Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Фрунзе айылы                                           Х111-1                                16-июнь 2014- жыл

 

         Т О К Т О М                                                  П О С Т А Н О В Л Е Н И Е

 

Гулистан айыл аймагындагы жаңы конуштардагы көчөлөргө ысым ыйгаруу жөңундө.

 

      Гулистан айыл аймагында 2006-жылы калктуу конуштарды кеңейтуу максатында жарандарга турак жай куруу үчүн жер участкалары берилген. Азыркы күнгө келип жарандарыбыз жаңы участкаларга турак жай куруп, көчүп чыгышкан. Аларга көчөнүн аты жоктугу кыйынчылыктар алып келүүдө. Айрыкча медицина мекемелерине, билим берүү мекемелерине, почта, телеграф мекемелерине, жеке документтерди алууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Жаңыдан уюшулган көчөлөрдүн тургундары өздөрүнүн көчөлөрүнө ысым ыйгаруу боюнча арызданышкан. Ошондуктан Гулистан, Кызыл Сай, Бостон участкаларында жаңыдан уюшулган көчөлөргө ысым ыйгаруу керек. Бул маселе айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясында каралып тийиштүү сунуштар берилген.

         Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңеши

 

Т О К Т О М          К Ы Л А Т :

 

  1. Гулистан айыл аймагынданы Гулистан, Кызыл Сай, Бостон айылдарындагы жаңыдан уюшулган көчөлөргө төмөнкүчө ысымдар ыйгарылсын:
  2.     А) Гулистан айылы боюнча:

1)      Жаңы конушта уюшулган 2-көчөгө “Жаңы Чек-2” наамы                 ыйгарылсын;

2)      Г.Гулям мектебинен  Бостон айылына баруучу көчөгө “Төрөназаров-2” наамы ыйгарылсын.

Б)  Кызыл Сай айылы боюнча:

1)      Тытзар участкасындагы Мазардан Дамин Ата көчөсүнө чыгуучу көчөгө “Жаштык” наамы ыйгрылсын;

2)      Кызыл Сай айылынын Тытзар участкасындагы Мазардан Дамин Ата көчөсүнө чыгуучу экинчи көчөгө “Жаштык-2” наамы ыйгарылсын;

3)      Х.Халбаев көчөсүнөн күн батыш тарапка чыгуучу көчөгө “Тытзар” наамы ыйгарылсын.

В)  Бостон айылынын боюнча:

1)      Жаңгак теги участкасында жаңыдан уюшулган 1-көчөгө “Жаңгак теги-1” наамы ыйгарылсын;

2)      Жаңгак теги участкасында жаңыдан уюшулган 2-көчөгө “Жаңгак теги-2” наамы ыйгарылсын;

3)      Жаңгак теги участкасында жаңыдан уюшулган 3-көчөгө “Жаңгак теги-3” наамы ыйгарылсын;

4)      Жаңгак теги участкасында жаңыдан уюшулган 4-көчөгө “Жаңгак теги-4” наамы ыйгарылсын;

5)       Жаңгак теги участкасында жаңыдан уюшулган 5-көчөгө “Жаңгак теги-5” наамы ыйгарылсын;

6)      Жаңгак теги участкасында жаңыдан уюшулган 6-көчөгө “Жаңгак теги-6” наамы ыйгарылсын;

7)      Бостон  участкасындагы мазардан күн батыш тарапка чыгарылган 1-көчөгө “Бостон-1” наамы ыйгарылсын;

8)      Бостон  участкасындагы мазардан күн батыш тарапка чыгарылган 2-көчөгө “Бостон-2” наамы ыйгарылсын;

9)      Бостон  участкасындагы мазардан күн батыш тарапка чыгарылган 3-көчөгө “Бостон-3” наамы ыйгарылсын;

10)  Бостон  участкасындагы мазардан күн батыш тарапка чыгарылган 4-көчөгө “Бостон-4” наамы ыйгарылсын;

11)  Бостон участкасынын Бостон көчөсүнөн Жаңгак теги участкасына чыгарылган 1-көчөгө “Келечек-1” наамы ыйгарылсын;

12)  Бостон участкасынын Бостон көчөсүнөн Жаңгак теги участкасына чыгарылган 2-көчөгө “Келечек-2” наамы ыйгарылсын;

13)  Бостон участкасынын Бостон көчөсүнөн Жаңгак теги участкасына чыгарылган 2-көчөгө “Келечек-2” наамы ыйгарылсын;

 

  1. Жаңыдан наам коюлган көчөлөргө тийиштүү көрсөткүч жана номерлерди даярдоо жана илүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү Гулистан айыл Окмөтүнүн  ФЭБ башчысын милдетин аткаруучу С.Алимжановго жүктөлсүн.
  2. Ушул токтомдун бирден нускасын  райондук кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жеткирүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                     И.Ташматов

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

           Фрунзе айылы                                       № Х1V-2                                9-июль 2014- жыл

 

Гулистан айыл кеңешинин  V-чакырылышынын  кезектеги Х1V-сессиясы

 

         Т О К Т О М                                                                 П О С Т А Н О В Л Е Н И Е

 

 

 Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча 300 миң сом акча каражаты пландаштырылганына байланыштуу бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

 

    Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-жарым жылындагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышын көрүп чыгып жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча атайын иш чаралар иштеп чыгылган. Айрым салык түрлөрү боюнча 2014-жылга пландаштырылганга кошумча 300 миң сом акча каржаты топтоо мүмкүнчүлүгү бар экендиги аныкталды. Планга кошумча топтолгон акча каражатынын эсебинен жергиликтүү маанидеги көйгөйлүү маселелерди   чечүү максатында айыл өкмөтү         2014-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизип берүүнү суранган.

       Бул маселе айыл кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясында көрүп чыгылды жана сессияга тийиштүү сунуш берилген.

       Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңеши

 

Т О К Т О М        К Ы Л А Т :

 

  1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген жергиликтүү  бюджетинин кирешелер бөлүгүнө кошумча 300 миң сом киреше түзүлгөн сметанын негизинде бекитилсин.
  2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча пландаштырылган 300 миң сом акча каржатынын чыгашасы түзүлгөн сметанын негизинде бекитилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                 И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 “Согласовано”                                                                                “Утверждаю”

Начальник Ноокатского                                                                   Глава Гулистанского айылного окмоту

 финансового отдела                                                                        __________ Э.Шаназаров

_________Г.Абдувасиева

 

 

Дополнительная смета

Доходов и расходов на 3-кв 2014 года

 

 

Элемент

        Доход

2014 год

                   В том числе

 

 

 

1-кв

11-кв

111-кв

1V-кв

113121

Налог  на транспорт.

 средства

100,0

 

 

100,0

 

11321100

Земельный налог на

приусадебные участки

100,0

 

 

100,0

 

11321300

Земельный налог на несельхозназначение

100,0

 

 

100,0

 

 

ИТОГО

300,0

 

 

300,0

 

 

 

Ответственный секретарь:                                А.Абдураимов

Начальник по доходам:                                     К.Сабирова

 

 

 

 

 

 

                                                         Р А С Х О Д

 

 

 

 

Элемент

Расход

2014 год

                             В том числе

 

 

 

1-кв

11-кв

111-кв

1V-кв

706

Жилищные и

 коммунальные услуги

 

 

 

 

 

22154900

Расходы на прочие

 услуги

300,0

 

 

300,0

 

 

Всего расходов по

 разделам

300,0

 

 

300,0

 

 

 

                   Начальник ФЭО:                                                     С.Алимжанов

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХV-1                     22-август 2014 -жыл

 

    Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХV-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2014-жылдын 1-жарым жылында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө.

 

        

             2014- жылдын I жарым  жылдыгында   айыл  өкмөтүнүн  социалдык – экономикалык  өнүгүүсүн  камсыздоодо   дыйкан  фермерлер, жеке  ишкерлер чөйрөсүндө  бир топ  алгалыктуу  иштер  аткарылды.

           2014- жылды  Республикабызда  «Мамлекеттүүлүктү  бекемдөө жылы»  жана  облусубузда             «  Айыл аймактардын   инфраструктурасын  өнүктүрүү» ,  ал эми  районубузда  «Эл аралык уюмдар менен  кызматташуу  жана  ички ресурстарды  пайдаланууну  күчөтүү»  жылы деп   жарыяланган.

          2014- жылды  айыл өкмөтүнүн  «Айлана – чөйрөнү  иретке келтирүү  жана көрктөндүрүү» жылы деп   жарыяланган.

         Жарыяланган жыл үчүн  айыл өкмөтү  атайын иш – чаралар  иштеп  чыгып, айылдык  кеңеши  тарабынан бекитилген.

       Айыл өкмөтүнүн 2014- жылдын социалдык – экономикалык  өнүгүү  программасына    14 (он төрт) долбоор  киргизилип,  азыркы күндө 12 (он эки) долбоордо иштер жүргүзүлүүдө.

 

       Айыл өкмөтүнүн  аймагында 2014-жылдын 6 айында инвестиция  жана элди мобилизациялоо  менен  аткарылган  иштердин көлөмү 31 млн. 590 миң сомду  түзөт. Анын ичинен  тышкы инвестиция  1млн. 320 миң сом. Жамаатардын эсебинен 18 млн.900 миң сом,  жеке  ишкерлер эсебинен 9млн. 550 миң сом.

        Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХV-сессиясы

Т О К Т О М        К Ы Л А Т :

 

  1. 2014-жылдын 1-жарым жылында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлы деп табылсын.
  2. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-жарым жылындагыбюджеттин кирешеси 6млн 752 миң 686 сом, чыгаша бөлүгү 5 млн 199 миң 107 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
  3. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-жарым жылындагы негизги милдети болуп төмөндөгү иштер белгиленсин:

-айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү;

- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 10 пайызга өсүүсүн камсыз кылышсын.

       4.   Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын                                  

     Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                    И.Ташматов

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХV-2                    22-август 2014 -жыл

 

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХV-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдоонун абалы жөнүндө.

 

                Гулистан  айыл   өкмөтүнүн 2014-жылдын  августундагы  № 31- буйругунун  жана  Гулистан  айыл  кеңешинин   тапшырмасына   ылайык  төмөндөгү  курамдагы  комиссия:

    1. Туйчиев  Т. -соцмаселелер  боюнча  туруктуу  комиссиянын  төрагасы;

    2. Жороев  Р.-соцмаселелер  боюнча  туруктуу  комиссиянын  башчысынын  орун  басары;

    3.Тораназаров  Ш. -Г. Гулам  атындагы  орто  мектебинин  директору, катчысы;

    4.  Хасанов  А. -соцмаселелер  боюнча  туруктуу  комиссиянын  мүчөсү;

    5.  Гафаров  Ш.-ата- энелер    комитетинин    төрагасы     жана   Гулистан     айыл     аймагынын    башчысынын    орун     басары А. Айбашевдин   катышуусунда  Гулистан   айыл  аймагындагы  мектептердин     жаңы    окуу    жылына    карата     даярдыгын   түзүлгөн     баалоо    критерийлеринин      негизинде    талдоо  жүргүзүүдө  комиссия  тарабынынан   төмөндөгүлөр  аныкталды:

 

      1.    « Чили  -  Сай»   орто  мектеби.

1.    Утурумдук  кезектеги  ремонтко  Республикалык  бюджеттен  28900  сом  акча  каражаты  каралган  болсо, анык  28900  сом  акча  каражаты  өздөштүрүлгөн.

2.     Жергиликтүү  бюджеттен  акча  каражаты  жок.

3.     Демөөрчүлөр   тарабынан  акча  каражаты  жок.

4.     Ата-энелер  тарабынан  акча  каражаты  жок.

 

              2. Р.Хужамов атындагы орто мектеби

1. Утурумдук кезектеги ремонтко республикалык бюджеттен 110 000 сом акча каражаты ажыратылган жана акча каражаттары максаттуу пайдаланылып жатат.

2. Жергиликтүү  бюджеттен акча каражаты жок.

3. Демөөрчүлөр тарабынан берилген жардам 100 000 сомду түздү.

4. Ата-энелердин ыктыярдуу берген жардамы 400 000 сом.

 

3.      Г.Гулам атындагы орто мектеп.

