М А З М У Н У

Токтом №

Жарыялоо күнү

Токтом датасы

Кыска мазмуну

20-1

 

29.06.2015

Кеңеш айыл аймагындагы жаштарды аскердик-патриоттук сезимде тарбиялоонун  жана аскерге чакырылуунун абалы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы тууралуу

20-2

 

29.06.2015

Кеңеш айыл өкмөтүнүн «Турак-жай жана муниципалдык  менчиктеги курулуштарды куруу үчүн  жер аянттарын

ажыратып берүү жөнүндөгү» токтомун бекитип берүү тууралуу

 

 

 

 

20-3

 

29.06.2015

Депутаттыкка талапкерлердин эл менен жоолугушуларын өткөрүү  жайын жана жарыяларын илүү үчүн шиттерди уюштуруп берүү тууралуу

20-4

 

29.06.2015

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндө

20-5

 

29.06.2015

Ак-терек айылынын тургуну Марип уулу Замирбектин арызы тууралуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы)

кезектеги  жыйырманчы сессиясы

 

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

20-1

29.06.2015

 

Кеңеш айыл аймагындагы жаштарды аскердик-патриоттук  сезимде тарбиялоонун  жана аскерге чакырылуунун абалы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы тууралуу

Кеңеш айыл аймагындагы жаштарды аскердик-патриоттук сезимде тарбиялоонун  жана аскерге чакырылуунун абалы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы тууралуу «Мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт иштери»  боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кеңеш айыл аймагындагы жаштарды аскердик-патриоттук сезимде тарбиялоонун  жана аскерге чакырылуунун абалы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы канаттандырарлык экендиги белгиленсин.

 

  1. «Мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт иштери»  боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.

 

  1. Жаштарды аскердик-патриоттук сезимде тарбиялоону  жана айыл өкмөтүндөгү аскерге чакырылуунун абалын  чагылдырган бурчтарды уюштуруу жагы ВУС кызматкери О.Исабаевага милдеттендирилсин.

 

  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө   «Мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт иштери»  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ташматов Тургунбайга  тапшырылсын.

 

 

Кеңеш айылдык                                       кеңешинин төрагасы:

 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы)

кезектеги  жыйырманчы сессиясы

 

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

20-2

29.06.2015

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн «Турак-жай жана муниципалдык менчиктеги курулуштарды куруу үчүн  жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндөгү» токтомун бекитип берүү тууралуу

Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-майдан, Шаңкол, Арбын, Чегеден жана Ак-терек айылдарынын жаштарына 2006-жылдан 2015-жылга чейинки убакытта бир да жаранга үй куруу үчүн жер аянты ажыратылып берилген эмес. Айыл өкмөткө тамарка сурап  1100 атуулдан түшкөн арыз  каттоого алынып, кезекке коюлган жана ошондой эле Арбын айылынан өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткан 30 атуулдан арыз түшкөндүгүн. Мына ушул атуулдарга үй курууга жер берүү үчүн жер аянттарын бир категориядан экинчи категорияга которуу тууралуу айыл өкмөтүнүн чыгарган токтомун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Кеңеш айыл өкмөтүнүн «Турак-жай жана муниципалдык менчиктеги курулуштарды куруу үчүн  жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндөгү» 2015-жылдын 13-июнундагы № 63-токтому жактырылып, бекитилсин. (айыл өкмөтүнүн токтому тиркелет).

 

2.      Ак-терек айылынан жаңы конуш үчүн турак жай курууга  кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак айдоо жерлеринен 65.56 га   жер аянттарын  жана Арбын айылынан  кайра бөлүштүрүү фондунун сугат айдоо жеринин № 240-контурунан 3,0 га  жер аянты тоо түбүндөгү кооптуу жердеги  үй-бүлөлөрдү жылдыруу үчүн турак-жай курууга которууга (трансформациялоого)  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүгүнө сунуштоо  жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке жүктөлсүн

 

Кеңеш айылдык                                       кеңешинин төрагасы:

 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы)

кезектеги  жыйырманчы сессиясы

 

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

20-3

29.06.2015

 

Депутаттыкка талапкерлердин эл менен жоолугушуларын өткөрүү жайын жана жарыяларын илүү үчүн шиттерди уюштуруп берүү тууралуу

Депутаттыкка талапкерлердин эл менен жоолугушуларын өткөрүү  жайын жана жарыяларын илүү үчүн шиттерди уюштуруп берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап  Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кеңеш айыл аймагындагы  төмөндөгү участкаларда  Депутаттыкка талапкерлердин эл менен жоолугушуларын өткөрүү үчүн бекитилген жайларда жана жарыя илинүүчү шиттерге төмөндөгүдөй ижара акысы бекитилсин:
    • Шаңкол айылындагы Шаңкол орто мектебинин спорт аянтчасында ижара акысы 5000 (беш миң) сом.
    • Арбын айылында  Арбын орто мектебинин спорт аянтчасында ижара акысы 5000 (беш миң) сом.
    • Байыш  айылында Маданият үйүнүн имаратында ижара акысы 5000 (беш миң) сом.
    • Куу-майдан айылында  Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасында ижара акысы 5000 (беш миң ) сом.
    • Ош-Ноокат жолунун боюндагы Ак-терек участкасында жайгашкан шиттин ижара акысы 5000 (беш миң) сом
    • Куу-майдан айылындагы эки шиттин ар биринин ижара акысы 5000 (беш миң) сомдон

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке жүктөлсүн

 

Кеңеш айылдык                                       кеңешинин төрагасы:

 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы)

кезектеги  жыйырманчы сессиясы

 

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

20-4

29.06.2015

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндө

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун кароо жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы «2016-2018-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун жана 2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоору жөнүндөгү» № 103-б буйругунун негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча»  туруктуу  комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.

 

  1. Ушул токтомду жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке тапшырылсын.

 

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча»  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын

 

Кеңеш айылдык                                       кеңешинин төрагасы:

 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Кеңеш айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы)

кезектеги  жыйырманчы сессиясы

 

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

20-5

29.06.2015

 

 Ак-терек айылынын тургуну Марип уулу Замирбектин арызы тууралуу

Ак-терек айылынын тургуну Марип уулу Замирбектин 18-июндагы  катуу шамалдан улам жашап жаткан үйүнүн шиферлери учуп кетип, талкаланып калган. Жардамга муктаж жакыр үй-бүлө катары жабыр тарткан үйүнө жардам көрсөтүү максатында  Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ак-терек айылынын тургуну Марип уулу Замирбектин арызы канаттандырысын.

 

  1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 10.000 (он миң) сом акча каражаты жардам катары бөлүнүп берилсин.

 

  1. Бөлүнгөн акчаны таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянынын төрагасы Анарбай уулу Амирбекке тапшырылсын.

 

 

 

Кеңеш айылдык                                       кеңешинин төрагасы:

 

 

Ташбаев М.А.

 

 

Назад