М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

22

20.01.2016

Кеӊеш айыл аймагынан аймактык шайлоо
 комиссиясына талапкерлерди бекитүү тууралуу.

2.

23-1.

19.02.2016

Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү
программасынын 2015-жылдагы аткарылышы жана 2016-жылга
карата милдеттери тууралуу

3.

23-2

19.02.2016

«Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга айылдык бюджети жана 2017-2018-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө»

4.

23-3.

19.02.2016

 Кеңеш айыл аймагынын айылдык  кеңешинин
 иш-планын бекитүү.

5.

23-4.

19.02.2016

Чегеден  айылындагы чоң көчөнүн атын
   «Орунбай-ата» деп которуу тууралуу.

6.

23-5.

19.02.2016

Арбын айылындагы  Достук-1 көчөнүн атын
 «Абжалиев Асан-ата» деп которуу тууралуу.

7.

23-6.

19.02.2016

Арбын айылындагы  Жаштар көчөсүнүн атын
 «Молдобай-ата» деп которуу тууралуу.
 

8.

23-7

19.02.2016

Ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн
тарифин бекитүү тууралуу.

9.

23-8.

19.02.2016

Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин
 2016-жылга карата бюджетин  бекитип берүү
 жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы) кезексиз  жыйырма үчүнчү сессиясынын

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

22

20.01.2016

 

Кеӊеш айыл аймагынан аймактык шайлоо

 комиссиясына талапкерлерди бекитүү тууралуу.

Кеӊеш айыл аймагынан Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына сунушталган талапкерлердин документтери менен таанышып жана талкуулап Кыргыз Респуликасынын Жергиликт­үү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 17-пунктуна ылайык Кеңеш   айылдык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеӊеш айыл аймагынан Аймактык шайлоо комиссиясына сунушталган Арапов Абдуваптын жана Мамажунусова Айгулдүн талапкерлиги жактырылсын жана аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

 

2.         Сунушталган талапкерлердин документтерин тактап БШКнын аймактык өкүлүнө тапшыруу жагы жооптуу катчы А.Шадыбековага тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке жүктөлсүн

Кеңеш айылдык   төрагасы 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги  жыйырма үчүнчү   сессиясынын

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-1.

19.02.2016

 

Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү

программасынын 2015-жылдагы аткарылышы жана 2016-жылга

карата милдеттери тууралуу

Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2015-жылдагы аткарылышы жана 2016-жылга карата милдеттери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету угуп жана талкуулап Кыргыз Респуликасынын Жергиликт­үү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык  Кеңеш   айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2015-жылдагы аткарылышы жана 2016-жылга карата милдеттери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын берген отчету  канаттандырарлык деп табылсын.

 

2.         2015-жылы аткарылбай калган иштерде күнөөсү бар адистерге тиешелүү тартиптик чаралар көрүлсүн жана ал иштер  2016-жылдын иш-планына киргизилип аткарууга алынсын.

 

3.         Айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруудагы зор салымы бар айыл өкмөтүнүн адистерин сыйлыка сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына  тапшырылсын.

 

4.         Аткарылган иштер боюнча маалыматты кийинки сессияга берүү жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К тапшырылсын.

Кеңеш айылдык   төрагасы 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын  Кеңеш айылдык Кенешинин(5-чакырылышы)  23-сессиясынын

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-2

19.02.2016

 

«Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга айылдык бюджети жана 2017-2018-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө»

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылга  айылдык бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга каралган айылдык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын  2016-жылга республикалык бюджети  жана 2017-2018-жылдарга болжолу   жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү  мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк»  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу   жөнүндөгү» Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн  27-статьясынын 4- пунктуна жана 31-беренсинин 2-пунктуна ылайык депутаттардын  Кеңеш айылдык  Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2016-жылга Кеңеш айыл окмотунун айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  11622,3 мин сом өлчөмүндө  бекитилсин.

            2.  2016-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

            Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2016-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.2015-жылдагы иштетилбей калган калдык, 2016-жылдын бюджетине № 2-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.

            4.Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун  негизги көрсөткүчтөрү  № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

            Кирешенин болжолу 2017-жылга  11390,1мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 5466,7 мин сом менен) жана 2018-жылга 11745,0  мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 5460,6  мин  сом менен) белгиленсин.

            Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга  айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн  болжолу  жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

            5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

            Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

            Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин  2- пунктуна  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.

            6.2016-жылдын 1-январына айылдык бюджетти боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 60,0 мин сом суммасында белгиленсин.

            7.  Айыл өкмөтүнүн башчысы  төмөнкүгө укуктуу:

-  Ушул токтомдун   1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;  

            -  ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

            -  киреше бөлүгүнөн  белгиленген пландан ашыкча түшкөн  каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

            8. 2016-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан  ашыкча аткарылышынан  түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү  жана  өзгөртүү  киргизүү  айылдык  Кенешке  ыйгарылсын.

            9. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык  негиздерин  чындоо, алардын финансалык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

            10. Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү  12764,7 мин сомго, чыгаша  бөлүгү  11425,5 мин сомго же кирешенин чыгашадан 1339,2  мин сомго артыкчылыгы менен  аткарылгандыгы  № 4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.

           11. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча»  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Депутаттардын  Кеңеш  төрагасы 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

Депутаттардын  Кеңеш айылдык кенешинин (5-чакырылышы) кезектеги  23-сессиясынын № 23-2-токтомуна  № 1 тиркеме

                                 Кенеш айыл окмотунун  2016--жылга  айылдык бюджети

                                                                                                                          (мин сом)

Салык агенти тологон киреше салыгы

1618,0

Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы

0

Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктуу салык

0

Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык

33,0

Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы

255,0

Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы

33,0

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

650,0

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

355,0

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

538,6

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

80,0

Сатуудан тушкон салык

602,0

Роялти

0

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо

0

Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы

0

Жайыт ижарасы учун акы

0

Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы

280,0

Таштанды толому

172,0

Мамлекеттик алымдар

35,0

Атайын каражаттар

1015, 8

Административтик штрафтар

10,0

Активдер жана милдеттемелер

 

Толуктоочу грант

5936,9

Кирешелердин жыйынтыгы

11622,3

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

3899,1

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду

106,0

коргонуу

50,0

Айыл чарбачы

814,4

Коммуналдык Чарба

814,0

Маданият

955,5

Билим берүү

4880,3

Социалдык коргоо

103,0

Чыгашалар жыйынтыгы:

11622,3

            Депутаттардын  Кеңеш айылдык

                Кенешинин жооптуу катчысы :                                                Шадыбекова А.П.

 

 

 

 

 

Депутаттардын  Кеңеш айылдык кенешинин (5-чакырылышы) кезектеги  23-сессиясынын № 23-2-токтомуна  № 2- тиркеме

 

 

                                 Кенеш айыл окмотунун  2016--жылга  айылдык бюджетине 2015-жылдан

                                 калган калдыктын бөлүнүшү.

 

                                                                                                                           (миӊ сом)

01.01.2015-жылга эсептик счетундагы калдык

 

316,9

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

 

107,9

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду

 

 

Коргонуу

 

 

Айыл чарбасы

60

Коммуналдык Чарба

 

Маданият

 

Билим берүү

40

Социалдык коргоо

109,0

Чыгашалар жыйынтыгы:

316,9

 

 

 

Депутаттардын  Кеңеш айылдык

Кенешинин жооптуу катчысы:                                              Шадыбекова А.П.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Кеңеш айылдык кенешинин (5-чакырылышы) кезектеги 23-сессиясынын № 23-2- токтомуна  № 3 тиркеме

Кеңеш   өкмөтүнүн 2017-жылга айылдык  бюджетинин  болжолу

                                                                                                                              (мин сом)

Салык агенти тологон киреше салыгы

1767,0

Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы

 

Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктуу салык

 

Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык

37,0

Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы

280,0

Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы

33,0

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

650,0

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

355,0

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

538,6

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

80,0

Сатуудан тушкон салык

662,0

Роялти

 

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо

 

Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы

 

Жайыт ижарасы учун акы

 

Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы

280,0

Таштанды толому

172,0

Мамлекеттиктик алымдар

35,0

Атайын каражаттар

1015,8

Административтик штрафтар

10,0

Активдер жана милдеттемелер

 

Толуктоочу грант

5466,7

Кирешелердин жыйынтыгы

11390,1

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

 

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду

 

коргонуу

 

Айыл чарбачы

 

Коммуналдык Чарба

 

Маданият

 

Билим берүү

 

Социалдык коргоо

 

Чыгашалар жыйынтыгы:

 

 

Депутаттардын  Кеңеш айылдык

Кенешинин жооптуу катчысы:                                              Шадыбекова А.П.

