www.nookat.kg

 

Ж А Р Ы Я

КОНКУРС  ЖАРЫЯЛАЙТ !

Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтү, айыл өкмөтүндөгү  муниципалдык кызматтын төмөндөгү 4 бош  кызмат орундарына конкурс жарыялайт.

 

1. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы кызматына - 1 орун

1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3. Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик  жөлөкпулдар  жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”,  “Тынч чогулуштар жөнүндө”, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү жобо).

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.

 

Ыктуулугу:

- тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин өнүгүү программаларын натыйжалуу тейлөө;

- ишти натыйжалуу пландоо;

- тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;

- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;

- жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү.

- кабыл алынган чечим боюнча жоопкерчиликти өзүнө алуу.

 

Көндүмдөр:

- финансылык менеджмент жаатында;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгууда;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- башкаруучулук иши (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.

 

 2. Айыл өкмөтүнүн салык маселелер боюнча жетектъъч\ адис  кызматына  - 1 орун

1. Кесиптик билиминин деңгээли:

-  жогорку же орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- стажына талап коюлбайт;

3. Кесиптик компетенциясы:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”).

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөр:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- командада иштөө.

Ыктуулук:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

             3.  Айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору кызматына - 2 орун

1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку же орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- стажына талап коюлбайт;

3. Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”);

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөр:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- командада иштөө.

Ыктуулук:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

1. Конкурсттук комиссиянын атына жазылган арыз.

2. Өздүк каттоо баракчасы.

3. Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн болушу керек).

4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн  болушу керек).

5. Паспорттун көчүрмөсү.

6. Резюме.

7. Өмүр баян.

 

Конкурска катышуучулардын документтери атайын жарыя чыккан күндөн  баштап 10 жумушчу кун ичинде  Төөлөс  айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын кабинетинде  кабыл  алынат.  Сурап билүү үчүн 0779 41 53 49 уюлдук телефонуна кайрылсаңыздар болот.

 

 

 

 

Жарыялоо күнү:

20.02.2017

 

Автор:

Нургазы