнүндөгү" мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 15 жана 22-пункттарына жана 4-главасынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айыл
аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Куу-майдан айылынын
Байыш участкасынын тургундары К.Кудайбердиев менен Маткалыков
Медербектин арыздары канаттандырылсын. 2. Куу-майдан
айылындагы Байыш участкасындагы эски көрүстөндүн жанындагы бош жаткан иштетүүгө
жараксыз таштак жерди тактап өлчөп тең экиге бөлүп,
К.Кудайбердиев менен Маткалыков Медербекке өздөштүрүү
үчүн токтом чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнө
тапшырылсын. 3. Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу,
экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
Нурматов Орозмаматка тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдибает уулу М |
||
|
|
|||
|
||||
6 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын
кезексиз 9 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
27.01.2018 |
|||
|
Ар түрдүү
маселерди кароо боюнча |
|||
Ар түрдүү маселелерге
кирген Байыш айылынын тургуну
Б.Жаркынбаеванын арызы, жаш
мугалимдерди колдоо тууралуу, мектеп окуучуларынын тартиби, Байыш айылына
мончо куруу тууралуу, тракторго
техникалык паспорт алуу тууралуу маселелерди карап жана талкуулап КРнын
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү
мамлекеттик администрация жөнүндөгү"
мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 15 жана 22-пункттарына жана 4-главасынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айыл
аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.Байыш айылынын тургуну Б.Жаркынбаеванын жылдык өткөрүүсүнө
жардам берүү тууралуу жазган арызын ашыкча ысырапкерчиликти
кыскартуу боюнча мамлекеттик программанын негизинде жеринде карап чечүү жагы
айылдык кеңештин депутаттарына тапшырылсын. 2.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде
кадр маселеси жетишээрлик экендигин жана жаш мугалимдерди колдоо үчүн
бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен
алты айлыктын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн кирешеден бир
жолу сыйлык катары берилсин. 3.Мектептердеги балдардын тартиби боюнча айылдык аймактын ИДЕНдери
аксакалдар соту, аксакалдар кеңешинин, аялдар кеңешинин, жаштар
кеңешинин өкүлдөрүн катыштыруу менен
мектептерде жыйналыштарды өткөрүшсүн жана түнкү
рейддерди уюштурушсун, тартип бузган, көчөдө беймаал жүргөн
окуучуларды тизмелеп, ата-энелерине
чаралар көрүлсүн. 4.Байыш айылына мончо куруу
боюнча элдин муктаждыгын аныктаган иш-чараларды көрүү
жагы депутат Мамашарип уулу Д тапшырылсын. 5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык ке?ештин мыйзамдуулук, укук, туризм, миграция, жаштар жана
спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы
Мамашарип уулу Дурусбекке тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдибает уулу М |
||
|
|
|||
|
||||