М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
1 |
20.10.2016 |
Кеңеш айыл аймагындагы бардык жер фонддорунинвентаризациялап,
акт аркылуу өткөрүп алуу тууралуу |
2. |
2 |
20.10.2016 |
"Кенеш айылдык Кенешинин 2016-жылдын
19-февралындагы № 23 -2 токтомуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө" |
3. |
3 |
20.10.2016 |
Айылдардан келген көйгөйлүү
маселелерди ранжирлөө
жөнүндөгү
айылдык аймактын конкурстук комиссиясынын протоколун бекитүү тууралуу |
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Кеңеш айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын
26 сессиясы |
||||
Т О К Т О М |
||||
Куу-майдан айылы |
1 |
|||
|
Кеңеш айыл аймагындагы
бардык жер фонддорунинвентаризациялап, акт аркылуу өткөрүп
алуу тууралуу |
|||
"Кыргызмамжердолбоор"
институтунун Ош облустук жерге
жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан Кеңеш айыл
аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялоо боюнча жүргүзүп
жаткан иштерин комиссия аркылуу акты менен өткөрүп алуу
максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 18-беренесинин 15-пунктуна,
31-беренесинин 17-пунктуна, 47-беренесинин
7-пунктуна таянып Кенеш айылдык Кенеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. "Кыргызмамжердолбоор" институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан Кеңеш айыл аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялоо боюнча жүргүзүп жаткан
иштерин айыл өкмөтүнүн
жерлерин инвентаризациялоо боюнча түзүлгөн
комиссия аркылуу акты менен өткөрүлүп алынсын. 2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айыл өкмөтүнүн
башчысы К.Кудайбердиевке жүктөлсүн |
||||
Кеңеш айылдык кенешинин төрагасы |
|
Ташбаев М.А. |
||
|
|
|||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын
26 сессиясы |
||||
Т О К Т О М |
||||
Куу-майдан айылы |
2 |
|||
|
"Кенеш айылдык
Кенешинин 2016-жылдын 19-февралындагы
№ 23 -2 токтомуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө" |
|||
Кенеш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү
бюджетине өзгөртүүлөр
жана толуктоолор жөнүндөгү маселени 1998-жылдын 11-июнундагы №78 "Кыргыз
Республикасынын бюджетинин негизги
принциптеринин укуктары " Мыйзамынын
15-беренесине ылайык "Жергиликтүү өзүн-өзү
башкаруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын бюджеттик укуктары" жана
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 1998-жылдагы 29-сентябрындагы
№184/П жобосуна негиз бекитилген
суммалардын чегинде чыгаша бөлүгүнүн корголгон
статьяларды кыскартпастан туруп бүгүнкү күнү
айыл аймагынын тургундарынын суроо талаптарын канааттандыруу максатында иштетилбей калган чыгашаларды башка зарыл болгон суроо
талаптарга жараша өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү үчүн өлчөмүн
карап депутаттардын Кенеш айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода
жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу
комиссиясы чыгарган чечимди угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
|
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Кеңеш
айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылдын 19-февралындагы № 23-2-токтомуна тиркемеге ылайык толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилип, бекитилсин. (тиркеме тиркелет) 2. 2016-жылдын
бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү каржылоо жагы Кенеш айыл өкмөтүнүн
башчысы К. Кудайбердиевке
жана ФЭБ башчысы А. Мадраимовко милдеттендирилсин. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, соода
жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү
боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык кенешинин төрагасы |
|
Ташбаев М.А. |
||
|
|
|||
|
||||
Депутаттардын Кенеш айылдык
Кенешинин
(5-чакырылышынын) 2016-жылдын
кезексиз жыйырма алтынчы сессиясынын
№
26-2- токтомуна тиркеме.
|
3 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын
26 сессиясы |
||||
Т О К Т О М |
||||
Куу-майдан айылы |
3 |
|||
|
Айылдардан келген көйгөйлүү
маселелерди ранжирлөө жөнүндөгү айылдык
аймактын конкурстук комиссиясынын
протоколун бекитүү тууралуу |
|||
Айылдардан келген көйгөйлүү
маселелерди пирориттештирүү
критейлеринин негизинде ранжирлөө жүргүзүү
тууралуу айылдык аймактын конкурстук комиссиясынын протоколун угуп жана
талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Айылдардан келген көйгөйлүү
маселелерди ранжирлөө жөнүндөгү
айылдык аймактын конкурстук комиссиясынын отурумунун протоколу бекитилсин.
(протокол тиркелет) 2. Ранжирленген көйгөйлүү
маселелердин негизиде стратегиялык жана инвестициялык планга өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жагы жумушчу топко милдеттендирилсин. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айыл өкмөтүнүн
башчысынын орун басары Ж.Маматалиевке жүктөлсүн. |
||||
Кенеш айылдык кенешинин төрагасы |
|
Ташбаев М.А. |
||
|
|
|||
|
||||
Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын
20-октябрындагы № 26-3 токтомуна тиркеме. Айылдык
аймактын конурстук комиссиянын отурумунун ПРОТОКОЛУ. Ош областы Ноокат
району Кеңеш
айыл өкмөтү Өткөн
орду: Кеңеш айыл өкмөтүнүн
имараты Өткөн
күнү :
10.10.2016-жыл. Күн тартиби: 1.
Айылдардан келген көйгөйлөрдү пирориттештирүүнүн крийтерийлерин иштеп чыгуу . 2.
Айылдардан келген көйгөйлөргө ранжирлөө
жүргүзүү(критерийлердин негизинде) Угулду: 1-маселе
боюнча Отурумдун
мүчөлөрү көйгөйлөрдү ранжирлөөнүн крийтерийлери боюнча талкуу жүргүзүп чыгышты
жана чечим кабыл алышты. Чечим: Айылдардан
келген көйгөйлөрдү ранжирлөө үчүн төмөнкү критерийлер
киргизилсин: 1.
Айыл
өкмөтүнүн
аймагында болуусу 2.
Жашоочулардын жашоо шартын жакшыртуусу 3.
Экономикалык
көрсөткүчтүн жогорулоосуна таасирдүүлүгү 4.
Коомчулуктун
активдүүлүгүнүн деңгээли 2-маселе
боюнча Кокурсттук
комиссиянын төрагасы
Ж. Маматалиев айылдардан келген көйгөйлөрдү мүчөлөргө
тааныштырды.
Комиссия мүчөлөрү
ар бир көйгөйлөрдү
кабыл алынган критерийлер боюнча талдап чыгышты. Талкуунун негизинде конкурсттук комиссиянын отуруму төмөнкүдөй
чечим кабыл алат. Чечим: Айылдан
келген көйгөй
маселелер жогорудагы каралган критерийлердин негизинде төмөнкүдөй тартипте
ранжирленсин. 1.
Балдар бакчасынын
жетишсиздиги 2.
Мектеп имараттарынын
сапатсыздыгы 3.
Сугат суунун жетишсиздиги. 4.
Таза
суунун жетишсиздиги 5.
Спорт
аянтча, залдын жетишсиздиги 6.
Жаны
конуштарга электр линияларын тартуу 7.
Мончонун
жетишсиздиги 8.
Кайра
иштетүүчү ишканалдардын
аздыгы Конкурстук
комиссиянын төрагасы: Ж. Маматалиев. Катчысы: Г. Ысакова. |