Коллегиялык отурум өткөрүлдү
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында пландагы коллегиялык отурум өттү. Күн тартибинде 2 маселе каралды:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоо иштеринин жүрүшү жана райондук суу чарба башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө;
2. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 20-январындагы N 17-б буйругунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде аткарылышы жөнүндө.
Коллегиялык отурумга райондук мекеме ишкана жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, айыл башчылары, айылдык кенештин төрагалары, жана райондун аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин башчылары катышты.
Сугат мезгилине карата сууну үнөмдүү пайдалануу максатында чарбалар аралык жана ички чарбалык каналдарды, арыктарды сапаттуу тазалоо жана даярдоо, тоскоол болгон бак-дарактарды бутоо, ашар жолу менен тазалоону уюштуруу тапшырылды.
Ошондой эле күн тартибиндеги 2-маселе боюнча калк арасында иммундаштыруу жана оорулардын алдын алууда кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилди.