М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

21.12.2017

 Айыл аймагынын  2013-2017-жылдарга карата  социалдык-экономикалык  өнүктүрүүнүн   стратегиялык программасын жыйынтыктоо жана 2018-2022-жылдарга карата  социалдык-кономикалык өнүктүрүүнүн   стратегиялык  программасын

бекитүү тууралуу.

2.

2

21.12.2017

Куу-майдан айылы.

"Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга айылдык бюджети жана 2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү  жөнүндө"

3.

3

21.12.2017

Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын  бекитүү тууралуу.

4.

4

21.12.2017

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия  жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу

5.

5

21.12.2017

Жайыт комитетинин сунуштарын кароо жөнүндө.

6.

6

21.12.2017

"Жамаат Шаңкол-2017"жаратылышты коргоо боюнча  коомдук бирикмесин

                               уюштурууга макулдук берүү тууралуу.

7.

7

21.12.2017

Кеңеш айыл аймагында зордук-зомбулукту алдын алуу жана жоюуу боюнча зомбулуктан быркагандарга юридикалык жана  психологиялык жактан кызмат көрсөтүү үчүн минималдык  стандарттары жана иш-чараларды аткарууга алуу тууралуу.

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

Айыл аймагынын  2013-2017-жылдарга карата  социалдык-экономикалык      өнүктүрүүнүн   стратегиялык программасынын аткарылышын жыйынтыктоо жана  2018-2022-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн   стратегиялык программасын угуп жана талкуулап  КРнын 2011-жылдын 15-июлундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  № 101-мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 1-пунктуна жана 4-главасынын 31-беренесинин 3-пунктуна ылайык КРнын Өкмөтүнүн 2018-2040-жылдарга карата өлкөнү улуттук стратегиялык  өнүктүрүүгө карай кырк кадам, таза коом программаларынын негизинде Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айыл аймагын 2013-2017-жылдарга карата кабыл алган социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн   стратегиялык программасы жыйынтыкталсын жана  2018-2023-жылдарга карата  жаңы-доорго кырк кадам, таза коом программасынын негизинде түзүлгөн  социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн   стратегиялык программасы жактырылсын жана бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

2.         Айыл аймагын 2018-2022-жылдарга карата  социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн   стратегиялык программасынын алкагында үч жылдык божомол пландын негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетин түзүү жана аны максаттуу иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровко тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу  М.            

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

2

21.12.2017

Куу-майдан айылы.

"Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга айылдык бюджети жана 2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү  жөнүндө"

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга каралган айылдык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "КыргызРеспубликасынын  2018-жылга республикалык  бюджети жана 2019-2020 -жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, сода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралыпчыгылган. КыргызРеспубликасынын "Жергиликтүү өз алдынчабашкаруу жөнүндөгү" № 101-Мыйзамынын31-статьясынын 2 пунктунун 2-пункчасына жанаКыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин  78-беренесине  ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         2018-жылга Кеңеш айыл окмотунун айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  14291,8 мин сом өлчөмүндө  бекитилип:

               2018-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана                                                      

               чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

2.         Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2018-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.         Жыл ичинде киреше булагына озгортуулор киргизилиши сунушталсын. (№2 тиркеме) 

4.         Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун           

негизги көрсөткүчтөрү № 3,4 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

      Кирешенин болжолу 2019-жылга  14392,8 мин сомго (республикалык бюджеттен                            алынуучу гранттар 7799,3 мин сом менен) жана 2020-жылга 14285,9  мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар  7497,4  мин  сом менен) белгиленсин.

5. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.

6.    Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

7.  Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

8. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети 2018-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин  2- пунктуна  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.          

9.  2018-жылдын 1-январына айылдык бюджетти боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.

10.  Айыл өкмөтүнүн башчысы  төмөнкүгө укуктуу:

-  Ушул токтомдун   1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;  

 - ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

-  киреше бөлүгүнөн  белгиленген пландан ашыкча түшкөн  каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

11. 2018-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан  ашыкча аткарылышынан  түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү  жана  өзгөртүү  киргизүү  айылдык  Кенешке  ыйгарылсын.

13. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык  негиздерин  чындоо, алардын финансалык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

14.   Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү  12158,4 мин сомго, чыгаша  бөлүгү  11603,6 мин сомго же кирешенин чыгашадан 554,6  мин сомго артыкчылыгы менен  аткарылгандыгы  № 5,6 тиркемеге ылайык белгиленсин. ы

15.   Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровко тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу  М.            

ТИРКЕМЕ №2

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

3

21.12.2017

Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын  бекитүү тууралуу.

Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын  бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын  4-главасынын 31-беренесинин  13-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата  штаттык түзүмү: башчы-1, орун басар-1орун, жооптуу катчы-1, ФЭБнүн башчысы-1, башкы адис-4, жетектөөчү адис-4, адис-2, айыл башчы-4, ВУС-4, кенже жана техникалык тейлөөчү -2  болуп бардыгы 24  штаттык саны бекитилсин.

2.         Юристин милдетин аткаруу жагы  айыл өкмөтүнүн маалымат комуникациялык технологиялар жана  кадрлар боюнча башкы адиси Осмонов Муктарбекке кошумча функционалдык милдет катары жүктөлсүн.

3.         Бекитилген штаттын түзүмүн жана санын сактоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу  М.            

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

4

21.12.2017

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия  жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү боюнча USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" долбоорунун алкагындагы    Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндөгү жобону  угуп жана талкуулап, КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын  4-главасынын 31-беренесинин  8-пунктуна таянып  Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү боюнча USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" долбоорунун алкагында  Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндөгү жобо жактырылсын жана бекитилсин.

2.         Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндөгү жобонун негизинде иш алып баруу жагы жумушчу комиссиянын курамына жүктөлсүн.

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу  М.            

ТИРКЕМЕ №3

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

5

21.12.2017

Жайыт комитетинин сунуштарын кароо жөнүндө.

Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Карыбековдун айыл аймагында АРИСтин мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун  алкагында   ишке аша турган "Беккер чункуру", мал жандыктар суу ичүүчү ноо жасоо жана жайлоонун жолундагы үнкүр-мазарга тосмо куруу   тууралуу сунушун  карап  жана талкуулап,  КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын  3-главасынын   18-беренесинин  1-пунктунун 1, 13, 15-пунктчаларына    жана  4-главасынын 31-беренесинин  17-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Карыбековдун айыл аймагында  АРИСтин мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун  алкагында  ишке ашырыла турган "Беккер чункуру", мал жандыктар суу ичүүчү ноо жасоо жана жайлоонун жолундагы үнкүр-мазарга тосмо куруу  тууралуу сунуштары колдоого алынсын.

2.         "Беккер чункурунун" курулушуна айыл өкмөтү тарабынан долбоорду колдоо иретинде 150 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.         Мал жандыктар суу ичүүчү ноо жасоо жана жайлоонун жолундагы үнкүр-мазарга тосмо куруу  долбоорлоруна жайыт комитетинен эсебинен акча каражаты каралсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу  М.            

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

6

21.12.2017

"Жамаат Шаңкол-2017"жаратылышты коргоо боюнча  коомдук бирикмесин

                               уюштурууга макулдук берүү тууралуу.

Шаңкол айылынын тургуну Жакыпов Мамурасулдун Кеңеш айыл аймагында  "Жамаат Шаңкол-2017" жаратылышты коргоо боюнча  коомдук бирикмесин уюштурууга жана иш аракет жүргүзүүсүнө макулдук берүү тууралуу кайрылуусун угуп жана талкуулап,  КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" мыйзамынын  3-главасынын   18-беренесинин  15 жана 22-пункттарына жана  4-главасынын 31-беренесинин  17-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кеңеш айыл аймагында  "Жамаат Шаңкол-2017" жаратылышты коргоо боюнча   коомдук бирикмесин уюштурууга жана иш аракет жүргүзүүсүнө макулдук берилсин.

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу  М.            

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

7

21.12.2017

Кеңеш айыл аймагында зордук-зомбулукту алдын алуу жана жоюуу боюнча зомбулуктан быркагандарга юридикалык жана  психологиялык жактан кызмат көрсөтүү үчүн минималдык  стандарттары жана иш-чараларды аткарууга алуу тууралуу.

Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн башчысынын  Кеңеш айыл аймагында зордук-зомбулукту алдын алуу жана жоюуу  боюнча зомбулуктан жабыркагандарга юридикалык жана психологиялык жактан кызмат көрсөтүү үчүн минималдык стандарттары жана иш-чараларын  аткарууга алуу тууралуу сунушун угуп жана талкуулап КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" мыйзамынын  3-главасынын   18-беренесинин  20 жана 22-пункттарына жана  4-главасынын 31-беренесинин  17-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кеңеш айыл аймагында зордук-зомбулукту алдын алуу жана жоюуу боюнча зомбулуктан жабыркагандарга юридикалык жана психологиялык жактан кызмат көрсөтүү үчүн минималдык стандарттары жана иш-чаралары иштелип чыгылсын.

2.         Кеңеш айыл аймагында зордук-зомбулукту алдын алуу жана жоюуу боюнча зомбулуктан жабыркагандарга юридикалык жана психологиялык жактан кызмат көрсөтүү үчүн минималдык стандарттарынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн  кадрлар, юридикалык маселелер боюнча башкы адиси М.Осмоновко милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, жаштар жана спорт  боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасы Мамашарип уулу Д  тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу  М.            

Назад