М А З М У
Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
21-1 |
21.11.2015 |
Кеңеш
айыл аймагындагы айылдардагы инвестиция тартуу жолу |
2. |
21-2 |
21.11.2015 |
Кеңеш айыл өкмөтүнүн
2013-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү
жөнүндө |
3. |
21-3 |
21.11.2015 |
|
4. |
21-4 |
21.11.2015 |
Кеңеш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 24.02.№ 19-3-токтомуна өзгөртүүлөр
жана толуктоолорду киргизүү
жөнүндө |
5. |
21-5 |
21.11.2015 |
Куу-майдан
айылындагы «Байыш-Нуру» балдар бакчасынын кызматкерлердин эмгек акысын мамлекеттик бюджеттен каржылоого өткөрүү тууралуу |
|
|
|
|
БЕКИТИЛДИ Кенеш айылдык кенешинин
депутаттарынын _____ сессиясынын №______ чечими “___” __________ 2015-жыл ____________________________ ОШ
ОБЛУСУНУН НООКАТ РАЙОНУНУН КЕНЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 2013-2017-ЖЫЛДАРГА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН
СТРАТЕГИЯСЫНА өзгөртүүлөр жана толуктоолор 2015-жыл, Кеңеш
айылы МАЗМУНУ
Киришүү Бүгүнкү
социалдык, экономикалык, саясий абалдын тез өнүгүп, өзгүөрүп
жаткандыгына байланыштуу аймакты ар бир иш-чараны плансыз, стратегиясыз -өнүктүрүү
мүмкүн эмес. Бул документ Кенеш айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга
түзүлгөн туруктуу өнүгүүсүнүн Стратегиялык планына (мындан ары
стратегия) өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү менен 2015-2017-жылдарга аймакты өнүктүрүүнүн
максаттын, милдеттерин, приоритеттерин жана өнүгүү үчүн
иш-чараларын аныктайт. Бул
стратегия “2013-2017-жылдарга Кенеш айыл аймагын онүктүрүүнүн
стратегиялык планынын”, туруктуу өнүгүүнүн
2013-2017-жылдарга Улуттук стратегиясынын, КР ЖК бекитилген КРнын туруктуу өнүгүүгө
өтүү Планы жана Программаларынын, КР Өкмөтү
тарабынан бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарын өнүктүрүү Программаларынын негизинде
түзүлгөн. Ошондой
эле бул документти иштеп чыгууда жергиликтуу коомчулуктун ой-пикирлери,
сунуштары изилденип, жергиликтуу кенештин депутаттары менен, айыл өкмөтүнүн
аппаратында талкуулангандан кийин кабыл алынды. Бул стратегиялык план бир
гана жергиликтүү бийлик ишке ашыра турган пландар эмес, бул
документ кызыктар жергиликтүү жарандар үчүн аймакты өнүктүрүү
үчүн колдонмо болуп
эсептелет. Стратегиянын
максаты: - Кенеш айыл аймагындагы жергиликтүү
жамаат, бизнес чөйрөсү жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыкта калктын каржылык мүмкүнчүлүктөрүн
кенейтүүчү социлдык-экономикалык иш-чаралардын биргелешкен
программаларын түзүү жана аймактын өнүгүүсүнүн
приоритеттүү багыттарын аныктоо. Стратегиянын
негизги багыттары: 1. Айыл аймактын экономикалык жана
социалдык потенциалын баалоо, көйгөйлөргө жана өнүгүүгө
таасир беруучу факторлорду анализдөө жана өнүгүүнүн
перспективалык багыттарын жана тоскоолдуктарды аныктоо; 2. Жергиликтүү аймактын
туруктуу өнүгүүсүнүн максатын, милдеттерин
аныктоо жана аларды ишке ашыруу үчүн иш-чараларды тактоо; 3. Стратегиянын максатына жетүү
үчүн кызыкдар тараптардын, жергиликтүү жамааттардын,
коомдук уюмдардын жана активисттердин ишмердүүлүгүн
координациялоо. Стратегиянын принциптери: ü Кенеш айыл аймагынын жергиликтүү
социалдык, экономикалык өзгөчөлүктөрүн
жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу; ü Кенеш айыл аймагынын экономикасынын
туруктуу өнүктүрүү багыттарын аныктоо
жарандардын жана мамлекеттик органдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен
чарбаны жана экономиканы эффективдүү башкаруу ыкмаларын анализдөө; ü Райондук, аймактык, улуттук
социалдык-экономикалык өнүктүрүү
программаларынын максаттары менен айкалыштыруу; ü Аймактагы ишке ашырууга
пландаштырылган программаларды жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга жана
керектөөлөрүн чечүүгө багыттоо; ü Ачык-айкындуулук жана Стратегияны
ишке ашырууну бардык кызыктар тараптарга жеткиликтүү кылуу; ü Жарандар алдында ачык отчеттуулук
жана жоопкерчилик. Бул
Стратегияны ишке ашыруу максаттуу долбоорлорду камтыган өнүгүү
ыкмасына негизделген. Стратегияны иштеп чыгуу үчүн
айылдык кенештин депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн
аппаратынан, жергиликтуу коомдук уюмдардан, жергиликтуу активисттерден, жеке
ишкерлерден турган атайын буйрук менен бекитилген топ түзүлдү.