  1. Утурумдук кезектеги ремонтко республикалык бюджеттен 62 500 сом акча каражаты ажыратылган.
  2. Жергиликтүү бюджеттен акча каражаты жок.
  3. Демөөрчүлөр тарабынан 10 000 сомдук жардам көрсөтүлгөн.
  4. Ата-энелер тарабынан жардам берилген  эмес.

           4.   Беш Коргон орто мектеби.

      1.  Утурумдук кезектеги ремонтко республикалык бюджеттен 15 000 сом акча    каражаты ажыратылган.

2.  Жергиликтүү бюджеттен 100 000 сом акча каражаты ажыратылган.

3.  Демөөрчүлөр тарабынан 30 000 сомдук жардам көрсөтүлгөн.

4. Ата-энелер тарабынан берилген ыктыярдуу жардам  4 000 сомду түзгөн.

 

         Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан  айыл  кеңеши 

 

Т О К Т О М        К Ы Л А Т

 

1.        Гулистан  айыл  аймагына  караштуу  мектептердин  2014-2015-  окуу  жылына  карата  даярдык  иши   канааттандырарлык  деп   табылсын.

2.      Даярдык  иши  төмөнкүдөй  тартипте  бааланып  өтүлсүн:

1-орунда  Р.Хужамов  атындагы  орто  мектеби, 2- орунда  Г.Гулам  атындагы  орто  мектеби, 3- орунда  Чили-Сай  мектеби, 4-орунда  Беш-Коргон  мектеби.

 

3.   Мектептердин  жаңы   окуу  жылына  даярдыгы  боюнча  төмөндөгү  мектептер  белгиленип  өтүлсүн:

Р.Хужамов  атындагы  орто  мектебинин  кабинеттеринин  сапаттуу  ремонту, кательныйдын  кышка  карата  даярдыгы, Г.Гулам  атындагы  орто  мектебинин  айлана  чөйрөсүнүн  жана  спорт  аянтчасынын  абалы,спорт  инвентарларынын  сакталуусу,  Чили- Сай  орто  мектебинин  жаңы  курулушка  көңүлдү  күчөйтүүсү,  Беш-Коргон  мектебинде  окуу  кааналарынын   жакшылыгы, полдордун   жаңылануусу.

4.   Жаңы  окуу  жылын  жакшы  өткөрүү  максатында  бардык  мектеп  директорлоруна  төмөнкү  жумуштарды   жыл  ичинде  ишке  ашыруу  жүктөтүлсүн:

географиялык   аянтча  жана  биологиялык  участканан  абалын  жакшылоо,  түзүү.

  1. Күз-кыш  айларына  даярдык  боюнча  1-сентябрга  чейин  Чили-Сай,Беш-Коргон  , Г.Гулам  атындагы  орто  мектептеринде  жарытуу  системасын  калыбына  келтирүү  жүктөтүлсүн.
  2.  Р.Хужамов  атындагы  орто  мектебинин  2-корпусунун өрткө  каршы  коопсуздук  иштерин  жакшыртуу максатында  электр   тармагы  электриктер  тарабынан  кайра  көрүп  чыгылсын  жана  аны  ишке  ашыруу  айылдык  аймагына  жана  ата-энелер  комитетине  жүктөтүлгөндүгү  белгиленип  өтүлсүн.
  3. Окуучулардын  пешин  тамагын  уюштуруу  боюнча  Чили-Сай, Беш-Коргон; Г.Гулам  атындагы  орто  мектептеринде  окуучулар  үчүн  кошумча  отуруучу  орундуктарды  уюштуруу  1-сентябрга  чейин  мектеп  директорлорунун  жана  ата-энелер  комитетине  жүктөтүлсүн.
  4. Мектептерде  окуучуларды  100%  китеп  менен  камсыз  кылуу  максатында    изилденүү  менен  аракет  кылып, бул  ишке  ата-энелерди , коомчулукту  тартып, 2014-2015-окуу  жылынын  башында  китеп  марафонун  өткөрүү  мектеп  китепканачыларынын,  ата-энелер  комитетине  жүктөтүлсүн.
  5. Мектептерди 2014-2015- окуу  жылына  карата  даярдоо  максатында  Гулистан  айыл  аймагы  бухгалтериясы  тарабынан  ажыратылган  акча  каражаты  тез  аранын  ичинде  бөлүнүп  берилип,мектептерге  өткөрүлөп  берилиши  айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.
  6. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Гулистан айыл  кеңешинин социалдык-маданий маселелер  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

           Гулистан  айыл    кеңешинин  төрагасы:               Ташматов   И.

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХV-3                                27-август 2014 -жыл

 

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХV-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл кеңешинин депутаты Мамажанов Мухтаржан каза болгондугуна байланыштуу депутаттык полномочиесин токтотуу жөнүндө.

 

     Гулистан айыл кеңешине № 5403-Чили Сай шайлоо округунан депутат болуп шайланган Мамажанов Мухтаржан Маматович  2014-жылдын 13-июлунда каза болду. Ошондуктан Мамажанов Мухтардын депутаттык полномочиесин токтотуу керек.

     Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы

Т О К Т О М        К Ы Л А Т :

 

1.      № 5403-Чили Сай шайлоо округунан Гулистан айыл кеңешине депутат болуп шайланган Мамажанов Мухтаржан каза болгондугуна байланыштуу депутаттык полномочиеси токтотулсун.

2.      № 5403-Чили Сай шайлоо округунан кийинки (бешинчи)  дөбүш алган Жороев Хакимжан Аминжановичти каттодон өткөрүп берүү жагы аймактык жана Борбордук шайлоо комиссияларынан суралсын.

 

 

 

          Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                           И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                   № ХV1-1                      25-сентябрь 2014- жыл

 

Гулистан айылдык Кеңешинин  V-чакырылышынын  кезексиз  ХV1-сессиясы

 

         Т О К Т О М                                                                 П О С Т А Н О В Л Е Н И Е

 

Гулистан айыл аймагынын тургундарынын 2014-жылдын 22-сентябрындагы жалпы жыйынынын протокол-токтомун бекитип берүү жөнүндө.

 

      Гулистан айыл кеңешинин кезексиз ХV1-сессиясы айыл аймагынын тургундарынын 2014-жылдын 22-сентябрындагы жалпы жыйынында каралган  маселени көрүп чыкты. Бул жыйында Ноокат районунун борборунда жашоочу тургундарды турак жай менен камсыз кылуу максатында коп  кабаттуу үйлөр куруу жана канализация инфратүзүлмөсүн куруу зарылчылыгы пайда болгондугу талкууга алынган. Тургундарыбыз бул демилгени толугу менен колдоолорун билдиришкен.

     Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезексиз сессиясы

Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

 

  1. Гулистан айыл аймагынын тургундарынын 2014-жылдын 22-сентябрындагы жалпы жыйынынын протокол-токтому бекитилсин.
  2. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын Ноокат районунун борборунда канализация куруу боюнча демилгеси толугу менен колдоого алынсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, өнөр жай жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

    Гулистан айыл

    кеңешинин төрагасы:                                           И.Ташматов

 

 

 

 

 

                                   

                                     Гулистан айыл өкмөтүнүн жалпы жыйынынын

 

                                                         П Р О Т О К О Л  У

 

 Фрунзе айылы                                                  № 7                                        25-сентябрь 2014-жыл

 

      Чогулуштун төрагасы:  И.Айбашов, Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары

Чогулуштун катчысы:   К.Мадгазиева, Гулистан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

Жыйынга 1420 киши катышты.

 

                                                        К Ү Н       Т А Р Т И Б И:

 

1)      Райондун борборунун  айлана чөйрөсүнүн, санитардык абалын жана жашоочулардын жашоо шартын жакшыртуу максатында райондун борборунда канализация, инфраструктура курулуштарды куруу демилгесин колдоо жөнүндө.

       Күн тартибиндеги негизги маселе обюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары И.Айбашов билдирүү жасады: Гулистан айыл өкмөтү райондун борборунда жайгашкан, калкынын саны 17 миңден ашат.

       Айыл өкмөтүнүн алдындагы жаш үй бүлөлөргө турак жа  й курганга жер маселесин чечүү азыркы күндө эң көйгөйлүү маселе. Мамлекет 2009-жылдан баштап жер участкасын сугат жарден берүүгө мораторий жарыялаган. Азыркы күндө жер участкасын алууга арыз бергендердин саны сегиз жүз адамдан ашты.

       Бул маселени чечүү үчүн Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы райондун борборунда жайгашкан айыл өкмөттөрдү иполтека жолу менен көп кабаттуу үйлөрдү салуу керек экендигин билдирип, райондун борборунда биринчи кезекте канализация куруу зарылчылыгын билдирип, район тараптан көтөрүлгөн демилгени колдоону сунуш кылды.

       Гулистан айылдык кеңешинин депутаты Ш.Гафаров сөзгө чыгып төмөндөгүлөргө токтолду. Ноокат районунун борборунда мекеме-уюмдар жана социалдык объектилер жайгашкан. Элибиздин саны жылдан-жылга өсүүдө. Райондунборборундагы жашоочуларды турак  жай менен камсыз кылуунун бир гана жолу көп кабаттуу үйлөрдү, ага тиешелүү инфраструктура объектилеринкуруу керек.

        Гулистан айылынын тургуну-ардагер М.Мирмахмудов сөз сүйлөп, биздин Гулистан айылында бир үй бүлөдө эки-үч кожолук жашап жатат. Бул үй бүлөлөргө кайсы жол мнен турак жай камсыз кылабыз. Суулуктагы жерибиз 3-5 сотых болсо. Мен дагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу демилгесин колдоймун деп айтып өттү.

        Гулистан айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы  Д.Иминжанова сөз сүйлөп, Ноокат райондук мам лекеттик администрациясы бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселе боюнча демилге көтөргөдүгүн айтып, канализация түзүмү курулса борборубуздун айлана-чөйрөсү иретке келет. Айрыкча биз аялдарга жакшы шарт түзүлөт.

       Гулистан айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы  Эргешбаева Манзуура сөз сүйлөп, биз жаштарга көп кабаттуу үйлөр курулуп бардык шарттары менен болсо, айыл жаштарыда бул үйлөрдө жашайт, мен да бул демилгени колдоймун.

      Ушул маселе боюнча сөзгө чыкканда, Б.Мирзаев, У.Мирзакулов, К.Мадгазиевалар жлгорудагы маселе боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан өз убагында көтөрүлгөндүгүн белгтлешип, биздин Гулистан айыл өкмөтү райондун борборунда жайгашканын эске алып, жашоочуларга жакшы шарт түзүлүшүн айтып колдошту.

Жогорудагы маселени жалпы жайында көрүп чыгып, талкуулап, жалпы жыйын

 

Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

 

1)      Райондун  борборунда көп кабаттуу үйлөрдү көрүп пайдаланууга керектелүүчү канализация түтүмүн куруу үчүн 2015-жылга республикалык бюджеттин эсебинен керектелүүчү акча каражатын бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн Гулистан айыл өкмөтүнүн элинин атынан суралсын.

2)      Гулистан айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуусу бекитилсин.

 

 

Жалпы жыйындын төрагасы:                                         И.Айбашов

Жалпы жыйындын катчысы:                                          К.Мадгазиева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                   № ХV11-1                               9-октябрь 2014- жыл

 

Гулистан айылдык Кеңешинин  V-чакырылышынын  кезексиз ХV11-сессиясы

 

Т О К Т О М                                                                         П О С Т А Н О В Л Е Н И Е

 

2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды жүргүзүү, электр энергиясынын лимитин сактоо жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу жөнүндө.

 

       Бардыгыбызга белгилүү быйылкы жылда жаан жылдагынан аз болгондугуна байланыштуу Токтогул суу сактагычында суудун көлөмү нормадан өтө азайып кеткен. Натыйжада республикабыздын экономика тармактарын жана калкын электр энергисы менен камсыздоодо кыйынчылыктар пайда болууда. Айрыкча кыш мезгилинде бул маселе өтө көйгөулүү проблемаларды алып келуусу мүмкүн. Ошондуктан республикабыздын Өкмөтү кыш мезгилинде элибизди жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында иш чараларды алып барууда. Ушул иш чаралардан бири Республиканын бардык аймактарында белгиленген графиктин негизинде электр энергиясы менен камсыздоо саат 8-00 дан 17-00 го чейин токтотулат. Ар бир үй бүлө электр энергиясынан үнөмдүү пайдаланууга өтүүсү керек. 

         Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезексиз ХV11-сессиясы

Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

 

  1. 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине айыл аймагындагы бардык мектептерде, балдар бакчаларында жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясына бекитилген  лимитти сактоону жана жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл кеңештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн кызматчыларына, көчө комитеттеринин мүчөлөрүнө, мечиттердин имамдарына тапшырылсын.
  2. Айыл аймагында электр энеригясынан пайдалануу боюнча бекитилген лимит сакталсын, белгиленген лимиттен ашыкча сарпталган учурда айыл аймагында электр энергиясы кошумча өчүрүлө тургандыгы эске алынсын.
  3. Мектептердин, балдар бакчаларын жана саламаттыкты сактоо мекемелерин кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо үчүн элдин, демөөрчүлөрдүн жана ишкерлердин колдоосу менен атайын электр кыймылдаткычтарды сатып алууну уюштуруу чараларын  көрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  4. Жылытуу мезгили башталганга чейин электр энергиясы графиктин негизинде эртен мененки саат      9-00 дөн 16-00 гө чейин өчүрүлө тургандыгы боюнча макулдашылгандыгы жөнүндө электр энергиясын пайдалануучуларга жеткирүү айыл башчыларына тапшырылсын.
  5. Айыл аймагында калкты керектүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо үчүн сатуу пункттарын ижарасыз ачып, аларда көмүрдүн дайыма болушун жана көмүрдүн туруктуу баада сатылышынкөзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  6. Райондук электр тармактар ишканасынын жана айыл өкмөтүнүн кызматчылары, мектеп директорлору, имамдар менен бирге электр чубалгыларына тийген бак-дарактардыкесүүнү кыска убакыттын ичинде аякташсын.
  7. Ушул токтомду элдин калын катмарына жеткирүү айыл кеңештин депутаттарына. айыл өкмөтүнүн кызматчыларына, көчө комитеттеринин төрагаларына, мечиттердин имамдарына тапшырылсын.
  8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                    И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                   № ХV111-1                              29-октябрь 2014- жыл

 

Гулистан айылдык кеңешинин  V-чакырылышынын  кезектеги ХV111-сессиясы

 

Т О К Т О М                                                                         П О С Т А Н О В Л Е Н И Е

 

 

2014-жылдын 9 айында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын аткарылышы жөнүндө.

 

       Гулистан айыл кеңешинин туруктуу комиссиялары Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айында айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын аткарылышын карап чыкты. Айыл өкмөтү тарабынан 2014-жылдын 9 айында айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында белгиленген иштер аткарылган. Мындан тышкары элди мобилизациялоонун жана ички инвестициялардын эсебинен бир катар ишкердик жана маданий объекттер курулду жана калыбына келтирилди. 2014-жылда социалдык-экономикалык өнүгүү багытында аткарылган иштердин көлөмү 35 миллион 500 миң сомду түздү.

      Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айына бекитилген бюджети 9 миллион   442-миң сомду түзсө, 9 миллион 498 миң сомго аткарылган. Жалпы бюджеттин аткарылгандыны менен жергиликтүү  бюджеттин негизги кирешелери болгон киреше салыгы 391 миң сомго, сатуудан алынуучу салык 130миң сомго, кыймылсыз мүлк салыгы 34 миң сомго аткарылбай калган.

      Күн тартибиндеги маслени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХV111-сессиясы

                                                      Т О К Т О М        К Ы Л А Т :

 

  1. Гулистан айыл өкмөтүнүн   2014-жылдын 9 айында айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планынын алкагында аткарган иштери кемчиликтери менен канааттандырарлы деп белгиленсин.
  2. Гулистан айыл өкмөтүнүн   2014-жылдын 9 айында айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планынын алкагында аймактагы социалдык-маданий объекттерди куруу, калыбына келтирүү жана инфраструктуралык түзүмдөрдү оңдоо багытында аткарылган иштердин көлөмү 35 миллион 500 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
  3. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 9 миллион 498 миң сом кылып бекитилсин.
  4. 2014-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдолгон планынын аткарылбай калган түрлөрүн (киреше салыгы, сатуудан алынуучу салык, кыймылсыз мүлк салыгы) толугу менен өндүрүү боюнча чараларды көрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

5.           Айыл аймагындагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин 2014-2015-куз-кыш мезгилинде жылытуу системаларын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

6.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

                         

                 Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                И.Ташматов

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХV111-2                           29-октябрь 2014- жыл

 

Гулистан айыл кеңешинин (V- шайланган) кезектеги  ХV111-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2014-жылдын 9 айында  Гулистан айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө.

 

 Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджети Гулистан айыл кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-февралында № Х-3-токтому менен кабыл алынган.  Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджети 12 495,9  сомго бекитилген. 2014-жылда айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешеси трансферлерден тышкары 7 млн 271 700 сомго бекитилген.

       Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 9 506 300 сомго пландаштырылган болсо, такталган план 9 686 300, аткарылганы 9 752 800 сомду түзгөн. Айыл өкмөтүнүн иш үчүрүндө келип чыккан муктаждыктарына карата чыгашалар боюнча ушул жылдын 4-кварталындагы башкаруу аппаратындагы актива объязательства статьясына каралган акча каражатынын эсебинен 365 000 сом акча каражаты 701-бөлүмүнүн 2215-беренесине 40 000 сом, 708-бөлүмдүн 2232-беренесине 10 000 сом, 709-бөлүмдүн 31112390 беренесине 200 000 сом, 706-бөлүмдүн 22154900 беренесине 115 000 сом акча каражаты көтөрүп берүү зарылчылыгы пайда болду.

        Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап

 

Т О К Т О М         К Ы Л А Т :

1.Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешеси 2014-жылдын 9 айында      9 506 300 сомго пландаштырылган болсо, такталган план 9 686 300, аткарылганы 9 752 800 сомду түзгөндүгү белгиленсин.

2.Чыгашалар боюнча ушул жылдын 4-кварталындагы башкаруу аппаратындагы   актива объязательства статьясына каралган акча каражатынын эсебинен 50 000 сом акча каражаты 701-бөлүмүнүн 2215-беренесине 40 000 сом, 708-бөлүмдүн 2232-беренесине 10 000 сом акча каражаты көтөрүп берилсин.

3.Чыгашалар боюнча ушул жылдын 4-кварталындагы башкаруу аппаратындагы актива объязательствага каралган акча каражатынын эсебинен 315 000 сом төмөнкү беренелерге: 709-бөлүмдүн 31112390 беренесине 200 000 сом, 706-бөлүмдүн 22154900 беренесине 115 000 сом көтөрүлсүн.

4.2014-жылдын сметасы боюнча бөлүмдөрдүн беренелерине түздөө жүргүзүү үчүн төмөнкүчө өзгөртүүлөр киргизилсин:

            706-бөлүмдүн 22154900 беренесине  221200 беренесинен -126 200 сом;

                  708-бөлүмдүн 2221200 беренесине 22154900-беренесинен 2 500 сом;

                  709-бөлүмдүн 22211100-беренесине 22241100-беренесинен 4 000 сом.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                               И.Ташматов

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                   № ХV111-3                              29-октябрь 2014- жыл

 

Гулистан айылдык кеңешинин  V-чакырылышынын  кезектеги ХV111-сессиясы

 

Т О К Т О М                                                                         П О С Т А Н О В Л Е Н И Е

 

Гулистан айыл кеңешинин  ачык сессияларын өткөрүүнүн  Жобосун бекитүү жөнүндө.

 

            Бул жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругу менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин типтүү регламентине ылайык иштелип чыкты жана жер-жерлерде жергиликтүү  кеңештердин  сессияларын ачык даярдоо, өткөрүү жана  сессиялар ачык өткөрүү тууралуу маалыматты таркатуу жол-жоболорун жөнгө салат. Бул жобонун негизинде айыл кеңештин өткөрүлүп жаткан бардык сессиялары ачык болууга тийиш. Ошондуктан сессияларга жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн, компетенттүү адистерди жана кызыкдар тараптарды сессиянын ишине катышуу үчүн чакырууну уюштуруу керек. Жабык сессиялыр мамлекеттик сыр боюнча маселелер каралган учурдагына өткөрүлүүсү мүмкүн.

           Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин сессиясы

Т О К Т О М          К Ы Л А Т :

1.      Гулистан айыл кеңешинин ачык  сессияларды өткөрүү боюнча Жобосу бекитилсин.(тиркелет)

2.      Айыл кеңеши тарабынан өткөрүүлүчү бардык сессияларды ушул Жобонун негизинде өткөрүлүүсүн камсыз кылуу айыл кеңештин жооптуу катчысы С.Эркабаевге милдеттендирилсин.

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                   И.Ташматов

 

 

 

 

 Гулистан айыл кеңешинин    

29-октябрь 2014-жылдагы

                                                                                                      ХVIII- сессиясы

 №ХV111-3         токтомуна                       

№ 1-тиркеме

 

Гулистан айыл кеңешинин  сессияларын ачык өткөрүү жөнүндө

Ж О Б О

I. Жалпы Жоболор;

II. Жер-жерлерде  сессияларды даярдоо жана ачык өткөрүү жол-жоболору;

 III.  Сессияларды ачык өткөрүү тууралуу маалыматтарды жайылтуу;

            Бул типтүү жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругу менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин типтүү регламентине ылайык иштелип чыкты жана жер-жерлерде жергиликтүү  кеңештердин  сессияларын ачык даярдоо, өткөрүү жана  сессиялар ачык өткөрүү тууралуу маалыматты таркатуу жол-жоболорун жөнгө салат.

I.                    Жалпы жоболор.

1.        Бул жобо жергиликтүү кеңеш тарабынан өзгөртүүлөр жана кошумчалар менен өзүнчө документ катары кабыл алынат.

2.        Жергиликтүү кеңештин ишмердигинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп сессия эсептелет.

3.                  Жергиликтүү кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык болот. Ар бир жаран жергиликтүү кеңеш бекиткен регламентке ылайык сессияларга катышканга укуктуу.

4.                  Жергиликтүү кеңеш сессиянын болор күнү, анын күн тартиби тууралуу жарандарга алдын ала маалымдоо, аларды сессияга катышуусуна шарт түзүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматтарды жергиликтүү коомчулукка жеткирүү боюнча бардык чараларды көрүүгө милдетүү.

5.                  Жабык сессияларда каралган маселелер мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тиешелүү болгон учурда өткөрүлөт.

II.                  Жер–жерлерде  сессияларды  даярдоо жана ачык өткөрүү жол-жоболору

1.      Жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн, компетенттүү адистерди жана кызыкдар тараптарды сессиянын ишине катышуу үчүн чакырууну уюштурууну жетектейт.

 

 

 

 

2.      Аталган жактарды чакырууну түздөн түз уюштуруу менен жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары, тиешелүү туруктуу комиссиялардын төрагалары жана депутаттары алектенет.

3.      Жергилктүү кеңештин төрагасы өткөрүлүп жаткан сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн сурана алат.

4.      Өткөрүлө турган сессия тууралуу маалымат сессия өткөрүү күнүнө 10 күн калганга чейин эл көп чогулган жайларга илинет, жергиликтүү кеңештин сайтында жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

5.      Ошондой эле тиешелүү жактар үчүн атайын чакыруулар жөнөтүлүшү, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн атайын баракчалар таркатылышы мүмкүн.

6.       Жергиликтүү кеңеш өткөрүлө турган сессия тууралуу маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары аркылуу тарката алат.

7.      Конок катары ачык сессияга катышып жаткандар үчүн атайын жай аныкталат жана даярдалат, алардын катышуусу үчүн тиешелүү шарт түзүлөт.

8.       Катышуучулар үчүн даярдалган орундан көп адам келген учурда, төрага катышуучулар бата турган башка жайды уюштурат же катышуучулардын сессиянын өтүшү менен таанышуусуна шарт түзөт. Орунду ырастоодо жергиликтүү кеңешке анын аткаруу органы жана анын бөлүмдөрү жардам берет.

9.      Конок катары катышып жаткандарды жооптуу катчы каттайт.