Депутаттардын Кеңеш айылдык кенешинин (5-чакырылышы) кезектеги 23-сессиясынын № 23-2- токтомуна  № 4 тиркеме

                           Кеңеш өкмөтүнүн 2018-жылга айылдык бюджетинин  болжолу

                                                                                                                                          (мин сом)

Салык агенти тологон киреше салыгы

2050,0

Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы

 

Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктуу салык

 

Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык

42,0

Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы

280,0

Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы

33,0

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

650,0

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

355,0

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

538,6

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

80,0

Сатуудан тушкон салык

735,0

Роялти

 

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо

 

Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы

 

Жайыт ижарасы учун акы

 

Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы

280,0

Таштанды толому

172,0

Мамлекеттиктик алымдар

35,0

Атайын каражаттар

1015,8

Административтик штрафтар

10,0

Активдер жана милдеттемелер

 

Толуктоочу грант

5460,6

Кирешелердин жыйынтыгы

11745,0

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

 

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду

 

коргонуу

 

Айыл чарбачы

 

Коммуналдык Чарба

 

Маданият

 

Билим берүү

 

Социалдык коргоо

 

Чыгашалар жыйынтыгы:

 

           Депутаттардын  Кеңеш айылдык

Кенешинин жооптуу катчысы:                                              Шадыбекова А.П.

 

 

 

Депутаттардын Кеңеш айылдык кенешинин (5-чакырылышы) кезектеги 23-сессиясынын № 23-2- токтомуна  № 5

тиркеме

Кеңеш айыл окмотунун жергиликтуу бюджетинин киреше булагынын 2014-жылда

                                                             аткарылышы

Кирешелердин турлору

2014-жыл

Бекитилген план

Такталган план

Аткарылышы

%

1

Салык агенти тологон киреше салыгы

1140

1140

1171,8

102,8

2

Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык

15

15

17

113,3

3

Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы

240

240

237,6

99,0

4

Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы

33

33

36,0

109,1

5

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

650

650

845,7

130,1

6

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

355

330

340.7

103,2

7

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

470

470

581,1

123,6

8

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

80,0

80,0

123,6

154,5

9

Сатуудан тушкон салык

315

1320,1

2019,3

153,0

10

Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы

280

280

337,3

113,3

11

Таштанды толому

172

172

172,8

100,5

16

Мамлекеттиктик алымдар

35

35

58,2

166,3

17

Атайын каражаттар

704,8

945,4

930,3

98,4

18

Административтик штрафтар

3

6

23

383,3

19

Бардыгы :

4492,8

5716,5

6894,4

120,6

20

Толуктоочу грант

4857,8

4857,8

4857,8

100

 

Жыл башындагы  калдык

 

1012,7

1012,7

100

7

Жалпысы :

9350,6

11587,0

12764,7

110,2

 

 

 

                Депутаттардын  Кеңеш айылдык

Кенешинин жооптуу катчысы:                                              Шадыбекова А.П.

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Кеңеш айылдык кенешинин (5-чакырылышы) кезектеги 23-сессиясынын № 23-2-  токтомуна  № 6 тиркеме

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин чыгаша булагынын

2014-жылдын  аткарылышы

 

Аталышы

Бекитилген план

Такталган план

Аткарылышы (кассалык чыгаша)

Айырмасы

Бекитилген план

Такталган план

1

Башкаруу аппараты

3896,4

3969,4

3909,3

12,9

-60,1

2

Резервный фонд

 

 

 

 

 

3

Коргонуу

40,0

 

 

-40

 

4

Коомдук тартипти сактоо

 

 

 

 

 

5

Айыл чарбасы

952,0

1054,7

1000,3

48,3

-54,4

6

Коммуналдык чарба

648,4

859,4

859,4

211,0

-

7

Маданият

819,8

804,8

791,1

-28,7

-13,7

8

Билим берүү

2779,0

3316,6

3283,5

504,5

-33,1

9

Соц.коргоо

120,0

135,0

135

15,0

-

10

Активдер

95,0

1447,1

1446,9

1351,9

-0,2

11

Атайын каражаттар

704,8

731,4

698,3

6,5

-33,1

 

Жалпысы :

9350,6

11587,2

11425,5

-6,5

-33,1

 

 

Депутаттардын  Кеңеш айылдык

Кенешинин жооптуу катчысы:                                              Шадыбекова А.П.

