М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

ХХIII-1

22.07.2015

2015-жылдын 1-жарым жылында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө

2.

ХХIII-2

22.07.2015

2015-жылдын  биринчи жарым жылында  Гулистан айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө

3.

ХХIII-3

22.07.2015

Гулистан айыл аймагындагы Кочкор Ата учаткасында  жаткан жаңы конуштардын архитектуралык башкы планын бекитүү жөнүндө

4.

ХХIV-1

06.11.2015

2015-жылдын 9 айында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө

5.

ХХIV-2

06.11.2015

Гулистан айыл аймагындагы экономика тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө

6.

ХХIV-3

06.11.2015

2015-жылдын  тогуз айында  Гулистан айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө

7.

ХХIV-4

06.11.2015

 Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-февралындагы ”Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндөгү” №ХХ-1-токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

8.

ХХIV-5

06.11.2015

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетине атайын каражаттар эсеп счетуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

9.

ХХIV-6

06.11.2015

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорунун негизинде Фрунзе айылындагы Чили Сай орто мектебинин аймагында 50 орундуу балдар бакчасын курулушуна 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен  акча каражаты ажыратуу жөнүндө

10.

ХХIV-7

06.11.2015

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорунун негизинде Гулистан айылындагы ФАП имаратынын курулушуна 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен  акча каражаты ажыратуу жөнүндө

11.

ХХIII-4

22.07.2015

Гулистан айыл аймагында Кыргыз Республикасынын  балдар жөнүндөгү кодексинин талаптарын аткарылышы  жана жаш балдар арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча

12.

ХХIV-8 

06.11.2015

Гулистан айыл аймагындагы Р.Хужамов атындагы орто мектебинин базасында ачылган балдар бакчасынын кызматчыларына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен эмгек акы төлөө үчүн акча каражаты бөлүп берүү жөнүндө.

13.

ХХIV-9 

06.11.2015

Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылындагы “Гүлбакча” мектепке чейинки билим берүү мекемесин мамлекеттик каржылоого өткөрүү жөнүндө.

 

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIII-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIII-1

22.07.2015

 

2015-жылдын 1-жарым жылында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө

2015- жылдын I-жарым  жылдыгында   айыл  өкмөтүнүн  социалдык – экономикалык  өнүгүүсүн  камсыздоодо   дыйкан  фермерлер, жеке  ишкерлер чөйрөсүндө  бир топ  алгалыктуу  иштер  аткарылды.

           2015- жылды  Республикабызда  «Улуттук экономиканы чыңдоо жылы»  жана  облусубузда             «  Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы ,  ал эми  районубузда  «Өнөр жай өңдүрүшүн күчөтүү жылы»  жылы деп   жарыяланган.

          2015- жылды  айыл өкмөтүнүн  «Бекем үй бүлө жылы» жылы деп   жарыяланган.

         Жарыяланган жыл үчүн  айыл өкмөтү  атайын иш – чаралар  иштеп  чыгып, айылдык  кеңеши  тарабынан бекитилген.

       Айыл өкмөтүнүн 2015- жылдын социалдык – экономикалык  өнүгүү  программасына    23 (жыйырма үч) долбоор  киргизилип,  азыркы күндө бардык  долбоор аткарылды.

       Айыл өкмөтүнүн  аймагында 2015-жылдын 6 айында инвестиция  жана элди мобилизациялоо  менен  аткарылган  иштердин көлөмү 9 млн 775 миң сомду  түзөт. Анын ичинен  тышкы инвестиция  600 миң сом. Жамаатардын эсебинен 5 млн.400 миң сом,  жеке  ишкерлер эсебинен     2 млн. 750 миң сом.

        Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап,  Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХIII-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2015-жылдын 1-жарым жылында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлы деп табылсын.

2.         Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-жарым жылындагы бюджеттин кирешеси 6 млн 8 838,3 миң 686 сом, чыгаша бөлүгү 5 млн 075,0 миң  сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

3.         Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-жарым жылындагы негизги милдети болуп төмөндөгү иштер белгиленсин:

-айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү;

- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 10 пайызга өсүүсүн камсыз кылышсын.

 

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу   

            комиссияларына тапшырылсын.

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIII-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIII-2

22.07.2015

 

2015-жылдын  биринчи жарым жылында  Гулистан айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджети Гулистан айыл кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-февралында № ХХ-3-токтому менен кабыл алынган.  Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджети 12 227 800  сомго бекитилген. 6 айда такталган план 5 920 миң 700 сомду түзгөн.

       Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 5 920 800 сомго пландаштырылган болсо, такталган план 5 920 700 сомдү түзгөн, аткарылганы 6 838 300 сомду түзгөн. Гулистан айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү максатында бюжетте көрсөтүлбөгөн иштерди аткаруу зарылчылыгы пайда болду. Гулистан айыл аймагындагы Хужамов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасын калыбына келтирүү үчүн 50 миң сом, ушул эле мектептин жаңыдан курулуп жаткан спортзалынын электромонтаж иштерин жүргүзүүгө 30 миң сом, мектептин балдар бакчасынын ажааткаанасынын курулушун аяктоо үчүн 150 мин сом, Тытзар участкасындагы жаңы коңуштарга трансформатордук подстанцияларын орнотуу жана электр линияларын тартуу үчүн 100 миң сом, Хужамов атындагы орто меткебинин базасында курулуп жаткан балдар бакчасынын имаратын тийиштүу документтерин тактоо үчүн 20 мин сом, селдин кесепетин жоюу үчүн 50 миң сом, 3 айыл башчыга айлык акы үчүн 126 630 сом, архивдик документтерди тактоо жана тапшыруу, архив кабинетин ремонтто үчүн 32 миң сом  акча каражаты болуп берүү зарылчылыгы пайда болду.

        Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешеси 2015-жылдын 6 айында 5 920 800 сом сомго пландаштырылган болсо, такталган план 5 920 700 сом, аткарылганы 6 838 300 сомду түзгөндүгү белгиленсин.

2.         Гулистан айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү максатында 706-бөлүмдүн 31113320-статьясындагы асфальт үчүн каралган акча каражытынын эсебинен 150 миң сом Хужамов атындагы орто метектин ажааткаанасынын имараиын аяктоого, жана 108,2 миң сом Тытзар участкасындагы жаңы коңуштарга электр линиясын тартуу жана трансформатордук пдстанцияларды орнотууга, 702-бөлмдүн 22152100-стаьясында каралган акча каржатынын эсебинен 50 миң сом селдин кесепетин жоюуга, 706-бөлүмдүн 22211200-статьясында каралган акча кражатынын эсебинен 30 миң сом Хужамов атындагы орто мектеьинин спорзалын электромонтаж иштерине, 50 миң сом спорт аянтчасын калыбына келтирүүгө, 706-бөлүмдүн 2221-статьясында каралаган акча каражатынынн эсебинен саздак жерлердин суусун качыруу  үчүн (дренаждар казуу) боюнча долбоор даярдоого 21 миң сом акча каражаты, 32 миң сом айыл аймагындагы тарнсформациялоого даярдалган жер участкасында археологик экспертиза өткөрүүгө, Хужамов атындагы орто мектептин базасында курулуп жаткан балдар бакчасынын документтерин тактоого 20 миң сом,  10 миң сом акча каражаты Чоң Кыштоо айылындагы мектептерге колдоо көрсөтүүгө көтөрүлсүн.  Архивдик документтерди тактоого 32 миң сом, 126 630 сом айыл башчыларын 3 штаттык бирдигин кармоого жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен каржылансын.

3.         Ушул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү көмөк көрсөтүү жагы Ноокат райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIII-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIII-3

22.07.2015

 

Гулистан айыл аймагындагы Кочкор Ата учаткасында  жаткан жаңы конуштардын архитектуралык башкы планын бекитүү жөнүндө

      Гулисатн айыл кеңеши жана айыл өкмөтү жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө айыл аймагынын Кочкор Ата участкасындагы кайрак жерден 12,49 га жер аянтын турак жай куруу үчүн  трансформациялоо боюнча сураныч менен кайрылган. Азыркы күндө жаңыдан уюштурулуп жаткан коңуштун архитектуралык башкы планы Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура бөлүмү тарабынан даярдалды.

     Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкулап Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         Гулистан айыл аймагындагы Кочкор Ата участкасындагы жаңы коңуштун архитектуралык башкы планы бекитилсин.

2.         Жаңы коңуштун архитектуралык башкы планынын негизинде инфраструктуралык түзүмдөр боюнча долбоор даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIV-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIV-1

06.11.2015

 

2015-жылдын 9 айында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө

             2015- жылдын 9 айында   айыл  өкмөтүнүн  социалдык – экономикалык  өнүгүүсүн  камсыздоодо   дыйкан  фермерлер, жеке  ишкерлер чөйрөсүндө  бир топ  алгалыктуу  иштер  аткарылды.