10.   Сессияны ачар алдында кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу) катышуучуларды жергилктүү кеңештин сессиясына катышуунун жалпы эрежелери менен тааныштырат.

11.  Жергиликтүү кеңештин сессиясы учурунда катышуучулардын сессиянын жүрүшүнө кийлигишүүгө же тоскооолдук кылууга укугу жок. Ачык сессияларга катышуучуларга сөз депутаттардын макулдугу менен берилет.

12.  Тоскоолдук кылган учурда кеңештин төрагасы (төрагалык кылучуу) мындай катышуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу.

III.                  Сессиялардын ачык өткөрүү тууралуу маалыматтарды жайылтуу

1.      Өткөрүлгөн сессия, кабыл алынган чечим тууралуу маалымат жергиликтүү кеңештин сайтына (бар болсо) жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына  жарыяланат.

2.      Жергиликтүү кеңеш бул маалыматты жергиликтүү коомчулук үчүн эл көп чогулган жерлерге жайгаштыра алат.

3.      Ошондой эле жергиликтүү кеңеш сессиянын жыйынтыктарын өзүнчө басылма түрүндө чыгара алат.

4.      Жергиликтүү кеңештин төрагасы өткөрүлгөн сессиялардын ачык өткөндүдүгү тууралуу маалыматты айрым депутаттардын, коалициялардын, фракциялардын жана кеңештин отчеттору аркылуу калкка жеткирилишине көмөк көрсөтөт.

5.      Жергиликтүү кеңештин төрагасы өткөрүлгөн сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардн өкүлдөрүнөн сурана алат.

6.      Депутаттар өткөрүлгөн сессиялардын чечимдерин шайлоочулар менен жолугушуу учурунда калкка жеткире алат.

7.      Кызыкдар тараптар, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү өткөрүлгөн  сессиялардын ачык өткөндүгү тууралуу маалымат алууга укуктуу.

8.      Жергиликтүү кеңештердин  сессияларын даярдоо, өткөрүү, ошондой эле маалымат таркатуу менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

 

 

                             Гулистан айыл кеңешинин

                            жооптуу катчы:                                              С.Эркабаев       

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                  № ХV111-4                     29-октябрь  2014-жыл

      

Гулистан айыл  кеңешинин  ХV111-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар

алдында отчет берүүсүнүн графигин бекитүү жөнүндө.

 

          Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде айыл кеңештин депутаттары жылына бир жолу шайлоочулар алдында отчет берүүгө милдетттү. Ошондуктан айыл кеңештин депутаттарынын шайлоочулар алдында отчет берүүсүнүн графиги иштелип чыгылды.

          Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин сессиясы

                                        

Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

 

 

  1. Гулистан айыл кеңешинин депутаттарынын 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча шайлоочулар алдында отчет берүүсүнүн графиги бекитилсин. (график тиркелет)

 

  1. Отчет берүүнү уюштуруу боюнча тийиштүү шарт түзүп берүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин жооптуу катчысы А.Эркабаевге тапшырылсын.

 

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                          И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 Гулистан айыл кеңешинин 2014-жылдын      

29-октябрындагы № ХV111-4-токтомуна тиркеме

 

Гулистан айыл кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар алдында отчет берүүсүнүн

 

Г Р А Ф И Г И

 

Шайлоо участк

сынын номери, аталышы

Депутаттын фамилиясы,аты

Өткөрүү мөөнөтү

Өткөрүү жайы

1

№ 5400-Фрунзе

Азимов Хидятулла

16.12.2014

Хужамов орто мектеби

2

№ 5400-Фрунзе

Жораев Режаббай

16.12.2014

Хужамов орто мектеби

3

№ 5400-Фрунзе

Хасанов Хамидиллохон

16.12.2014

Хужамов орто мектеби

4

№ 5400-Фрунзе

Мирзаев Бокижон

16.12.2014

Хужамов орто мектеби

5

№ 5401-Самиев

Абдурахимов Мамиржон

17.12.2014

Самиев орто мектеби

6

№ 5401-Самиев

Тойчиев Толкун

17.12.2014

Самиев орто мектеби

7

№ 5401-Самиев

Касимов Гулам

17.12.2014

Самиев орто мектеби

8

№ 5401-Самиев

Эркабаев Махамаджан

17.12.2014

Самиев орто мектеби

9

№ 5401-Самиев

Эркабаев Сайдулла

17.12.2014

Самиев орто мектеби

10

№ 5402-Г.Гулям

Мирбабаев Имаржан

18.12.2014

Г.Гулям орто мектеби

11

№ 5402-Г.Гулям

Төрөназаров Шермахамад

18.12.2014

Г.Гулям орто мектеби

12

№ 5402-Г.Гулям

Мамарасулов Позилжон

18.12.2014

Г.Гулям орто мектеби

13

№ 5402-Г.Гулям

Мусаев Махаматкомил

18.12.2014

Г.Гулям орто мектеби

14

№ 5402-Г.Гулям

Мамажанов Хайтибай

18.12.2014

Г.Гулям орто мектеби

15

№ 5403-Чили Сай

Расулов Адилжан

23.12.2014

Чили Сай орто мектеби

16

№ 5403-Чили Сай

Мусурманкулов Азамжан

23.12.2014

Чили Сай орто мектеби

17

№ 5525-Таштак

Гафаров Шавкат

24.12.2014

Маданият үйү

18

№ 5525-Таштак

Мирзакулов Умар

24.12.2014

Маданият үйү

19

№ 5525-Таштак

Азимов Ахмаджан

24.12.2014

Маданият үйү

20

№ 5525-Таштак

Ташматов Илхом

24.12.2014

Маданият үйү

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин жооптуу катчысы:                              С.Эркабаев

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                    № ХV111-5                                29-октябрь  2014-жыл

      

Гулистан айыл  кеңешинин  V-(чакырылыш) кезектеги ХV111-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнуүгүү стратегиялык планын  иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссия түзүү жөнүндө.

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнуүгүү стратегиялык планын  

Аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн бардык ресурстарынан пайдаланып, элди мобилизациялоо жолу менен тыкы жана ички инвестицияларды тартууну көбөйтүү максатында Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү керектигин белгилеп Гулистан айыл кеңешинин сессиясы

 

Т О К Т О М                 К Ы Л А Т :

 

  1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү  боюнча иш алып баруучу, айыл кеңештин депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн кызматчыларынан, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссиянын курамы бекитилсин. (тиркелет)
  2. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор иштелип чыгылып айыл кеңештин кезектеги сессиясына сунуштоо жумушчу комиссияга тапшырылсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                        И.Ташматов.

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин 2014-жылдын 29-октябрындагы ХV111-5 токтомуна тиркеме

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүүгүүсүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиянын

 

К У Р А М Ы

 

 

1

И.Айбашов

Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары

2

М.Нарматов

Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы

3

А.Тажимаматов

Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл чарба тармагы боюнча адиси

4

Ш.Гафаров

Гулистан айыл кеңешинин депутаты

5

Р.Жораев

Гулистан айыл кеңешинин депутаты

6

П.Мам арасулов

Гулистан айыл кеңешинин депутаты

7

А.Расулов

Айболит” ветсервисинин жетекчиси

8

А.Худайбердиев

Граждандык коомду өнүктүрүу коомунун өкүлү

9

А.Талипов

Граждандык коомду өнүктүрүу коомунун өкүлү

10

Ш.Таштемиров

Гулистан жамаатынын өкүлү

11

Т.Тойчиев

Тытзар жамаатынын өкүлү

12

Ш.Төрөназаров

Гулистан айыл кеңешинин депутаты

13

Х.Хасанов

Гулистан айыл кеңешинин депутаты

 

 

 

 

 

 

                  Гулистан айыл кеңешинин катчысы:                              С.Эркабаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                    № Х1Х-1                                22-декабрь  2014-жыл

 

                 Гулистан айылдык кеңешинин  V-чакырылышынын  кезексиз Х1Х-сессиясы

 

Т О К Т О М                                                                         П О С Т А Н О В Л Е Н И Е

 

Гулистан аыл кеңешинин 2014-жылдын 27-январындагы № 1Х-2-токтомунун негизинде Гулистан айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан келип түшкөн акча каражатын максатту пайдалануу жөнүндө.

 

     Гулистан айыл кеңешинин жогорудагы токтомунда айыл өкмөтүнүн административдик имараты 1994-жылы мурдагы Фрунзе атындагы колхоз жоюлгандан кийин дыйкан чарбалардын балансына өткөрүп берилген. 1998-жылы “Саховат” дыйкан чарбасы өзүнө тийиштүу бөлүгүнө мамлекеттик акт алып, менчиктештирип алгандыгы айтылган. Азыркы күнгө чейин айыл өкмөтү бул имаратта ижарада жайгашкандыгы жана бул имаратты сатып алуу үчүн акча каражаты бөлүп берүу боюнча Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суранган. 2014-жылдын 14-декабрында Гулистан айыл өкмөтүнүн эсебине Кыргыз Республикасыны каржы министрлигинин эсебинен 1 миллион 500 миң сом акча каражаты келип түшкөн.

     Келип түшкөн акча каражатын максатту пайдалануу максатында Гулистан айыл кеңешинин кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М        К Ы  Л А Т :

 

  1. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин эсебинен Гулистан айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн 1 миллион 500 мин сом акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн тийиштүү смета түзүлүп, административдик имараттын 1-кабатын  сатып алууга жумшалсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча иштөөчү туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                                 И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ-1                    18-февраль  2015- жыл

 

Гулистан айыл кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл  кеңешинин   2015-жылга иш планын бекитүү жөнүндө.

 

 

            Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар” жөнүндөгү, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери” жөнүндөгү Мыйзамдарында белгиленген айыл  Кеңештин компетенциясынын негизинде айыл Кеңештин иш планы түзүлүп, бекитүлүүсү керек.

            Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл  Кеңешинин кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

 

1.Гулистан айыл Кеңешинин  2015-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.

 

2.Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айыл кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин жооптуу катчысы С.Эркабаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

          Гулистан айыл  кеңешинин төрагасы:                       И.Ташматов

                                            Жооптуу катчысы:                       С.Эркабаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин 2015-жылга

 

ИШ ПЛАНЫ

 

Иш чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХ-сессиясы

1

Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2015-жылга стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

февраль

А/Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар

2

Гулистан айыл Кенешинин 2013-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджетин бекитүү жонүндө

февраль

Э.Шаназаров

И.Айбашов,

туруктуу комиссиялар

Гулистан айыл кеңешинин кезектеги  ХХ1-сессиясы

 

3

2015-жылдын  1-кварталында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө

апрель

Туруктуу комиссиялар, И.Айбашов,

Айыл башчылар

4

Гулистан айыл аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндырүү жана иретке келтирүү, жазгы тааалачылык иштеринин жүрүшү жөнүндө

апрель

Айыл чарба, курулуш, өнөр жай боюнча иштөөчү туруктуу комиссия,

Айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистери

                             Гулистан айыл  кеңешинин кезектеги ХХ11-сессиясы

 

5

2015-жылдын  1-жарым жылында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө

июль

Э.Шаназаров,

И.Айбашов,

туруктуу комиссиялар

6

Айыл аймагындагы билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоонун абалы жөнүндө

июль

Социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия

                             Гулистан айыл кеңешинин кезектеги  ХХ111-cессиясы

 

7

2015-жылдын  9 айында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө

октябрь

Э.Шаназаров,

И.Айбашов,

туруктуу комиссиялар

8

Айыл аймагындагы  бюджеттик мекемелерди жана калкты 2015-2016- күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө

октябрь

Социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия

                            Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХ1V-сессиясы

 

9

Калкты социалдык жактан коргоо боюнча  жүргүзүлүп жактан иштердин абалы жөнүндө

Декабрь

Туруктуу комиссиялар

 

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин жооптуу катчысы:                           С.Эркабаев

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ-2                   18-февраль  2015- жыл

 

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл аймагын 2014-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткарылышы жана 2015-жылга планын бекитүү   жөнүндө.

 

            Гулистан айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы “Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүгүү стратегиясына” жана Ноокат районунун социалдык-экономикалык  өнүгүү программасынын негизинде тездетилген экономикалык өсүшү жана социалдык жактан камсыздоочу программа болуп эсептелет.