I. Кенеш
айылдык аймагынын туруктуу өнүгүүсү үчүн жергиликтүү
потенциалы 1.1. Географиялык
жайгашуусу: Кенеш айыл аймагы Ош
облусунун Ноокат шаарынын чыгыш жагында10-15км аралыкта жайгашкан. Айыл аймак
Исанов, Зулпуев, Кыргыз-Ата айыл
аймактары менен чектешет жана жалпы аянты121,15 м.кв. тузот. Айыл аймагы 1996-жылы
тузулуп, 4 айылдардан турат. Айылдары: Куу-Майдан, Шанкол, Арбын жана алыскы
аймакта жайгашкан Чегеден-Ак-Терек айылдары. Чеген-Ак-Терек айылдарынан башка
айылдары, бири-биринен жакын орун алып, Ноокат-Көк-Бел жолунда
жайгашкан. Кенеш айыл аймагынын
рельефинде адырлуу тоолоор жана бийик, жапыс тоолор басымдуу ээлейт. Деңиз
денгээлинен 1.2. Табигий-климаттык
шарттары: Кенеш айылдык
аймагындагы аба-ырайы континенталдуу, кышы өтө катуу эмес,
орточо Табигий шарты айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
көпчүлүк түрлөрүн өстүрүүгө
ынгайлуу. өзгөчө картошка, жүгөрү, күздүк-жаздык
буудай жана жашылча жемиштерди, мөмө берүүчү
дарактардан алма, өрүк, алчадан
жакшы тушум алууга болот. 1.3. Жер жана суу
ресурсдары: Кенеш айыл
аймагынын аянты 121,15 кв.км. Жалпы айыл чарба багытындагы жерлер 8313 га:
Анын
ичинен: Үлүшкө берилген
жерлер:
Ичүүчу
суу: айылдын негизги бөлүгү ичүүчү
сууну арыктан алып ичишет. Калктын 45%гана таза суу менен камсыз болгон.
Негизинен таза суу түтүктөрү 1970-жылдары курулуп, бүгүнкү
күндө бул система 80% жанылоону талап кылат. Сугат
суу: айылдагы 40% гана жетиштуу сугат суу ала алышат.
Тургундардын негизги кирешеси жер иштетүүдөн болгондуктан
сугат суунун жетишпестиги дайыма айылда эн биринчи көйгөй болуп
турат. 1.4. Демографиялык көрсөткүчтөр
жана эмгек ресурсдары 2015-жылдын 1-январына карата жалпы
болуп 13515адам, 2480 кожолук катталган, анын ичинен эркектер -6530, аялдар – 6985. Жаш курагы боюнча: Жалпы калктын санынан эмгекке
жарамдуулар 59,7% ды түзөт. Эмгекке жарамдуу катмарда эн коп
адистер мугалимдер, экономисттер, ал эми аз сандагы кесиптин ээлери –
инженер-куруучулар, ветеринардык врачтар, экологдор. 1.5. Калктын кирешесинин
денгээли жана жумуш менен камсыз болушу: Акыркы 5
жылга салыштырмалуу жакырчылыктын денгээли төмөндөгөнү
байкалат. Жакырлардын саны сыртта иштеп жүргөн мигранттардын
жардамынын эсебинен, жер иштетүүдөн, мал чарбачылыгынын өсүшүнүн
эсебинен кыскарууда. Официалдуу түрдө жумушсуз болуп айыл аймак
боюнча катталгандар 196 адам. Негизиги
өзүн-өзү жумуш менен камсыздоо, жер иштетүү,
мал чарбачылыгында, соода-сатыкта, калган болугун аймактагы билим берүү
мекемелеринде, аймактагы жана райондогу ишкана-мекемелер камсыз кылышат. Дыйканчылыкта
өндүрүлгөн продукциялар: картошка, жүгөрү,
буудай, жашылча-жемиштер, мөмө берүүчүлөрдөн
– алма, өрүк, жангак. Мал чарбачылыкта: ири мүйүздүү
мал, кой-эчкилер, аз санда жылкы, топоз өстүрүлөт. Аймакта
жалпы болуп 626 жакыр үй-бүлө катары катталган. Маалымат көрсөтүп
тургандай 140сомго чейинки кирешеси бар үй-бүлүлөрдүн
саны 63ге чейин азайды. 2012-жылы бул көрсөткүч 92 үй-бүлө
болгон. Үй-бүлөлөрдүн
жан башына орточо кирешесинин деңгээли (айына)
1.6. Калкка
мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү: Билим
берүү: Аймакта жалпы билим берүүчү 6 мектеп бар,
анын ичинен 1 башталгыч мектеп, 5 толук орто мектеп. 2015-жылы жалпы билим
берүү мекемелеринде окуучулардын саны 4% ке өскөн,
жылдын жыйынтыгы менен 2741 окуучу катталган. 3 мектепке чейинки билим берүүчү
мекемелери элге кызмат көрсөтөт. Бул мекемелердин имараты
1970-1980-жылдары курулуп, бүгүнкү күндө 180ден
ашуун балдар тарбияланат. Билим берүү
тармагындагы негизги жетишсиздиктер: 1. Мектеп жана мектепке
чейинки мекемелердеги
орундардын жетишсиздиги; 2. Билим берүү
мекемелеринин ички эмеректерин жаныртуу керек (парта, стол, стул,
доска, шкаф,). 3. Мектептерге окуу китептеринин жетишсиз; 4. Мектептердин инфраструтурасын жакшыртуу керек; Маданият
тармагы: Айыл аймакта райондогу чон маданият үйлөрүнүн
бири болгон маданият үйү,
бир айылдык клуб жана эки айылдык
китепкана иштейт. Башка айыл аймактарга салыштырмалуу маданият тармагындагы
объектилеринин абалы жакшы, маданият уйун толук капиталдык ремонттон өткөрүү
керек. Саламаттыкты
сактоо тармагында аймакта 5 ФАП, 2 даарыкана иштейт. Ошондой эле коншу Исанов айыл
аймагында 7км аралыкта оорукана жайгашкан. Зарыл учурда тургундар бул оорукананын
кызматынан пайдалана алышат. Ошондой эле ар бир айылда “Айылдык ден соолук
комитеттери” түзүлүп, эл арасында ден соолукту сактоо,
сергек жашоо, жугуштуу ооруларды алдын алуу ж.б.у.с. агартуу иштерин жүргүзүп
жатышат. 1.7. Турак-жай чарбасы, айылдарды
көрктондүрүү Жалпысынан айыл аймакта 2480 кожолук
бар. Жаны үй куруу үчүн 2006-жылдан бери жер
болунбогондуктон, жер алуу үчүн арыз берип кезекке тургандардын
саны өсүп жатат. Турак-жай тартыштыгын чечүү үчүн
кайрак жерлерди өздөштүрүү зарыл, ошондой эле
сугат суу менен камсыздоо денгээлин жогорулатуу керек. Айылдардын ынгайлуулуктарын жакшыртуу
боюнча быйылкы жылы 44 ички жолдор ондолуп, шагал тогулду. Ошондой эле жаз
айларында 6 жолу жалпы аймак боюнча тазалоо, актоо, көрктөндүрүү
иштери өткөрүлүп, 10км ички арыктар тазаланып, 200
даана декоративдик дарактар отургузулду. Бирок аймактын ынгайлуугун
жогорулатуу үчүн көчөлөрдү жарыктандыруу,
таза суу түтүктөрүн, сугат суу арыктарын жана
каналдарын ремонттоо, жаны конуштарга электр линияларын тартуу боюнча бир топ
көйгөйлөр бар. 1.8. Айыл аймактын
экономикалык жана инвестициалык потенциалы Кенеш
айыл аймагында жалпы болуп 6 тегирмен, 1 темиркана, 1 механикалык өнөркана,
2 май куючу жай, 1 ветдаарыкана, 15 соода түйүндөрү
иштейт. Жалпы болуп жергиликтүү бюджеттин 5% ти ишкерлерден түшөт. Жетишпеген тармагыбыз аймакта өстүрүлгөн
жер-жемиштерди, мөмө-чөмөлөрдү кайра
иштетуу жолго коюлган эмес. Айрыкча алма, картошка, буудай жетиштүү
көлөмдө өстүрүлөт, бирок сатып-өткөрүүнүн
туруктуу байланыштары жок, баары базардын баасына көз каранды. Аймакта туруктуу инвестициялык саясат
иштеп чыгуу керек, ошондой эле ички жана сырткы инвестицияларды негизинен
экономикалык долбоорлорго тартуу керек. Инвестицияларды өздөштүрүү
үчүн муниципиалдык имараттар, жер ресурсдары жана эмгек
ресурсдары жетиштүү. 1.9. Бюджеттик ресурсдар
жана финансалык потенциалы: Кенеш айыл аймагынын
2014-жылы жалпы бюджети 9млн.350мин 600 сом, 2015-жылга бюджети 10 818мин 400
сомду түзөт, бул өткөн 2014-жылга салыштырмалуу
1млн.467мин800 сомго көп. Бюджеттин 54,9 % республикалык бюджеттен,
калган 45,1% жергиликтуу ресурсдардан түзүлөт.
Цифралардан көрүнүп
тургандай айыл өкмөттүн бюджети мамлекеттик дотациядан көз
каранды. Тургундардын социалдык
керектөөлөрүн аткаруу үчүн жергиликтүү
бюджеттин эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө
бөлүнгөн бюджеттин көлөмүн көбөйткөнгө аракет жасап жатабыз. Мисалга, ички жолдор,
ичуучу суу түтүктөрүн ондоо, электрлештирууну
жакшыртуу сыяктуу маселелерди аз-аздан болсо да чечип жатабыз. Ошондой эле инвестициялык
климаты жакшыртуу учун сырттан келген инвестицияга салым кошуу учун 750мин
сом каралган. Жаныдан ишкана ачууну пландаштырган жеке ишкерлер үчүн
жергиликтүү кенеш аркылуу жергиликтүү салыктарга
преференция, женилдиктер боюнча
жоболор бекитилген. 1.10.
Кенеш айыл аймагынын өнүгүү планына киргизилген
багыттар: 2013-2017-жылдарга аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип чыккан. Бул
стратегиялык планга төмөнкү негизги приоритеттуу 3 багыттар
кирген: 1.
Айыл чарба жана кайра иштетүү
өнөр жайынын өнүгүүсү Бул тармакка каналдарды ремонттоо,
суу чыккан участканаларда дренаж куруу, сел келүүчү
каналдарда габион куруу боюнча иш-чаралар киргизилген. 2.
Маданий,
билим берүү жана медицина тармагын өнүктүрүү Бул
тармакка маданият үйүн ремонттоо, маданий борбор ачуу, мектептерди
жана балдар бакчаларын ремонттоо, жолдорду ремонттоо, ФАП ремонттоо. 3.
Инфраструктура, анын ичинде: жолдорду
ремонттоо, эл.трансформаторун орнотуу, жаны көчөлөрдү
ондоп-түзөө, таза суу түтүктөрүн
куруу Ишке ашпай калган иш-чаралардын себептери •
Чектелуу финансалык
ресурсдар. Пландаштырылган иш-чараларга өтө чон каражат
талап кылынат. •
Пландаштырылган
иш-чаралар тармактарга так бөлүнгөн эмес, тармактарга
жараша иш-чараларга финансалык булактар так пландаштырылган эмес. •
Ички
ресурсдар толук пайдаланылбай жатат. •
Бардык
коюлган маселелер сырткы инвестицияга көз каранды II.
Кенеш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө
анализ жүргүзүү: Аймакты өнүктүрүү
үчүн 2013-2017-жылдарга кабыл алынган “Аймакты өнүктүрүүнү
стратегиялык планын” жергиликтүү жамаат, айылдык кенештин
депутаттары, атайын адистер менен биргеликте кайрадан карап, АРИСтин ЖОКЭден
кенеш алгандан кийин бул документке өзгүртүү жана толуктоолорду киргизүүнү
чечтик. 2015-жылдын башталышында
адистердин, көпчүлүк элдин катышуусунда талкууда аныкталган
Кенеш айыл аймагынын: күчтүү жактары: -
Аймактын
тургундарынын ичинен 58,2% дан ашуун жарандар эмгекке жарамдуу катмар. -
Жарандардын
активдүүлүгү жогору. Коомдук иштерге, “Ашар”
иштерине, демөөрчүлүк иштерине элди уюштуруу үчүн
айыл башчылары, көчү комитеттери, коомдук уюмдар, жамааттын
лидерлери күчтүү система катары калыптанган. -
Эл
арасында коомдук уюмдардын аброю жогору. Жалпы болуп 11 коомдук уюмдар, 2 ӨЭУ бар. Алар коомдук иштерди уюштурууда чон
роль ойношот. -
Кучтуу
айыл кенеш. Депутаттардын потенциалы, жоопкерчилиги, отчеттуулугу өсүүдө; -
Баштапкы жылдарга
салыштырмалуу башкаруу бийлиги
менен аткаруучу бийликтин
өз-ара биргеликте иш алып
бааруусунун эффективдүүлүгү жогорулоодо. -
Айыл
чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө
жакшы табигий климаттык шарттар, айыл чарбасында эн жогорку түшүмдүүлүккө
жеткен фермерлердин саны өсүүдө. Айыл аймагынын
күчсүз жактары: -
Мамлекеттик,
жергиликтуу, тармактык программаларды турмушка ашырууда ресурсдардын,
кадрлардын жетишсиздиги. -
Айыл
чарбасы үчүн сугат суу жетиштуу, бирок сугат каналдары эскилиги
жетип ремоттоону талап кылат, жергиликтүү бюджеттин каражаты
жетишпейт. Сугат суу менен камсыздоо 40% га жетет. Сугат суу үчүн
тез-тез талаштар чыгып турат; -
Азыркы
учурда пайдаланылып жаткан бюджетти тузуу ыкмасы аймакты өнүктүрүү
үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чектеп
коюда. -
Муниципиалдык
менчиктеги объектилердин 70-80% эскирген; -
Ички
жолдордун абалы өтө начар. -
Экономиканы
өнүгүүсүнө түртку берүүчү
мүмкүнчүлүктөр аз; -
Айылдык
аймак мамлекеттик дотациядан көз
каранды. Аймактын
өнүгүүсү
үчүн мүмкүнчүлүктөрү: -
Аймак
Ноокат - Көк-Бел, Исанов айыл өкмөтторүнө өтүүчү
чон жолдо жайгашкан. -
Сугат
каналдары ремонттолсо 550га жерди сугарууга жетишебиз. Натыйжада 1200 дон ашуун
кожолуктардын финансалык кирешелери жогорулайт. Чыр-чатактар азаят. -
Уйлөрдө
өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылган 4 тигүү
цехтер, 11 өз ара жардамдашуу топтору иш жүргүзүшөт.
Аларды өнүктүрүп өндүрүш денгээлине
чыгарса болот. -
Ар
бир айылда өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди,
картошка, помидор иштетүүчу цех ачууга сырье жетиштүү; -
Аймактагы
4511 га жайытты туура пайдалануу аркылуу бюджетке, жайыттарды жакшыртууга
каражаттарды чогултса болот; Аймакты өнүгүүсүнө
терс таасир берүүчү тоскоолдуктар: -
Аймактын
негизги киреше булагы болгон айыл чарба багытындагы жерлерге сугат суу
жетишсиз; -
Сугат
суу башкаруучу СПАларды институтционалдык өнөктүрүү
керек. -
Жергиликтүү кадрлардын миграциясы, айрыкча мектеп
мугалимдери кетип жатышат. -
Элдин
мамлекеттик бийликке ишениминин төмөндүгү. Айыл
аймактагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү
жакшыртуу, кызмат көрсөткөн кадрлардын билим денгээлин,
тажрыйбасын жогорулатуу керек. -
Саясий
стабилсиздик. Элге түшүндүрүү иштерин, туура
маалымат жеткирүү иштерин күчөтүү керек. -
Салттуу
эмес диний кыймылдардын өкүлдөрүнүн пайда
болушу, эл арасында туура эмес түшүнүктөрдү
таратуу. Диний кызматкерлердин билимин жогорулатуу, диний уюмдар менен тыгыз
байланышта иш алып баруу керек. III. Өнүгүүгө терс
таасир берген проблемалар: Айылдарда өткөрүлгөн
чогулуштардагы талкуулардын, сурамжылоолордун жана адистердин баалоосунан
кийин аймактагы негизги көйгөйлөр болуп төмөндөгүлөр келип чыкты: - Жалпы аймак боюнча сугат суу менен
жалпы жердин 40% гана толук камсыз
болгон. Арбын, Куу-Майдан айылдарына сугат суу алып келген “Жаны-Арбын
каналын” ремонттоо зарылчылыгы турат. - Айылдарды таза суу менен камсыз
кылуу. Азыркы күндө аймак боюнча 45% гана эл таза суу менен
камсыз болгон. Таза суу алып келүүчү булактар бар, бирок
суу түтүктөрүн куруу үчүн каражат
жетишпейт -Мектепке чейинки
мекелемелер 20% балдарды гана
камтый алат. Алардын ички
инфраструктурасы толук талапка жооп бербейт. - Ички жолдордун абалы талапка жооп
бербейт. 75-78% ремонттон откоруу керек. - Жумуш менен камсыз кылуу учун ички
инвестициянын колому ото эле аз. Кичи ишканалардын өнүктүрүүгө
программалар жетишсиз IV.
Кенеш айыл аймагынын стратегиялык максаттары: Ø 2017-жылга Кенеш
айыл аймагында сугат суу системасындагы объектилерди жакшыртуу аркылуу айыл
чарбасын жогорулатуу, калктын айыл
чарбасынан алган кирешесин орточо денгээлге жеткирүү. Ø 5 жылдан кийин
өзүн-өзү каржылоого жетишкен, жергиликтүү
маанидеги маселелерди чечүүчу жергиликтүү
программаларды аткарууга каржылык жана институционалдык потенциалы жеткен,
туруктуу өнүгүүгө багыт алган план-программасы
бар аймак болууга жетишүү.
Ø 20 жылдан
кийин Кенеш айыл аймагы билим берүү, саламаттыкты сактоо,
маданияты, спорт тармагы өнүккөн, айыл чарбасы өнүгүп
өз продукцияларын импорттоого жетишкен алдынкы айыл аймак болууга
жеткирүү. Бул коюлган максаттарга
жетүү үчүн учурда аткарылып жаткан жергиликтүү,
аймактык, мамлекеттик программалар менен интеграцияланган, аймактын географиялык,
экономикалык, социалдык дареметин эске алган жергиликтүү
максаттуу долбоорлорду иштеп чыгабыз. Бул долбоорлор конкреттүү
багыттагы максаттарды камтыган, жергиликтүү тургундардын
ой-пикирлерин, керектөөлөрүн эске алган иш-чаралардан
турат. Бул программаларды иштеп чыгуу үчүн
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
мыйзамынын, АРИС тин АИД-3 долбоорунун талаптарынын негизинде төмөнкү
иш чаралар өткөрүлдү: -
Ар
бир айылдарда маалымат жыйындары өткөрүлүп, жумушчу
топтун мүчөлөрү тандалып алынды; -
Айылдардын
чогулуштарынын чечиминин негизинде АӨ буйругу менен 9 мүчөдөн
турган жумушчу топ түзүлдү; -
Ар
бир айылдарда 5 түрдүү фокус-топтор өткөрүлүп,
жер-жерлердин көйгөйлөрү эл менен биргеликте
аныкталып, АӨ денгээлинде көйгөйлөр
приоритетештирилди; -
АА стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу үчүн коомчулуктун,
айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, АА депутаттары үчүн
окуулардан өтүшүп, жыйынтыгында ушул документ даярдалып
чыгылды; Аймакты өнүктүрүү
приоритеттуу багыттары, милдеттери жана стратегияны
ишке ашыруунун пландары: Бул стратегияны ишке
ашыруу жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына мыйзам тарабынан
бекитилген милдеттеринин, укуктарынын негизинде бир нече иш-чаралардан турган долбоорлорду
ишке ашырууга багытталат. Приоритеттерди
коюу критерийлери: -
Айыл аймактын жалпы тургундары үчүн маанилүүлүгү;
-
Көпчүлүктүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү; -
Узак мөөнөткө кызмат кылуусу; -
Тез арада чечүүнү талап кылган; -
Аткаруу үчүн реалдуу шарттар; -
Көпчүлүктүн колдоосу; №1 приоритет:
Сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу Баарыбызга
белгилүү болгондой айыл жеринде калктын ишмердүүлүгүнүн
негизги бөлүгү жер иштетүү менен байланышып,
кожолуктардын 50-100% га чейинки киреше булактары ушул тармактан алынат. 90-жылдардагы
айыл чарбасынын реформалоонун жыйынтыгында дээрлик ар бир кожолукта дыйкан
чарбалар түзүлүп, айыл чарба жерлери дыйкан чарбаларга бөлүнүп
берилип, жерди асылдандыруу, сугат суу жеткирүү, түшүмдүүлүктү
жогорулатуу дыйкандардын өздөрүнө берилген. Бирок
сугат суу системасын каржылоого өтө чон каражат талап кылынгандыктан акыркы мезгилде сугат суу
дыйкандарга жетишээрлик берилбей, айыл чарба тармагы төмөндөп
бара жатат. Айыл
чарбасындагы 65% калкты тейлеген “Жаны-Арбын” лоток-каналы 1972-жылы курулуп,
Арбын, Куу-Майдан, Чегеден-Ак-Терек айылдарынын 8711 тургундарына тиешелуу
550 га жерлерин сугат суу менен камсыз кылып келген. Каналдын жалпы узундугу
10,46 км. Канал курулган жылдан бери капиталдык ремонттон өтпөгөндүктөн,
аймактагы селдин жүрүшүн кесепетинен 8км каналдын
техникалык абалы талапка жооп бербейт, ошондой эле суу бөлүштүрүүчү
курулмалар талкаланып бүткөн. Азыркы
мезгилде сугат суунун жетишсиздигинен, эн жакшы категориядагы жерлерден айыл
чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү
20-35% га чейин төмөн алынып жатат, натыйжада элдин кирешеси
азаюда, көпчүлүк жаштар ушундай эле айыл чарба жумуштары үчүн
башка жакка кетүүгө аргасыз болууда. Ошондой эле сезон мезгилинде дыйкандар
арасында, айылдар арасында сугат суу учун талаш-тартыштар 3-4 күндө
чыгып турат. СПАнын, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери иш
күчөгөн мезгилде, өзүнүн негизги иши
калып, чыр-чатактар менен иштөөгө аргасыз болушууда. Аймактын
өнүктүрүүнүн негизги максаты элдин турмуш
шартын жакшыртуу үчүн керектүү шарттарды түзүү
болгондуктан, кактын 64,5% үчүн зарыл болгон “Жаны-Арбын” каналын
кабылына келтирүү менен сугат суу менен камсыздоону жакшыруу
аркылуу элдин айыл чарбасынан алуучу кирешелерин жогорулатуу. Жогоркуда
корсотулгон себептерди эске алып Кенеш айыл аймагынын №1 приоритети кылып
копчулук эл, жергиликтүү бийлик жана демилгелүү топ
