Каналдын ремонт иштери башталды
Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагында С. Тагаев жана А.Калилов көчөлөрүндө жайгашкан каналдын 1200 м аралыгын калыбына келтирүү жумуштары башталды.
Аталган каналды калыбына келтирүү жумуштар боюнча жалпы суммасы 3 млн 610 миң 341 сомго долбоор даярдалып, Ноокат районунун өнүктүрүү фонду тарабынан жактырылып, 3 млн 260 миң 341 сом каржылоого алынды, калган 350,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
Каналды калыбына келтирүү жумуштарын “Монтаж-Юг” ЖЧК утуп алган.
Кара-Таш айылынын 4-бөлүмүндөгү жалпы 350 га сугат айдоо жана бак жерлерди сугат суусу менен камсыз кылат.