            Экономиканын өнүгүүсүнө элдин жашоо абалын жакшыртууга,социалдык маанидеги маселелрди чечүүгө, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана жумушсуздукту кыскартууга багытталган программада айыл аймагындагы колдо бар ресурстарга жана экономикалык потенциалдарга негизделүү менен иштелип чыгылды.

            Бул программа айыл калкынын кароосуна сунушталып, өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизүү менен Гулистан айыл кеңешинин 2013-жылдын  27-февралындагы № 3 сессиясында бекитилген.

            Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

1.Гулистан айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү  программасындагы 2014-жылда социалдык-экономикалык өнүгүү  стратегиялык планы кемчиликтерди белгилөө менен канааттанндырарлы деп белгиленсин.

2.Гулистан айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын 2015-жылга болжолдолгон стратегиялык планы жумушчу топ тарабынан айылдарда өткөрүлгөн жалпы жыйындарда талкууланып, өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү сунуштарды эсепке алып,  бекитилсин. (Айыл аймагынын 2015-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планы тиркелет).

3.2015-жылга Гулистан айыл аймагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткарылышын  камсыз кылуу  айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                              И.Ташматов

 

 

 

 

 

Гулистан  айылы  2013-2017 жылдарга социалдык экономикалык  өнүгүү  программасына  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор  киргизүү жөнүндө

 

Гулистан  айыл  өкмөтүнүн  2013-2017 жылдарга  социалдык-экономикалык  өнүгүү программасы  2013-жылдын  27-февралындагы  айылдык  кенештин  сессиясынын   чечими  менен  бекитилген. Айыл  өкмөтүнүн  2013-2017 жылдарга  социалдык-экономикалык  өнүгүү  программасы  бардык  тармактарды  камтыган  болуп,негизги  багыты  айылдарды  социалдык  инфраструктарларынын  калыбына  келтирүү, курууга  багытталган. Стратегиялык  программанын  кабыл  алынгандан  кийин  2 (эки)  жыл  мөөнөттө планда  көрсөтүлгөн  долбоорлордон  Чили Сай  орто  мектебиндеги  кошумча  класстык  бөлмөнү  курулушу, Гулистан  айылында  Теремөк  балдар  бакчасынын  пайдаланууга  берилгендиги, Р Хожамов  атындагы  орто  мектебиндеги  50 (элүү)  орунду  балдар  бакчасынын  курулушу аякталды.   Гулистан , Беш  Коргон  айылдарындагы  жаңы  конуштарды  электр-энергиясы  менен  камсыз  кылуу  долбоору жана  “Орто   Арык”  жана  “Кызыл  Арык “  каналдарын  ремонтто  долбоору ЮСАИД  уюму  тарабынан  аткарылды.  Ишкердик  чөйрөсүндө  элди  турмуш  тиричилигине  керектелүүчү  азыктүүлүк,курулуш  материалдары  жана  башка  керектелүүчүлөр  менен  соодо  кылуучу  дүкөндөр жана  ишканалар  ачылды.

Ишкердик  субъектерини  жергиликтүү бюджеттеги  үлүшү 2013-жылдда  20 %  түзсө, 2014-жылда  бул көрсөткүч  30 %  түздү.Аймактагы  билим  берүү  мекемелеринин  материалдык  -техникалык  базасын  жакшыртуу максатында  жергиликтүү  бюджеттен  көмөк  көрсөтүлдү.  Мындан  тышкары  2  жыл  мөөнөт  ичинде  аймакта  жаңыдан  3 социалдык  маданий   объекттер  пайдаланууга  тапшырылды.  2014-жылдын  декабрь  айында  айыл  өкмөтүнүн  2013-2017 жылдардагы  социалдык-экономикалык  өнүгүү  программасына  өзгөртүү, толуктоолор киритүү  боюнча  жумушчу  тобу  мониторинг  жүргүзүп, аймактагы  социалдык  жана  инфраструктуралар  боюнча  көйгөйлүү  маселелер   жайында  карап  чыгып, аймактардагы  жаңы  конуштарды  2015-жылдан  баштап  инфраструктура  түзүмдөрүнү  калыбына  келтирүү куруу  боюнча  атайын  долбоор  иштелип  чыгып,стратегиялык  планга  киритүү  зарылдыгын  сунушташты. 

 

       

 

 

Гулистан  айыл     аймагындагы  жаңы  конуштарды  2015-2017-жылдарга  инфраструктура  түзүмдөрүн  куруу жана калыбына  келтирүү  долбоору

 

Аткарыла  турган  иштердин аталышы

 

Каржылоо  булактары

Тузулгон  жумушчу 

орундар

Аткарыла  турган  иштердин болджолдуу  смуммасы

2015

2016

2017

Аткаруу  мөөнөтү

Донордук  уюмдар  жан башка  уюмдар

  ( мин сом)

Коомчулук /жеке инвестор (мин сом )

Айыл  окмоту мамлекеттик туртку беруучу  грант (мин сом)

Донордук  уюмдар  жан башка  уюмдар

  ( мин сом)

Коомчулук /жеке инвестор (мин сом )

Айыл  окмоту мамлекеттик туртку беруучу  грант (мин сом)

Донордук  уюмдар  жан башка  уюмдар

  ( мин сом)

Коомчулук /жеке инвестор (мин сом )

Айыл  окмоту мамлекеттик туртку беруучу  грант (мин сом)

2015

2016

2017

1

 Фрунзе  айылынын Бостон  участкасындагы  жаңы  конуштардын инфраструктурасын калыбына  келтирүү   куруу  долбоору ( жол, ичимдик  суу, электр  энергия)

 2 млн

 

200 миң

200 миң

 

   200 миң

200 миң

 

200 миң

200 миң

+

+

+

 

2

Фрунзе  айылынын Вахм  участкасындагы жаңы  конуштардын инфраструктурасын калыбына  келтирүү   куруу  долбоору ( жол, ичимдик  суу, электр  энергия)

1 млн

 

100 миң

100 миң

 

100 миң

 

100 миң

 

100 миң

100 миң

+

+

+

 

3

Гулистан айылынын Сай Бою участкасындагы жаңы  конуштардын инфраструктурасын калыбына  келтирүү   куруу  долбоору ( жол, ичимдик  суу, электр  энергия)

2 млн

 

200 миң

200 миң

 

200 миң

200 миң

 

200 миң

200 миң

+

+

+

 

4

Кызыл Сай айылынын Кочкор Ата  участкасындагы жаңы  конуштардын инфраструктурасын калыбына  келтирүү   куруу  долбоору ( жол, ичимдик  суу, электр  энергия) 

2 млн

 

200 миң

200 миң

 

200 миң

200 миң

 

200 миң

200 миң

+

+

+

 

5

Кызыл  Сай  айылынын Тыт  Зар  участкасындагы жаңы  конуштардын инфраструктурасын калыбына  келтирүү   куруу  долбоору ( жол, ичимдик  суу, электр  энергия)

1 млн

 

100 миң

100 миң

 

100 миң

100 миң

 

100 миң

100 миң

+

+

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Гулистан  айыл  өкмөтүнүн  2013-2017-жылдарга  социалдык экономикалык  өнүгүү  программасына  өзгөртүү  жана  толуктоолор  киритүү  боюнча  жумушчу  топтун  курамы.

 

 

1.И.Айбашов -             Гулистан  айыл  өкмөтүнүн  башчысынын орун  басары,  жумушчу  топтун төрагасы

2.Ш.Гафаров            Айыл  кенештин  депутаты  (макулдугу  менен),  жумушчу  топтун  мүчөсү

3.Т.Тойчиев -               Айыл  кенештин  депутаты  (макулдугу  менен),  жумушчу  топтун  мүчөсү

4.П.Мамарасулов -      Айыл  кеңештин  депутаты  (макулдугу  менен),  жумушчу  топтун  мүчөсү

5.С.Алмижанов  -        Гулистан  айылынын  айыл  башчысы,  жумушчу топтун  мүчөсү

6.А.Толипов             Мамлекеттик  эмес  уюмдун  өкүлү,  жумушчу топтун  мүчөсү

7.А.Худойбердиев -    Мамлекеттик  эмес  уюмдун  өкүлү,  жумушчу топтун  мүчөсү

8. Д.Иминжанова     Аялдар  кенешинин  төрайымы,  жумушчу топтун  мүчөсү

9.А.Тоштемиров  -     Жаштар  комитетинин  төрагасы,  жумушчу топтун  мүчөсү

10.Р.Кочканов  -         Жеке  ишкер,  жумушчу топтун  мүчөсү

11.А.Тажимаматов  -  Айыл  чарба  тармагы  боюнча  адис,  жумушчу топтун  мүчөсү

 

 

 

                          Гулистан  айыл  өкмөтүнүн  жооптуу

                          катчысы:                                                          Г.Раимбердиева                                                      

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ-3                      18-февраль  2015- жыл

 

Гулистан айыл кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө.

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджети 25 677,6  миң сомго пландаштырылган болсо, 25 952,2  миң сомго аткарылган. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджети 13 308,0 миң сомго пландаштырылган болсо, 13 491,1 миң сомго аткарылган. Жалпы бюджет аткараылгандыгына карабастан киреше салыгынан жана сатып алуудан алынуучу салык боюнча болжолдолгон план 700 миң сомго аткарылбай калган.

        Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын 2015-жылга бюджетинин негизинде Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн иштеп чыгылган бюджеттин долбоорун айыл кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиялардын заседаниесында тийиштүү мекеме-уюмдардын жетекчилери тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдү эсепке алып, Гулистан айыл кеңеши

 

                                              Т О К Т О М        К Ы Л А Т :

 

1.Гулистан айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2013-жылдагы кирешелер бөлүгү 25 952,2   миң сомго, чыгаша бөлүгү  25 778  миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.

2.Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн негизин түзгөн киреше салыгы жана сатуудан алынуучу салык түрлөрүн болжолдолгон планы аткарылбай калгандыгына жооптуу тийиштүү адистерин жоопкерчилигин көрүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.

3.2015-жылга Гулистан айыл өкмөтүнүн кирешелери жана чыгашалары боюнча бюджети    12 227,8   миң сом эсебинде бекитилсин.

4.2016-жылга Гулистан айыл өкмөтүнүн кирешелери жана чыгашалары боюнча  бюджети 12 576,7    миң сом эсебинде бекитилсин.

5.2017-жылга Гулистан айыл өкмөтүнүн кирешелери жана чыгашалары боюнча  бюджети  13 044,72  миң сом эсебинде бекитилсин.

6.2015-жылга Гулистан айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.

7.Гулистан айыл өкмөтүнүн бюджетини чыгашалары боюнча багыттары № 2-тиркемеге ылайык аныкталсын.

 8.Гулистан айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн 2015-жылга түшкөн                                  кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте негизги статьяларга              (эмгек акы, соцфондго чегирүү жана сооциалдык жеңилдиктерге) каржылануу белгиленсин.

9.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                           И.Ташматов.

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Гулистан айыл  кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

   Фрунзе айылы                                                  № ХХ-3                           18-февраль 2015-

 

 

 

 

 

 
жыл

                                                                                              

 

 

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2015-жылга айылдык бюджети жана 2016-2017-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө»

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылга  айылдык бюджетинин аткарылышы, 2015-жылга каралган айылдык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын  2015-жылга республикалык бюджети  жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  Гулистан айыл кеңешинин экономика, бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын  27-статьясынын 5-пунктуна  ылайык Гулистан айыл кенешинин сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т  :

 

            1.  2015-жылга Гулистан айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  12 227,8 миң сом, анын ичинен атайын каражат эсеби 486,0 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

            2.  2015-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

            Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2015-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

           3.Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун  негизги көрсөткүчтөрү  № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

            Кирешенин болжолу 2016-жылга 12 576,7 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 4812,0 миң сом менен) жана 2017-жылга 13044,72  миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 47770,02 миң  сом менен) белгиленсин.

            Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга  айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн  болжолу  жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

            4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

            Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

            Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин  2- пунктуна  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.    

            5. 2015-жылдын 1-январына айылдык бюджетти боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 80,0 мин сом суммасында белгиленсин.