           2015- жылды  Республикабызда  «Улуттук экономиканы чыңдоо жылы»  жана  облусубузда             «  Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы ,  ал эми  районубузда  «Өнөр жай өңдүрүшүн күчөтүү жылы»  жылы деп   жарыяланган.

          2015- жылды  айыл өкмөтүнүн  «Бекем үй бүлө жылы» жылы деп   жарыяланган.

         Жарыяланган жыл үчүн  айыл өкмөтү  атайын иш – чаралар  иштеп  чыгып, айылдык  кеңеши  тарабынан бекитилген.

       Айыл өкмөтүнүн 2015- жылдын социалдык – экономикалык  өнүгүү  программасына    23 (жыйырма үч) долбоор  киргизилип,  азыркы күндө бардык  долбоор аткарылды.

       Айыл өкмөтүнүн  аймагында 2015-жылдын 9 айында инвестиция  жана элди мобилизациялоо  менен  аткарылган  иштердин көлөмү  9 млн 775 миң сомду  түзөт. Анын ичинен  тышкы инвестиция  600 миң сом. Жамаатардын эсебинен 5 млн.400 миң сом,  жеке  ишкерлер эсебинен     2 млн. 750 миң сом.

        Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап,  Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХIII-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2015-жылдын 1-жарым жылында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлы деп табылсын.

2.         Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-жарым жылындагы бюджеттин кирешеси 6 млн 8 838,3 миң 686 сом, чыгаша бөлүгү 5 млн 075,0 миң  сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

3.         Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-жарым жылындагы негизги милдети болуп төмөндөгү иштер белгиленсин:

-айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү;

- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 10 пайызга өсүүсүн камсыз кылышсын.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу   

            комиссияларына тапшырылсын.

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIV-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIV-2

06.11.2015

 

Гулистан айыл аймагындагы экономика тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү” № 319-токтомун жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын  2015-жылдын 22-июлундагы ушул маселе боюнча № 147-б буйругун турмушка ашыруу максатында айыл өкмөтү жогорудагы токтом жана буйруктарды аткарууга алып, атайын иш чараларды кабыл алып, алардын аткарылышын камсыз кылган. Аймактагы бардык билим берүү мекемелеринин жылытуу системалары көмүр менен камсыз болгон. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-октябрындагы буйругу менен бардык мектептердин жылытуу системаларын иштетүүгө уруксат берилген. Аймактагы калктын 70 пайызы көмүр жана отун менен камсыз болгон. Айыл   өкмөтү Гулистан жана Фрунзе айылдарында калкка көмүр сатуу боюнча атайын жай ажыратып берген.

       Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап айыл кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Гулистан айыл өкмөтү айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жылытуу системалапын туруктуу иштөөсүн камсыз  кылсын.

2.         Айыл кеңешинин депутаттары, көчө комитеттеринин мүчөлөрү, айыл башчылар калкты көмүр, отун жана электр энергиясы менен камсыздалышын көзөмөлгө алышсын,  керек болгон учурда көмөк көрсөтүшсүн.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айыл кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча иштөөчү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIV-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIV-3

06.11.2015

 

2015-жылдын  тогуз айында  Гулистан айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджети Гулистан айыл кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-февралында № ХХ-3-токтому менен кабыл алынган.  Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджети 9 602 400  сомго бекитилген. 9 айда такталган план 9  682 400 сомду түзгөн.

       Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 9 602 400 сомго пландаштырылган болсо, такталган план 9 682 400 сомдү түзгөн, аткарылганы 10 629 734 сомду түзгөн. Гулистан айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү максатында бюжетте көрсөтүлбөгөн иштерди аткаруу зарылчылыгы пайда болду. Гулистан айыл аймагындагы Хужамов атындагы орто мектебинин имаратынын техникалык паспортун алууга 20 миң сом, айылдык борбордук стадиондо массалык оюн-зоокторду өткөрүү үчүн сахнага 50 миң сом, Фрунзе айылындагы Бахар көчүсүнө шагал төшөөгө 50 миң сом, айыл аймагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын даярдоого 20 миң сом.

        Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешеси 2015-жылдын 9 айында 9 602 400  сомго пландаштырылган болсо, такталган план 9 682 400 сом, аткарылганы 10 629 734 сомду түзгөндүгү белгиленсин.

2.         Гулистан айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү максатында 706-бөлүмдүн 31113320-статьясындагы асфальт үчүн каралган акча каражытынын эсебинен Фрунзе айылындагы Бахар көчөсүнө шагал төшөөгө 60 миң сом, ушул эле бөлүмдүн 2222-статьясынан 20 миң сом акча каражаты  Р.Хужамов атындагы орто мектептин имаратынын техникалык паспортун алууга, ушул бөлүмдүн ушул эле статьясынан Гулистан айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын даярдоого 20 миң сом, ушушл эле бөлүмдүн ушул статьясынан Р.Хужамов атындагы орто мектепти асфальттого 176 400 сом, айылдык борбордук стадионуна сахна даярдоого 50 миң  акча каражаты стадиондун ижара акы үчүн түшкөн акча каражатынын  эсебинен  ажыратып берилсин.

3.         Ушул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү көмөк көрсөтүү жагы Ноокат райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.

 

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.   

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIV-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIV-4

06.11.2015

 

 Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-февралындагы ”Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндөгү” №ХХ-1-токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

     Гулистан айыл аймагындагы билим берүү мекемелерине берилүүчү көмүргө 22241100-статьясында 940 миң сом акча каражаты каралган. Тендер өткөрүлгөндөн кийин 268 миң сом акча каражаты  үнөмдөлдү. Азыркы күндө  Чили Сай орто мектебин толугу менен бүткөрүп берген ОсОО “Ак Таш” мекемесинен 254 199 сом карызыбыз бар. Ошондуктан ОсОО “Ак Таш” мекемесине  кредитордук карызды жабуу максатында үнөмдөлгөн акча каражатын аталган мекемеге өткөрүп берүү керек.

     Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинде Гулистан айыл аймагындагы билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздоого 22241100-статьясында каралган акча каражатынан үнөмдөлгөн акча каржатынын эсебинен 254 199 сом ОсОО “Ак Таш" мекемесине кредитордук карызды жабуу үчүн өткөрүп берилсин.

2.         Ушул токтомду аткарүү боюнча тийиштүү иштерди алып баруу Гулистан айыл өкмаөтүнүн ФЭБ башчысы М.Нарматовготапшырылсын.

3.         Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюжет,экономика  жана инвестиция бюонча иштөөчу туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIV-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIV-5

06.11.2015

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетине атайын каражаттар эсеп счетуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

      Гулистан айыл өкмөтүнүн борбордук стадионунда маданий-массалык иш-чараларды,оюн-зоокторду өткөрүү үчүн көчмө сахна курууга “Ноокат онүгүү” фондунун эсебинен 39,0 мин сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн. Көчмө сахнаны куруу үчүн жалпысынан 89,0 миң сом акча каражаты керек болот. Ошондуктан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50,0 мин сом акча каражатын бөлүп берүү керек.

     Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат онүгүү” фондунун эсебинен айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн 39,0 миң сом акча каржаты жана  Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн акча каржатынын эсебинен 50,0 миң сом  Гулистан айыл өкмөтүнүн борбордук стадионунда маданий-массалык иш-чараларды,оюн-зоокторду өткөрүү үчүн көчмө сахна курууга иштетилсин.

2.         Ушул токтомду аткарүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Нарматовго тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюжет,экономика, жана инвестиция бюонча иштөөчу туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад

 

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIV-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIV-6

06.11.2015

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорунун негизинде Фрунзе айылындагы Чили Сай орто мектебинин аймагында 50 орундуу балдар бакчасын курулушуна 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен  акча каражаты ажыратуу жөнүндө

     Гулистан айыл өкмөтүнүн  2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорунун  негизинде Фрунзе айылындагы Чили Сай орто мектебинин аймагында курулушу пландаштырылган  50 орундуу балдар бакчасынын курулушуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каржатын ажыратуу максатында  Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Фрунзе айылына караштуу  Чили Сай орто мектебинин аймагында курулушу пландаштырылган сметалык баасы 4 миллион 300 миң сомдку түзгөн 50 орундуу балдар бакчасынын курулушуна өздүк салымды төлөө үчүн Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 800 миң сом акча каражаты ажыратып берилсин. Ажыратып берилген акча каржатын төл берүү мөөнөтү 2016-жылдын 1-кварталына белгиленсин.

2.         Акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына тапшырылсын.

3.         Ушул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад

 

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIV-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIV-7

06.11.2015

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорунун негизинде Гулистан айылындагы ФАП имаратынын курулушуна 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен  акча каражаты ажыратуу жөнүндө

     Гулистан айыл өкмөтүнүн  2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорунун  негизинде Гулистан айылындагы ФАП имаратын курулушу пландаштырылган.  ФАП имаратын курулушу боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каржатын ажыратуу максатында  Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Гулистан айылынындагы сметалык баасы 1 миллион 860 миң 320 сомду түзгөн ФАП имаратын курулушуна өздүк салымды төлөө үчүн Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 200 миң сом акча каражаты ажыратып берилсин. Ажыратып берилген акча каражатын төлөп берүү мөөнөтү 2016-жылдын 1-кварталына белгиленсин

2.         Гулистан айылындагы ФАП имаратынын курулушуна  акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына тапшырылсын.

