Дата публикации 15.09.2014

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)

11 -  кезектен тышкаркы сессиясынын

 

                                  Т О К Т О М У

 

Жаңы-Ноокат  айылы         №______                            18- февраль  2014-жыл

 

   

 Жаңы-Ноокат айылдык кеншинин

2014-жылга     карата иш- планын

 бекитүү  жөнүндө.

 

 

         Жаңы-Ноокат айылдык кеңешнин 2014-жылга карата иш арекеттери боюнча иш планын карап чыгып жана талкуулап, депутаттар тарабынан билдирилген сунуштар,түзөтүүлөр жана толуктордун  негизинде  депутаттардын  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңеши

 

                                         т о к т о м  к ы л а т

 

 

1   Жаңы-Ноокат айылдык кеңешнин 2014-жылга карата иш арекеттери боюнча иш планын бекитилсын. (иш план тиркелет)

 

2    Бекитилген пландын аткарылышын камсыз кылуу жагы  айылдык кеңештын туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапширылсын.

 

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                           А.Имомов


 

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)    

                   11 -  кезектен тышкаркы   сессиясынын        

 

                                  Т О К Т О М У

 

Жаңы-Ноокат  айылы         №______                            18- февраль  2014-жыл

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары жөнүндө.

 

        Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары боюнча маселени угуп жана талкуулап, айылдык кеңештын депутаттары тарабынан билдирилген кошумча жана өзгөртүүлардын негизинде  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешынын кезектен тышкаркы сессиясы

 

               т о к т о м   к ы л а т

 

1      Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө  боюнча  чаралар  бекитилсин (тиркелет).

 

2   Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө  боюнча  чараларды аткарылышын камсыз кылуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жана айыл башчыларына  тапшырылсын.

 

3     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

    Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин торагасы                        А.Имамов


 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (5-чакырылыш) кезектеги 12-сессиясынын заседаниясы.

Т О К Т О М

Жаңы-Ноокат айылы                                           №______                            " 28 " февраль 2013-жыл

 

Жаңы-Ноокат айылдык өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга сметасынын бекитүү жөнүндө.

 

Жаңыноокат айылдык өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга бюджеттин сметасын карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы жана депутаттар тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык Кеңеши

Токтом кылат:

1. Жаңы-Ноокат айылдык өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн финансылык, чарбалык иш-аракеттери канааттандырарлык деп эсептелсин.

2. 2014-жылга кирешелер жергиликтүү салыктардан жана Республикалык гранттардан 20138,4 миң сом, чыгашалар 20138,4 миң сом.

Чыгашалар разделдер боюнча бекитилсин.

Р-701               5175,9 миң сом

Р-704               2340,0 миң сом

Р-706               3622,0 миң сом

Р-70811           1289,5 миң сом

Р-709                7608,0 миң сом

Бардыгы          20138,4 миң сом

 

3. Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын финансылык экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансылык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик каражаттарды максаттуу сарамжалдуу пайдаланылуусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү тарабынан көзөмөлдөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин төрагасы                                                             А. Имамов


 

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)

кезектеги он экинчи  сессиясынын       заседанияси

 

Т О К Т О М

 

Жаңы-Ноокат  айылы                № ______           28-февраль  2014-жыл

 

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берилүүчү) грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө.

 

    Жаңы-Ноокат айылдык округундагы  Амир-Темур атындагы орто мектебиннин жылытуу системасын, эшиктери,сынып жарака кеткен терезелерин реонттоо иштери  боюнча даярдалган бизнес долбоорду иш жүзүнө ашыруу  үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы

 

т о к т о м  к ы л а т

 

1   Жаңы-Ноокат айылдык округундагы  Амир-Темур атындагы орто мектебинин жылытуу системасын, эшиктери,сынып жарака кеткен терезелерин ремонттоо иштери  ремонтто үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берүүчү) грант алуу үчүн Жаңы-Ноокат айылдык Кенешинин жергиликтүү бюджетинен 330340 (уч жүз отуз миң уч жүз кырк) сом раздел 709 ст 3111 да акча   каражаттары каралып каржылоолор жүргүзүлөт.