            6.  Айыл өкмөтүнүн башчысы  төмөнкүгө укуктуу:

-  Ушул токтомдун   1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;  

            -  ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

            -  киреше бөлүгүнөн  белгиленген пландан ашыкча түшкөн  каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

            7. 2015-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан  ашыкча аткарылышынан  түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү  жана  өзгөртүү  киргизүү  айыл  кенешке  ыйгарылсын.

            8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык  негиздерин  чындоо, алардын финансалык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

            9. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү  25952,2 миң сомго, чыгаша  бөлүгү  25 778,0 миң сомго же кирешенин чыгашадан 174,2  миң сомго кемчилиги менен  аткарылгандыгы  № 4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.

           10. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Гулистан айыл кеңешинин «Экономика, бюджет жана инвестиция боюнча»  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Гулистан айыл

кенешинин төрагасы :                                                                              И.Ташматов

 

 

Гулистан айыл кенешинин (V-чакырылышы)

кезектеги XХ-сессиясынын №XХ-3 токтомуна  

 № 1 тиркеме

 

                                       Гулистан айыл өкмөтүнүн  2015--жылга бюджети

                                                                                                                                  (миң сом)

Салык агенти төлөгөн киреше салыгы

2250,0

Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы

 

Чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык

 

Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык

75,0

Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салыгы

1160,0

Ишкердик иш-аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы

170,0

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

1126,0

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

335,0

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

    406,7

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

225,0

Сатуудан түшкөн салык

560,0

Роялти

 

Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо учун акы төлөө

100,0

Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы

190,0

Жайыт ижарасы үчүн акы

 

Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы

 

Таштанды төлөмү

148,0

Мамлекеттик алымдар

43,0

Атайын каражаттар

486,0

Административтик штрафтар

40,0

Активдер жана милдеттемелер

 

Толуктоочу грант

4913,1

Кирешелердин жыйынтыгы

12227,8

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

5125,9

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду

     120,0

Коргонуу

100,0

Экономикалык  маселелер

550,0

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

3102,9

Эс алуу, маданият жана дин

566,5

Билим берүү

2311,3

Социалдык коргоо

351,2

Чыгашалар жыйынтыгы:

12227,8

 Гулистан айыл өкмөтүн жооптуу катчысы                              Г.Раимбердиева

 

 

 

Гулистан айыл кенешинин (V-чакырылышы)

 кезектеги ХX-сессиясынын №XХ-3 токтомуна   

№ 2 тиркеме

              Гулистан айыл өкмөтүнүн  2016--жылга бюджетинин болжолу

                                  (миң сом)

Салык агенти төлөгөн киреше салыгы

2570,0

 

Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы

 

 

Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктүү салык

 

 

Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык

75,0

 

Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салыгы

1220,0

 

Ишкердик иш-аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы

170,0

 

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

1126,0

 

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

335,0

 

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

      406,7

 

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

225,0

 

Сатуудан түшкөн салык

630,0

 

Роялти

 

 

Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы толоо

100,0

 

Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы

190,0

 

Жайыт ижарасы үчүн акы

 

 

Кайра бүлүштүрүү фондунун ижара акысы

 

 

Таштанды төлөмү

148,0

 

Мамлекеттик алымдар

43,0

 

Атайын каражаттар

486,0

 

Административтик штрафтар

40,0

 

Активдер жана милдеттемелер

 

 

Толуктоочу грант

4812,0

 

Кирешелердин жыйынтыгы

12576,7

 

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

4662,8

 

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду

120.0

 

Коргонуу

50,0

 

Экономикалык  маселелер

600,0

 

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

     3443,9

 

Эс алуу, маданият жана дин

1200,0

 

Билим берүү

2200,0

 

Социалдык коргоо

300,0

 

Чыгашалар жыйынтыгы:

12576,7

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы :                                                       Г.Раимбердиева

 

Гулистан айыл кенешинин (V-чакырылышы)

кезектеги ХX-сессиясынын №ХX-3 токтомуна   

№ 3 тиркеме

              Гулистан айыл өкмөтүнүн  2017--жылга бюджетинин болжолу

                                                                                                                                         (миң сом)

Салык агенти тологон киреше салыгы

2950,0

 

Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы

 

 

Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктуу салык

 

 

Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык

75,0

 

Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы

1220,0

 

Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы

170,0

 

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

1126,0

 

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

335,0

 

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

     406,7

 

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

225,0

 

Сатуудан тушкон салык

760,0

 

Роялти

 

 

Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо

100,0

 

Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы

190,0

 

Жайыт ижарасы учун акы

 

 

Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы

 

 

Таштанды толому

148,0

 

Мамлекеттиктик алымдар

43,0

 

Атайын каражаттар

486,0

 

Административтик штрафтар

40,0

 

Активдер жана милдеттемелер

 

 

Толуктоочу грант

4770,02

 

Кирешелердин жыйынтыгы

13044,72

 

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

4862.8

 

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду

130,0

 

Коргонуу

 

 

Экономикалык  маселелер

600,0

 

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

3501,92

 

Эс алуу, маданият жана дин

850,0

 

Билим берүү

2800,0

 

Социалдык коргоо

300,0

 

Чыгашалар жыйынтыгы:

13044,72

 

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы :              Г.раимбердиева                               

Гулистан айыл кенешинин (V-чакырылышы)

кезектеги ХX-сессиясынын №ХX-3 токтомуна 

№ 4 тиркеме

 Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше булагынын 2013-жылдын аткарылышы

Кирешелердин түрлөрү

                                                 2013-жыл

Бекитилген план

Такталган план

Аткарылышы

%

1

Салык агенти төлөгөн киреше салыгы

2050,0

2205,0

2232,7

101,3

2

Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы

 

 

 

 

3

Чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык

 

 

 

 

4

Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык

70,0

70,0

55,9

79,9

5

Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салыгы

990,0

1040,0

1218,6

117,2

6

Ишкердик иш-аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы

187,0

187,0

125,7

67,2

7

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

830,0

1100,0

1194,9

108,6

8

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

335,0

370,0

441,1

119,2

9

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

406,7

406,7

422,8

104,0

10

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

205,0

205,0

297,9

145,3

11

Сатуудан түшкөн салык

540,0

700,0

536,2

76,6

12

Роялти

 

 

 

 

13

Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө

 

104,8

180,7

172,4

14

Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы

 

 

 

 

15

Жайыт ижарасы үчүн акы

 

 

 

 

16

Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы

190,0

190,0

187,2

98,5

17

Таштанды төлөмү

85,0

85,0

157,0

184,7

18

Башка кирешелер

 

 

8,5

 

19

Мамлекеттик алымдар

3,0

41,6

74,8

179,8

20

Атайын каражаттар

486,0

536,0

486,4

90,7

21

Административтик штрафтар

40,0

4,0

4,4

110,0

22

Активдер жана милдеттемелер

 

 

 

 

 

Бардыгы :

25884,1

18432,5

18327,4

99,4

6

Максаттуу грант

23713,0

14833,7

14833,6

100,0

7

Толуктоочу грант

2171,1

2171,1

2171,1

100,0

8

Респ.бюджеттен алынган каражат

 анын ичинен:

 

1427,7

1322,7

92,6

 

-  Эмгек акыны көбөй.алынган каражат

 

299,2

194,2

64,9

 

-   Мектептердин кезектеги ремонтуна

 

218,3

218,3

100,0

 

-  коммуналдык кызматтар.карыздарына

 

243,6

243,6

100,0

 

-   тамак ащ 1-4 кл

 

666,6

666,6

100,0

 

-    КР Өкмөтүнүн  резервдик фондунан 

 

 

 

 

 

Жыл башындагы  калдык

 

 

 

 

 

Жалпысы :

32301,8

25677,6

25952,2

101,1

            Гулистан айыл өкмөтүнүн

             жооптуу катчысы :                                                     Г.Раимбердиева

 

 

 

Гулистан айыл кенешинин (V-чакырылышы) кезектеги

ХX-сессиясынын №ХX-3 токтомуна    № 5 тиркеме

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин чыгаша

булагынын

2013-жылдын  аткарылышы

 

Аталышы

Бекитилген план

Такталган план

Аткарылышы (кассалык чыгаша)

Айырмасы

Бекитилген план

Такталган план

1

Башкаруу аппараты

3108,9

3492,2

3372,8

263,9

-119,4

2

Резервдик фонд

300,0

300.0

300,0

-

-

3

Коргонуу

 

 

 

 

 

4

Коомдук тартипти сактоо

 

 

 

-

-

5

Айыл чарбасы

100,0

135,0

135,0

35,0

-

6

Коммуналдык чарба

2093,1

2184,6

2241,7

148,6

57,1

7

Маданият

449,0

432,7

383,1

-65,9

-49.6

8

Билим берүү

25164,8

17799,6

 

17658,9

-7505,9

-140,7

9

Соц.коргоо

300,0

300,0

300,0

-

-

10

Активдер

300,0

745,2

745,2

445,2

-

11

Атайын каражаттар

486,0

690,9

641,3

155,3

-49,6

 

Жалпысы :

32301,8

26080,2

25778,0

-6523,8

-302,2

 

           

             Гулистан айыл өкмөтүнүн

             жооптуу катчысы :                                                     Г.Раимбердиева

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ-4                   18-февраль  2015- жыл

 

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

 

Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2014-жылдагы аткарган иштери жана 2015-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө.

 

 

            Гулистан айыл аймагында 2010-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыт Мыйзамынын”  негизинде жайыт комитети түзүлгөн. 2014-жылда жайыт комитети бекитилип берилген бюджетти толугу менен аткарган. Айыл өкмөтү жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетин көрүп чыгып тийиштүү кошумчалар жана өзгөртүүлөрдү кириткен. Гулистан айыл кеңешинин ХХ-сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап

 

Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

 

1.Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылда аткарган иштери канааттандырарлы деп белгиленсин.

2.Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылга бюджети бекитилсин..

3.Жайыт комитетинин 2015-жылда жайыт инфраструктурасын өңдөө боюнча аткара турган иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылдын 17  февралындагы     № 1-протоколу бекитилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

             Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                             И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Гулистан  айыл аймагынын жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин  жылдык  чогулушунун 

                                                       

                                                                  Протоколу

 

Фрунзе  айылы                                            № 1                                       17.02.2015-жыл

 

Гулистан айыл аймагынын жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин  2014-жылга   бюджетин  аткаруу  жана 2015-жылга карата  бюджетин  бекитүү  жөнүндө.

 

Катышкандар: Айылдардан  шайланган  делегаттар  жана  жайыт  комитетинин  мүчөлөрү.

30 киши.

 

Отурумга  Ноокат  райондук  Жайыт  пайдалануучулар  Ассоциациясынын  төрагасы  Т.Жолдошов  катышыты.

 

Призидиум..                 Шаназаров  Э –айыл  өкмөтүнүн  башчысы

                                       Айбашев  И    -  айыл  өкмөтүнүн  башчсынын  орун  басары

                                       Расулов  О  -  ветеринардык  врач

 

Күн   тартибиндеги  маселе:

 

1.  Гулистан  Ж.П.Б  2014-жылда  аткарылган  иштери  боюнча  отчету

2.  Гулистан  Ж.П.Б    ревизия  комиссиясынын отчету

3.  Гулистан  Ж.П.Б  2015-жылга  бюджетин  бекитүү

 

 

 Регламент :     1 маселе   боюнча  20 мүнөт

                           2 маселе  боюнча   10  мүнөт

                           3 маселе  боюнча   5 мүнөт

 

Биринчи  маселе  боюнча  ЖПБ  төрагасы  Сатыбалдиев  Эргештин  отчету  угулду , отчет  протоколго  тиркелет.

Экинчи  маселе  боюнча  Гулистан  ЖПБ  ревизия    комиссиясынын  төрагасы  Алимжанов Сайфуллонын   отчету  угулду , отчет  протоколго  тиркелет.

Үчүнчү  маселе  боюнча    Гулистан   ЖПБ нын  бухгалтери  Таштемиров  Шакиржандын  түшүнтүрмөсү   угулду,   2015-жыл  сметасы  протоколго  тиркелет .

 

Жыйналышта  жайыт  пайдалануучулардан  Раимбердиев  А,  Расулов  О,  М.Мусаевтар  сөзгө  чыгып, жайыт  пайдалануучулардын  бирикмесинин  2014-жылда  алып  барган  иштери  боюнча  өздөрүнүн  сын  пикирлерин  айтышты.  