3.         Ушул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад

 

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIII-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIII-4

22.07.2015

 

Гулистан айыл аймагында Кыргыз Республикасынын  балдар жөнүндөгү кодексинин талаптарын аткарылышы  жана жаш балдар арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча

 

     Гулистан айыл аймагында Кыргыз Республикасынын  балдар жөнүндөгү кодексинин талаптарын аткарылышын жана жаш балдар арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ченемдук-укуктук актыларын көрүп чыгылганда айыл  өкмөтү тарабынан Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 9-февралындагы “Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын алдында жаш балдарга карата облгон зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча штаб түзүү жөнүндөгү” № 24-б буйругунун негизинде жаш балдарга карата болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча штаб түзүлүп, иш-чаралар планы иштелип чыгылган. Иш-чаралардын планынын негизинде айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүү бөлүмү тарабынан айыл аймагындагы үй бүлөлөрдөгү жаш балдардын жашоо шарты, тарбиясы, мектепке катышуусу боюнча мониторинг жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында айыл аймагында 94 жаш бала апасы менен жашап жаткандыгы, алардын ичинен 24 баланын  жашоо шарты жакшы эместиги аныкталды.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Гулистан  айыл аймагындагы жаш өспүрүмдөрдүн укууктарын, кызыкчылыктарын камсыздоо жана жаш балдарга зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштеринде кемчиликтерге жол коюлгандыгы белгиленсин.

2.         Жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча, жаш балдарга карата зордук-злмбулуктун алдын алуу боюнча туруктуу иш алып баруу Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         Ушул маселе боюнча аткарылган иштер жөнүндө 2016-жылдын март айына маалымат берүү Гулистан айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүү бөлүмүнө тапшырылсын.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад

 

 

 

12

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIV-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIV-8 

06.11.2015

 

Гулистан айыл аймагындагы Р.Хужамов атындагы орто мектебинин базасында ачылган балдар бакчасынын кызматчыларына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен эмгек акы төлөө үчүн акча каражаты бөлүп берүү жөнүндө.

 

           Гулистан айыл аймагындагы Р.Хужамов атындагы орто мектебинин базасыында 2015-жылдыне октябрь айында 90 орундуу балдар бакчасы курулуп пайдаланууга тапшырылды. Бул балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы 5 миллион 300 миң сомду түзөт. Балдар бакчасынын курнулуш иштери 2014-жылда элдердие демилгеси менен башталган. 2015-жылда бул долбоорду төлүк аяктоо үчүн мамлекеттик түрткүү берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен 2 миллион сом акча каражаты берилген. Азыркы күндө балдар бакчасынын штаттык бирдигин кармоо, иштеген кызматчылардын эмгек акын төлөө маселеси көйгөлүү маселе болуп турат.  Бул масле боюнча Ноокат райондук билим берүу бөлүмү тийиштүу органдарга кайрылган. 2016-жылдан баштап тарбиячыларга эмгек акы мамлекет тарабынан төлөнүшү күтүүлүдө.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Р.Хужамов атындагы орто мектебинин базасындагы 90 орундуу балдар бакчасынын кызматчыларына 2015-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин 3 айлык эмгек акын төлөө боюнча Ноокат райондук билимс берүү бөлүмү менен макулдашылган тарификациянын негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен 231 миң сом акча каражаты ажыратып берилсин.

2.         Токтомдун аткарылышы боюнча тийиштүу көмөк көсөтүү жагы Ноокат райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад

 

 

 

13

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХIV-сессиясы

Т О К Т О М

Фрунзе айылы

ХХIV-9 

06.11.2015

 

Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылындагы “Гүлбакча” мектепке чейинки билим берүү мекемесин мамлекеттик каржылоого өткөрүү жөнүндө.

 

      Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылындагы “Гүлбакча” мектепке чейинки билим берүү мекемесин мамлекеттик аржылоого өткөрүү боюнча Фрунзе айылынын тургундарынын 2015-жылдын 27-октябрындагы жалпы чогулушунун протоколун карап жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылынын тургундарынын 2015-жылдын           27-октябрындагы жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин.

2.         Гүлбакча” балдар бакчасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү маселесин чечип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Гулистан айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Ташматов Илхом

 

 

Назад