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы)  кезектеги  жыйырма үчүнчү   сессиясынын

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-3.

19.02.2016

 

 Кеңеш айыл аймагынын айылдык  кеңешинин

 иш-планын бекитүү.

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жыл үчүн түзүлгөн иш-планын

  талкуулап айылдык кеңештин Типтүү Регламентинин 3-бөлүмүндөгү айылдык кеңештин ишинин жалпы тартибине ылайык Кеңеш   айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жыл үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)

 

2.         Иш-планда кабыл алынган маселер  тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Кеңеш айылдык   төрагасы 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

 

2016-жылдын  19-февралындагы кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын

                                                № 23-3-токтомуна тиркеме.

       Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2016-жылга карата түзүлгөн                                                                     

                                                             иш планы.

 

Аткарылуучу иштердин мазмуну.

мөөнөтү

Ким даярдайт жана аткарууга жооптуулар.

1.

 

 

 

2.

 

 

 

 

 

3.

4

Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2015-жылдагы аткарылышы жана 2016-жылга карата милдеттери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету

Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жыл

дагы аткарылышы, 2016-жылга  бюджетин жана 2017-2018-жылдарга карата бюджеттин божомолун бекитүү.  ФЭБнүн башчысы Мадраимовдун доклады жана  бюджет боюнча туруктуу комисиянын билдирүүсү.

 

Айылдык кеңештин иш-планын бекитүү.

Ар түрдүү маселелер:

 

    I чейрек.

2016-жыл.

Кудайбердиев К

 

 

 

ФЭБнүн башчысы Мадраимов А

Бюджет боюнча туруктуу комиссия.

 

 

Ташбаев М

1.

 

2017-2018-2019-жылдарга бюджеттин долбоорун кароо жана бекитүү. Дотацияны кыскартуу боюнча салык жыйноонун варианттарын пландаштырууну карооюджет боюнча туруктуу комиссия.

    II чейрек.

 

 Бюджет боюнча туруктуу комиссия. ФЭБ, салык кызматы.

1.

 

 

 

 

 

 

 

Кеңеш айыл аймагында жайгашкан  мектептердин, №9-ҮБДТнун, балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча аткарып жаткан иштери жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен алган акчаларды максатуу  пайдалануусунун  абалы жана күз-кышка карата даярдыгы тууралуу. Социалдыкаданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү.

    III чейрек.

 

Маматалиев Ж

Ысакова Г

Мектеп, ҮБДТнун жана балдар бакчаларынын жетекчилери.

Туруктуу комиссия.

1.

 

 

 

Айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнүн 9 айлык жыйынтыгы жана алдыдагы милдеттер.  Тарых жана маданият жылына карата аткарылган иштердин абалы

IV чейрек.

 Маматалиев Ж

Маданият кызматкерлери.

 

1.

 

2.

 

3.

4.

 

5.

 

 

6

Уюштуруу иштери боюнча:

Даталуу күндөрдү белгилөө жана айыл айылдарга иш-чараларды түзүү.

Шайлоочулар менен депутаттардын жолугушууларын жана отчетторду айылдар боюнча уюштуруу.

Депутаттардын окууларын уюштуруу.

Депутаттардын кабыл алуусун уюштуруу, графигин түзүү.

 Айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте айылдардагы көйгөйлүү маселелерди иликтөө, чечүү жолдорун издөө.

Арыз-даттануулар, келген каттар менен иштөө.

 

Убагында

 

 убагында

 

Чейрек сайын

 

дайыма

 

дайыма

 

Айыл башчылар,

аппарат кызматкерлери

Айылдык кеңештин депутаттары.

Ташбаев М

Жооптуу катчы.

 

Депутаттар

 

 

Депутаттар.

 

                  Кеңеш айылдык кеңешинин

                                    жооптуу катчысы:                                    Шадыбекова А.П

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы)  кезектеги  жыйырма үчүнчү   сессиясынын

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-4.

19.02.2016

 

Чегеден  айылындагы чоң көчөнүн атын

   «Орунбай-ата» деп которуу тууралуу.