 

2         Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык Кенештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

        

 

Жаңы-Ноокат айылдык Кешинин төрагасы                                А Имамов

 

ФЭБ  башчысы                                                                                М Махмудов


 

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)

Кезектен тышкаркы он үчүнчү  сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 

Жаңы-Ноокат  айылы                               № 1                                           22 март  2014-жыл

 

Кызыл-Тейит айылындагы 5.20 га жер аянтын алмаштыруу жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын № 550  токтому менен Кызыл-Тейит айылындагы бак жерден турак жай куруу үчүн ажыратылып берилген жер аянтынан жогорку чыналуудагы үч электр линиясы өткөндүгү,бул жер селдин жолунда экендиги жөнүндө Ноокат райондук жер кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы,Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын,Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнүн адистеринин,Ош ПВС тин адистеринин (жана башка организациялардын кортундуусу) Ноокат райондук санитардык көзөмөл инспекциясынын ,депутаттардын Ноокат райондук кеңеши тарабынан 2011-жылында түзүлгөн атайын комиссиясынын кортундусу,Кыргыз Республикасынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору Н.Исабековдун 2013-жылдын

1- ноябрындагы 01\13\3419 катынын,Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13- беренесинин негизинде Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясы

 

т о к т о м  к ы л а т

 

1  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2– декабрындагы №550 Ноокат районунун калктуу конуштарын кеңейтүү жөнүндөгү токтому менен бөлүнүп берилген Кызыл-Тейит айылынын жер картасынын № 502 контурундагы 5.20 га жер аянты,жер картасынын № 14-55 контурундагы жерди алмаштыруу  элдин арзынын негизинде, элдин талабын канаттандыруу максатында депутаттардын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде  алмаштырылсын.

 

2    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Н Юлчиевге, жер адиси Э Эргашовго,жана айыл башчысы А Абдуваповго тапшырылсын.

3  Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын жер маселелери боюнча туруктуу комиссыясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык Кешинин төрагасы                                А Имамов


 

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)

13 -  кезектен тышкаркы сессиясынын

 

 

Т О К Т О М У

 

Жаңы-Ноокат айылы          №___                     22- март     2014-жыл    

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундары Т Ниязалиева, Х Артыков,М Дадахужаевдердын жер тилкеси боюнча арызы тууралуу

 

       Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы  мурдагы «Малыш» балдар  бакчасы азыркы Сахаба лицейи жайгашкан курулуш имаратын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү дыйкан чарбалардан сатып алып, айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алган. Бирок бул курулуш имаратын жер аянтын  өткорүп алуу убагында  өлчөнгөн  убакытта  жер аянты 32 сотик экендги аныкталган. Дыйкан чарбалар балдар бакчасы үчүн мамлекеттик акт алган убакытта  42 сотик болгон. Дыйкан чарбалардын токтому менен  дыйкан  чарбалардын үлүшүндөгү 10 сотик жер аянты жаңы-Ноокат айыл өкмөтүно сатылбастан мурда жеке менчикке сатылып, алынган мамлекеттик актка өзгөртүүлөр киргизбестен айыл өкмөтүнө өткөрүп беришкен. Ошондуктан арадагы айырма 10 сотих чыгып калган.  Ортодогу айырма 10 сотик жер аянты боюнча маселе каралып жана талкуланып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясы

 

              т о к т о м  к ы л а т

 

1    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундары Т. Ниязалиева,Х Артыков, М Дадахужаевдердын жер тилкеси  жөнүндөгү арызды  карап чыгып, тиешелүү чечим берүү жагы  Ноокат райондук сотунан суралсын. 

 

2      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   айылдык кеңештинжер маселелери боюнча турукту комиссиясына тапшырылсын.

 

 

  Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин  төрагасы                        А.Имамов


 

                  Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)     

                кезектеги  он төртүнчү  сессиясынын       заседаниясы   

 

                                          Т О К Т О М 

 

Жаңы-Ноокат  айылы                № ______            «___» ______________ 2014-жыл

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы стратегиялык пландарынын аткарылышы жана 2014-жылга карата аткарылуучу жумуштар тууралуу.

 

     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү

боюнча 2013- чарбалык жылында  стратегиялык пландарды  иш жүзүө ашырууда бир топ

ийгиликтүү иштер аткарылып Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын жергиликтүү бюджети

2010-жылда 2млн 900 мин сомдон,  2013-жылда  10 млн  сомго жогрулады. 