Жыйналышта  Ноокат  район  жайыт  пайдалануучулар  бирикмелеринин   Ассоциациясынын   төрагасы  Жолдошев  Т  сөзгө  чыгып , Гулистан  айыл  өкмөтүнүн  жайыттарын  кемчилдиктерин  жакшыртуу  максатында  алардын   пайдалануну  жакшы  жолго  кою  керектигин  айтты  жана жайыттын   пайдалануу  графигин  түзүү  керектигин  айтты. 

Гулистан  жайыт  пайдалануучулар   бирикмесинин  чогулушу  күн  тартибиндеги  маселелерди  талкуулап

 

 

 

 

 

 

 

 

ЧЕЧИМ  КЫЛАТ.

 

1. Гулистан   айыл  өкмөтүнүн  ЖПБ  2014-жылдага   бюджетинин  аткарылышы  канаттандырарлы  деп  белгиленсин.

 

 

2. Гулистан   айыл  өкмотүнүн  ЖПБ  2014-жылдагы    ревизия  комиссиясынын  аткарган  иштери  канаттандырарлы  деп  табылсын.

 

 

3. Гулистан  айылдөкмөтүнүн ЖПБ  2015-жылга  болжолдонгон  бюджетин  бекитип  берүү  жагы  айыл  кенештен  суралсын.(2015-жылга  смета  тиркелет)

 

4.Жайыт  пайдалануучулар  комитетинин  курамы  15 (он беш)  кишиден  болсун  жана   үч  жыл    мөөнөт  менен  шайлансын   (курамы  тиркелет)

 

5.2015-жылда  жайыт  инфраструктурасын  оңдоо  үчүн  ажыратылган  акча  каражаты  жайыттагы  булактарды  оңдоо  үчүн  жумшалсын.

 

6.Жайытта  багылып  жаткан  малдарды  ветеринардык  эрежелерин    сакталышын  камсыз  кылуу  жагы  айыл  өкмөттүн  вет  врачы  Расулов О га жана  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин  төрагасы  Сатыбалдиев  Э ге  тапшырылсын.

 

7.Башка  жактан  келген  кой  малдарды   чек  аралардан  өткөрбөө  боюнча  иштерди  чечүү, жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин  төрагасы   Э.Сатыбалдиевге  жүктөлсүн.

 

 

Гулистан  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин  жылдык   чогулушунун

   

    Төрагасы:                                                           И.Айбашов

    Катчысы :                                                          О. Расулов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                 № Х-5                               18-февраль  2015- жыл

 

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

  Гулистан айыл кеңешинин аймагындагы жайыттан пайдалануучулары бирикмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жыл 19-июнунда чыккан “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн иш чараларын турмушка ашыруу максатында жайыттардын баасын бекитип берүү жөнүндө.

 

            Гулистан айыл кеңешинин аймагындагы жайыттан пайдалануучулары бирикмеси  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнунда чыккан “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн иш чараларын турмушка ашыруу максатында жайыттардын баасын бекитип берүү жөнүндөгү маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңеши

 

Т О К Т О М          К Ы Л А Т:

 

 

Малдын түрү

Жазгы жайыт

Жайкы жайыт

Күзгү жайыт

Бир айга

Бардыгы

 1

   Үй

    34

 51

    34

    17

   119

 2

   Торпок

     18

 27

    18

    9

      63

 3

   Жылкы

     34

  51

    34

     17

    119

 4

    Тай

     18

  27

    18

       9

     36

 5

    Кой

     18

  27

    18

       9

     63

 6

    Эчки

     34

   51  

     34

      17

     119

 7

    Тай торпок

     18

   27

     18

       9

       36

 8

    Эшек

     18

   27

     18

       9

       63

 9

    Топоз

     34

   51

     34

      17

      119

 

 

1.Жайыт жерлериндеги тосуп алынган ар бир га жер үчүн, тоолу жайыттарга айдоо жер үчүн 7000 сом, чоп жай үчүн 3500 сом жер салыгы төлөнөт.

2.Курулма, короо, үй-жайлар үчүн ар бир сотых жерине 100 сомдон, тоо жерлерден отун-чоп үчүн алынган куурайлар үчүн бир сезонго 700 сомдон түтүн пулу  төлөнөт.

3.Адыр зоналарындагы жайыт жерлерден кышкы тоют үчүн чоп оруп пайдаланса, күнгөй жерден бир га жер үчүн 300 сом, тескей жерден 1 га жер үчүн 600 сомдон жер салыгы алынсын. Адырдагы курулма, короолор, үй-жайлардын ордуна ар бир сотых жер үчүн100 сомдон, отун үчүн алынган куурай бадалдар үчүн бир сезонго 350 сомдон түтүн пулу төлөнсүн.

4.Жайыт жерлердин суу жээктерине суу чыгарып, бак тигип пайдаланса, ар бир түп мөмөлү бак дарактын беш жаштан жогорусуна 30 сомдон, терек-тал, зараң дарактары үчүн беш жаштан жогорусуна 10 сомдон, ошол эле жерге айдалып эгин эгилсе ар бир га жер үчүн 7000 миң сомдон, чоп оруп алуу максатында тосулгон болсо, суулу ар бир га жерге 3500 сом, кайрак жерге 600 сомдон салык акы төлөнсүн.(тосулган жерден башка максатта пайдаланса, максатына карап салык толойт. Дарактар үчүн өзгөчө, курук жер үчүн өзгөчө, чоп жер үчүн өзгөчө нарк каралат)

5.Бюджеттин кирешесине карап жайыт комитетинин төрагасына 8 айга 5000 сомдон, бухгалтерине (орунбасары) 8 айга 4000 сомдон айлык акы толөп берилсин.

6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин айыл чарба, курулуш өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча иштөочү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

            Гулистан айыл  кеңешинин

            төрагасы:                                                                 И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ-6                    18-февраль  2015- жыл

 

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Кыргыз Республикасынын статистика башкармалыгы тарабынан катталбай калган  Гулистан айыл аймагындагы айылдарга “айыл” статусун берүү жөнүндө.

 

       Гулистан айыл аймагында 2015-жылдын 1-январына карата 18 500 адам жашайт. Кыргыз Республикасынын статистика башкармалыгы тарабынан айыл аймагында 2 айыл катталган:

Фрунзе жана Гулистан айылдары. Гулистан айылында 2015-жылдын 1-январына карата 6 056 адам, Фрунзе айылында болсо 12 444 адам жашайт. Фрунзе айылы деп катталып келген айылда

Кызыл Сай, Беш Коргон,  Чоң Кыштоо айылдары бар. Бул айылдардын айыл өкмөтүнөн

алыстыгы 10 км.дан 30 км.гача түзөт. Бул айылдар өз учурунда статистика башкармалыгы

тарабынан каттодон өткөрүлбөй калган. Жогорудагы айылдарга айыл статусу берилбегендиги айылдардын социалдык-экономикалык өнүгүсүүнө, алардын инфраструктурасын жакшыртууга жана маалымат кызматтарын көрсөтүүгө терс таасирин көрсөтүүдө.  Бул маселе илгери шайланган депутаттар тарабынан дагы көтөрүлгөн, бирок оң тарапка чечилбей келүүдө.

        Кү тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын

“Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдары жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Гулистан айыл кеңеши

 

Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

 

1.Гулистан айыл аймагындагы айылдардын социалдык-экономикалык онүгүүсүн камсыз кылуу

 максатында Беш Коргон, Чоң Кыштоо, Кызыл Сай, Таштак айылдарына “айыл” статусун берүү

 тийиштүү мамлекеттик органдарга сунушталсын.

 

2.Жогорудагы айылдарга “айыл” статусу берүү боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы

айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин социалдык-маданий маселелер боюнча

туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                              И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ-7                18-февраль  2015- жыл

 

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл аймагындагы кожолуктарга

 жана мекеме-ишканаларга таштанды

жыйымын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.

 

        Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде Гулистан айыл аймагындагы

кожолуктардан жана аймактагы мекеме-ишканалардан таштанды жыйымынын өлчөмүн белгилөө

 жөнүндөгү маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин сессиясы

 

                                                 Т О К Т О М        К Ы Л А Т :

 

1.      Гулистан айыл аймагындагы кожолуктарга таштанды жыйымы 100 (жүз) сом өлчөмүндө

 белгиленсин.

2.      Гулистан айыл аймагындагы мекеме-ишканалардан өндүрүүлүчү таштанды жыйымы иш ордуна

карата 50 (элүү)  сом өлчөмүндө белгиленсин.

3.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш жана

инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                             И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Фрунзе айылы                                       № ХХ-8                18-февраль  2015- жыл

 

Гулистан айылдык кеңешинин (V- шайланган) кезектеги ХХ-сессиясы

 

Т О К Т О М

 

Гулистан айыл аймагындагы “АСИР” суудан пайдалануучулар ассоциациясынын

 2015-жылдын 10-февралындагы

№ 1-протоколун бекитип берүү жөнүндө.

 

            2015-жылдын 10-февралында  Гулистан айыл аймагындагы “АСИР” СПА сынын жалпы

жыйынында СПА нын 2014-жылда аткарган иштери жана 2015-жылга бюджети бекитилген. 

Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап

 

                                                  Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

 

1.      Гулистан айыл аймагындагы “АСИР”  СПА сынын 2015-жылга СПА нын бюджетин  бекитүү

жөнүндөгү  2015-жылдын 10-февралындагы № 1 –протокол-токтому бекитилсин.

(тиркелет)

2.      Суудан пайдалануучулардан өндүрүлүүчү суу акы 1 гектарына 1000 сом өлчөмүндө өзгөртүүсүз  калтырылсын.

3.      “АСИР” СПА сынын “Сугат суу каналдарын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында алынган

насыясын өз убагында төлөнүшүн туруктуу көзөмөлгө алуу Гулистан айыл өкмөтүнө

тапшырылсын.

4.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин  айыл чарба, курулуш, өнөр жай,

ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына

тапшырылсын.

 

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасы:                               И.Ташматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Гулистан айыл аймагындагы “Асир” суу пайдалануучулар    ассоциациясынын (“Асир” СПАсынын) 2014-жылына карата жалпы   өкүлдөрүнүн отчеттук жыйынынын

                                                           

                                                              № 1  ПРОТОКОЛУ

Гулистан   айылы                                                                    10-февраль 2015-жыл

 

Чогулушка катышкан  өкүлдөр жана суу па пайдалануучулар 31 киши. СПАнын кеңешинин мүчөлөрү: 5 киши       

Текшерүү комиссиясынын  мүчөлөрү 3 киши                                                  

 Чакырылгандар: Ноокат районундагы  СПАларды өнүктүрүү боюнча башкы адиси Касымов  Азамат, Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын  орун  басары                                 И Айбашов, айыл кенешинин депуттары Б. Мирзаев,Т. Тойчиев ,Б.Мирзакулов,               П. Мамарасулов    жана   айыл      өкмөтүнүн     кызматкерлери   А.Эркабаев,                     Ш. Сотволдиев ,  С. Алимжанов.         

Чогулушту  баштоо менен   президиумга  5 адам     шайланып,      чогулуштун төрагасына      И. Айбашев  жана   катчылыгына    А. Эркебаев     шайланып,      ар-бир сүйлөөчү   кишиге  10  минутадан  регламент  белгиленди.

КҮН   ТАРТИБИ:

1.”Асир”  СПАнын  кеңешинин 2014-жылда аткарган жумуштары  боюнча отчету. 15минута        ( маалымат  берүүчү-Айбашев И).

2.”Асир” СПАсынын текшерүү  комиссиясынын   отчету   5 минута (маалымат берүүчү Аскаров М).

3.СПАнын     кенешинин  текшерүү  комиссиясынын    жана    талаш-тартыш комиссиясынын  курамына  өзгөртүүлөрдү  киргизүү. 10 минута (маалымат  берүүчүАйбашев И).