биргеликте “Жаны-Арбын каналын” капиталдык ремонттоо” койгойун тандап алышты
алышты. Бул каналды ремонттоо үчүн атайын адистер менен ПСД,
чиймелери, сметасы 18 364 443,8 сомго даярдалып бүттү. Анын ичинен 689 500 сом А/Ө
бюджетинен бөлүнгөн, калган 17 674 943,8 сом АРИСтин “АИД-3 долбоорунан суранып
жатабыз. Бул приоритеттүү
багыттагы “Жаны-Арбын каналын ремонттоо” АРИСтин колдоосу аркылуу бүткөрүлсө,
АА өзүнүн күчү менен төмөнкү
иш-чараларды ишке ашыруу менен
аймактагы айыл чарбасын өнүгүү денгээлине чыгарабыз. Бул приоритеттин
иш-чаралары:
Бул компоненттин
жыйынтыгы: -
10,46км
сугат каналы ремонттоодон өткөрүлүп, 550 га жер үзгүлтүксүз
сугат суу менен камсыз болот; -
Айыл
чарбасынан алган түшүмдүүлүк жогорулап, 1200дон
ашуун кожолуктардын кирешелери жогорулайт; -
Элдин
жашоо денгээлип жогорулап, жергиликтүү социалдык чыналуулар
азаят. -
Суу
ресурсдарынын жетишсиздиген келип чыккан чыр-чатактар азаят; -
Аймактын
айыл чарба тармагы өнүгүп, мамлекеттик дотациядан чыгууга
бюджетке киреше булагы жогорулайт; -
Миграциянын
денгээли азаят; -
Айылдагы
тургундардын жашоосу үчүн коопсуздук камсыз болот; №2 приоритет: “Айыл тургундарын таза суу менен
камсыз кылуу” Айыл жериндери негизги көйгөйлөрдүн
бири – бул калкты таза суу менен камсыздоо. Биздин айылдык кенеште дагы сугат
суудан кийинки ичүүчү таза суу негизги көйгөйлөрдүн
бири. Бүгүнкү күндө айылдын 45% гана таза суу
менен камсыз болгон. Таза суу инфраструктурасы 1970-жылдары курулуп,
айылдардын 10% жеткиликтүү болгон. Кийин акыркы 20 жылдын ичинде
донорлордун жардамы менен кошумча курулуп, таза суу менен камсыздоо 45%га
жеткен. Азыркы күндө тейлөө
мөөнөтү жеткендигине байланыштуу пайдаланылып жаткан
суу келүүчү трубалары, суу колонколары эскирип, көпчүлүк
жерде иштетүүдөн чыгып, алардын 85% жанылоону талап кылат. Таза суу жетишсиздигенен
жаз-күз айларында сөзсүз айылда жугуштуу оорулар пайда
болуп, санитардык абалга коркунуч жаратат. Таза суу жетпеген участкаларда
ачык арыктардагы суудан ичишет, же болбосо 500-600метр жерден ташып келип
ичишет. Ошондуктан бул багыт бардык айылдардан чыгып 2-орунга чыкты. Бул приоритеттүү
багытты ишке ашыруу үчүн, мурдагы стратегиялык планда кабыл
алынган иш-чараларды улантабыз:
Бул багыттын жыйынтыгында: - Мамлекеттин, жергиликтүү
бийликтин негизги милдеттеринин бири болгон элдин жашоосу үчүн
негизги керектөөчү шарттардын бири болгон, элди таза суу менен камсыздоо
милдеттемеси аткарылат; - Тургундардын ден соолугуна сактоого шарт түзүлөт,
жугуштуу оорулардын жайылышы алдын алынат, санитардык абал жакшырат,
оорулардын саны азаят; - Элдин турмуш-шарты жакшырат, ынгайлуулук шарт түзүлөт; - Элдин арасындагы социалдык чыналуу азаят, таза сууга
болгон талаш-тартыштар азаят; - Элдин бийликке болгон ишеними
жогорулап, эл менен бийликтин ортосундагы байланыш жогорулайт, жергиликтүү
бийликке элдин катышуусу жакшырат; №3 приоритет: «Мектеп жана мектепке
чейинки билим берүү мекемелерин кеңейтүү» Бул багыттын приоритеттүү
болуп чыгышынын себеби калктын саны күн
санап өсүүдө, ошого жараша мектептерде кошумча
класстык кааналарга жана балдар
бакчаларына болгон суроо-талаптар да жогорулоодо. Мезгил талабына ылайык орто
мектептин 1-классына балынын бакчадагы даярдыгы билимди жакшы өздөштүрүп
кетүүсунө, көпчүлүк менен мамиле түзүп
кетүүсүнө эн чон түрткү берген мекеме
балдар бакчасы болуп калды. Тилекке каршы айыл аймагы боюнча 7 жашка чейин
балдардын саны 950 ашуун болсо, азыркы мезгилде 3 бакчада болгону 180 гана бала тарбияланып,
бардык балдар үчүн орун жетишпейт. Ошондой эле бакчанын ички
инфраструктурасы да жанылоону, кенейтүүнү талап кылып
жатат. Бул приоритетти ишке ашыруу үчүн
төмөнкү иш-чаралар пландаштырылды:
Жыйынтыгында: - Балдардын оз жашына жараша өнүгүүсү,
окуусу үчүн шарт түзүлөт; - Мектептеги балдардын башталгыч класстан баштап билим
сапаты жакшырат; - Балдардын өз убагында ойноосу, эс алуусу, тамак ичүүсү
бакчада көзөмөлгө алынып, ден-соолугу чын болот; - Балдары бакчага берген ата-энелер иштөөсү
үчүн бош убактылары болот; - Балдардын
билим алууга болгон
укугу ишке ашырылат; - Мектепте балдардын
дене түзүлүшүн жакшыртуугу шарт түзүлөт. V.