2010-жылда  2500 метр жолдорго шагал жаткырылган болсо 2013-жылга келип

жолдорго шагал жаткырууну көлөмү 17 км ге жетти.

     2010-2013- жылдар аралыгында көчөлөргө асфальт жаткыруунун көлөмү 3.5 км

 жетти. 2010-2013-жылдар аралыгында Шалдирма, Шыр-Булак, Дөн-Кыштак, Шакар-

Кыштак, Даштубала, Райим бригат,Калик-Тал  маалаларына жаңы типтеги

архитектууралык талаптарга жооп бере турган мечиттер курулду.

       2010- 2013-жылдын жылдарда  айыл аймагындагы борбордук көчөлөрдөгү

тратуарлар толугу менен тазаланып, пайдаланууга берилди. Жолдун четтерине

 жарыткычтар орнотулду. Айылдык  аймактын Шакар-Кыштак мааласына 1.2 км Кунгөй

 бөлумүндө 1.5  км,Калик-Тол бөлумүндө 1.3км, Жаш бөлумүндө 1.4 км аралыкка жаңы

 электрлиниялары тартылды. Трансформаторлор орнотулду.

          Элди таза суу мененкамсыз кылуу боюнча акыркы эки жылдын ичинде

 Ташкоргон,Шакар-Кыштак,  Шалдырама ,Кызыл Тейит айылдарына 4.5 км аралыкка

суу тутктору тартылды. 2014-жылы айылдын инфраструктурасын жакшыртуу максатында

 23 объектиде курулуш ремонттоо иштерин жүргүзүү пландаштырылган. Бул иштер иш

 жүзүнө ашып калса айыл аймагына  жүз млн сомдогон инвестиция тартуу иштери

 аткарылган болот.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы стратегиялык пландарынын

аткарылышы жана 2014-жылга карата аткарылуучу жумуштарды карап чыгып жана

 талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы

 

т о к т о м  к ы л а т

 

1  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы стратегиялык пландарынын аткарылышы

 жана 2014-жылга карата аткарылуучу жумуштар  боюнча  айыл өкмөтүнүн отчети

канааттандырлы экендиги белгиленсин.

 

2 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтунүн  социалдык –экономикалык жактан өнүгүсүнүн 2014-жылга

 карата стратегиялык  пландары айылдык кеңештын депутаттары тарабынан сунушталган

 кошумча жана толуктоолор менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

3  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтунүн  социалдык –экономикалык жактан өнүгүсүнүн 2014-жылга

 карата стратегиялык  пландарын аткарылышында  айылдык кеңештин депутаттарынын

уюштуруучулук  иштери күчөтүлсүн

 

4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештын бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                            А Имамов


 

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)

кезектеги  он төртүнчү  сессиясынын       заседаниясы

 

                                          Т О К Т О М 

 

Жаңы-Ноокат  айылы                № ______            «___» ______________ 2014-жыл

 

Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштар жана 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.

 

 

       Жаңы-Ноокат  жайыт комитетинин эсебинде 6183 гектар жайыт жерлар айыл тургундарына ижарага берүү жолу менен пайдаланылат.  2013-жылда жайыт жерден пайдалануу боюнча   айыл тургундары менен 68 келишим түзүлүп жерлер ижарага берилген.  Ижарага берилген жерлер жана жайыттан пайдалану боюнча берилген жайыт билеттер үчүн жалпысы болуп 369950 сом  акча каражаттары  жыйналган.

      Топтолгон акчалар бекитилген бюджет боюнча сарпталган. Атап айтканда Мечит- Миян участоктун  жолун ондоого, Чили-Сай капчыгайына  ветеринардык пост уюштурууга  жана башка жерлерди ремонтоо, ондоо иштери жүргүзүлгөн.

 

         2014-жылдын бюджетин   киреше бөлүгүнө 370600 сом, чыгаша бөлүгүнө 370600 сом пландаштырылган.