 

Чегеден  айылындагы чоң  көчөнүн Чегеден-ата атын элге кадыры сиңген аксакал Орунбай атанын атына которуу тууралуу көчөнүн жашоочуларынын жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Кыргыз Респуликасынын Жергиликт­үү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык Кеңеш  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Чегеден  айылындагы чоң көчөнүн Чегеден-ата  атын «Орунбай-ата» деп которуу тууралуу элдин сунушу канаттандырылсын.

 

2.         Көчөнүн аты «Орунбай-ата» деп аталсын жана көчөнүн бардык жасалгалоосун, документ иштерин, жазууларын, номерлөөнү жасоо жагы Орунбай атанын бала-чакасына милдеттендирилсин.

 

3.         Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына барып көчөнүн атын каттоого коюуу боюнча документ иштерин бүтүрүү жагы Пирманов Сыдыкка жүктөлсүн.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айылуу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кеңеш айылдык   төрагасы 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги  жыйырма үчүнчү   сессиясынын

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-5.

19.02.2016

 

Арбын айылындагы  Достук-1 көчөнүн атын

 «Абжалиев Асан-ата» деп которуу тууралуу.

 Арбын айылындагы  Достук-1  көчөнүн атын элге кадыры сиңген аксакал Абжалиев Асандын атына которуу тууралуу көчөнүн жашоочуларынын жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Кыргыз Респуликасынын Жергиликт­үү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык Кеңеш  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Арбын айылындагы  Достук-1  көчөнүн атын « Абжалиев Асан-ата» деп которуу тууралуу элдин сунушу канаттандырылсын.

 

2.         Көчөнүн аты «Абжалиев Асан-ата» деп аталсын жана көчөнүн бардык жасалгалоосун,  документ иштерин, жазууларын, номерлөөнү жасоо жагы Абжалиев Асан атанын бала-чакасына милдеттендирилсин.

 

3.         Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына барып көчөнүн атын каттоого коюуу боюнча документ иштерин бүтүрүү жагы  Абжалиев Камбарбекке жүктөлсүн.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айылуу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кеңеш айылдык   төрагасы 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги  жыйырма үчүнчү   сессиясынын

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-6.

19.02.2016

 

Арбын айылындагы  Жаштар көчөсүнүн атын

 «Молдобай-ата» деп которуу тууралуу.

 

 Арбын айылындагы  Жаштар көчөсүнүн атын элге кадыры сиңген аксакал  Молдобай атанын атына которуу тууралуу көчөнүн жашоочуларынын жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Кыргыз Респуликасынын Жергиликт­үү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык Кеңеш  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Арбын айылындагы  Жаштар көчөсүнүн  атын «Молдобай-ата» деп которуу тууралуу элдин сунушу канаттандырылсын.

 

2.         Көчөнүн аты «Молдобай-ата» деп аталсын жана көчөнүн бардык жасалгалоосу, документ иштерин, жазууларын, номерлөөнү жасоо жагы  Молдобай  атанын бала-чакасына милдеттендирилсин.

 

3.         Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына барып көчөнүн атын каттоого коюуу боюнча документ иштерин бүтүрүү жагы  Осмонов  Муктарбекке жүктөлсүн.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айылуу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык   төрагасы 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы)   кезектеги  жыйырма үчүнчү   сессиясынын

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-7

19.02.2016

 

 Ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн

тарифин бекитүү тууралуу.

 

 Элдердин мал-жандыктарын тейлеп, мал-жандыктарын клиникалык кароодон өткөрүп, ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана ооруган малдарга дарылоо боюнча көрсөтүлүүчү жеке менчик ветеринардык сервистердин кызмат көрсөтүү боюнча Ноокат райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын сунуштап жаткан кызмат акыларды  талкуулап Кыргыз Респуликасынын Жергиликт­үү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 14-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Элдердин мал-жандыктарын тейлеп, мал-жандыктарын клиникалык кароодон өткөрүп, ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана ооруган малдарга дарылоо боюнча ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

 

2.         Бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын жер-жерлерге таркатуу жагы айыл өкмөтүнүн ветеринардык врачы З.Калдаровко жана айыл башчыларга тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, соода жана  ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Абжалиев К тапшырылсын.

Кеңеш айылдык   төрагасы 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

2016-жылдын  19-февралындагы кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын

                                                № 23-7-токтомуна тиркеме.