РЕСУРДАР Жогорудагы пландарда
корсотулгондой Стратегияны ишке ашыруу үчүн керектүү
ресурсдар программаларга жараша жергиликтүү жамааттардын
салымынын, жергиликтүү бийликтин бюджетинен, мамлекеттик
программалардан жана жергиликтүү демоорчулордун башкаруусундагы
каражаттарды бириктирүү, бирдиктүү пландарды аткаруу
аркылуу ишке ашырылат. Стратегиянын иш-чараларын
пландоо жана каражат бөлүү ар бир приоритеттин
долбоорлоруна өз-өзүнчө принциби менен бөлүнөт. Ал эми керектуу ресурсдарды
аныктоо, эсептеп чыгуу 2016-жылдын бюджети даярдалып жатканда эске алынат.
Ошондой эле аткаруучулардын ортосундагы келишимдик макулдашуунун негизинде
аныкталат. Стратегияны ишке ашыруу
учун колдо бар ресурсдар: -
Эмгек
ресурсдары: жумушчулар, адистер, билимдүү кадрлар; -
Жер ресурсдары: Сугат каналынын эски орду
даяр, каналдын боюндагы жол
аныкталган; -
Башкаруучу
институт: Долбоор аяктагандан кийин көзөмөлгө алып,
эксплуатациялоочу туруктуу иштеген “Шанкол –Сай” спасында 10 адам иштейт. -
Акча
каражаты: жергиликтүү кожолуктар ар бир га 500 сом, жергиликтүү
бюджеттен 25 000 сом болууго чечим чыгарылган. Бул Стратегиянын жогоруда
көрсөтүлгөн 3 приоритеттүү багыттарын
ишке ашыруу программаларынын ичинен эн
көйгөйлүүсү, жалпы айыл аймактагы тургундарынын
55% пайдалана турган “Жаны-Арбын каналын ремонттоо” долбоорун
АРИСтин “Айылдарды инвестициялоо
долбоор-3” аркылуу каржылоону суранабыз. Калган программалар
жергиликтуу бюджеттен, республикалык бюджеттен, жергиликтуу элдин
демоорчулугунон, жеке ишкерлердин эсебинен аткаруу макулдашылган. Жогоруда
айтылгандай алардын көпчүлүгү турмушка ашырыла
баштаган. Кошумчалай кетчү
нерсе айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү
ушул стратегиянын программалары менен гана чектелбестен, мыйзамда каралган
функцияларды жана милдеттерди аткарууну токтотпойт. VI. Тоскоолдуктар жана
аларды азайтуунун жолдору: а) Коюлган максаттарга финансалык мүмкүнчүлүктордун
жетишсиздиги. Жарандар алдында отчеттуулукту күчөтүү,
жарандарды түшүндүрүү жолу аркылуу активдештирүү, ички ресурсдарды тартуу. б) Стратегиялык планды ишке ашыруучу
топтун мүчөлөрүнүн өз функционалдык
милдеттерин аткарбай коюсу. Алдын ала милдеттерди жана
тапшырмаларды так бөлүштүрүү, кошумча кадрларды
даярдоо, сүйлөшүү, түшүндүрүү
аркылуу жоопкерчиликтерди күчөтүү, маанилүүлүгүн
жогорулатуу; в) Аткаруучулар арасындагы
пикир келишпестиктер. Жеке кызыкчылыктардын таасирин жокко чыгаруу, ички жана сырткы
коммуникацияны так жолго коюу, биргеликте иш алып барууга шарт түзүү. VII. Стратегияны ишке
ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү. Жалпы чогуштун сунушу
менен, АӨнүн буйругу менен курамы бекитилген «Мониторинг жана
баалоо» тобун түзүү, аларды окутуу, кенеш берүү,
топтун планын түзүү, ар бир жүргүзүлгөн
мониторингге протокол түзүү жана аткаруучу топко сунуш
берип туруу. Эн негизгиси коюлган максаттар менен аткарылган иштердин аткаруу
пайызын көзөмөлдөп туруу. Кенеш айыл аймагынын
2013-2017-жылдарга тузулгон Стратегиясына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү иштеп чыккан демилгелүү топтун
мүчөлөрү
Кенеш айыл өкмөтүнүн башчысы:
|
Кеңеш айылдык Кеңешинин
2015-жылдын 24.02.№ 19-2-токтомуна тиркеме.
Кеңеш айылдык округунун 2013-2017-жылдарда Кыргыз
Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн
Улуттук Стратегиясы жөнүндөгү № ПЖ №11 сандуу
жарлыгын аткаруу боюнча Кеңеш
айыл өкмөтүндө 2015-2017-жыл үчүн түзүлгөн
иш-чаралардын планы.
Кенеш айыл өкмөтүнүн башчысынын
орун басары: Маматалиев
Ж. |
|