                 Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштары жана 2014-жылга карата  бюджети боюнча жайыт комитетинин отчетун угуп жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык             кеңешинин сессиясынын заседаниясы

 

т о к т о м  к ы л а т

 

1.       Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштары боюнча жайыт

комитетинин отчети канаттандырарлы деп табылсын

 

2        Жаңы-Ноокат  жайыт комитетинин 2014 жылга карата киреше бөлугу 370600 сомга чыгаша бөлүгү 370600 сом менен бекитилсин.

 

3   Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт жерлерден пайдалануу боюнча эрежелерди бузуп, токойлорга зыян жеткирген жана уруксатсыз жайыт жерден пайдаланган атуулдарга карата жаза колдону боюнча  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  17- августь 1992-жылдагы

№ 403 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7- сентябрындагы №668, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3- майындагы №224 токтомдорунун негизинде иштелип чыгылган иш чаралар бекитилсин.

 

3   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   айылдык кеңештын бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин төрагасы                            А Имамов


 

 

Кыргыз Республикасы

Ош облусунун Ноокат районунун

Жаңы-Ноокат айылдык Кенеши

 

        Тел.  05551323244.

        Факс.   2-62-63.

 

Н Найманбаев көчөсү     1                                                                                                                                       

 

 

Кыргызская   Республика  Ошская  область  Ноокатский    район          Жаны-Ноокатский  айылный Кенеш  

Тел. 05551323244

Факс.     2-62-63

 

улица Найманбаева  1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)

кезектеги он төртүнчү  сессиясынын       заседаниясы

 

                                          Т О К Т О М 

 

Жаңы-Ноокат  айылы                № ___          « ______»   ________________ 2014-жыл

 

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган  участкалык шайлоо   комисияларын мүчөлөрүн бекитүү  жөнүндө.

 

        «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19- беренесинин 1- бөлүгүнө ылайык,  участкалык шайлоо комиссияларынын  ыйгарым укуктары  2011-жылы аяктагандыгына байланыштуу,участкалык шайлоо комиссияларын  жаңы курамын түзүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө өткөрүлгөн чогулуштардын  протоколдорун  карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясы

 

                       т о к т о м  к ы л а т

 

 

1  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19- беренесинин 1- бөлүгүнө ылайык Жаңы-Ноокат айыл  аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштарда участкалык шайлоо комиссиялары мүчөлүгүна  шайланган  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын  өкүлдөрүнүн тизмеси  бекитилсин.(тизме тиркелет)

 

 2   Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган шайлоо  космиссияларынын мүчөлөугүнө шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн бекитип берүү жагы Ноокат райондук  аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  төрагасы                          А. Имамов


 

 

Кыргыз Республикасы

Ош облусунун Ноокат районунун

Жаңы-Ноокат айылдык Кенеши

 

        Тел.  05551323244.

        Факс.   2-62-63.

 

Н Найманбаев көчөсү     1                                                                                                                                        

 

 

Кыргызская   Республика  Ошская  область  Ноокатский    район          Жаны-Ноокатский  айылный Кенеш  

Тел. 05551323244

Факс.     2-62-63

 

улица Найманбаева  1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                  Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)     

                                кезектеги он төртүнчү  сессиясынын       заседаниясы   

 

                                          Т О К Т О М 

 

Жаңы-Ноокат  айылы                № ___          « ______»   ________________ 2014-жыл

 

 

    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 17- апрелиндеги

№40 «Кызыл-Тейит айылынын жогорку мааласындагы мечит имаратын кайра куруу жана мамлекеттик акт алуу  тууралу токтомун бекитүү жөнүндө.

 

          Кызыл-Тейит айылынын жогорку мааласындагы мечит 1998- жылда Ашар жолу менен  пирмитив ыкмада   эдин колунда акча каражаттары жетишсыз убакытта курулган болуп, азыркы күнгө келгенде учурдун талаптарына жооп бербей жаткандыгы,    элдин турмуш шарты жакшланып, мечитке болгон көз-караштар өзгөрүп бара жаткандыгы үчүн мечит курулуш имаратын кайра учурдун жана архитектуралык талаптарга жооп бере турган имарат куруу боюнча эл арасында сөз болуп, мечиттин жаны имаратын куруу үчүн демөөрчүлар чыгып жаткандыгына байланыштуу   мечитин жаңы имаратын куруу боюнча  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 17- апрелиндеги №40 «Кызыл-Тейит айылынын жогорку мааласындагы мечит имаратын кайра куруу жана мамлекеттик акт алуу жөнүндөгү токтому жөнүндө маселени  карап чыгып жана талкуулап  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясы

                

                      т о к т о м   к ы л а т

1   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 17- апрелиндеги №40 «Кызыл-Тейит айылынын жогорку мааласындагы мечит имаратын кайра куруу жана мамлекеттик акт алуу тууралу токтому бекитилсин.