Ноокат райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын көзөмөлүндө туруучу субъектердин жана жеке менчик ветеринардык сервистердин элге кызмат көрсөтүүнүн баасы.

Кызматтын түрү

кызмат акысы (сом)

 

Жаныбарларды клиникалык кароодон өткөрүү жеринде (бир башка)

 

1

Жылкы кара мал

20.00

2

Кой-эчки

10.00

3

Ит-мышык

10.00

4

Коен, тоок, аары(бир ящик уюгу)

10.00

 

Чет жактан келген үй жаныбарларын клиникалык текшерүүдөн өткөрүү (бир башка)

 

1

Жылкы кара мал

50.00

2

Кой-эчки

30.00

3

Ит-мышык

30.00

4

 Аары(бир ящик уюгу)

30.00

 

Башка райондордон, областардан алынып келинген үй жаныбарларын клиникалык текшерүүдөн өткөрүү (бир башка)

 

1

Жылкы кара мал

50.00

2

Кой-эчки

30.00

3

Ит-мышык

20.00

4

 Аары(бир ящик уюгу)

30.00

5

Үй-канаттуулары

5.00

 

Ветеринардык жолдомо документтердин берилиши (бир башка)

 

1

Форма № 4 (бир бланка үчүн)

10.00

 

Айыл чарба жаныбарларын соердун алдынан жана сойгондон кийин текшерүү. (бир башка)

 

1

Жылкы, кара-мал

100.00

2

Майда жандыктар

50-00

3

Коен, тоок

20-00

 

Аргасыздан союлган малдарды ветеринардык текшерүү менен жолдомо документ берүү.

 

 1

ИИМдын эти, жылкы (бир тушу)

200-00

2

Майда жандыктар(бир тушу)

150-00

3

Коен, тоок (бир башка)

50-00

 

Сүт, сүт азыктарына вет-дык текшерүү м-н жолдомо документ берүү

(бир башка)

1

Жылкы, кара-мал

200.00

2

Майда жандыктар

50-00

3

Жумуртка (жүз даана)

30-00

4

Бал (элүү кг)

100-00

5

Тери кара мал, жылкы (бир даана)

50-00

6

Майда жандыктардын териси (бир даана)

50-00

7

Жүн (бир кип)

100-00

 

Ветеринардык врачтарды үйгө чакыруу

100-00

 

Ветеринардык-санитардык жол менен багуу боюнча консультация берүү.

 

1

Жылкы, кара-мал

100.00

2

Майда жандыктар

50-00

 

Ветеринардык диагностикалык изилдөө  өткөрүү

 

1

Малдардын сийдигинен проба алып текшертип берүү

40-00

2

Малдардын канынан проба алып текшертип берүү

50-00

3

Малдардын кыгынан проба алып текшертип берүү

40-00

4

Малдын бооздугун аныктоо

300-00

5

Карынга зонд салуу

300-00

6

Өлгөн жаныбарларды пат-анатомия текшерүүдөн өткөрүү жана аныктама берүү.

350-00

 

Дарылоо ыкмалары

 

1

Эмдөө жылкы кара мал

50-00

2

Эмдөө майда жандык

20-00

3

Кан тамырга дары куюуу

100-00

4

Дарыны ооз аркылуу берүү

50-00

5

Новокаин менен оорууларга тоскоолдук кылуу (блокада)

100-00

6

Магниттик зонду ашказанга киргизүү

150-00

7

Итти эмдөө

500-00

8

Буу менен дарылоо (ингаляция)

100-00

9

Жылытуучу компрестөө

50-00

10

Тоокторду эмдөө

10-00

11

Дарыны тобу менен ичирүү (тоокторго)

10-00

 

Хирургия

 

1

Ачык жараны дарылоо

100-00

2

Ириңдеген жараны дарылоо

100-00

3

Опухолдорду дарылоо

200-00

4

Сыныктарды таңуу (шакшак)

200-00

5

Иттердин кулагын, куйругун кыркуу

100-00

6

Козулардын куйругун кыркуу

30-00

7

Кара малга, жылкыга табарсыкка катетир салуу

100-00

8

Ич көпкөндү жаруу

300-00

9

Ириңди алуу

300-00

10

Жылкынын туягын тазалоо. Табро басуу

200-00

11

Ашказанды дарылоо

300-00

12

Козу-улактарды бычуу

50-00

 