4.25%дык  ички каналдарды кайра калыбына  келтирүүгө  берилген  100% тик     техникалык насыя төлөмдөрүн  кайтаруу  боюнча маалымат  10 минута (маалымат берүүчү – М.Режабалиев )

5.”Асир” СПАнын 2015-жылга  каралган  божомол  бюджеттик  иш-планын бекитүү 10 минута  (сугат сууга  болгон  кызмат акыга көнүл буруу) . (маалымат берүүчү Режабалиев М).

6.СПАнын техникалык жабдуларынын айрымдарынын кызмат мөнөтүнүн өткөндүгүнө жана жараксыз абалга  келип калгандыгына байланыштуу  СПАнын  эсебинен  чыгаруу жөнүндө  маалымат  берүүчу М. Режабалиев.

7.Ар түрдүү маселелер (ички каналдарды 2015-жылдын сугат мезгилине даярдоо, ички  каналдардын боюнда экилген тал-теректерди алуу жана ички каналдарды ашар ыкмасында элдин жардамы менен тазалоо, ички каналдардын  бетондук бөлүктөрүн  жана суу бөлүүчү  дарбазаларды бузгандарга штрафтык жазаларды  колдонуу, суу пайдалануучуларды   убагында  сугат суу менен камсыз кылуу, Ноокат райондук суу чарба адистери тарабынан маалыматын угуу, кадрлар маселеси баюнча суроолор,  кошумча маселелер.  

1.Угулду. Биринчи  маселе боюнча АВП “Асир” СПАсынын кеңешинин төрагасы                       И. Айбашев  билдирүү  жасап, “Асир”  СПАсынын  2014-жылда  бюджети  1млн 600мин болуп жалпы чогулушта бекитилген.  СПАнын  кеңешинин  төрагасы    И. Айбашев  2014-жылда аткарылган  иштер боюнча  толук  маалымат  берди. Айыл  өкмөтүнө  тийиштүү жер аянты 895 гектерды түзөт,  анын  ичнен СПА суу  менен  камсыздап  келген  жер аянты 750 гектер, андан тышкары конуштардын жер аянты 521 гектерди түзөт. Өздөрүнгүздөргө белгилүү 2014-жылда насыя төлөмдөрдү  2014-жылдан 2024-жылга чейин узайтып берилди. СПА  насыя  төлөмдөрдү өз убагында төлөбөсө мамлекет тарабынан токтомдун негизинде штраф жана пеня кошуп койот. Ошондуктан   өндүрүү жумуштарын жакшы жүргүзбөй  келгендиктен СПАнын директору өз кызматынан бошотулуп, иштин жүрүшүнүн  жакшырттуу  максатында  М. Режабалиев СПАнын директору,  М. Аскаров  гидротехник  кызматына  коюлгандыгын  белгилеп  кетти.

2.Экинчи маселе боюнча текшерүү  коммисиясынын төрагасы  М. Аскаров билдирүү берди. Текшерүү комиссиясы тарабынан 2 жолу текшерүү  жүргүзүлгөндө мыраптар  тарабынан суу акы үчүн алынган квитанциялар өз убагында  бухгалтерияга тапшырылбаганы  аныкталды. Соц фонд  жана  салык  кызматына  өз убагында  отчет табшырылбагандыгы  аныкталды  тийиштүү   чаралар  көрүлдү.

3. СПАнын кенешин, текшерүү жана талаш-тартыш комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча И. Айбашев маалымат берди. Урматтуу суу пайдалануучулардын өкүлдөрү  СПАнын кеңеши жана текшерүү комиссиясынын өзгөртүүнүн себеби  СПАнын  кеңешинин мүчөсү   М. Режабалиев   СПАга  директор болуп шайланды .  Текшерүү   комиссиясынын   төрагасы   М. Аскаров  гидротехник  болуп ишке киргендигине  байланыштуу  СПАнын  кенешинин  мүчөлөгүнө Р. Ярматовду текшерүү  комиссиясынын   төрагалыгына  коюп  беришиңиздерди   суранабыз.

4өртүнчү маселе  боюнча  СПАнын   директору . Режабалиев   маалымат   берди . Чили-сай дарясында   аткарылган   иштердин   эсеби 11млн  100мин  сомду  25% тик  кайтарымы жана 100%дык насыя кайтарымы 2014-жылдан тартып 2024-жылга чейин кайтаруу керек, өз убагында  кайтарылбаса жылдык төлөнүүчү насыяга мамлекет тарабынан   штраф   жана  пеня  коюлгандыгын   айтып өттү. Асир СПАсынын бир жылдык насыя төлөмү  400миң сомду  түзөт. Урматтуу  суу  пайдалануучулардын  өкүлдөрү,  сиздерден  сураныч  насыя  төлөмдөрдү өз убагында төлөө жөнүндө жерлерде түшүндүрү  иштерин  жүрүшүнө  жардам  беришиңиздерди  суранамын.

5.Асир СПАсынын  2015-жылга  карата  бөжөмөл  бюджетинин  иш   планын   бекитүү  боюнча СПАнын директору М. Режабалиев маалымат берди. Айыл өкмөтүнүн суулуктагы жери 895 га  болуп,  анын  ичинен СПА 750 га жерди суу  менен камсыз  кылат.  Тамаркалар саны 3000 кожолокту  түзсө,  азыркы мезгилде СПА 2000 кожолукту суу менен камсыз кылат, ошондуктан 750га жерге  гектарына болгон төлөө  1000 сомдон 750 мин сомду түзөт. Ар бир тамаркадан түшкөн акча 2000 кожолуктан  100 сомдон  алынса,  200 миң сом болот. 2014-жылдагы  дебитордук карыздар  156 700сом ,  жогорудагылрды эсепке алып СПАнын жалпы кирешеси  1 106 700сомду түздү . СПАнын 2015-жылга  чыгашалары боюнча: суу акы төлөмү  райондук   суу   чарбасына бир  жылдык  төлөм  95 161сом.  Эмгек акы үчүн  273 000 сом, жардамчы штат үчүн  15 000 сом, соц  фондко  49 680 сом, транспорт  чыгымдарына  74 400 сом, админстартивдик чыгымдарга 21 000 сом, каналдарды ремонттого 18 644сом, мамлекеттик салык кызматына 33 201 сом, насыя төлөмдөргө (25%ге)  475 496 сом, насыя төлөм  (100% ге)   51 118 сом  СПАлар союзунун взносу үчүн 2 892 сом, жалпысы болуп        1 106 700 сом. Урматтуу жыйын катышучуулары. Насыя төлөмдөрдү төлөш үчүн  элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  каналдрды ремонттону элдерди мобилизациялоо жолу менен аткарышыбыз керек. Суу пайдалануучулардан  суу  акын   өндүрүштү  жолго   коюу  керек   деп  өз  сөзүн  түгөттү.

6.Алтынчы  маселе боюнча СПАнын кенешинин төрагасы  И. Айбашев  сөз сүйлөп,  СПАнын  балансында  турган   3 даана велосипед баасы  6871сом,  компьютер  41 786,62сом , ксерокопия 42 500 сом, принтер 16 312,14 сом , факс аппарат 15 782,53сом  жогорудагы техникалык жабдуулардын айрымдарын кызмат мөөнөтү  бүткөндүгүнө  жана  жараксыз   абалга   келип  калгандыгына  байланыштуу   СПАнын  эсебинен  чыгарып таштоону  сунуштады.

7.Ар түрдү маселелер: ички каналдарды 2015-жылдын сугат мезгилине даярдоо жана төлөмдөрдү өз убагында төлөө боюнча Бостон айылынан шайланган депутат Б. Мирзаев Гулистан айылынын көчө комитети  М. Мирмахмудов, Гулистан айылынын айыл башчысы С. Алимжанов,  Кызыл-сай айылынын көчө комитети  Ж. Шокировтор  жарык сөзгө чыгып, көрүлгөн маселелер боюнча өз ойлорун  билдиришти. Негизги маселе суу акы  төлөмдөрүн    толук  өндүрү  насыя  төлөмдөрүн өз  убагында  төлөө  жана  мыраптардын  кызматына  жараша 4000-7000 сомга чейин айлык акы берүү. Жогорудагы маселелер боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары сөз сүйлөп 2014-жылдагы аткарылган иштерди канааттандыралы, бирок кемчилдиктери  сугат сууга болгон акы боюнча дебитордук карыздарды өндүрүү, насыя төлөмдөрдү төлөө керектигин баса белгиледи. Бул маселе  боюнча  айыл  өкмөтү  дагы  көмөк  көрсөтөөрүн  айтты.

Асир  СПАсынын    өкүлдөрүнүн  жалпы  жыйналышы  жогоруудагы  маселелерди  көрүп  чыгып жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.      Асир  СПАсынын  2014-жылда  аткарган  иштерин  кемчилдиктерин  белгилөө  менен  канааттандырарлы  деп  белгиленсин.

1.2.   2015-жылда  суу  пайдалануучулар  менен  толук  келишим  түзүп, келишимдин  негизинде  иш жүргүзүү, ички  каналдарды сугат  мезгилине  чейин  кезектеги  оңдоодон  өткөрүү, мыраптар  тарабынан  СПА мүчөлөрүнө  сугат  суусун  берүүнүн  күнүмдүк  журналын  жүргүзүү  иштеринин   аткарылышын  камсыз  кылуу  жагы  СПАнын  директору  Режабалиевке  тапшырылсын.

 2.     СПАнын  текшерүү  комиссиясынын  отчету  канаттандырарлык   деп  табылсын.      

 2.1   СПАнын  текшерүү  комиссиясынын  мүчөлөрү  СПАнын  2015-жылда  финансалык    абалын  жүргүзүү  жагында  мыйзам  бузууларды  болтурбоо  жагынан  жардам   берүүгө  милдеттендирилсин. 

3.СПАнын  кенеши  төмөнкү  курамда  бекитилсин.

1.И.Айбашов

2.Б.Мирзакулов

3.Т.Тойчуев

4.М.Мирмахмудов

5.Р.Ярматов

Б).СПАнын  текшерүү  комиссиясы  төмөнкү  курамда  бекитилсин.

1.Б.Мирзаев

2.Х.Тешабаев

3.С.Алимжанов

В).СПАнын  талаш  тартыш  комиссиясы  төмөнкү  курамда  бекитилсин.

1.А.Эркебаев

2.П.Бозорбаев

3.М.Хожимаматов

4. 25% дык  ички  каналдарды  кайра  калыбына  келтирүү  жумуштарына  жана  100% техникалык  насыя   төлөмдөрүн  келишимдин  негизинде  өз  убагында  төлөп  баруу  СПАнын  директору  М.Режабалиевке  тапшырылсын.

5. Асир СПАсынын  эсебинде  2015-жылга  бөжөмөл  бюджетинин  кирешеси  1106700 сомго  чыгашасы  1106700 сомго  бекитилсин.Сугат  сууга  керектелген  кызмат  акы  1 гектар  сугат  аянтына 1000  сом өлчөмүндө  өзгөртүүсүз калтырылсын.Тамарка жер бөлүктөрүнө ар-биринин көлөмүнө карабай 100(жүз) сомдон бекитилсин.

6. Асир СПАсынын  эсебинде  болгон негизги каражаттарды    кызмат  мөөнөтү  өтүп,  жараксыз  абалда   болгондугуна байланыштуу  СПАнын  эсебинен  чыгаруу  үчүн  төмөнкү курамда  комиссия түзүлсүн:

                      Комиссиянын төрагасы            И.Айбашов

                                              Мүчөлөрү          М.Режабалиев

                                                                          Х.Жораев

                                                                          Р.Ярматов

                                                                          М.Мирмахмудов

7.Сугат суу берүүдө жолтоо болгон же болбосо суу урдагандарга 5000(беш мин) сом өлчөмүндө, суу бөлүүчү курулмаларды жана каналдардын бетондук бөлүктөрүн бузган суу пайдалануучуларга баланстык баасы эки эсептелип төлөө жагы бекитилсин.

7.1. Ашар ыкмасы менен ички каналдарды тазалоо, элди мобилизациялоо, уюштуруу жагынан Гулистан айыл  өкмөтү тарабынан жакындан жардам беруу жагы суралсын.

7.2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Гулистан айыл кеңешинен суралсын.

7.3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  аткарылышын СПАнын кенешинин төрагасы  И Айбашевге  тапшырылсын.

 

Жыйындын  төрагасы:                                                            И.Айбашов                               Катчысы:                                                                                   А.Эркебаев