2      Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кызыл-Тейит айылынын жогорку мааласын  мечитинин 700  метр квадарат  метр жер аянтына  мамлекеттик акт алуу жана мечиттин жаңы имаратын  курулушуна уруксат берилсин.

3   Ушул токтомдун негизинде Кызыл-Тейит айылынын жогорку мааласын мечитин жер аянтына мамлекеттик акт даярдап берүү жагы Ноокат райондук  жер кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

4   Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук  шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

5  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

           Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                              А. Имамов


 

 

Кыргыз Республикасы

Ош облусунун Ноокат районунун

Жаңы-Ноокат айылдык Кенеши

 

        Тел.  05551323244.

        Факс.   2-62-63.

 

Н Найманбаев көчөсү     1                                                                                                                                       

 

 

Кыргызская   Республика  Ошская  область  Ноокатский    район          Жаны-Ноокатский  айылный Кенеш  

Тел. 05551323244

Факс.     2-62-63

 

улица Найманбаева  1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

        

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)

кезектеги  он төртүнчү  сессиясынын       заседанияси

 

                                          Т О К Т О М 

 

Жаңы-Ноокат  айылы                № ______            «___» ______________ 2014-жыл

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагы Жандама айылында жайгашкан    мамлекеттик запас жер запасындагы 18.40 га жер аянтын мамлекеттик жер запас жери категориясынан калктуу конуштар жери категориясына которуу жөнүндө

 

      Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтү элдин турак жайга муктаждыктарын чечүү  максатында 18.40 гектар жер аянтына кортунду берүү боюнча Кыргыз Мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институту «Кыргызмамжердолбоор» Ош областтык жерге жайгаштыруу боюнча  мамлекеттик ишканасынасы тарабынан 1991-жылда жүргүзүлгөн инвентаризациянын архивдик китепчеси боюнча кортусунда аталган 18.40 гектар жер аянты айылдык аймагынын мамлекеттик запас жерлер категориясында экендиги билдирилген.

 

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22- январындагы № 19 токтому менен бекитилген «Жерлердин бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнүн  башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү Жобосунун жана Кыргыз Республикасынын Өкөтүнүн 2013-жылдын 15- июлундагы  «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамынын  негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши  жогоруда аталган 18.40 гектар жер аянтын мамлекеттик запас жерлери категориясынан калктуу конуштар жер категорыясына которуу маселесин карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  сессиясы

 

                                        т о к т о м  к ы л а т

 

1    Жаңы-Ноокат айыл аймагы Жандама айылында жайгашкан    мамлекеттик запас жер запасындагы  айыл аймагынын жер картасынын 2243 контурундагы 18.40 га жер аянты айыл тургундарына  турак жай куруу максатында мамлекеттик жер запас жери категориясынан калктуу конуштар жери категориясына которулсун.

 

 

 2    Жаңы-Ноокат айыл аймагы Жандама айылында жайгашкан    мамлекеттик запас жер запасындагы  айыл аймагынын жер картасынын 2243 контурундагы 18.40 га жер аянты айыл тургундарына  турак жай куруу максатында мамлекеттик жер запас жери категориясынан калктуу конуштар жери категориясына котору  жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин токтомун бекитип берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3    Ушул токтомдун негизинде керектелуучу  иш кагаздарын  даярдоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                                       А.Имамов


 

 

Кыргыз Республикасы

Ош облусунун Ноокат районунун

Жаңы-Ноокат айылдык Кенеши

 

        Тел.  05551323244.

        Факс.   2-62-63.