Акушерство и гникология

 

1

Туутка жардам берүү

300-00

2

Жатынга операция жасоо

1000-00

3

Малдардын чөбүн түшүрүү (эши)

300-00

4

Туугандан кийинки шал оорусун дарылоо

500-00

5

Жатыны түшкөнгө жардам көрсөтүү

500-00

6

Малдардын желин оорусун даарылоо

300-00

 

Короо-сарайларды жугушсуздандыруу

 

1

Алдын-ала мал базарды, короо сарайды дарылоо(профилактика)

Келишим баада

2

Ылаң чыккан мезгилде заласыздандыруу

Айыл өкмөтү

3

Кой-эчкилерди чөмүлдүрүү.

10-00

 Эскертүү: 1.мамлекет камсыз кылбаган дарылоо жана эмдөө үчүн колдонулган даарынын акысын мал ээсинин же буйрутма берүүчү тараптын эсебинен төлөнөт.

2.Кызмат көрсөтүү баасы келишимдин негизинде вет.врачтын жана жергиликтүү бийликтин макулдугу менен өзгөрүп кетүүсү мүмкүн.

 

                                  Жооптуу катчы:                                  Шадыбекова А.П.

 

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы)  кезектеги  жыйырма үчүнчү   сессиясынын

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-8.

19.02.2016

 

 

  Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин

 2016-жылга карата бюджетин  бекитип берүү

 жөнүндө.

Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүктөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 4-беренесине таянып Кеңеш  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 350.000 сомго, чыгаша бөлүгү болжол менен 350.000 сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).

 

2.         2016-жылга карата жайыт жерлерин өздөштүрүүдө болгон төлөмдөр төмөндөгүдөй болуп бекитилсин: чөп чабынды үчүн 1,0 га жер аянтына 400 сом; олтуругузулган дарактар үчүн 1,0 га 2500 сом; жаңы өздөштүрүлгөн жерлерге 1,0 га 1700 сом.

 

3.         Кеңеш жайыт пайдалануучулар тарабынан жайытка чыгуу мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленсин: Ак-терек, Как, Кара-таш, Чегеден-ата 25.03.2016-ж; Сойгонум, Асал-таш, Ичке-суу 15.05.2016; Көк-дөбө, Эсен-арча, Ысманбайдын көлү 10.05.2016-ж;

 

4.         Бекитилип берилген бюджетти максаттуу иштетүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

 

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, соода жана  ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Абжалиев К тапшырылсын.

Кеңеш айылдык   төрагасы 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

 

 

2016-жылдын  19-февралындагы кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын

                                                № 23-8-токтомуна тиркеме.

 

               Кеңеш айыл аймагындагы ЖПБнин 2016-жылга карата түзүлгөн бюджети.

 

Киреше булагы.

Кирешенин түрлөрү.

саны

Жайыт акысы

Жалпы сумма (сом)

1

Кара мал жыл ичинде

 

1268

119

150890

 

2

Кара мал төрт айга

550

68

37400

3

Жылкы төрт айга

70

119

8330

4

Кой жыл ичинде

1141

63

71880

5

Кой төрт айга

1500

36

54000

6

Эчки төрт айга

150

68

10200

7

Ж.б.кирешелердин “О” компаниясы: өздөштүрүлгөн жер.

10 га

17,30

17300

 

Жалпы киреше.

 

 

350.000

 

Чыгаша булагы.

Чыгашанын түрлөрү

Айына (сом)

Жалпы сумма (сом)

1

ЖПБнин төрагасынын эмгек акысы

4000

32000

2

ЖПБнын эсепчисинин эмгек акысы

3500

28000

3

ЖПБнын инспекторунун эмгек акысы

3150

25200

4

соц.казынага төлөмгө 17,25%

1779

14231

 5

Жайыт жер салыгы

2443

59545

6

сатуудан түшүүчү 3% салык

1129

9030

7

транспорттук чыгымга

1250

10.000

8

Сапардама чыгымына

1250

10.000

9

Инфрастуктурага

 

149800

10

Түрдүү чыгымдар

1524

12194

 

Жалпы чыгым

 

350.000

 

 

 

                  Кеңеш айылдык кеңешинин

                                    жооптуу катчысы:                                    Шадыбекова А.П