 

Н Найманбаев көчөсү     1                                                                                                                                        

 

 

Кыргызская   Республика  Ошская  область  Ноокатский    район          Жаны-Ноокатский  айылный Кенеш  

Тел. 05551323244

Факс.     2-62-63

 

улица Найманбаева  1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

        

          Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)     

                                кезектеги он тортунчу  сессиясынын       заседанияси   

 

                                          Т О К Т О М 

 

Жаңы-Ноокат  айылы                № ______            «___» ______________ 2014-жыл

 

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берүүчү) грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө.

 

      Жаңы-Ноокат айылдык  аймагынын Дөн-Кыштак көчөсүн   асфальтто боюнча даярдалган бизнес долбоорду иш жүзүнө ашыруу  үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы

 

                    т о к т о м  к ы л а т

 

1    Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Дөн-Кыштак көчөсүн асфальттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берүүчү) грант алуу үчүн Жаңы-Ноокат айылдык Кенешинин жергиликтүү бюджетинен  300000 (үч жүз  миң)   сом раздел 709 ст 3111 да акча каражаттары каралып каржылоолор жүргүзүлөт

 

2         Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык Кенештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

        

 

Жаңы-Ноокат айылдык Кешинин төрагасы                                А Имамов

 

ФЕБ башчысы                                                                                 М Махмудов


 

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)

кезектеги  он төртүнчү  сессиясынын       заседанияси

 

                                          Т О К Т О М 

 

Жаңы-Ноокат  айылы                № ______            «___» ______________ 2014-жыл

 

Катта-Тал айылынын Күнгөй бөлүмүнө ФАП  жана мечит  курулушу үчүн жер участогун ажыратып берүү

 жөнүндө.

 

          Кыргыз Республикасынын  Өкмөтунүн 2013-жылдын  25- декабрындагы № 707  “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндөгү”токтомунда трансформация болгон  айыл өкмөтүнүн  Катта-тал  айылынын  Зарибдор бөлүмүнүнүн жер картасындагы  825-826 контурларда жайгашкан  10 сотик жер аянты, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-тал  айылынын Күнгөй бөлүмүнүн  жер картасынын 654-656 контурундагы  10 сотих жер аянты  бир категориядагы жер экендигин карап чыгып, Күнгөй бөлүмүндө жашоочу айыл тургундарга социалдык шарт түзүү  максатында ФАП жана мечит куруу  үчүн жерди алмаштырууга макулдук берүү жана жер участогун ажыратуу   боюнча маселени карап чыгып  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясы

 

Т о к т о м  к ы л а т

 

1   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  Катта-тал  айылынын Күнгөй бөлүмүнүн  жер картасындагы  825-826 контурларда жайгашкан  10 сотик жер аянты, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-тал  айылынын Күнгөй бөлүмүндөгу  жер картасынын 654-656 контурундагы 10 сотик жерге Кыргыз Республикасынын мыйзамы чегинде алмаштырылсын.

 

2   Ажыратылып берилген 10 сотик жердин  4 сотик бөлүгүнө ФАП курууга, 6 сотик бөлүгүнө мечит курууга уруксат берилсин.

 

3    Ушул токтомдун негизинде  керектелүүчү  юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жер кадастри жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

 

3   Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.

 

4    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

5    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                            А.Имомов


 

                  Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)     

                кезектеги  он төртүнчү  сессиясынын       заседаниясы   

 

                                          Т О К Т О М 

 

Жаңы-Ноокат  айылы                № ______            «___» ______________ 2014-жыл

 

 Жандама  айылынын  Сурпа-Тош бөлүмүнө ФАП жана мечит   курулушу үчүн жер участогун ажыратып берүү

 жөнүндө.

 

          Кыргыз Республикасынын  Өкмөтунүн 2013-жылдын  25- декабрындагы № 707  “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндөгү”токтомунда трансформация болгон  айыл өкмөтүнүн   Жандама   айылынын  Сурпа-Тош бөлүмүнүн  жер картасындагы  889  контурларда жайгашкан  15 сотик жер аянты,  Сурпа-Тош  бөлүмүндө жашоочу тургундарга социалдык шарт түзүү  максатында ФАП жана мечит куруу  үчүн    ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып  Жаңы-Ноокат айылдык кееңешинин сессиясы

 

Т о к т о м  к ы л а т

 

1   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн   Жандама айылынын Сурпа-Тош  бөлүмүндөгү  жер картасындагы   889 контурларда жайгашкан  15 сотик  кайрак айдоо жер аянты элге социалдык шарт түзүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамы чегинде  ажыратылып берилсин. 

 

2   Ажыратылып берилген 15 сотик жердин  5 сотик бөлүгүнө ФАП курууга, 10 сотик бөлүгүнө мечит курууга уруксат берилсин.

 

3    Ушул токтомдун негизинде  керектелүүчү  юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жер кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

 

3   Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.

 

4    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

5  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                            А.Имомов


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                      Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)     

                                кезектеги он тортунчу  сессиясынын       заседанияси   

 

                                          Т О К Т О М 

 

Жаңы-Ноокат  айылы                № ______            «___» ______________ 2014-жыл.

 

 

Жаңы-Ноокат айыл  аймагынын Катта-Тал  айылынын Аулгазы бөлүмүндөгү таштак жерде гыш цехи уюштуруу үчүн 0.30 га жер аянты бөлүп берүү жөнүндө.

 

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну Жумабаев Абдумумин  Абдулбокиевичтын  айыл аймагынын Аулгозы бөлүмүндөгү таштак  айыл чарбасына пайдаланууга ынгайсыз жерде гыш чыгаруучу цех уюштуруу жөнүндөгү арызын жана Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин гыз чыгаруучу цех боюнча  2014-жылдын 5- мартындагы № 2 токтомун карап чыгып жана талкуулап жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  кезектеги сессиясынын заседаниясы

 

т о к т о м  к ы л а т

 

 

1    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтунүн тургуну Жумабаев Абдимомин Абдулбокиевичке Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2014-жылдын 5- мартындагы № 2 токтомунун негизинде гыш цехи уюштуруу үчүн айыл аймагынын Катта-Тал айылынын Аулгозы бөлүмүнөн 0.30 га жер аянты Кыргыз Республикасынын мыйзамы чегинде  ижарага берилсын.

 

2   Ижарага бөлунүп берилген жер аянты боюнча керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 3  Жерге байланышкан жер салыгы, ижара акысы жана башка төлөмөлөрдү өз убагында төлөп баруу жагы ижарачи А.А. Жумабаевге милдеттендирилсын.

 

4  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                            А. Имамов

 

 

Кыргыз Республикасы

Ош облусунун Ноокат районунун

Жаңы-Ноокат айылдык Кенеши

 

        Тел.  05551323244.

        Факс.   2-62-63.

 

Н Найманбаев көчөсү     1                                                                                                                                       

 

 

Кыргызская   Республика  Ошская  область  Ноокатский    район          Жаны-Ноокатский  айылный Кенеш  

Тел. 05551323244

Факс.     2-62-63

 

улица Найманбаева  1

 


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)

кезектеги он төртүнчү  сессиясынын       заседаниясы

 

                                          Т О К Т О М 

 

Жаңы-Ноокат  айылы                № ____             30-апрель  2014-жыл

 

«Рахат Таңы» мектепке чейинки балдар бакчасына

0.20 га жер аянты ажыратып берүү жөнүндө.

 

 

       Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  Темир- Корук айылында уюштурулган «Рахат таңы» мектепке чейинки балдар мекемесинин администрациясынын 2014-жылдын  29- апрелиндеги  балдар мекемесинде тарбияланып жаткан балдардын тамак - аштарын жакшыртуу үчүн, Темир-Корук орто мектебинин көмөкчү чарбасына караштуу жер аянтынан 0.20 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылууну карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

                           т о к т о м  к ы л а т

 

     

1  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  темир Корук айылында уюштурулган «Рахат Таңы» мектепке чейинки балдар мекемесына Темир Корук мектебинин көмөкчү чарбасына караштуу жер аянтынан 0.20 га жер аянты ажыратылып берилсин.

 

2  Ажыратылып берилген жер аянтын өз багыты боюнча пайдалануу жана жер аянтынан алынуучу айыл чарба продукциялары мектепке чейинки балдар мекемесинде тарбияланып жаткан балдар үчүн сарпталышы «Рахат Таңы» мектепке чейинки балдар мекемесинин жетекчиси   А Садыковага тапшырылсын.

 

3   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы айылдык кеңештин  жер маселелери

     боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                           А. Имамов